Азамат Омош: Олжобай Шакирге төртүнчү кат

  • 13.05.2024
  • 424

Күндүн бети чайыттай ачык туруп,

Кайдан-жайдан томуктай чыгып булут.

Көз ачканга буйдамды келтирбестен,

Капыс эле челектеп төгөт куюп.

 

Төрт туягы тыбырап, көшөрлөнүп,

Тулпар сымал чуркаган өжөрлөнүп.

Сыгып алма суу кылып жердин бетин,

Төгөт жамгыр токтобой нөшөрлөнүп.

 

Адырлардан төөлөрдүн өркөчүндөй,

Жамгыр суусу жетишип жерге сиңбей.

Жылгалардын башынан топтолушуп,

Чуркайт ылдый, таманы жерге тийбей.

 

Тамчы суулар топтолуп, жорголошуп,

Агат ылдый таштарды тоголотуп.

Ошол сууну адамдар кыян дешет,

Кыян элди бир коёт тоболотуп.

 

Да бир атын кыяндын сел деп коёт,

"Селдей каптайт кыжынган эл," - деп коёт.

Бийлигине манчыркап кеткендерди,

Эл сел болуп тегиздеп, теңдеп коёт.

 

Абийирин сатпас эл улут делет,

Абийири бар башчы улук делет.

Көз көрүнөө кур жалаа көбөйгөндө,

Көз көрбөгөн жактардан булут келет...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз