
Кириш сөз
Бул китепче бир кезде бала болгонун унутуп, качандыр бир кезде жаркырап тийген күнгө же кыям сүйкөп жеген бир кесим нан сыяктуу жөнөкөй нерселерден ырахат алган чоңдор үчүн, жашоо түйшүгү менен алышып, акча, мансаптын артынан кууган адамдардын эң жөнөкөй бактысы – сүйүүнү, сүйүү жана кам көрүү эмне экенин унуткандар үчүн! Сүйүү жана кам көрүү! Кимди сүйүү керек, эмнеге кам көрүү зарыл? Көчөдөн таап алган күчүккөбү же карапада өстүрүлгөн гүлгөбү – ал маанилүү эмес. Демек, алар Бакыт деген эмне экенин унуткан. Анжелика Баерленин жомоктор жыйнагы – чоңдорго жана балдарга – кубаныч жана бакыт тартуулаган күн нурунун бир үзүмү.
Кичинекей сыйкырчы
– Балаты бутагында каалаганыңды аткарган кичинекей сыйкырчы жашайт деген чынбы?
“Оо, Жараткан кудайым! Кайдагы кичинекей сыйкырчы?! Бул жыты да жок жасалма балатыда ал кайдан болсун?” – деп ойлоду Маша, бирок ал адатынча кезектеги насаат сөзүн айтты:
– Албетте, Ванечка! Бирок ал кичинекей сыйкырчылар апасынын тилин алган, жакшы окуган балдарга гана көрүнөт.
– Чынбы? – деди апасынын сөзүнө анча ишенбегендей сегиз жашар уулу. Анын жүзүнөн: “Алдап жаткан жоксуңбу? Алдап мен каалабаган нерселерди жасатып алчу элең?” – деген суроо байкалып турду. Ошентсе да баланын жомокко жакын наристе ишеними жеңип кетти: “Мейли анда, барып сабактарымды окуюн, кичинекей сыйкырчы таарынып келбей койбосун”.
* * *
Ушул учурда кичинекей сыйкырчы жасалма балатынын бутагында буттарын силкилдетип бөлмөгө зериккен көз караш менен карап олтурган. Бөлмө жасалгасы анын көңүлүнө анча деле толбогонун айта кетүү. Сыягы, үй бир бөлмөлүү окшойт, анткени ашканадагы мештен башка керектүү эмерек буюмдардын баардыгы ушул бөлмөдө. Бурчта Ваня сабак окуган кишидей үстөл бетине чыканагын жөлөп кыймылсыз олтурган, а чындыгында ал кыялданып жаткан. “Түшүнүктүү, кайсы тилегимди айтсам деп ойлонуп олтурат” –деген ойдо эле кичинекей сыйкырчы.
Ал жүз жыл бою жашап, мына ушул баладай ага ишенип, анын келишин чыдамсыз күткөн далай тентекти көргөн. Бирок алардын каалоо-тилектери адатта бири-бириникинен айырмасы аз – куурчактар, жана башка оюнчуктар...
Ооба, азыркы заманда беш-жети жаштагы кыздар “Клауди Шиффердики” сыяктуу укмуштай келишимдүү фигураны сурана башташты. Кызык... секелек кыздар Клауди Шеффердей аял келбетин менен жүргөнүн кантип элестетишет десең. (Кичинекей сыйкырчы ошондой шумдуктуу фигурасы бар кыздарды элестетип, мыйыгынан жылмайды).
Барган сайын көбөйгөн балдардын да бир тобу бар. Алар ата-энелери арак ичип, бири-бири менен оозго алгыс сөздөр менен сөгүшүп тилдешкенин койсо деп суранышат, анткени мындай чыр-чатактан кийин жашагың келбейт. Анан сөгүшкөндөрү аз келгенсип мушташкандачы, мындай азапка чыдабаган кичинекей жүрөктөрү кысылып, кургаган мейизге окшоп чүрүшөт. Мындай балдарга кичинекей сыйкырчынын боору аябай ооруйт, ошондуктан алардын суроолорун чындап аткарууга аракет кылат. (Ооба, ооба! Ал бардык каалоолорду “чындап” аткара бербейт. Ушунча жылдардан бери кичинекей сыйкырчылар да көз боёмочулукту өздөштүрүп алышкан).
Бирок бул жерде иш башкада көрүнөт. Мында чоң эркектин жыты да жок, бөлмө тар болсо да таза, эмеректери түзүк. Демек, апасы менен жашайт, кандайдыр бир сатып алалбаган кымбат оюнчуктуу болгусу бар деп чечти кичинекей сыйкырчы. “Мейли, урушта туруш жок” – деп баланы чакырып, эмне кааларын сурамакка камданып, бирок ошол учурда...
* * *
– Ванька, калп эле окуп жаткансып олтура бербей, дүкөнгө жүгүрүп барып нан алып келе калчы, майрамга даярданып жүрүп эсимден чыгып кетиптир! – деп Маша уулунан суранды.
Ваня баргысы келбей, көчүгүн араң көтөрүп сыртка жөнөдү. Жол бою ал каалоо-тилегин бир сүйлөмгө батыргысы келип ойлонуп барат: “Атам үйгө кайтып келип, баары мурдагыдай болсун”. Дал ушундай!
* * *
Ал кичинекей кезин эстеди. Ал кезде апасы дайыма жанында жадырап-жайнап, жыргап-күлүп жүрөр эле. Албетте, ал күнү-түнү токтобой ырсалаңдап күлүп жүрчү эмес, бирок дайыма күлүп жүргөнүн эстечү. Ал убакта атасы менен чогуу жашачу. Анан баары өзгөрдү. Апасы “жумушка орношууга” туура келди (чоңдор ушундай дечү). А Ваня апасы көпкө кетип, кайра келгенде чарчап, маанайсыз келгенин көрчү. Бара-бара ал күлгөндү унутуп, сиркеси суу көтөрбөй көр жеме болуп, дайыма бир нерсеге нааразы эле. Ошентсе да Машага баа бериши керек, ал эч качан атаң Марска учуп кеткен же ушул сыяктуу эрдик жасап алыста жүрөт деген жомокторду айтып, уулунун башын айланткан жок. Жөн гана ал тууралуу кеп кылчу эмес. Бул темада сүйлөшүүгө тыюу салган, Ваня аны бузууга батынбай турган. Эгер атасы кайтып келсе, ал жан-дүйнөсүнөн; бардыгы мурдакыдай болот деп ишенчү. Апасы кайрадан жанында болуп, бактылуу, көңүлдүү жүрмөк.
* * *
“Дал ушундай! – деп ойлоду Ваня. – Атам кайра келип, бардыгы мурдагыдай болсун”. Ошол учурда ал классташ кызы Алёнканы көрө койду. Ал отургучта шолоктоп ыйлап олтурган. Ваня анын жанына барып сурады:
– Сен эмне ыйлайсың? Эмне отурасың? Муздак да отургуч!
Жооп ордуна Алёнка мурдагыдан да катуу ыйлады. Ваня аны сооротууга аракеттенди. Алёнка бышактап атасы ооруп жатканын, ал жакында өлөрүн айтты.
– А сен аны кайдан билдиң? – таң калды Ваня.
– Апам телефондон бирөөгө айтканын уктум. Ал аны айыкпайт деди.
– Андай болушу мүмкүн эмес, атаң сөзсүз айыгат, – Ваня аны соортууга аракеттенди...
* * *
Ал жол бою Алёнка жана анын атасы тууралуу ойлонду. Карама-каршы ойлор ээлеп алды. Ал биринчи жолу ой-сезимдеринин ортосундагы тирешүүнү башынан өткөздү. Акылы менен Алёнка да, анын атасы да эми эч нерсе өзгөрталбасын түшүндү. Ошол эле учурда аны Алёнанын атасы да өз атасы сыяктуу эле аялы менен кызын тагдырдын колуна салып берип, белгисиз жактарга кетип бараткансыган туюм ээлеп алды...
* * *
Ваня балатыны карай коюп, көргөн көзүнө ишенбеди. Ооба, албетте, кичинекей сыйкырчы ага келсе деп кыялданган, бирок анын чын эле келерине көзү жеткен эмес. Мына сага – ал чын эле келиптир! Кичинекей сыйкырчы балатынын бутагында буттарын силкилдетип, ал качан каалоосун айтарын күтүп олтурат. Ваня көкүрөгүн толтуруп дем алды да, үн катты...
– Алёнканын атасы айыгып, экинчи оорубасын!
Ал мурда даярдаган каалоосун айтпай, өзүнүн жалгыз мүмкүнчүлүгүнөн куру калып, өз атасын кайтарып алгандын ордуна кайдагы бир тааныбаган адамдын айыгып кетишин суранганын түшүнбөдү. Сыягы, кичинекей сыйкырчы да мындайды күтпөсө керек...
* * *
Ооба! Кичинекей сыйкырчы аябай таң калды! Анын көп жылдык тажырыйбасында мындай окуя эч болгон эмес. Алгачкы көз ирмемде ага бул түшүнүксүз бала өзү айкан сөздөн өзү чочуп, оозунан чыкканды кайра алчудай, бирок кийикки көз ирмемде акыл-эси бир нече жашка жетиле түшкөн баланын олуттуу, ишенимдүү көздөрүн көрдү.
– Бирок сенин башка каалооң бар эмес беле? – деди таң калган кичинекей сыйкырчы.
– Ооба. Мен атамдын бизге кайтып келишин каалагам. Бирок ойлоп көрсөм апам экөөбүз атам жок көнүп калыптырбыз, мындан ары деле жашай беребиз. А Алёнка атасын аябай жакшы көрөт. Мен Алёнка менен апасы апам экөөбүз көргөн турмушту көрүшүн, Алёнканын зар какшап ыйлашын каалабайм.
– Анда айтканыңдай болсун. Мен сенин каалооңду кабыл алдым.
* * *
Кышкы каникул кандай өткөнүн Ваня билбей да калды. Жаңы чейрекке чейин ал кичинекей сыйкырчыны түшүндө жолукканына дээрлик ишенип калган. Бирок мектепке жакындаганда эле узун бойлуу келишимдүү адамдын колун кармаган Алёнканы көрдү. Алёнка да Ваньканы көрүп, жүгүрүп чыкты.
– Билесиңби, сен туптуура айтыпсың! Атам жакшы болуп айыгып кетти! – Ал аябагандай бактылуу эле, кубанычы койнуна батпай кудуңдады.
“Демек, – деп ойлоду Ваня, – кичинекей сыйкырчыдан туура эле сураныпмын. Атам үйгө келсе эмне болорун ким билет эле. А азыр Алёнка ушунчалык бактылуу!”
* * *
Ошондон кийин алар эң жакшы достордон, Ваня Алёнканыкына дайыма конокко барчу. Ата-энеси ага өз баласындай мамиле кылышчу, Ваня Аленанын акылдуу, күчтүү, ак көңүл атасын жакшы көрчү... бирок... жан-дүйнө түпкүрүндө өзүнүн ушундай мыкты атасынын жоктугун ойлоп, капа болчу. Кийинки кезде апасы кыйла өзгөрүп, баштагы эле ишине барып жүрсө да, негедир маанайы ачылып, күлүп-жайнап, ага көбүрөк убактысын бөлө баштаган, ошендой болсо да Ванюшкага, жашырганда эмне, жанында Алёнканын эмес, өз атасы жанында болушун каалар эле...
* * *
Анан бир жолу майдын жылуу күндөрүндө алардын каалгасында коңгуроо кагылды. Ал жүгүрүп барып апасынын артынан ачылган эшикти карады. Босогодон чоң букет гүл кармаган киши кирди. Бирок Ванька букеттин артындагы бир кезде анын балатысында олтурган кичинекей сыйкырчынын жылуу, бир аз кайгылуу көздөрүн гана көрдү.
– Кандай, мен сенин атаң болушума каршы болбойсуңбу? – деп сурады киши, эски таанышындай көз кысып.
Ак кептерлер
Мен кичинекей кезде, ата-энебиз менен айланасын жемиш бак курчаган эски, үч кабат үйдө турчубуз. Үйдө аз эле киши жашагандыктан бири-бирин жакшы таанычу, жайдын жылуу кечтеринде үйдө жашоочулар бактын көлөкөсүнө чогулушчу. Аялдар ар кайсы ушакка кирип, эркектер дойбу, домино ойноп, а биз балдар будуң-чаң салып ойночубуз. Биздин үйдө бир таң калыштуу карыя жашачу. Ал дагы күндө кечинде короого келип, бирок эч кимге аралашпай, унчукпай сакалын сылап, табышмактуу жылмайып олтурар эле. Аппак сакалы балпайып сонун көрүнчү. Негизи ал турган турушу менен жомоктон түшө калгандай, мен аны Аяз Атага окшоштура берчүмүн.
Бирок кылган иши олуттуу эмес, ал тургай күлкү келерлик болчу (мага ошондой сезилчү). Карыя кичинекей кептерканасында көгүчкөн бакчу. Ал күнү бою кептерканасында жүрчү, көгүчкөндөрү да өзгөчө, ар кандай түрдөгү жана өңдөрү ар кандай сулуу эле. Бирок убакыт өткөн сайын кызык нерсени байкай баштадым. Адатта ал көгүчкөндөрдү бат-бат алмаштырчу. Аларды сатып же алмашып алчу. Ак көгүчкөндөрүнө гана тийчү эмес. Аларды карыя башка көгүчкөндөрүнө кошпой, бөлөк кармап, аларга өзгөчө көңүл бурчу. Жемдин дандуусун чачып, булак суусун берчү, анан алар менен күнү бою бир нерселерди шыбыраша берет. Мен негедир анын жөн эле шыбырашпай, алар менен кадимкидей сүйлөшөрүнө көгүчкөндөр ага жооп беришерине ишенчүмүн. Бул аябагандай кызык эле, бул көрүнүш карыяны жомок каарманы катары кабыл алышымды күчөтчү. Азыр ал сезимди жеткизе албайм. Негизги өзгөчөлүк мында да эмес эле. Мезгил-мезгили менен ал көгүчкөндөрдүн бирин колуна алып, эң жакыны менен коштошконсуп назик коштошчу да, учуруп жиберчү.
Асман чайыттай ачык турса да, көгүчкөн би нече көз ирмемде көк асманга сиңип, көздөн кайым болчу. Карыя эмне үчүн мындай кылат? Дагы бир сүймөнчүгүн коё бериш үчүн ал убакытты кантип тандайт? Бул мен үчүн табышмак. Андан да чоң табышмак жаңы эле бошогон капас эч качан куру калчу эмес. Айтмакчы, акыркы сырды көп өтпөй эле чечтим.
Мүмкүн, табышмактуу карыя өз кептерканасы менен мени кызыктырып, ага көп көңүл буруп, акмалап, аңдып жүргөнүмдөн уламдыр, айтор бир жолу анын кептерканасынын чатырына аппак канаттуу көгүчкөн конгонун көрүп калдым. Ал карыянын көгүчкөндөрүнөн эмес эле. Башка жактан келгени көрүнүп турду. Анын кайдан учуп келгени, эмне үчүн бул жерге конгону белгисиз. Карыя аны көргөндө күрсүнүп алып, көгүчкөндү колуна кылдат алып, бир нерселерди шыбырады. Андан соң бош капаска салды. Көп өтпөй таң калыштуу дагы бир окуя болбосо ак көгүчкөндөрдүн сыры мен үчүн ачылбай калары мүмкүн эле.
Күздүн күнүндө карындашыма суук тийип ооруп калды. Оору адегенде биз ойлогондон да оор болду. Бөбөгүмдүн өмүрүнө коркунуч туулуп тынчыздандык. Бул кабар тез эле кошуналарга угулуп, алар да биз менен кошо кайгырып, колдорунан келген жардамдарын сунушташты. Карыя да келди. Ал бөбөгүмдүн жанында унчукпай турду да, эч сөз айтпай чыгып кетти. Эмнегедир кызыгуум артып терезеге барып, “менин Аяз Атам”(мен аны ичимден дайыма ушинтип атачумун) не кыларын карап турдум. Ал кептерканасына барды да, баягы капасты ачып, ак кептерди асманга учурду...
Бул сыр ичиме батпай жообун издеп, таң аткыча ары-бери ооналактап уктабай чыктым. А эртең менен биздин үйдө сонун жаңылык таралды. Карындашымдын дене табы түшүп, айыга баштаптыр. Албетте, ал дагы эле алсыз болчу, бирок өмүрүнө жаралган коркунуч артта калганы көрүнүп турду. Бул окуядан кийин ордума олтура албадым, эң биринчи мүмкүнчүлүк жаралар замат кептерканага жөнөдүм.
Карыя мени көрүп адатынча табышмактуу жылмайды.
– Көгүчкөн тууралуу билгиң келдиби? –деди ал. Күтүлбөгөн суроодон не дээримди билбей, тек гана башымды ийкедим.
– Сен адамдар өлгөндөн кийин алардын жаны канаттууларга айланарын уктуң беле? – Мен башымды чайкадым.
– Анда угуп ал. Кандай болгон күндө да бул легенда. Бирок кандай легенда болбосун жөн жаралбайт. Менин көгүчкөндөрүм... карыя өзүнүн канаттуу досторун эркелете карады. – Булар тирүү кезде адамдарга көп жакшылык кылышкан, өлгөндөн кийин да жардам берүүгө даяр ак көңүл адамдардын жандары.
Муну укканда жүрөгүм оозума тыгылып, карыянын оозун тиктеп сөз айтууга дарманым жетпеди.
– Алар дароо эле Жараткандын алдына кете беришсе болмок, бирок ушундай татынакай канаттуга айланып бул жерде калышкан.
– Эмне үчүн?—деген суроо берүүгө эптеп жарадым.
– Убагы келгенде акыркы кызматын көргөзүп, Жаратканга бир өтүнүчтү жеткизүү үчүн.
– Демек, кечээ?...
– Ооба, Мен Жараткандан сенин карындашыңдын айыгып кетишин сурандым, көргөнүңдөй өтүнүч керектүү жерге, өз убагында жетти. Жараткан өтүнүчүмдү аткарды.
– Демек, кимдир бирөө ооруса...
— Жок, дайыма эле андай болбойт. Жашарын жашап, ичээрин ичип бүткөн абышка ооруп калса... Ал үчүн сураныштын кажети жок, анткени анын китеби окулуп бүткөн, саналуу барактары калган. Анын үстүнө өтүнүч дайыма эле ден-соолукка байланыштуу болбойт. Кээде жан-дүйнөңдүн оорусу, денеңдин оорусунан күчтүү. – Ал күлүп койду. Күлкүсү баштагыдай табышмактуу эмес, эмне жөнүндө айтып жатканын даана билгендей, бир аз кайгылуу чыкты. Бирок мен ал учурда анын айткандарын түшүнөр жашка жете элек болчумун, ошондуктан дагы бир аз сүйлөшкөндөн кийин кетип калгам.
Көп өтпөй биз ал үйдөн көчүп кеттик. Кийин чоңойгондо балалыгым өткөн ал үйдү издеп бардым. Бирок алча багынын арасындагы эски үйдүн, кичинекей кептеркананын изин да таппадым. Анын ордуна жаңы чоң квартал пайда болуптур... Акыркы учурда ал карыя аман-эсен жүрөбү, ал дагы эле Жаратканга чабармандарын жиберип, же биз үчүн Кудайга жалынып суранган адам жер бетинде калбады бекен? – деп көп ойлончу болдум.
Сепил
Кыз зымырыттай жапжашыл шиберди аралап барат. Асманда күн төбөдөн чакчыйып тийсе да, кыз ысыкты сезген жок. Анткени сыдырым соккон жел анын жүзүн аймалап жаткан. Ал улам өйдөлөп, жаркыраган Сепилди карай жакындай берди. Анын көңүлү куунак, маанайы ачык болчу, көздөгөн максатына мына-мына жетмек. Аны эң кызыктуу, эң сонун Сепил – сыйкырдуу дүйнө жана жомоктор күтүп турган! Ага алып барар жол сейилге чыккандай эле жеңил сезилет.
Бирок бир нече саат өтсө да Сепилге жакындаган жок. Ал жакындаган сайын Сепил алыстап бараткансыйт. Башында анча бийик эмес дөңсөө, акырындап бийик тоого айлана баштады. Кантсе да күчү толуп турган жаш, койгон максатына жанын үрөп талпынган бийкеч эле, ошондуктан бир көз ирмемге да олку-солку болбой сапарын уланта берди.
Аңгыча кеч да кирди. Токтоп, туш тарабына көз жүгүрттү. Арт жагында батып бараткан күндүн жылуу нуруна боёнгон, жанга жайлуу жайкалган өрөөн жатат. Алдыда мурдагыдай эле боорунда кечки күүгүмдө бүлбүлдөп, алдамчы кыялдай кубулган Сепилдин карааны көрүнгөн тоо заңкаят. Кыз көк шиберге олтура кетти, кантип көзү илинип кеткенин өзү да билбейт.
Уйку-соо ортосунда ага мындай деген добуш угулду:
– Сыйкырчылык жөнөкөй кишилердин колунан келбейт. Айрым адамдар гана өзүнө берилген аянды байкап, аны туура жоруганга жөндөмдүү. Көпчүлүгү анын артынан сокур адамдай ээрчип, ал баштаган жалгыз аяк ийри, таштак жол менен жүрүп олтурат, анан бир күнү айланасына назар салып, түпсүз туңгуюк жар кырында турушканын же туңгуюкка кулап баратышканын көрүшөт.
Ал көзүн ачып айланасын карады. Жашыл шалбаа өскөн дөңсөө, типтик, жылаңач аскага айланыптыр. Ал асканын дал чокусунда жатыптыр. Кыз көзүн жумуп ойлоду: “Сепилге барыштын кажети барбы? Ал жерде эзелтен орун алган кубаттуу күчтөр менен кармашканга ал-күчүм жетеби? Аларды жеңемби?”
Ушул учурда ал экиге бөлүнгөнсүдү. Биринчи бөлүгү мындай деди:
– Ооба! Жеңип чыгам! Мен ал жакка баргым келет.
Ушул учурда ал өзүн Сепилдин кире беришинде турганын көрдү.
Экинчи бөлүгү:
– Жок! – деп каршы чыгар замат тоо боорундагы Сепил гүлбакчанын ортосундагы татынакай кооз үйгө айланды. Үй аны каалгаларын кенен ачып, жылуу коюнуна чакыргансыды. Ошондо экинчи бөлүгү кубануу менен анын жагымдуу жылуу кучагын карай кадам койду.
Арадан нечен жыл өткөндөн кийин эки бөлүгү кайрадан качандыр бир кезде бөлүнүп кеткен аска алдынан жолугушту. Анын бири баштагыга караганда толуп алыптыр. Ал жупуну көйнөкчөн эле. Ошондой болсо да бактылуу жүзүнөн өзү жашаган ыңгайлуу, жылуу жана меймандос үйү сыяктуу жылуулук, мээримдүүлүк байкалат.
Берки бөлүгү өзү тандап алган Сепилге окшош. Кийгени кымбат баалуу. Дене бою тыкан, жүзү назик, чачы тегизделген. Сепил сыяктуу сулуу, бирок ошол эле убакта мисирейген муздак. Кол жеткис бул бөлүгү экинчи бөлүгүнө кайдыгер көз караш менен карап турду. Анын көз карашында кубаныч да, кайгы да жок, бош үчүн сокур сыяктуу. Чынында ал сокур немедей алды-артын карабай кадам таштады: бир кадам, дагы бир. Туңгуюк...
Кыз көзүн тез ачып жиберди. Айланасы таңкы тумандын кучагында көйкөлүп ыргалган жашыл шибер эле. Ал өйдө жактагы таңдын кызгылт нуруна киринген жомок сыяктуу Сепилге көз жүгүрттү. Анан ордунан туруп, ылдый жактагы гүлбакча арасындагы кичинекей жылуу үй жайгашкан жашыл өрөөндү карай жөнөдү...
Керемет сакура
Ата-энеси Мишага он жаштык “мааракесине” карапага өстүрүлгөн кичинекей бонсай дарагын белек кылышты. Бул он жашар балага ылайыксыз белек эле. Бирок Миша башка балдардай эмес. Ал төрөлгөндөн бери майыптык арабасынан түшкөн жок. Ошондуктан алты саны аман балдарды кызыктырган нерселер ага кол жеткис эле. Балдар менен короодо чуркап ойногон жок, футбол да ойночу эмес...
Бирок ал азыркы замандын көпчүлүк балдарындай эле компьютерди абдан жакшы өздөштүрүп, барган сайын интернет айдыңында өзүн эркин сезе баштаган. Бул жерден ата-энелери түшүнбөгөн өз дүйнөсүн таап алган, көптөгөн достору менен баарлашчу... Ал ошол дүйнөдө жашачу. Бул коркунучтуу эле. Мишанын ата-энеси “Интернет Торуна” чалынып, ал жерден түбөлүккө чыгалбай калган адамдар тууралуу көп угуп, көп окушчу. Уулу ошондой тагдырга туш болушун каалашчу эмес, аябай чочулап, коркушчу. Аны алаксытып, чыныгы жашоого көңүлүн буруу үчүн тирүү жандык белек берүүнү чечишкен.
Бирок мышык же сары чычкан белек кылууга болбойт. Майда жандыктар аябагандай кыймылдуу эмеспи, алар колдо тынч олтурушпайт, ара-бери жүгүрөт, кычык-пычыкка кирип кетет, анан арабадан түшө албаган майып бала ага кантип жетмек. Чоңдор бул балага жаңы психикалык травма алып келет деп чечишкен. Анда кандай болот, ким билет... А дарак – таптакыр башка кеп. Ал эч кайда качпайт, жашынбайт. Компьютер жанында тура берет, анда-мында болсо да аны виртуалдык мейкиндиктен алып чыгат.
Ошентип Миша он жашка толгондо ата-энеси сакура дарагын белек кылышты. Бул кооз дарак Жапонияда аябай бааланарын, ал тургай сакурага арналган майрам бар экенин, ал гүл ача турган кереметтүү көз ирмемди зарыга күтүп, көптөгөн ырым-жырымдарды жасашарын айтышты. Бирок ал гүл ачыш үчүн ага аябагандай көп камкордук керек, аны багуу жана албетте, сүйүү зарыл. Анысыз баары текке кетип, дарак акырындап соолуп, кургап калмак.
Ата-энеси кичинекей даракты убагында карап, багуу анча деле көңүлдүү иш эместигин, убакыттын өтүшү менен баланын кызыгы тарап, ага көңүл бурбай каларын түшүнүп турушту. Ошентсе да...
Бирок Миша бул маселеге олуттуу мамиле жасады. Ал интернеттен сакурага байланышкан маалыматтарды таап чыкты. Анан ишке киришти. Күн артынан күн, ай артынан ай алмашты, баланын “жаңы досуна” болгон кызыгы тараган жок. Тескерисинче, ал күндөн-күнгө ага көп байлана баштады. Дарактын ичке бутактарын сылап, назик жалбырактарына бир нерселерди шыбырап, сааттар бою олтура берген адат тапты. Албетте, ал аны “илимге” ылайык өз убагында азык-заттарды берип, сугарып турду.
Бир жолу апасы кокусунан Мишанын шыбырап жатканын угуп калды:
– Билесиңби, экөөбүз окшошпуз. Айланадагылар үчүн биз майыппыз. Мен ордуман тура албаган мунжумун, сен эч качан гүл ачпаган сакурасың. Эч качан, эч ким сенин сулуулугуңду көргөн эмес, ошондуктан жаш канышадай ажайып сулуулугуңду эч ким түшүнбөйт. Бирок мен ишенем, бир жолу кереметтүү учур келет, сен баары бир гүл ачасың. Ошондо баары көрөт жана түшүнөт... Мейли, мен эч качан арабамдан түшпөй мунжу боюнча калайын. Бирок сен баардыгына өзүңдүн керемет сулуулугуңду көрсөтүшүң керек!
Апасынын эси оой түштү! Баласы өзүнүн майыптыгы тууралуу айтканда, жүрөгүн тилди. Баарынан да бала денеси гана майып болбостон, жан-дүйнөсү да майып болуп чоңоёт деп коркту.
Ошол кечте үй-бүлөлүк кеңешмеде даракты не кылабыз деп баш катырышты. Ыргытыш керекпи? Бирок баласы аны аябай жакшы көрөт. Ыргытып жиберсе, ал үчүн бул чоң трагедия. Балким, психолог чакырсакпы? Тилекке каршы, туура чечимди таба алышкан жок! Жашоо өз нугунда уланып жатты.
Кыш келди, терезеден тийген күн нуру күндөн күнгө арбыды... Анан бир жолу үй ичин Мишанын кыйкырыгы жаңыртты. Коркуп кеткен ата-энеси анын бөлмөсүнө жүгүрүп киришип, укмуштуудай көрүнүшкө күбө болушту. Терезе жанындагы үстөлдө күн нуруна бөлөнүп, карападагы бонсай турган эле. Ал өзү назик, гүлгүн нур чыгарып жаткандай сезилди. Ата-энеси даракты карап, ал нур жаңы ачылып келе жаткан гүлгүн түстүү желекчелерден чыгып жатканын түшүнүштү.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.