Эркиндиктин баркы жана наркы

  • 20.12.2024
  • 535

Кыргыз адабиятында сын жанрынын көрүнүктүү корифейи саналгандардын бири Кадыркул Даутовдун “Кыргызстан маданияты” гезитинде (18-август, 1-сентябрь 1993-ж.) жарыяланган бул маеги күнү бүгүнкүгө дейре эскирбегенине таңгалбаска арга жок. Өзгөрбөппүз! Өзгөчө кыргыз интеллигенциясынын, анын анабашында турган Жазуучулар союзунун жарым өлүк акыбалын таамай, таасын мүнөздөгөн ачуу кеби бүгүн да боёгун жоготпогону кейитет.

Жан кейитер абалыбыз туурасында белгилүү публицист, акын, адабиятчы Алым Токтомушевге курган маегинде агынан жарылыптыр кайран залкар. Арабызда бүгүн К.Даутов да, А.Токтомушев да жок. Ошентсе да бул эки инсандын көркөм мурастары өлбөс-өчпөс экенин туйган бар, туйбаган бар.

Дегеним, чыгармачылыктагы үзөңгүлөш сырдашым, белгилүү журналист, жарандык коомдун жигердүү өкүлү Аскер Сакыбаева А.Токтомушевдин архивдик эмгектерин соңку он жыл аралыгында топтоп келди. Тилекке каршы, китепти басмага даярдап койгон Аскердин мээнети; устатыбыз Алыкенин көркөм мурастарынын багы ачылбай келет. Агер архивдик бул эмгектер жарыкка чыгып калар болсо, чаң баскан эс-акылыбыз тазарып, көңүлүбүз агарып, көөнөргүс баалуулуктун наркын тааныйт элек, арман!

Алыкенин архивдик бул көркөм мурасы туурасында кеп козгоп отурганыбыздын дө удулу, мөртү келип туру: Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков маркум журналист, публицист Алым Токтомушевдин кыргыз журналистикасындагы опол тоодой ордун баалайт, барктайт деген ишенимдемин. Арийне, Алыкебиз көптүн бири эмес экенин баарыбыз билебиз. Баалайбыз. Танбайбыз.

Эгемендик жылдарындагы эркин журналистиканын анык каарманы А.Токтомушевдин артында калган эмгектери чыныгы журналистиканын Алиппеси болуп каларын азыр аңдабасак, качан аңдайбыз?! Андыктан кыргыз журналистикасынын кесиптик сапатын өстүрүү мүдөөсүн көздөгөн аракеттин бири дал ушул А.Сакыбаеванын колунда чаң басып жаткан Алыкенин архивдик эмгектери экенин Дайырбек Орунбековдун эсине сала кетүүнү эп көрдүм.

Эске салар дагы бир жагдай: Алыкенин артында анын архивдик эмгектерин, кол жазмаларын жыйнап-терер туягы жок, байбичеси – белгилүү акын Шербет Келдибекованын көзү да өтүп кеткен эбак. Ошондон улам буга дейре Алыкенин архивин, кол жазмаларын коомчулукка жайылтуу озуйпасын Аскер Сакыбаева экөөбүз устатыбызды акыркы сапарга узаткан күндөн мойнубузга артып алганбыз...

А бирок Аскер экөөбүздөй чөнтөгүнө тыйын токтобос шакирттери устатыбыздын көркөм мурастарын жарыкка чыгарууга кудуретибиз жетпей келатканын коомчулуктан жашырганда не, жашырбаганда не. Биз деле өмүрдүн өрүнө беттеп калган жашамал курагыбызда, маркум устатыбыздын топтолгон архивдерин качан жарыкка чыгарабыз деген санаага көмүлүп жүргөн кезибиз...

Тек, өлгөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталабы?...

Олжобай Шакир

Кадыркул Даутов, филология илим кандидаты, белгилүү сынчы: “Жерден жарака кетти, бирок...”

Кадыркул Даутович, "кайра куруу" дейбизби же сиз кайсы бир маекте айткандай, "кайра уратуу" дейбизби, айтор, заман өзгөрө баштаганда кыргыз жазуучуларынын саясый жигери да күжүлдөп артып кеткенсиди эле. Гезит-журналдарга жазып, радио, теледен кыйкырып чыгып, жыйын калтырбай сүйлөп дегендей... Кийинки күндөрү алардын үнү чыкпай калды, чыкса да анда-санда арзыбаган маселелер, ич ара күжүң-кыжың менен чыгып жатат. Жазуучуларды буга чейин "элдин үнү", "доордун күзгүсү" деп келдик эле, андай түшүнүк азыр маанисин жоготтубу?

– Албетте, ал өз маанисин жоготкон жок, жоготушу мүмкүн да эмес. Анткени ал кандайдыр бир оосардын оозуна келе калып, ошол бойдон айтылып калган сөз эмес, кылымдар элегинен өтүп, тарых таразасында такталган чындык. Тарых ар кандай жаңы кырдаал, жаңы шарттарда кайталана берет. Айталы, азыркыдай саясый төңкөрүш, мамлекет экономикасынын эңшерилип түшүп калышы, эл турмушунун итке минип турушу биринчи ирет болуп аткан жок да. Адам баласы ошонун баарында эле алдым-жуттумдардын оозун карап отуруп калган эмес, тескерисинче, ошонун баарында өзүнүн рухий маани-маңызын, адамдык кунар-наркын улам жаңыртып издеп, улам жаңыртып далилдеп, ага улам жаңы камылгаларды көрүп келген. Жазуучу ошондо элдин үнү, ошондо доордун күзгүсү болгон. Анткени эч бир илим, эң мыкты деген эч бир идеология адам насилине адабияттай таасир көрсөтө албайт.

Бул эми кыстырма. Сурооңдун төркүнү башка жакта экенин билип турам. Илгери эле немистин улуу акыны Генрих Гейне: "Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт" деп таамай айтпады беле. Бул метафорада чындыктын бир улуу, чоң, түбөлүктүү үлүшү бар, анын ошол эки жүзгө жакын жылдан бери укумдан тукумга ураан катары жашап келатканы эле айтып турбайбы. Анын сыңарындай, биздин республикада, жалпы эле дүйнөдө биз угуп, биз көрүп турган, болуп жаткан жана боло турган окуялар, кубулуштар, түрдүү абалдар, трагедиялар, тилекке каршы, алардын жакшы жышааны биз тарапта аз болуп жатат, акын-жазуучулардын, художниктердин ой дүйнөсүн, сезим-туюмун, кыскартып айтканда, жан жүрөгүн кыйгап өтүшү мүмкүн эмес. Албетте, ал чын эле кудай берген кунту, табият тартуулаган таланты бар художник болсо. Адабият тарыхынан жакшы билебиз: тарыхый окуялар болгондо, улуу төңкөрүштөр болгондо жазуучу үн катпай койгон эмес. Алыс барбай эле кечээки орус адабиятын, Толстойду алалы. Орус тарыхынын бурулуш учурунда улуу жазуучунун үнү улуу чыгып, "унчукпай коё албайм!" деп чаңырып турбадыбы. Орусияда эки падыша бар, бири – Николай II, экинчиси – Лев Толстой деп жазды го дүйнө. Николай Толстойду сындай албайт, Толстой Николайды сындайт деп айтышты. Же Короленкону алалы. Горькийдин кейип жазганы бар. Короленко чоң жазуучу эле, революция учурунда публицист болуп кетип, талантын талаага жумшап койду деп. Мындай караганда экөөнүкү тең эле туура болуп атпайбы. Жазуучу ырас, бир сезондун жалданма жумушчусу болбош керек, бул сезонду бүтүп, тиги сезонго өтө качпаш керек. (Сөз кезеги келгенде айта кетейин, биздин жазуучулардын көпчүлүгү “кайра уратуу” башталганда ошондой болушту да: коммунисттик көрсөтмөнү мөөнөтүнөн мурда орундап, кайра куруу көрсөтмөлөрүн аткарууга өтүшпөдүбү). Ошол эле учурда художник, дагы тактап айтам, чыныгы художник утурумдук нерселер менен түбөлүктүү нерселердин ажырымын айкын, так ажырата эле билбей, өз элинин рухий, тарыхый тажрыйбасын таанып, келечектеги тарыхый багытын сезип туруш керек да. Эл турмушу өзгөрүп, жашоо кан менен тердин ортосунда турса, ошол тарыхый тамырыңа, багытыңа доо кетип атса, художник албетте, үн катпай, “сезонго” иштебей коё албайт да. Бул бир. Экинчиден, ошол “сезонго” иштеш үчүн, ошону менен коомго кичинекей болсо дагы бир жардам көрсөтүш үчүн ашкан талант керек, билим, турмуштук тажрыйба керек, кыскасы, айта турган салмактуу сөзү болуш керек.

Биздин жазуучуларыбыздын, акындарыбыздын эл турмушунан обочолонуп, үн катпай сенейип турушу да көп жагынан ошого такалат: айта турган чоң сөзү жок, коммунисттик идеядан кайт болуп, демократия идеяларына азгырылып, арбалып турганы менен ал идеяга бетме-бет келгенде аябагандай сабатсыз, даяр эмес. Албетте, кыргыз жазуучуларынын бардыгы деп айталбайм, бирок көпчүлүгүбүз ошондой акыбалда экенибиз айдан-ачык болуп калды. Ошон үчүн мурдагы деңгээлден төмөн түшүп кеттик, ошон үчүн үн катсак да этникалык, локалдык майда маселелерден ашалбайбыз...

Мамлекеттик, улуттук маанидеги маселелерди көтөрүп макала жазып жүргөн жазуучуларыбыз көп эле го... Эми Айтматовду айтпай эле коёлу.

– Көп эмес, бирок бар болчу. “Кайра уратуу” башталганда да күжүлдөп турушту деп атпайсыңбы, ошол күжүлдөгөндөр да ошондой жазуучулардын тегерегине топтолгон эле. Алар тон берип турчу, идея берип, ойго от тамызып турчу. Жигердүү көрүнгөн мамлекеттин башчыларына, саясатка сын көз менен реакция жасашчу. Анан эмне болду? Өкмөт тыңмын деген жазуүчүнун баарына бирден кресло берип, Акүйгө иштетип койду, бир даарын Президент чачпагын көтөртүп чет мамлекетке алпарып келди. Ошону менен эле жаактары жап болбодубу. Социализм тушунда деле ошондой болчу. Акүйдү айланчыктап жүргөн жазуучу качан чындыкка тике карап, эл-журт деп күйүп кетчү эле? Тескерисинче, ошол жем жеген акырынын саясатын көкөлөтүп, “муну бир аз коё туралычы, айланайындар” деп турчу эмес беле?

Же гезит-журналдарды алалы. Адегенде демократия башталды, эми ал жолдон тайбайбыз деп дүрбөп жатканда гезиттер да жандана түшкөн. Чындыкты айтууга, терең ой жүгүртүп анализдей албаса да, фактыларды элге туура жеткирүүгө аракети күч болчу. Анан редакторлорун бир сыйра чет мамлекетке апарып келди эле, өкмөттү да, системаны да дүңгүрөтүп мактаганга өттү. Ооба, сындап атат, ал сыны кайсы бир топтун, өзгөчө өкмөттүн арасындагы бийлик талашкан топтун заказы экени кашкайып көрүнүп турат. Ооба, сындап атат, тарап кеткен же тарай албай араң турган колхоз башкармасын сындап атат. Анткени анын редактор үчүн да, гезит үчүн да пайда-зыяны жок. Кыскасы, бу жаатынан социализмден мундирибиз боюнча гана айырмаланабыз. Соцманапты ээрчип эт жегендер азыр капманапты ээрчип эт жеп жүрөт.

Эми сөздүн нугуна өтөлү. Ошентип, биздин жазуучулардын чоң сөзү жок дедик. Ооба, айтар кезде айтышты, бирок айсбергдин түбү калып, көрүнүп турган жагын гана кеп кылышты. Демек, өздөрү ошолордун айланасында гана турган кишилер. Эгерде айсбергдин түбүн көрүп, түбүндө эмне жатат, азыр кандай жатат, эртең эмне болот деген сыяктуу маселелер жөнүндө ойлонуп же ошолор менен жашап келсе, анда ал айтылмак, андай сөздөр бу күнгө чейин тынбашы мүмкүн эле. Ырас, ошол “кайра уратуу” башталганда айтылган сөздөр сезондук милдетин аткарды. Мисалы, эл тарыхын калыбына келтирүү, аты чыкпай келген тарыхый, адабий личносторду алып чыгуу, баасын берүү, ордуна коюу ж.б. Бирок алар деле баягыдай куру шаң, кыйкырык-чуу, кол чабуулар астында өттү. Көп нерселер реалдуу баасын алган жок, демек, өзүнүн чыныгы тарыхый ордун таба элек. Болгону бир кезде көөдөн кара дегендерибизди сүттөн ак менен алмаштырып тим болдук...

Менталитет деген бар эмеспи, аны атуул-этнократтарыбыз кийинки күндөрү өз улутунун башка улуттардан артыкчылыгын көрсөтүш үчүн көйрөң пайдалана баштады. Атактуу окумуштуу Лев Гумилев "Этногенез" деген эмгегинде менталитет деген табышмактуу феномен миң кыр, миң сырдуу кубулуш экендигин, атургай дем алган аба, ичкен суу, өскөн чейрөңө байланыштуу боло тургандыгын менталитетти өзгөртүш үчүн ондогон жылдар аздык кыларын жазган. Демек бизде, 70 жыл желооп келбегенден кийин "советтик менталитет", "тоталитардык менталитет" деген да бар да. Булардын күүсү канчалык деп ойлойсуз?

– Бизде эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону бир системанын атын өзгөртүп, башка режимдин мундирин кийгизип койдук. 70 жылдык тарыхты тоталдуу жокко чыгарууга жасалган аракеттин өзү тоталитардык менталитеттин күчтүүлүгү да. Же айталы, биз коомдук реформаны эмнеден баштадык? Курап-түзөмөйдөн эмес, кудум большевиктерчилеп бузуп-талкаламайдан. Аны азыр да улантып жатабыз. Жана жогоруда кеп кылгандай, маселени көөдөн кара же сүттөн ак кылып чечүүнүн өзү ошол менталитеттен калган мурас. Кечээ жакында ушул эле жазуучуларыбыз, ушул эле демократтарыбыз Усубалиевди алмаштыра турган киши жок деп дуулдатып келбеди беле. Азыр Акаевди алмаштырар киши жок деп дуулдап жатышпайбы. Кечээки душмандарыбыз Американын шпиондору болсо, бүгүнкү душмандарыбыз коммунисттер. Бир жагын жамаса, бир жагынан ыдыраган реформага коммунисттер бут тосуп жатат деп, Президент менен өкмөттү өнтөлөп актап жатышпайбы ашынган демократтар. Мисалы, социализмди курууга социал-туран партиясы же Англия шпиондору жолтоо кылып жатат дегенден мунун кандай айырмасы бар? Бийликте деле баягы социалисттик, коммунисттик манаптар отурат, баштагыдай эле элдин биртике ырыскысын жеп-ичип жаткандар деле ошолор, болгону мурда коркуп, кокуй, билип калабы, көрүп калабы деп жалтанып турчу. Азыр болсо ачык, андан жүз, миң эсе көп жеп жатат. Бийлик башындагылардын арам ишке белчеден батып калганы жөнүндө канча айтылды, канча жазылды, бири чымын чаккандай көрдүбү? Же жогорку бийлик элге түшүндүрүп жооп берип койдубу? Жок. Анткени алардын аккан арыгы, куяр жери бир. Эл болсо жарга такалып тукулжурап, тунуп турат. Эски шымын жаңыртып кийүү колунан келбей калар акыбалда турган калкты кантип эркиндикке жеттиң деп алдайсың?

Владимир Ильич Ленин айткан: "Революция жеңгенден кийин адамдардын аң-сезимин жаңы түзүлүшкө ылайыктап өзгөртүш үчүн дагы бир революция керек” деп. Лениндин сөзүн бир аз өзгөртүп, перифразалап, суроо койсок болот. Мисалы, биз коммунисттик саясаттан, идеологиядан таптакыр арылып, кутулуп чыктыкпы? Чыксак, эмне фундаменталдуу иштерибиз, программабыз бар? Теориябыз кандай? Аны ишке ашырар жолубуз кайсы? Тилекке каршы, бизде андай маселе жок, бизде баардыгы башаламан, будуң-чаң, бир деталы, бир бутагы, бир тамыры туура болсо, калгандары ар кай жерде чачыраган түшүнүктөр, көз караштар менен жашап жатабыз. Муну улуу акын Лермонтов “Без руля и без ветрил” деген. Ошон үчүн жанагы айсбергдин астындагы чоң маселелер унут калып, бутагы, жалбырагы менен алек болуп келебиз.

Мисалы, сиздин оюңузча, кайсы маселеге көбүрөк көңүл буруш керек эле?

– Менимче, өтө эле олуттуу, өтө эле зарыл, кечээ да керек болчу, бүгүн да, эртең да андан бешбетер зарыл маселе – улуттук биримдик маселеси. Биз башынан улуттук маданиятка жетпеген, цивилизациянын кан жолунан алыс калган, улуттук биримдиги жок калкпыз. Ар дайым чачырап, тоо-талаалап, сай-сайлап келгенбиз. Эми биригебизби деп турганда аны Горбачевдун “кайра уратуусу” ого бетер майдалап салды, аны азыркы “реформаторлор” ырааттуу улантып жатат. Эң жөнөкөй мисал, бир эле айылды бөлүп-жарып, 10-15 “суверендүү” айыл кылып салбадыкпы. Ошон үчүн уруучулук күчөдү, жек-жаатчылык күчөдү, аң-сезимибизде дагы, экономикабызда дагы, жалпы түшүнүк, маданият жагынан дагы, социалдык абалыбыз боюнча дагы жиктелүү, кайрашуу, араздашуу башталды. Ага биздин айрым жазуучуларыбыздагы феодалдык менталитеттин сакталып калышы да кошул-ташыл болууда. Кийинки мезгилдеги изилдөө объектисин карагылачы: силердин манаптан биздин манап күчтүү болчу деген эле сөз. Эгер биз ушу бойдон кете берер болсок, илгерки сайда саны, кумда изи жок элдерден болуп калышыбыз ыктымал. Мамлекет башчыларыбыздан тартып, бүтүндөй интеллигенция, интеллигенция дегенибиздин затын билбейм, аты бар эмеспи, философторубуз, экономисттерибиз, социологдорубуз бар, бирибизди бирибиз Бакай ата деп коёбуз, боло элегибиз жалгыз эле Иисус Христос. Айтор, ошол интеллигенция күчүн улут биримдигин чыңдоого жумшаш керек. Канча бир жүз жылдык мамлекеттик тажрыйбасы бар, даңкы таш жарган улуу орус элинин уулдары деле азыр "соборность" деп канкакшап атпайбы. Биз аларга караганда мамлекет болуп көрөлек кичинекей калкпыз, "соборность" болбосо саясый-экономикалык жактан болсун, маданий, рухий, жактан болсун, өнүгө албайбыз. Буга мамлекет башчыларыбыз дагы, башкаларыбыз дагы эч кандай маани бербей келебиз, андан көрө орустар эмне үчүн көп кетип атат, тыяктан кыргыздар эмне үчүн келбейт деген сыяктуу маселелер менен алекпиз, күчүбүз дагы, убактыбыз дагы ошондой майда ишке жумшалууда.

Улуттук жана мамлекеттик идея маселелери айрым учурда көтөрүлө калып жүрөт. Көтөргөн да жазуучулар, мисалы, Осмонакун Ибраимов “Слово Кыргызстана”, Чоюн Өмүралиев “Асаба” гезиттерине бир топ кызыктуу, талаш-тартыштуу, эң негизгиси, ойго от тамызгы болор макалаларды жазышты. Бирок менин байкашымча, ошого окшогон көп эле жөрөлгөлөр П.Чаадаевдин тили менен айтканда, “патриоттук инстинкт” бойдон калып жатабы. Албетте, "калыптанган улуттардын акыл эмгеги, илимий агартуучулук терең билими жана ой жүгүртүүсүнөн жаралган аң-сезимдүү патриотизмине жетсек жакшы эле болмок.

– Кеп ошондо болуп жатпайбы. Мына тарыхка болгон мамилени алалы. Бая “кайра уратуу” ургалдуу башталганда тарых чындыгын калыбына келтирип, тарыхыбыздын ала калып, көмүскөдө жүргөн жерлерин ачууга алгылыктуу аракеттер болду. Көптөгөн макалалар жазылды, публицистикалар жарык көрдү. Ошонун баары фундаменталдуу чоң иштердин чечилишине от тамызгы болду да. Ошол бойдон унутта калып баратат. Анүстүнө адаттагыдай эле бир жагын курабыз деп, экинчи жагын уратабыз. Өткөндүн баарын тоталдуу тануу же тоталдуу мактоо акыр аягы баягы таз кейпибизди кийгизери шексиз.

Алыс барбай, эң эле жөнөкөй, элементардуу бир-эки мисалга кайрылайын. Тоталитардык системадан ыдык жеген, тарыхта татыктуу ордун албай келген личностторубузду калыбына келтирип, атын тарыхка киргизип жатабыз. Ал жакшы. Бирок тарыхка киргизүүдө, жана айтпадымбы, реалдуу баа бере алдыкпы?

Же болбосо жер аттарын алалы. Жер аттары да тарых да, туурабы? Жер аттары орусча болуп кетиптир деп кыргызчалап жатабыз. Кыргыз кишилердин атын койдук. Бирок бир жагдайга көңүл буралычы. Эмне үчүн кыргыз болгону үчүн гана жердин атын алып, демек, тарыхка кириши керек? Мисалы, кыргыз эли канча миллион болгон? Ошолордун баары кирген жок да тарыхка. Мындай санасаң, фольклордук чыгармалардын каармандарынан башка беш-он кишини араң санайсың. Тарыхка кирген киши ал башка болот. Көрүп атасыңар, деги айланайын, баатырлар көбөйүп кетти, эки кишинин бири баатыр, эки эчки, беш кой уурдап келген киши деле баатыр, жарадар орустун мылтыгын алып, аны атып койгон киши деле баатыр, качып бараткан калмакты дөңдөн карап турган киши деле баатыр... Эми акыл деген нерсе адамзатынын кадимки абалы го. Ошол кадимки абалың эмне үчүн жердин, мектептин же дагы бир башка нерсенин атын алып жүрүшү керек? Биз эркиндик десе эле калыптанып калган түшүнүктөрдү алмаштырууну ойлойт көрүнөбүз. Эркиндикке жеттик, орустарды кетирдик деп, коллективдештирүү учурунда табелчи болуп иштеген кишилердин атын мектепке коюп атабыз.

Эми тирүү кишилердин аттарын да коюп жатпайбызбы. Кочкордо Усубалиев атындагы чарба, түштүктө Салибай Шатманов атындагы мектеп ж.б. Таласта дагы бир эски башкарма менин атымды койгула деп, мектептин атын талашып жатат дейт.

– Ошол тирүү кишилерде дагы уят, ызаат-ыйман, нравалык этика деген болуш керек да... Бизден башка кайсы цивилизациялуу өлкөнүн тарыхында бар, эки көзүн жайнатып тирүү жүрүп, жердин атын алып алган? Андан көрө жаңылыштыгыбызды түзөп, жердин тарыхый атын кайтарып бериш керек эле да. Мисалы, Токтогул району. Токтогул Кетмен-Төбөнү тапкан эмес да, Кетмен-Төбө Токтогулду тапкан, Ясная Поляна Толстойду тапкандай эле. Же болбосо немистер Веймаргга Гётенин атын коюп койсо жарашат беле? Дүйнөдө буга окшогон улуу, залкар кишилер көп, бирок жердин атын алгандары жок. Бул биздин түркөйлүгүбүздү, жеткен маданиятсыздыгыбызды гана билгизет. Ал эми мектептерде кимдердин гана аты жок, угуп, көрүп туруп бир жагынан кабыргаң кайышат, бир жагынан нааразы болосуң. Териштире келсең ошол жердеги аткаминерлердин туугандары болуп чыгат. Бир кызык фактыны айтып берейин, мен бир жолу агартуу министрлигине барып калсам, сурашат тааныйт белең деп, көрсө, Алайда тээ илгери, 50-жылдары Абдиламит Арзиев деген ыр жазып жүргөн ышкыбоз бирөө болгон. Анын төрт-беш ыры сүрөттөрү менен балдар үчүн жыйнакча болуп чыккан. Болгону ошол. Аны ошол ага-туугандарынан башка эч ким билбейт, адабий чөйрөдө аты-жыты жок. Албетте, мисалы, Маршактыкындай, Чуковскийдикиндей балдар үчүн беш ыры болсо деле дүйнөгө алып чыгат да, таанытат да. Андай болбой жатпайбы, анан кандайдыр бир патриоттор чыгып, мектепке анын атын коюп алыптыр. Эли нааразы болуп, министрликке жазыптыр да, ошону териштирип жаткан экен.

Мына, Кусейин Карасаев деген чоң окумуштуу, кадырлуу карыябыз бар. Эл ошол кишинин атын Ысык-Көлдөгү Токтоян деген айылга бериптир. Ушул кишинин ошону кабыл алып, унчукпай койгонуна таңгалам да. Эми Токтоян деген мүмкүн Карасаевдин чоң аталарынын, жети атасынын биридир. Элине кадыры сиңгендиктен, урматтап атап алгандыр. Эми атасын өлтүрүп коюп, баласын коюп алган адамдык нарк-насилге сыябы? Мындай укмуштуу жоруктар түгөнөт десе түтөп баратпайбы. Ошон үчүн бул маселени кайрадан караш керек, болбосо бул биздин эркиндигибизди эмес, биздин маданиятсыздыгыбызды көрсөтөт. Бул райондук болобу, облустук болобу, Жогорку Кеңеш болобу, айтор, бардык кеңештердеги депутаттарыбыздын нравалык сабатсыздыгын айгинелейт, ошону бекитип жаткан. Аны сунуш кылган эл эмес, эл байкушта эч качан күнөө болбойт, аны уюштуруп жаткан биз сыяктуу эле чаласабат интеллигент аткаминерлер. Ошону менен атын чыгарайын деп, саясый капитал топтоюн деп. Азыр эми өнөкөткө айланбадыбы, бирдемени чыгара коюп, эл эсебинен той өткөрүп, экинчи жактан өз чөнтөгүнө бирдемелерди түшүрүп алыш. Мындай жорук дүйнөдө жок, бизде гана бар.

Албетте, тарыхта чын эле изи бар, кыргыз элинин рухий өсүшүнө, социалдык жогорулашына салым кошкон чоң личносттор башка маселе, ошондо да бир жерде жаңы айыл түшүп атса, шаар салынып атса, завод курулуп атса, ошонун атын берсин, анан жердин тарыхый атынан ажыратуу деген кыргызды тарыхынан ажыратуу деген сөз. Анда биздин элдин тарыхы, тагдыры жатат. Андан көрө ошол аттарды изилдеп, чечмелеп, түшүндүрүп, көрсө биз ушундай жолду басып өткөн экенбиз, ошон үчүн ушинтип аталып калган экен, биздин ата-бабаларыбыздын изи ушинтип түшүптүр бул жерде деген сыяктуу иштерди жүргүзүш керек эле да.

Бул маселе президенттин, Жогорку Кеңештин деңгээлинде каралыш керек, тиешелүү министрликтер, өзгөчө маданият менен эл агартуу министрлиги жоопкерчилигин алыш керек, ансыз биз келечекке анекдот болобуз.

“Жерден жарака кетсе...” деп жатпайбызбы, эл турмушунан жарака кетмек түгүл коо пайда болду, жерден жарака кеткени ошо да. Орус жазуучулары эл, улут деп сыздап жазып жатат, ыйлап айтып атат. Негедир биздин жазуучулар унчуккан жок. Албетте, жазуучу экономиканы оңдоп, турмушту түзөп жибере албайт, бирок илгери адам фактору деген бар эмес беле, ошого таасир берет беле деген кеп да...

– Кыргыз жазуучуларынын эмнеге үн катпай жаткан себеби, андай чоң сөзү бар жазуучулар аз, ал эми болгондоруна өкмөт аз-аздан болсо да жем таштап, ез сөзүн сүйлөтүп алды деп айтпадымбы. Мен айтар элем, эл мындай коомго, мындай демократияга даярдыксыз келип калды. Саясый күрөш дегенди билген жок, көп партиялуулук деген түшүнө да кирген эмес. Кечээги партократ, бүгүнкү демократтар ошондон пайдаланып кетти. Ага ким даярдаш керек эле? Албетте, интеллигенция, биринчи кезекте жазуучулар, анткени биздин интеллигенция түптөлгөндө эле жазуучудан түптөлгөн, азыркы интеллигенциянын "каймагы" да ошолор. Биринчи орус революциясынан кийин философ, болгондо да марксист П.Струве атактуу "Вехи" жыйнагына радикал интеллигенттер элдин саясый жетик болушун каалаган эмес, тескерисинче, ошол саясый караңгылыгынан пайдаланып, элди алдоо жолу менен революция жасап жиберишти деп жазган. Бизде андай болгон жокпу? Дал ошондой болду жана да болуп жатат. Эл болсо тунжурап турат, тунжуроону бийлик ого бетер кыянатчылык менен пайдаланууда. Ошолорду ойготуш жазуучунун милдети болчу. Эмне кылып ойготот? Чындыкты айтып, турмуш чындыгын так өзүндөй көргөзүп. Болбосо бийлик башындагылар турмуш чындыгынан өз чындыгын бийик коюп алышты да. Тилекке каршы, айтпадымбы...

Антейин десең Кыргызстан жазуучулар союзунун эле 400дөн ашык мүчөсү бар экен.

– Кечээ жакында силердин гезитке Салижан Жигитовдун интервьюсу чыкты го. Ошо киши айтып жатпайбы, 1 миллиард 200 миллиондон ашуун калкы бар Кытайда Жазуучулар союзунун 300дөй мүчөсү бар, ал эми 2,5 миллионго жетпеген кыргызда Жазуучулар союзунун мүчөөсү 400дөн ашуун деп. Буга албетте, көп жазуучулар тыраалап чычалады болуш керек. Бирок мунун чындыгы бар. Ошол 400дүн саманынан топону көп. Баягы Советтер Союзунун тушунда кызматка илинип, компартияга кызмат кылып, бирдеме жазгандардын баарын эле Жазуучулар союзуна мүчө кыла берчү. Дагы бир даары жөн эле пара берип өтүп кеткен. Кыскасы, ушундайлар алынчу биринчилерден болуп. Ал эми чыныгы акындар, чыныгы жазуучулар анте алган эмес. Чыныгы таланттардын тагдыры ошондой болот өңдөнбөйбү, Советтер Союзу жаралганга чейин эле ошентип келген экен. Айталы, өзүбүздүн Чыгыштын далай генийлери мансаптын теңсиздигинен баарына түкүрүп, дербиш болуп кетишкен да. Ошентип, адабият генералдарынын көбөйүшү чыгарманын сапатынын төмөндөшүнө, адабиятыбыздын обу жок саясатташына алып келген, нукура эстетикалык мүлк деген арткы планда калып, канатсыз идеология алдыга чыккан. Окурмандардын табити бузулган. Бүт эле Советтер Союзунда ошондой болбодубу. Мисалы, Пастернак, Цветаева, Ахматова ж.б. жалаң көркөм мүлк жаратып жүрүшкөн экен: бири Жазуучулар союзунан чыгарылып, бири тентип муунуп өлүп, биринин күйөөсүн атып, баласын камап, өзүн болсо эки жакка чыгарбай, үйтүрмө кылып келди. Ооба, буга система күнөөлүү, бирок Ленин орденин катарлап тагынган, Сталиндик, Лениндик ж.б. сыйлыктарды катарлап алган, Социалисттик Эмгектин Баатырына чейин жеткен адабият генералдары эки эсе күнөөлүү. Болбосо Сталин Ахматованы, Хрущев Пастернакты үңүлүп окуп, саясый ката издеп отурду дейсиңби. Өзүбүз да окубадыкпы, “социалисттик реализм – бул дүйнөлүк көркөм өнүгүштүн эң чокусу” деп. Ошол чокуга жеткен генералдар идеология алмашты эле, ошону менен жок болбодубу. Дагы эле болсо Пастернак, Ахматова, Цветаева калды.

Кыргыз адабиятында деле ошол. Социализм эл акыны менен эл жазуучусун жакшы эле берген, реформаторлор андан да көбөйүп жатат, кудум инкубаторго баскандай. Бүт эле лауреат, бүт эле ишмер. Кимиси эл акыны, кимиси жөн акын экенин билбейсиң. Адабиятыбыз кимисинин күчү менен жылып жатканы белгисиз. Кыскасы, чалмакей чалынды да, калды. Буга албетте, мамлекеттик структуранын бир бутагы болуп, эл мойнуна конуп алган Жазуучулар союзунун кошкон салымы чоң. Тизмени ошолор түзөт, көп учурда “май кармаган бармагын жалайт” кылат. Деги кайсы цивилизациялуу өлкөдө бар, эл акыны, эл жазуучусу, анан да балакет-бастандын ишмери деген? Ушунун өзү эле жалпы маданий деңгээлибиздин төмөн экендигин, көркөм нарк деген эмне, эстетикалык байлык деген эмне экендигин так ажыратып билбегенибизди далилдейт. Жаңы мамлекет куруп салдык, цивилизациялуу өлкөлөргө теңелдик деп дердейгенибиз менен СССРдин саясаты, идеологиясы түзгөн структурада “узанып” жатабыз.

Кыргызстан Жазуучулар союзу такыр эле жаңыланган жокпу?

– Мен албетте, юрист эмесмин, бирок Кыргызстан Жазуучулар союзунун азыркы шартта жашап турушунун юридикалык жактан акысы барбы-жокпу, ошондо шегим бар. Не дегенде, Кыргызстан Жазуучулар союзу эски СССР Жазуучулар союзунун бир бутагы болчу. Ал болсо СССР кулаган күнү кошо кулаган. А биздики кабагым-кашым дебей жашап жатат, СССР Жазуучулар союзунун устав, программасынын негизинде түзүлгөн устав, программа менен. Менимче, закондуу союз болуш үчүн СССР Жазуучулар союзу тарар замат съезд чакырып, жаңы өлкөнүн, жаңы республиканын талабына ылайык устав, программа кабыл алып, жетекчилик шайлап, анан ишке кириш керек эле. Андай болгон жок. Минюст кайсы документтин негизинде каттоодон өткөргөнү белгисиз. Дегинкиси көпчүлүк чыгармачыл союздардын тагдыры ушундай. Бирок бул маселени башка уюмдарга караганда биринчи Жазуучулар союзу коюш керек эле, себеби, жазуучулар деген аң-сезимдин, интеллекттин алдыңкы авангардында турган адамдар. Анын ордуна никесиз туулган баладай болуп отурат союзубуз. Анан да адабиятта аты-жыты жок адамдарды союзга үстөккө-босток кабыл алып, аларга СССР Жазуучулар союзунун билетин кыйшайта кол коюп тапшыруу менен алекпиз. Жанагы 400дөн ашуун деген жазуучуларыбыздын көпчүлүгү “никесиз” союздун жетекчилеринин тапкандары.

Сиздин оюңузча, Жазуучулар союзунун таптакыр эле кереги жокпу?

– Эмне үчүн? Кереги бар. Жазуучулар биримдигин түзсөк, бири-бирибизге чыгармачылык, материалдык, моралдык жардам көрсөтүп турсак деген максат тээтиги Тургенев, Толстойдон бери эле жашап келе жатат. Адабий фонд дегенди ошолор ойлоп чыгып, ошолор уюштурган. Жазуучулар союзу керек, бирок мындай жансыз союз эмес.

Ооба, Жазуучулар союзу мурда кадыр-барктуу уюм болчу, эл жакшы көрчү, БК эсептешчү, саясый, маданий аренада салмагы чоң эле. Анда улуттук, коомдук мааниси бар чоң-чоң маселелер көтөрүлчү. Союздун мүчөлүгүнө да аздыр-көптүр тандап, иргеп (жанагыдай партбоссторду эсепке албаганда), жылына жок дегенде 2-3 таланттуу кишини өткөрчү. Азыр бир өткөргөндө эле 40-50дөн өткөрүп жатпайбы, кудум күпкөгө салгансып.

Союздун салмагын арттырыш үчүн жоопкерчиликти күчөтүш керек, жоопкерчиликтин күчөшү үчүн анын башында чыгармачылык салмагы, коомдук бедели бар адам отуруш керек. Андай болбогон күндө чыгармачылык, коомдук маселелер быякта калып, союз ичи азыркыдай майда интригалардан арылбайт, жетекчи өз үстөлүн коргоо менен гана алек болуп калат. Бүгүнкү күндө Жазуучулар союзуна башбаккан киши менин билишимче аз. Чыгармачылык жөнүндө такыр сөз жок, 2-3 ирет аты бар, заты жок пленум дегенин өткөрүмүш болду. Экөө Жазуучулар союзу менен адабият фондусунун, ала мышыкты атынан айтсак, А.Жакшылыков менен А.Атамбаевдин бийлик талашкан чырына айланды. Дагы бир жолу пленум болот дегенинен барсак, маселеси ушул экен. А.Стамов Ч.Айтматов жөнүндө макала жазыптыр, ошону талкуулап гезитке жарыялаш зарылчылыгы эмнегедир туулуп калыптыр. Өкмөттөн айлык жеген үч секретарь жана жебеген 4-5 секретарь союздун жоон топ кызматкерлеринин съездден берки аткарган иши менен билгени ошол. Анан тойлорго бармай, сыйлык, наам бөлүштүрмөй. Эл тагдырын ойлойт деген жазуучулардын башын кошуп, жалпы максатка бириктирер союздун кейпи бул. Анан кайдагы 400 мүчөсү тууралуу кеп кылабыз?

Анткен менен тоталитардык системанын кыйрашында кыргыз жазуучуларынын, алардын союзунун ролу бир топ. Интеллигенция ичинен ошолор биринчи кыйкырып чыгып, коомдук пикирди ойготту, жандандырды. КПСС жабылганда партбилеттерин биринчи тапшырган да Жазуучулар союзунун партиялык уюму болду өңдөнөт.

– Талаш жок, системанын бузулушуна бир топ эмгек сиңирди. Бирок бирөөнү буздук, эмнени курдук? Кеп ушунда жатпайбы. Алар бардык интеллигенция сыяктуу эле өздөрүнүн иллюзия менен догмаларын чындыктан бийик коюп алып, адаттагыдай социалисттик ырым-жырымга ишенип, кандайдыр бир социалдык кереметти күтүп – сыйлык менен наамдардын калыстык менен бөлүнүшүн самап отуруп калды да. Ошон үчүн эл менен жазуучунун, коом менен жазуучунун ортосундагы аралык ушунчалык алыстап баратпайбы. Биздин азыркы трагедия ушул.

Ал эми КПСС кыйраганда партбилеттерин биринчи ыргыткан да ашынган коммунисттер болду. Радикализмдин бир аты ошол, тарыхы, тамыры жок болот, бардыгын танат, талкалайт, бирок эч нерсе курбайт. Эртең жаза тайып коом аласалып кетсе, мобул радикал демократтар, ашынган реформаторлор артынан ташты биринчи ыргытышы мүмкүн. Көз караштын, дүйнө түшүнүктүн мынчалык чукул бурулуп, мынчалык тез өзгөрүшүнө, болгондо да массалуу түрдө өзгөрүшүнө биз таң калган жокпуз, анткени биз үчүн көнүмүш иш болчу, чет элдиктер таңгалды. Америкалык политолог, Принстон университетинин Россияны изилдөө борборунун директору Стивен Коэн: "... өспүрүмдөр болсо бир жөн, ал эми алтымыштан ашкан кишилердин ушунчалык тез өзгөрүшү өтө таңкалычтуу. Он киши, жүз киши болсо да түшүнсө болот, бирок бүтүндөй муун заматта кайра туула калып жатпайбы. Мисалы, мен 53 жаштамын, анан бир күнү ойгоно калсам эле көз караш, түшүнүгүмдүн баары өзгөрүп кетсе... мен албетте, психиаторго кайрылмакмын" деп жазды (“Комсомольская правда”, 17-июнь, 92).

Ушул сөздү өзгөчө биздин карыя жазуучулар, эски коммунисттерге айтса болот. Өздөрү тээ качандыр бир жылдары ата-энесинен айрылып, багар-көрөр кишиси, башпаанек кылар жери жок, ар кай жакта темселеп жүргөндө чогултуп, кийинтип, ичинтип, интернат ачып окутуп, кийин жазуучу кылып, кылганда да эл жазуучусу кылып, орден, сыйлык, бирине төрт, бирине беш бөлмө үй берип, бирине "Волга", бирине "Жигули" мингизип, аксакал кылып төргө өткөрүп койсо, минтип заман өзгөрөр замат партияны боктоп, билетин ыргытып кирбедиби. 40-50 жыл "Сууга чөкпөс, ок өтпөгөн партбилет" деп ырдап келген да ошолор. Адабият тарыхын жазганга, балдарды окутканга башка ырларын табалбай, ошол сыяктуу ырларын мисал кылып, ошону менен акын катары көрсөтүп келдик да, туурабы? Аны да түшүнсө болот, алар заманга батырак жагынгысы келди, эртең ондогон томдорду чыгарабыз деп ойлоду. Сыйга бөлөнөбүз деди. Бирок андай болбой калбадыбы, бүгүн аларды караган эч ким жок, же партбилеттен жок, же ар бир сабыма 3 сомдон, 5 сомдон коёсуң деп жакалай турган заман жок. Биртике жыйнап-тергенин инфляция сели алып кетти. Сен эле сүрөмөлдөп туруп албадыңбы деп, бирин-бири карап отурган болуш керек... Жазуучулар системанын кулашына салым кошту, бирок эмне куруларын билген жок дегеним ушу. Ал эми карапайым калкты айтпай эле коёлу.

Маселенин мына ушундай нравалык, этикалык жактарын ойлой келгенде Аалы Токомбаев эсиме түшөт. Канткен менен ал кишинин өз көз карашы, өз саясаты бар болчу. Аны деле берки акын-жазуучулардай компартия киши кылган, компартия ушул муратка жеткирген. А киши да партиянын тузун актаган, таза пейилден, чын жүрөктөн жакшы көрчү, партия деп, партиянын идеологиясы деп туу көтөрүп, ошону менен дем алып, ошону менен жашап өттү.

Бир жолу мен ал кишинин эки томдугуна бетачар жазмай болуп калдым. Экөөбүз сүйлөшүп отурдук, а кишинин чыгармачылыгы тууралуу менин өз ойлорум бар эле, азыр да бар, аман болсок жазарбыз. Ал кезде жазсам, ошону жазмакмын. Бирок Аалыке сөз ортосунан мени акын кылган идеология, ушуга басым жасашың керек дегендей ой айтты. Анысы менин көңүлүмө төп келе бербеди: ошон үчүн жазылбай калды. Менин айтайын дегеним, ушундай кишилер туура болсо да, болбосо да өмүр бою суу ичкен кудугуна түкүрмөк эмес, башына кылыч кармасаң да.

Мисалы, мен эч качан коммунист болгон эмесмин. Сен экөөбүз бололу десек да болтурмак эмес. Анткени ага кожодой колдоочу керек болчу, келечектеги кызмат ордунан үмүт эттирип турууга тийиш элең, көз карашың да, түшүнүгүң да коммунисттик идеядан башкага "булганбаган" таза көз караш, түшүнүк болуш керек эле ж.б. Ооба, коммунисттик идеянын, социалисттик түзүлүштүн туура эмес, начар жактары көп, ошол эле учурда артыкчылыктары бар болчу. Мисалы, мени бекер окутту мектептен баштап, Москвага чейин, билим берип, дүйнөгө көзүмдү ачып койду. Анын эмнеси жаман, оң жагын да көрүшүбүз керек да. Мындай мисалдар толтура.

Байкашымча, жазуучу жана бийлик дегендей маселе кыргыз адабиятында да пайда болчудай болуп калды. Кийинки мезгилдерде кыргыз жазуучулары бийликке, мамлекеттик структураларга ыкчам аралаша баштады. Мен билгени жазуучулары биздикиндей көп парламент дүйнөдө сейрек же жок болсо керек. Албетте, бийлик менен чыгармачылык личносттордун тил табышып, камыр-жумур иштеген учуру дүйнө тарыхында аз эмес. XIX кылымдагы орус адабиятын эле алсак, Иван Дмитриев, Державин юстиция министри болгон, Карамзин, Пушкин, Гоголь мамлекеттик кызматтан жалыйна жеп турган, Аксаков, Гончаров цензор болуп иштеген. Бирок алар мамлекетке материалдык жактан да, моралдык жактан да көз каранды эмес эле, ошондуктан реакциячыл саясат, бузуп-талкалоочу реформалардын бирине да катышпаган. Ушул жагдайдан караганда, бийликке аралашып жүргөн биздин жазуучулардын акыбалы кандай деп ойлойсуз?

– Өзүң айткандай, андай учур дүйнө тарыхында бар. Мисалы, Кытай императорлорунун кеңешчилери көп учурда акын болгонун айтсак болот. Кийинки эле Алишер Навои Хусейин Байкарга увазир болуп иштеп, эмир наамын алган. Аблай хандын кеңешчиси Бухар жырау болчу. Кийин Аблай хан кыргыздарды чапканда ошого тескери реакциясын көрсөтүп, бошоп кеткен. Улуу Гётени болсо билесиңер, герцог Карл Августтун жашыруун кеңешчиси болуп турган ж.б.

Эми булар эки кылымда, үч кылымда бир жаралып, бир келчү кишилер. Алар жөнүндө сөз башка. Биздин жазуучулардын бийликке, өзгөчө парламентке аралашып жатканы бир четинен жакшы, анткени токчулук жыттангандан башка бир идея, бир сөзү жок, жалаң уктап отуруп чыга берген депутаттарга, өзгөчө колхоз, совхоздордун жетекчилерине караганда, алардын айтар сөзү, киргизер идея, сунушу болушу мүмкүн. Канткен менен интеллигенциябыздын каймагы деп келатпайбызбы. Бирок менин жекече баамдоомдо, мен аны эч кимге таңуулабайм, жазуучуларды парламентке, бийликке тартуу, ошондой чоң саясатка аралаштыруу, абдан татаал иштерге компетентсиз болсо да кеңешчи катары, жетекчи катары пайдалануу кийинки мезгилде кадыресе ишке айланып баратат. Бул да болсо Горбачевдон калган мурас, ал өз саясатын, бузуп талкаламай реформасын өткөрүш үчүн бир топ жазуучулардын сөзүн, калк арасындагы кадыр-баркын билгичтик менен пайдаланган. Мен албетте, жазуучулар саясатка такыр эле аралашпайт деп айталбайм. Аралашат, кара кылды как жарган калыс сөзү менен, чыгармасы менен, кыскасы, рухий, нравалык максат-мүдөөсү менен. Анүстүнө ойлойм, чыныгы жазуучу эч качан бүт убактысын, өмүрүн, талантын, чыгармачыл күчүн саясатка бербейт, саясый ишмерликке жумшабайт, анткени саясат дагы иш, ал адамдан бүт өмүрүндө эмнелер болсо, ошонун баарын талап кылат. А жазуучуга эки өмүр берилген эмес.

Мисалы, кыргыз элине Төлөгөн Касымбековдун закон чыгарып парламентте отурганы пайдалуубу же баштап койгон "Чапкын" романын бүтүп бергени пайдалуубу? Албетте, экинчиси. Т.Касымбеков парламентте деле пайдалуу иштерди жасап жаткандыгы жөнүндө талаш жок, бирок ал эл үчүн эң оболу кыргыз тарыхын жаңы көркөм баскычка көтөрүп чыккан киши, чоң художник. Ошол чоң художниктин бүт күчү, эмоциясы, акыл-эси башка ишке жумшалып жатпайбы. Закон дегенди ошол закондун ээлерине, чыныгы адистерге бериш керек, "Чымчыкты сойсо дагы касапчы сойсун" деп кыргыз таамай айткан. Ушул эле ойду Б.Жакиев, С.Жигитов, М.Байжиев, К.Бобулов ж.б. багыштаса болор эле, бирок ар кимдин өз табияты, өз билгени бар да...

Ал эми жанагы бүлдүргүч философияга, бузуп-талкалагыч реформага, кыскасы, калк мүүдөөсүнө каршы бийликке жазуучунун катышы жөнүндө айта турган болсок, анда эле дагы бир топ Троцкий, Луначарский, Бухарин ж.б. чыгат. Алар да ошондой жазуучу болуп баштап, кийин чоң, кандуу саясатка, революцияга аралашып, баш-оту менен кирип кеткен.

Солженицындын диссидентчилик маселесине жазганы бар: көпчүлүгү Атлантикадан кичине ары ашар замат эле партбилетин акырын бир жерге таштай салып, буруу ойлоп, буруу сүйлөгөндүгү үчүн системадан кордук көргөн киши болуп чыга келет деп. Биздин айрым демократтардын жазганын окуп, сүйлөгөнүн угуп отурсаң ушундай ойго аргасыздан келесиң. Биздеги демократиялык, патриоттук кыймылга мамилеңиз кандай?

– Негизинен оң. Канткен менен жашап жатат, жакшы болсо да, жаман болсо да иш аракетте. Элге тескериби, оңбу, айтор, таасирин тийгизип жаткандар да ошол демократпыз, патриотпуз дегендер.

Бирок чын-чынына келгенде демократия бул – окуя эмес, жандуу процесс болуш керек эле да. Өткөн-кеткендин баарын боктоп, колдо болгондорду бир заматта бүлдүрүп, баарын жоготобуз, кыйратабыз деп кыйкырып койгондор эле демократ болуп калса, анда дүйнөдө большевиктерден ашкан демократтар жок. Улуу Октябрь революциясы жеңгенден кийин (ал эми бул окуя да тарыхый чоң окуя) ошентип чыгышпады беле! Анын сыңарындай, "биздин демократтар бир күндө эле б.а., бир окуядан кийин демократ болуп чыга келбедиби. Тактап айтканда, СССР кулап атканда же кулап калганда. Суроо туулат: алар мурда кайда жүрдү эле? Же башка өлкөдө беле? Бул баягы "айдан келген киши” дегендей эле кеп. Мисалы, Советтер Союзунун тушунда деле өз пикирин тайманбай айткан, чындыктын бетине тайманбай чыккан кишилер болгон. Ошон үчүн алар сокку жеген, ыдык көргөн, камалган, кубаланган. Бирок биздин азыркы ашкан демократпыз дегендердин биринин үнү чыкты беле ошондо? Чыккан эмес. Ушул эле биздин эң жакын кишибиз Казат Акматовду алалы. Өзү ошол комсомолдон чыгып, комсомолдо иштеген, кийин ЦК аппаратына өткөн. Жазуучулар союзуна секретарь болуп келген ошол ЦК аркылуу. А киши ЦКда отурганда мен жана мага окшогондордун далайы справка жазган. Же Топчубек Тургуналиевди ал. А деле ошол. Кадимки партчиновниктин таржымалы. Көпчүлүгүбүз сыяктуу эле экөө тең коммунисттик идеологиянын кулундары, ошону менен оозанган, ошону менен тарбияланган, ошол идеология бутунун тырмагынан чачынын учуна чейин сиңген, ошо идеология кулаганга чейин ага ак кызмат өтөп келген. Алар кай жерде кандай демократиялык демилге көтөрүп же үндөп, демократия идеясын айтып чыкканы, мисалы, СССР кулаганга чейин, башкасын билбейм, менин эсимде жок. Же болбосо экөө тең сыйургалдуу кызматтарда иштеп, бир топ тармактарды башкарып келди, аларды демократия нугуна буруп, калыстык орнотуп, ишти идеалдаштырып жиберди деп укпагам да, көрбөгөм. Мен муну кандайдыр бир криминал издеп эскерип аткан жерим жок, тек, биздин демократтар, ошондой кыймылдын жетекчилери ички-сырткы муктаждыктан эмес, окуянын шарданы менен демократ атыгып алышканын мисал катары айтып жатам. Анүстүнө бийликке каяша айткандардын баары демократ, калганы консерватор деп койбойбуз да. Мунун баары адам ишмердигинин бир формасы, абалы. Аны кыянат пайдаланып, аброй алгысы келгендер аз эмес. Менимче, өзүнүн терең ишеними жок киши кандай гана ыкка болбосун тез көнө берет. Мага ушул демократпыз деп жүргөндөрдүн көпчүлүгү дал ошондой таасир калтырат. Андайлар эртеңки күнү дагы бир эффективдүү "...крат" же "...крад" чыгып кетсе, ошого ооп, ошонун кылычын шилтеп кетери шексиз. Кечээки партократтар сыяктуу эле...

Эми Кадыркул Даутович, бир чечилип маек куруп бердиңиз, аныңызга ыракмат! Менимче, окурман журтун кайдыгер калтырбай турган бир топ маселелер учкай болсо да, козголду. Мүмкүн айрымдары талаш-тартышка жем таштаар, андай болсо гезит бетинен орун берүүгө даярбыз. Элдин азыркы турмушу тууралуу да азыноолак кеп кылып кеттик, эл турмушу дегенде негедир сай-сөөгүңүз сыздап жаткандай туюлду мага. Эми маектин соңунда элге эмне деп айтаар элеңиз, республиканын жетекчилеринин төл сөзү го, "бир аз чыдай тургула!" деппи?

– Антип айтпас элем. Чыдам дегендин да чеги болот. Качанга чейин элге тил эмизип, эксперимент жасай беребиз? Мен “бийлик башындагылардын кургак "ураасына" баягыдай эле муюп калбай көзүңөрдү ачкыла, бардык нерсени, кечээки саясатка да, бүгүнкү бийликке да натыйжасы боюнча баа бергиле, мал багып, дан эгип, кетмен чаап, тамеки сугарып аткандар менен бийлик аппаратында отургандардын шарты асман менен жердей, силер ошол шартыңардан чыгып мамиле кылгыла, ак эмгектин аркасы менен адамча жашоого мүмкүндүк ала албасаңар, эмне болгон реформа, эмне деген эркиндик, эмне деген демократия” дээр элем. Бир ууч партия бийлик талашып толкуса токтотуш оңой, ал эми эл толкуса эмне болобуз деп ойлонор мезгил жетти.

Маектешкен Алым ТОКТОМУШЕВ

Кыргызстан маданияты, 18-август, 1-сентябрь 1993-ж.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз