О`Шакир: Балдар адабиятынын классиги арабызда жүрү

  • 12.12.2024
  • 614

Сыягы, адабияттагы эң татаал жанр эле балдар адабияты. Балдарды алдоо бизге канчалык оңой көрүнгөнү менен, бирок аларды ынандырар, алардын купулуна толор көркөм туюнтмаларды жаратуу мүшкүлүнөн далай дөө-шаа жазуучулар, акындар айбыккан. Дааган эмес балдар адабиятына...

Кичинекей бөбөктөр чоң талант экениңе карабайт. Аксакал, көксакалыңды тоотпойт. Пайгамбарсыңбы, падышасыңбы, селсаяксыңбы – бөбөктөр бийик зоболоңо, калың кадырыңа чыйт түкүрөт. Алар ошонусу менен периште. Ошонусу менен бийик, таза, тунук.

Бөбөктөрдү алдаганыбызга ичибизден кымыңдайбыз кээде. Жаныбызды жебейли: ар бир эне-ата, мугалим бөбөктөрдү алдап-соолайт. Сооротуш үчүн. Себеби бөбөктөр өтө чеберлик менен бизди каалагандай манипуляция кылышат. Ыйламыш этет. Кыңкыстайт. Бөжөңдөтөт. Тыягынан чыгып, быягынан чыгып, көзүнүн кареги менен чимирилебиз. Анан калп айтууга аргасызбыз.

Ар бирибиз жалынып-жалбарып, колубузда жоктун баарын убада кылабыз. Асман, Жердин арасында эмне болсо, баарын алып берүүгө даяр (!) көрүнөбүз. Мунун баары өлө калп. Толо калп. Антип калп айтууга бөбөктөр бизди мажбур кылат. Аргасыз алдап-соолайсың ыйын басыш үчүн. Манипуляция мастерлигине балдарыбыз ошентип үйрөнүшөт. Бой сунуп, коомго аралашкандан тарта, мына анан алар бизден да өтүп калпты ышкыртат. Себеби биз аларды чындыктын тили менен өстүрө албаганыбыздын кесепети мунун баары. Балдар менен ачык, айкын болууга башынан үйрөнбөгөнүбүздүн азабы бул!

Бөбөктөрдү калпычы болууга үйрөтөр жомокторубуз, аңгемелерибиз, убадаларыбыз толтура. Айрыкча кыргыз адабиятында!!! Коомунда даа!!! Бөбөктөрдү тажаткан моралистпиз көбүбүз!!! Адеп-аклакка үйрөтөбүз деген аракетибиздин баары курулай кеткен эбак. Буга келгенде балдар адабиятын жаратар чебер жазуучу арабызда жүргөнүнө көңүлүм көкөлөдү. Капилеттен колума бриллиант уучтагандай сүйүндүм: Насыпбек Асанбаевдин “Чыныгы башчы” аттуу бөбөктөр үчүн жазылган чыгармасын эки сыйра окуп чыктым. Тамшандым. Автордун фантазиясы өтө бай экен эй. Элпек тилин мүдүрүлбөй окуйсуң. Окуяны окуяга чырмаган чеберчилигин айт.

Эзоптун тилинде, кыйытма мааниде жалпы элге, бийлик башындагыларга мүнөздүү асыл сапаттар кандай калыптануусу керектигине ишарат туюнтат. Ынтымак, ырашкерлик, биримдик менен кандай аракетте болуу зарылчылыгын чыгарма жүрүшүндө билинер-билинбес, туяр-туйбас чеберчиликте кыйытат автор. Аталган чыгарма бөбөктөргө арналганы менен жашамал курактагыларга да терең мазмундагы асыл сапаттарды чыгармасы аркылуу туюнткан Насыпбек адабияттын озуйпасы кандай болушу керектигин чебер көрсөтүптүр. Окурманга окуянын жүрүшү аркылуу ички маданиятыбызды кантип калыптоону чагылтыптыр. Бали!

Шекчил жаным автордун өзүнөн сурадым:

– Дүйнө адабиятында плагиат деген балекет бар эле, кайсы бир авторго таасирленип, идеясын уурдап албадыңбы?

– Жок! – деди чечкиндүү. – Коюңузчу капкайдагыны айтпай! – деп жаман көзү менен карады. Көзүнүн төбөсү менен карады. – Өзүм эле... – деди ишенип-ишенбегениме ички уйгу-туйгуга кабылган автор.

Көзү чындыкты айтып турду. Наристенин көзүндөй жал-жал тиктеди автор мага. Башка суроо бербедим...

Анан жаамы журтка бул авторду жар салып, аталган чыгарманы окурмандардын кеңири катмарына жеткирүү аракетин колго алмак болдум. Китепти басып чыгарган “Турар” басма үйү келечек муунга көөнөргүс таберик камдаганына ичим жылыды. Ыраазы болдум. Бөбөктөр үчүн кайсы бир басылма мындай ишти эбак колго алышы керек эле даа. Кайсы бир жазуучу балдар адабиятынын мүшкүлүн ойлонуш керек эле даа. Буга дейре “РухЭш” сайтында балдар адабияты үчүн конкурстарды жарыяладык, бирок колго илинер эмгектер, көркөм туюнтмаларга өтө чукак экенибизди аңдадым ошондо. Советтик адабий установкалар менен балдар адабиятын жазгандар бизде иттин кара капталынан көп экен. Бөбөктөргө акыл үйрөткөндү сүйгөн калемгерлер көп экен.

Оң каарман, сол каарман ким экенин көрсөткүсү келет экен ошол жижиң калемгерлер. Бөбөктөр өздөрү ак-караны ажыратып алсын деген мүмкүнчүлүктү да авторлор өздөрү тартып алганга көнүптүр. Бөбөктөр өз алдынча тыянак чыгарып алсын, каармандардын жакшы-жаманын өздөрү ажыратсын дебей, бөбөктөрдү баласынткан пейилден тайбайт экенбиз АДАБИЯТКА келгенде даа! Бөбөктөрдү өз алдынча ой толгоого аргасыз кылган фантазиядан куру жалак экенбиз көбүбүз.

Догма мүнөзүндө адеп-ыйманга чакыргысы келет экен жазуучу-акындардын көбү. Ошону менен балдар адабияты боюнча конкурс жарыялоодон шаабайым сууду. Мындай убаракерчиликтин зарылдыгы жок окшойт деп калдым анан.

... Ошол көптөн бери көңүлүм эңсеп жүргөн балдар адабиятын жаратуучу таланттуу жазуучу Насыпбек Асанбаев; чыгарманы жасалгалаган, мазмунуна шайкеш шөкөт иштерин өтө чеберчилик менен аткарган таланттуу сүрөтчү Нурбек Жумакалиевдин көркөм табериги жөнүндө жылуу пикиримди коомчулукка жеткиргим бар. Каармандардын чычайган мурутун, тостойгон көзүн, бүкчүйгөн белин, шалдайган маанайын, дердеңдеген кубанычын, шолоктоп ыйлаганын келиштире чагылтыптыр десең. Бул долбоордун жетекчиси Дария Абдиметалиеваны, демөөрчүсү Милан Мураталиевди бүгүн Кыргыз адабиятынын майрамы күнү чоң кубаныч менен куттуктагым бар!

Мындай куттуктообуз, дал бүгүн өтө маанилүү: адабий агартууда мындай жакшы долбоорду ишке ашырган команданын мээнети жалпы Улуттук адабиятыбыз үчүн зор табылга. Көркөм мурас! Таберик! Кыргыз адабиятын майрамдоо үстөлдө үйүлгөн дүйүм тамак, чөйчөк кагыштар менен эле чектелбеши керек. Андай майрамдар акыры даталык майрамга айланган жалган салтанат, жалган кубаныч болуп тынат...

А мен бүгүн өлкөбүздүн Эгемен жылдарындагы балдар адабиятынын классиги Насыпбек Асанбаевди ооз толтура мактагым келет. Куттуктагым келет! Сүрмөтоп үзөңгү кагыш жарышта Насыпбектей таланттарды алга сүрөгүм бар. Ал көрсө, балдарга чындыктын тилин үйрөтөр жазуучу экен. Китептин акыркы мукабасын жапсам, сыртында:

“Бул жомок мага жакты!”
Балам

дегенин көрүп, “Чыныгы башчы” аталган бул китеп мага да жаккан үчүн ар бир эне-ата, ар бир келечек муунду сүйгөн бурадар дал ушул китепти сатып алып, балдарыбызга, неберелерибизге белек кылууну сунуштаар элем!

Мактоо сөзүм курулай болбосун үчүн алдыңыздарга аталган чыгармадан бир шиңгил кыстардым ылдыйда. Окуп, жылмайып алыңыздар. Кепийкерлердин жапа-жабыр чеккенине ынаныңыздар!

Чыныгы башчы

Алп Кара Коңуз бакчадагы бардык курт-кумурскалардын башчысы. Кимдин кандай маселеси болсо, бүт ушуга келишет. Коңуз дагы ак көңүл, калыс. Колунан келишинче баарына жардам бергенге аракет кылат.

Бул жолу да ошондой болду. Түшкө жуук ал короо-жайын жыйнап сыртта жүргөн. Аңгыча эле топтошкон көк курт бир жаңгакты көтөрүп жетип келиптир. Арасында бирөө боздоп ыйлап жүрөт.

– Эмне болуп кетти? – деп сурады Алп Кара Коңуз таңыркап.

– Балам! – деп ыйлады Эне курт. – Менин аңкоо балам жаңгактын ичине камалып чыга албай калды.

– Кана?

Чын эле караса жаңгактын ичинде көздөрүн алайтып бирөө отурат.

– Ай ушу балдар! – деди Коңуз. – Дайыма бир нерселерге тыгылып жүрүшөт. Мейли эмесе, энекеси, сен коркпо. Биз азыр жаңгакты чагып, балаңды сууруп чыгабыз.

Ошентти да, билегин түрүп ишке киришти. Жаңгакты ары тартты, болбоду, бери тартты болбоду. Тиштегилеп да көрдү, чапкылап да көрдү, тоголотуп, түрткүлөп да көрдү. Жок. Жаңгак какчыйып турганы-турган. Анын дүмүрөңдөп жүргөнүн көрүп айланада жашаган кумурскалар, курттар, чымын-чиркейлер да келди. Коңуз алардын жардамы менен да эч нерсе кыла алган жок.

Ошентип түштө башталган күрөш күн батып, күүгүм киргенге чейин уланды.

– Макул, энеке, − деди бир маалда коңуз ыйлап жүргөн эне куртту карап. – Бул балаңызга жаңгактын ичинен эч ким тийбейт. Аны ушундай таштайлы да, бүгүн эс алалы. Эртең таң атпай ишке киришебиз.

Айткандай эле эртеси баары таң атпай кайра чогулушту. Дагы туш тарабынан чыгып тарткылап, түрткүлөп бир топ жүрүштү. Аңгыча бирөө жаңгакты бийиктен таштасак сынышы мүмкүн деген сунуш киргизди.

Бул ой баарына жакты. Дароо туш-туштан кармап алып бай теректин боорун карай жөнөштү. Бирок, тоголок жаңгакты теректин боору менен алып чыгыш оңой бекен. Бечаралар кармай албай жүз жолу тоголотуп, жүз жолу жармашышты. Акыры мына кеч кирип, күн батаар маал дегенде жаңгакты теректин эң биринчи бутагына жеткиришти. Эми бир чөп чыкпаган такыр жерди таап туштап ыргытыш керек.

Бирок, аны таптак такыр жерге тийгизиш да оңой эмес да. Кичине мындай кетсе эле жумшак шиберге түшүп калышы мүмкүн. Кандай кылабыз деп турганда, жардамга чегиртке келди. Ал алакандай такыр жерден типтик асманга секирип бутакка жармашты.

– Мына, ушул жерден таштасаңар жаңылбайсыңар, − деди чегиртке бир ишке жараганына корстон болуп.

Курттар анын тапкычтыгына ыраазы болуп, болжонгон жерге жаңгакты алып келишти.

– Даяр болгула! Таштайбыз! Бир, эки, үч!

Жаңгак топ этип жерге түштү. Адашышпаптыр. Теректин түбүндөгү кичинекей такырга даана ташташты. Бирок жаңгак былк этип койгон жок. Жарылмак тургай, чийин да түшпөптүр.

Эми эмне кылыш керек? Күн болсо батып баратат.

– Каргалар жаңгакты көтөрүп барып ташка таштайт, − деди көгөөн мостоюп отуруп.

– Туура. Жер жумшактык кылып жатат. Муну ташка таштайлы, − деди Алп Кара Коңуз. Анткени менен күн батып, каш карайып бараткан. Ошондуктан ишти дагы эртеси күнгө калтырып, үйлөрүнө тарашты.

Эртеси таң атпай баары чогулду. Коңуз курттарды экиге бөлүп тапшырмаларды берди. Жарымы жаңгакты бутакка алып чыкса, жарымы бактын түбүнө таш алып келмей болду.

Ошентип жаңгак менен алек болгондор тырмышып жүрүп өлдүм дегенде баягы бутакка дагы жетишти. Бул убакта жүздөгөн, миңдеген кумурска өздөрүндөй болгон майда таштарды көтөрүп, ташып жүрүп баягы такыр, каксоо жерге бир үймөк таш жыйнашты.

Кечки дигер маалда мерчемделген жерди таап, жакшылап мээлеп туруп жаңгакты үйүлгөн таштын үстүн карай дагы таштап жиберишти.

Бирок, бечаралардын тилеги дагы ишке ашкан жок. Кумурскалар чогулткан майда таштар жаңгак тийгенде бырын-чырын чыгып чачырап кетти. Жаңгак болсо чийилип да койбоптур. Курттар кечке кылган эмгегинен натыйжа чыкпаганына кейип, жаңгакты тегеректеп телмирип отуруп калышты. Ичиндеги көк курттун баласы болсо, эптеп алып чыккылачы дегендей көзүн алайтып тешиктен карап отурат. Сыртта энеси бышактап көз жашы тыйылбайт.

– Болду, энекеси, ыйлаба! – деди бир маалда Алп Кара Коңуз. – Майда таш ишке жарабайт экен. Эртең чоң ташка таштайлы.

Ошентип, эртеси дагы чогулуп келишти. Алп Кара Коңуз чогулгандарды эки топко бөлүп, бир тобуна жаңгакты терекке алып чыгууну тапшырды. Өзү болсо толтура коңуздарды, кумурскаларды ээрчитип алып чоң таш алып келүүгө жөнөдү.

Албетте, кыбыраган немелер үчүн бакчанын аркы четинен алакандай чулу таш сүйрөп келүү оңой болгон жок. Бирок, кумурска менен коңуздан өткөн өжөр жандык бул жашоодо болбосо керек. Дүмүрөңдөп түрткүлөп, тиштеп тарткылап жүрүп кеч кирейин деп калганда бактын түбүнө бир таш сүйрөп келишти. Бул убакта берки топ да жөн турбаптыр. Алар күндөгүдөй эле жүз жыгылып, жүз жабышып жүрүп жаңгакты баягыл бутакка алып чыгып, эми таш келсин деп күтүп калышыптыр. Акыры ойдогудай таш келип, белгиленген жерге коюлганда баары тең терең дем тартып алышты.

«Мына эми жаңгакты ыргытабыз да, бул түйшүктөн кутулабыз» деген үмүт бар эле баарында. Айрыкча эне курттун кубанычында чек жок.

– Баары даяр. Таштагыла! – деп буйрук берди Алп Кара Коңуз бир четте эс алып отуруп.

Баары дем тартпай күтүп калды. Жаңгак түптүз кулап келип ташка бир тийди да, четке ыргыды. Араң турган курттар дүрбөгөн бойдон жанына жетип барды. Бирок... Кашайгырдыкы, тилектери бул жолу да ишке ашкан жок!

Чыдамы кеткен немелер тырмалаңдап нары-бери тарткылап да көрдү. Кокус бир-эки жеринен жарака кеткен болсо сынып кетер деген үмүт бар болчу. Бирок болбоду. Таштай катыган жаңгак чаңкыйып турганы турган.

– Эс алгыла! – деп күңк этти Алп Кара Коңуз үйүнө кирип баратып.

Ал эртеси баары чогулгандан кийин чыкты. Курт-кумурскалар жыйналып алып эми эмне кылабыз деп ойлонуп отурушкан. Алп Кара Коңуз чыкканда баары анын оозуна тигилди.

P. S. Калган бөлүгүн “Турар” басма үйүнөн же китеп дүкөндөрдөн сатып алып окуңуздар!

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз