(Басмачы-агартуучулар Бакытбек Абдуллаев, Куштарбек Кимсанов, Насыпбек Асанбаевге арнайм)
-1-
Албуут шамал жерди түрө сыдырган;
ал бир мистик-дервиш дүйнө кыдырган.
Жулкунса күч жок токтотор чеңгелдүү,
жулат ооздон Кудайыңды, келмеңди.
Каңтарса да бак-даракты, калааны
калдайган же көрүнсөчү карааны.
Эзелтеден шамал өзүн ээрчиген
дервиш сымал эч үйү жок тентиген.
Мистик-дервиш зор күчкө ээ Ааламда
мизи курч ал хан, король, шах-шаадан да.
Державалар, империя күчү да
деги жетпейт шамалдын кыл учуна.
Аллага да башын ийбес, корунбас
ал - алаамат. Кырсык көзгө көрүнбөс.
Шамал - мистик. Шамал - дервиш тентиген
ажыратып коёр бардык энчиден.
Ал урунат тоого, ташка, дубалга.
Жортуп алга, жолу чексиз уланма.
Боз үйүңдүн кээде жыртык четинде
боздойт шамал; босогодо жетимдей.
Шамал - кырсык, бар балээни күүлөгөн,
шайтанга тез айланат от үүлөгөн.
Үй учуруп, кум сапырып түгөткүр,
үшүн алып турмайы бар жүрөктүн.
Куш көргөзсө алгырмын дээр адатын,
кубаты бар кайрып коёр канатын.
Дүпүйгөн зор бак-даракты кубаттуу
көрүнбөс күч; ордунан карс кулатчу.
Тоодой кумду чачып туш-туш тарапка,
тоодой үйөт чөлдүн кумун заматта.
Океанды, деңиздерди тыныган
чайпайт жеңил - колуңдагы чыныдай.
Токой бийлейт шамал күүлөп күн-түндөп,
кудум эле куш жүнүндөй үлпүлдөп.
-2-
Жер бетинде жок күч албуут шамалдай,
жеңил жүгү мистикалык абалдай.
Ал эркиндик, боштондуктун жарчысы,
жан-жаныбар толо андан алчусу.
Шамал өркөч обо-толкун таратат,
толкун гана гармония жаратат.
Толкундабас адам дагы адамбы,
толкун үчүн жасайт улуу кадамды.
Себепчиси кубанычтын, ыйдын да:
сенектикти салат шамал кыймылга.
Толкундатар шамал керек элди да,
толкундатыш керек шамал эрди да.
Шаалуу күчтөр, каршылыктар кармашат,
шамалы жок тарых кайдан алмашат?
Деми, күчү, желаргысы шамалдын -
деспоттордун коркунучу камалгыр...
Шамал, толкун, эркиндиктин шарданы
Евразия чегин каптап калганы:
Орусия Дүнүйөлүк айдыңда
турган кези чоң кыйроонун алдында...
... Мен шамалдай сыйбай эркин дүйнөгө,
камалган кез төрт дубалга, түрмөгө.
Шамал мени мында айдап келбеди,
өзүм шамал, өзүм куюн жердеги.
Дервиш-шамал болгон үчүн ардагым,
эркиндиктин күч кубатын алгамын.
Мен жөнүндө желдей жортту кабарлар,
калың элге атым учту шамалдай.
Мен жөнүндө тарагандай ушактар,
мен жөнүндө уламыштар учат шар.
Шамал сымал, бар шар учкан кыялым.
Шамал - эркин! Кантип өзүм тыйайын?
Шорлоттуруп түрмө көөндү так кылды,
бирок ачты чыгармачыл бактымды!
11-12. 05.24.