Аваз Жокей: Адамды ким жараткан?

  • 04.06.2024
  • 779

Шашпай ойлонуп, өзүбүзгө суроо берип көрөлүк: Кудайларды ким жаратты?  Чындап чымырканып ойлонуп көрсөк, аларды адамдар жаратыптыр. Болгондо да абдан акылдуу адамдар ойлоп тапкан. Эмнеге, эмне үчүн жаратты? Көпчүлүк адамдарды баш ийдирүү үчүн. Башкаларды башкаруу үчүн. Байыркы мезгилде акылман адамдардын мотивациялары күчтүү болгон окшойт жана караңгы, сабатсыз адамдардын баштарын айлантуу оңой болгон.

Макул, анда Адам баласын ким жаратты? Аба жаратыптыр. Абасыз жашоо жок. Көрсө,дүйнөдө Абадан өткөн ыйык жараткан жоктурбайбы! Жакшылап ойлонсоңор, менин Жер шарында жашаган жердештерим!

Миллиондогон жыл мурда Жер шарында кантип, каяктан жашоо пайда болду? Абанын аркасы менен майда көзгө көрүнбөгөн бир клеткалуу жандыктан башталды жашоо. Ошолордон кийин  акырындап миллиондогон жылдардан соң адам баласы эки аяктап басып, башка жаныбарлардан бөлүнүп чыкты.

Жер шарын Аба бекем кучактап, өзүнүн жараткан балдарын коргоп турат, космостон учуп келген “темир-таштарды” жерге жеткизбей күйгүзүп жиберет же адам жашабаган жерлерге, тоо-токойлорго, океандарга буруп жиберет.Окумуштуулардын айтуусу боюнча Жер бетине күнүгө 5-6 тонна метеориттер түшүп турат экен. Аба коргоп турбаса мынданон эсе көп түшөт беле!?

Аба дүйнөлүк климатка да көзөмөл кылат, башкарып турат.

Абанын ачуусу жаман. Жини келсе жөнөкөй желди, шамалды бороон-чапкынга, гигант куюнга, тайфунга айлантат. Чалкыган деңиздерди тоңдуруп салат. Тоолорду кулатат. Шаарларды талкалайт... Асмандагы булуттардан жаан, мөндүр, кар жаадырат. Океанды чайпалтып, тоодой толкундарды жаратат, шаарлар суу алдында калат. Кааласа кургакчылык жаратып өрт чыгарат, же нөшөр төгүп топон суу жүргүзөт...

Ошондуктан кыргыздар эзелтеден айтып келет, Абанын ырайына карап иш кылалык: жолго чыгалык, жайлоого көчөлүк, эгин эгелик... деп.

Атүгүл кара жини кармаса дүйнөгөмурда болбогон кара тумоону жайып жиберет. Үч-төрт жыл мурда чет жакасын башыбыздан өткөрдүк го. Заматта“ковид” деген дүйнөлүк масштабдагы кеселдин айынан алапайыбызды таппай калдык. Дем алалбай, өпкөлөргө Аба жетпей канча адамдар кайтыш болду!? Түшүнгөндөр Абанын баркын ошондо билди.Демек Аба, абайлагынАдамзат деп белги берип жатат.

Ошондуктан Адамзатка ойлоно турган мезгил келди. Бизге өмүр берген, жашоо берген, бизди кучактап, курчап, коргоп турган Абагаэтият мамиле кылалы. Абаны, айлана-чөйрөнү таза кармайлы, булгабайлы...

Улуу инсан Чынгыз Айтматов агайыбыздан бир иретчет өлкөлүк журналист сураган экен, “Сиз Кудайга ишенесизби?” деп.  “Ооба, ишенем!” дептир улуу жазуучу. “Кайсыл кудайга?” десе, “Мен өзүмдүн көкүрөгүмдөгү Кудайга ишенем” деп жооп бериптир акылман агай.

Аны журналист кандай түшүндү, билбейм. Мен  ал кезде ар кимдин жүрөгүндө өзү ишенген Кудайы болсо керек деп түшүнгөм. Ооба, мүмкүн туурадыр. Азыр болсо негедир, оюм өзгөрдү. Мүмкүн агай да башкача ойлогондур. Айтматов агайдын айтуусу боюнча ар бир адамдын көкүрөгүндө ыйык Аба бар. Аба бар – жашоо бар, өмүр бар. Аба жок – жашоо жок, өмүр дажок. Аба – бул жан! Адамдын жаны,макулуктардын жаны!

Туура айттымбы? Эгер Сиз ишенбесеңиз, андамындай эксперимент кылыңыз. Оозу-мурдуңузду аба кирбегендей кылып таңыңыз, же скотч менен чаптаңыз, эки колуңузду бирөө-жарым бекем кармап турсун... Канча мүнөт чыдайсыз? Ашып кетсе бир мүнөт!!! Өпкөгө бир эле мүнөтаба кирбесе сиз ошол замат эс-учуңузду жоготосуз.Үч мүнөттөн кийин мээнин клеткалары өлө баштайт. Мээ өлсө адамдын жүрөгү токтойт, Адам жансыз денеге айланат. Демек, дагы бир ирет айтып айтсам, Адам баласы жана башка макулуктар Абасыз жашай албайт!

(Эскертүү: бул экспериментти өзүңө да, башка бирөөгө да жасабагын!)

Тамак-аш жебей бир айга чейин чыдаган адамдар бар экен. Суу ичпей 7-8 күн жашаса болот экен.Ал эмиАба менен дем албайАдам бир мүнөт да чыдабайт экен. Демек, бул дүйнөдө эң ыйык нерсе Аба экен да!..Дүйнөнү Жараткан да,сактаган да Аба экен да!.. Биз Абаны сактасак, бизди Аба сактайт турбайбы!

Ушул мезгилге дейре  Жер каймактап жашоо келгенден бери Жер бетинде жашоо беш жолу жоголуп, беш жолу кайра жаралыптыр. Кыргызча айтканда: беш жолу “Акыр заман” болуптур. Эми алтынчы “Акыр заман” 2100-жылдан кийин келет деп айтышууда окумуштуулар. Албетте, бул жоголуу процессимиллиондогон жылдарга созулат жана бири бирине эч бир окшошбойт. Анан процесс аяктагандан кийин Жер бетинеалгач Аба кайтып келет экен.Абанын азыркы курамы эч өзгөрбөйт деп айтышууда илимпоздор. Ошентип Абанын аркасы менен Жер бетиндегижашоо кайрадан “нөлдөн”, бир клеткалуу амёбадан башталат деп айтышат илимпоздор.

Бул эмнени билдирет? Бул деген Абанын ыйыктыгын дагы бир ирет айгинелейт. Адамзат менен жандууларды Аба жаратканын билдирет!Абасыз жашоо жок! Ошондуктан дагы кайталайм, Аба ар дайым бар болсун! Аба ар дайым таза болсун! Биз, Адамдар касиеттүү Абаны сактасак, Аба бизди сактайт!

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз