Бери караң: Жапондордун узак жашоо сыры эмнеде?

  • 24.01.2025
  • 4381

50 000 жапондук адам кылым босогосун аттаптыр! Ал эми 15 жылдан кийин Жапонияда эркек саны миллиондон ашат экен. Мунун себеби эмнеде?

Жашоонун узактыгы жана сапаты боюнча мындай жетишкендик дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жок. Айрымдар узак жашоонун сыры балыкты чийки боюнча жегенде десе, кээси чийки балырларды жегенде дейт. Бирок бул туура эмес. Дүйнөдө көп өлкөлөрдө, айрыкча жылуу океан жээгинде жайгашкан өлкөлөрдө жергиликтүү тургундар эртеден кечке деңиз азыктарын, жер-жемиштерди жешет, бирок алар жарым эсе аз жашагандар.

Узак жашоонун сыры – жапондор баарлашууда маектешинин маанайын бузбайт. Ушул изги аракеттин өзү да узак жашоого себепкер. Дүйнөдө мындай жаркын маанай өлкөнү табуу эч мүмкүн эмес. Ошондуктан биз алардын чыныгы экономикалык кереметине күбөбүз. Алардын күрүч сепкенге да, шаар курулушун кеңейткенге да жерлери жок, жаратылыш ресурстары таптакыр жокко эсе. Бирок ага карабай алар дүйнөдөгү эң бай жашаган эл.

Жапондордун орточо айлыгы үч жарым миң долларды түзөт. Бул укмуштуу жетишкендик жөнүндө айтып жаткан себебим: чындыгында, бүткүл өлкөнүн ийгилик сыры – жапондор биринчилерден болуп өз ойлорун башкарууну үйрөнүшкөн.

Терс ойлор – маектешинин маанайын гана эмес, анын ден-соолугун, ал тургай келечегин соолутарын эң сонун түшүнөт. "Жок" деген сөздү алар өз эне тилинен алып салышкан. Муну алар табигый түрдө аткарышкан, анткени ар бир жаран мектепте, үйдө, жумушта өз оюн башкара алат. А терс ойлор – башкалардын жашоосуна да, келечегине да чоң залака келтирет.

Тилекке каршы, көпчүлүк өлкөлөрдө бул изгилик эске алынбайт. Адамдагы изгилик сапаттар келечек муунга, компаниялардын келечегине, өлкө келечегине үрөн экендигин ойлонушпайт. Арийне, бири-бириңерди коргогула, сүйгүлө, сүйүктүү болгула!

Интернеттен алып которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз