Абибилла Пазылов: Актемир кыпчак

  • 12.02.2025
  • 2540

Бастек бойлуу, батек сакал, төбөсүнө баса кийгени тери малакай, илгеркисине салыштырмалуу арыш-адымдоосу бир кыйла кыбыр абышка бүгүн деле коногодогу короз кыйкырбай ойгонуп, “о, пиримин!” оозана аттанды. Астындагы Боз Иңген, качаңкы маңгел Боз Иңген ушу тапта, балким, он сегиз миң ааламдагы Ойсул Ата пиринин узактан узак, эсепсиз  мезгил  арыта  өмүр сүрүп  келеткан айры өркөчтүү төөсүдүр, акетай,  тайлак, каймал чагынан көндүм, пахтадай жумшак төшөлө жортушунан жазбаптыр. Арийне, тулку-туушуна  жутум суюк зат жүгүртпөй, жарты тиштем эрменди жара сугунбай  жер кезе желчү баштагы  күжүрмөн чыдамкайлыгы мокободубу бекен?!

Бектердин беги Актемир нөөмөтүндө жоргонун жоргосун, күлүктүн күлүгүн минди, тандап-тандап нар минди, эчен түркүн мал минди, асыресе, эмдигисин көлүктүккө жарабай,  эрикккенденби, ээн-жайкын оонап, куурай, уйгак тикен термелеп оттоочу эмеге назары түшүп, көңүлү ооду го. Өгүнү кезектеги жүрүштө мала кумдуу чапта мүргүй жыгылып, ысык жаны “тырс” үзүлгөн  жаныбарым Жээрде тарпаң жылкынын абзелин жонуна артып, күз жайлоосуна жөө-жалаң кайтканда бала-бакырасы эле эмес, көргөн-баккан, ыраакы-жууктагы делдең кулак караламан калайык “эмне, буга буулуккан буура, бөкүрчөк өгүз, алкынган айгыр таңсыкпы” дегендей текши наалыды.

Жети уулдун кенжеси, жээликкен чалдын эркеси Төлөяр хан, дилинде агаларынын масилет-кеңешин макул таап, атасынын кыймыл этип, койгонун сакчы, күзөтчүлөрүнө не тымызын, не апачык аңдыткандын убарасында. Картайганда, жарыктык, каада сактап, үрп-адатка ыктап, төрдүн төрүн көрктөп, той-маараке башкарса, арткан-үрткөн аксакалдык накыл-насаатын карынына катпай, кичүүлөргө ыйгарса дейт тура, кагылайын перзенттери. Убагында, баса, Миржалил сейиттин пайда-батасы тийип, жети уулу тең мусулманча кат-кабар үйрөндү, кыбыла туштагы Багдат, Кэш сыңар калааларга каттап, тартип-адеп жуктурду. Эми жетөө – Дөөлөтяр, Кудаяр, Бердияр, Алияр, Мусаяр, Исаяр, Төлөяр – жети бөлөк капканын улугу. Ар кимиси азан чакыргандагы атына ылайык ыктыярындагы журтуна жар, демек, жөлөк-таяк, түгөй,  анүстүнө, жарчы, жардамчы.

Актемир эсе байбичеси экөөбү көкүрөк күчүгү Төлөярдын колунда. Маал-маал, аманат кылымдын аянычтуу аягын тынымсыз элестетип, тымпыя камын жеген себептүүдүр,  “сен ашыкпа, мен алдыңа кетейин” дегенчелик талашып тартышышканы, көбүнесе, бири бирине ардеме-бирдемеси жакпай, болор-болбоско чукчуңдаша таарынышкандары кызык. Ушундай-ушундайда  Актемирдин эшик-эликтеги элгенчи өспүрүмдөргө ат токутуп, ат токутса да, бат токутуп, тээ алыс-алыс бастырып безмей  өнөкөтү козголот.  Анан дагы  мунубуздун  “өлсөм, кайда көмүлөм?” деген жеке сан санаасы эгерим эси-көөнүнөн өчпөйт. Чарчадымга төңкөбөй,  чар тарапка чабагандап, али тирүүсүндө аруу жуулуп, ак кепинделмекчи  жасатына жарактуу чуңкур  издеген  жосунсуз  кылыгы бара-бара өөрчүп бараткандай.

Ырас, антиши жүйөөдөн  куру эместир. Мүмкүн катар көчкү көмөлөтпөс, ташкын-кыян шыпырбас, ары күңгөй, ары шамалбап жайды чектесе. Бул, бир жагынан. Экинчи жагынан, көрүстөндүн капкактуу очоктой ордун  ким көрүнгөн, айрыкча, теги-зади душмандар такыр билбесе. Неге Манас бабасынын бейити  белгисиз? Жандырмагы түшүнүктүү: айлана-чөйрөдө  раматылыктын сөөгүн өрттөп, күлүн сапырууга куштар  өч тайпалар арбын. Буерди ойрот-калмактар алгач каратканда, ири алды, багыбызга бүткөн баатырыбыздын түздөн-түз  урпактарынын ысымдары менен күмбөзүнүн дайын-дарегин атайын сурамжылап, астейдил сүрүштүрүшкөнүн улуулардын уламаларынан укканы өтүрүкпү? Колдоочу кудайым колдосун дейли түпкүлүгүндө, антпесе алиги  олот, чорас мисал баскынчылардан Ата-Журтту арылтуу ниетиндеги кыл чайнашкан  аёосуз сабаштарда береги “Актемир кыпчак”  атагы да дубандан дубанга балгын, таза абадай тараганы накта чындык.

О, андабы, албарс  кылычтай өткүр курагы. Канкор кастын  желдеттерин Ала-Тоонун жылга-жыбыттарынан кууп-сайып, куйругун толгой туткундап, лөкүйгөн-лөкүйгөн нооча ноёндорун байма-бай чөгөлөтүп турду. Атагөрү, согуш дегенибиз чылк апаат, кайгы-касырет экен. Бир курдай кокус  буктурмага кептелген  кырк жигити кашайгыр каапыр жоо мелжеп-мээлеп аткылаган жуңгар жаанын жамгырдай  жебе-огунан тыптыйпыл жайрабадыбы?! Ошондо өрмөк чырмооктой чие, жөргөмүш желедей чатыш тосот-курчоодон “ур-а, ур-а-лай”,  каардуу кармаш, ургалдуу уруш таңуулай бошонуп, аска-зоодогу кабыландын үңүрөйгөн үңкүрүндө  жеңил да оор жараатын ычкына онтой, жышып жууганча таңып-буушка алек Актемирге Кыдыр Алейки Салам жолукту. Лекин, буурул чачтуу, миң бырыш жүздүү  олуя карыя пикирин кыскача гана кобурап, коштошпостон терс бурулган эмеспи.

Кыдыр Алейки Салам:

– Кырса түгөнгүс оторчуларды ооздуктоого оолугуп, көлдөгөн калкыңды тукум курт кылдың, кырааным. Айыл-апаңда  ылгый кемпир-кесек, жесир-жетим мөгдөп-сыздап,   мукурады. Эми жолборстой жойлогон абалкы кыпчак жок.

Актемир узатпастан күрүлдөй акырып:

– Атаке, жолборс жок болсо, жылбыз бар, кыпчак жок болсо, кыргыз бар.

... Боз Иңген таңкы үрүң-бараңда бүргөндүү айдыңдын койнунда арсылдай үргөн ач түлкүдөн “жалт” үркүп, боздоп ийди. Чомдогу Актемир саамга оюнан адашты... Э-э, эстикана, “жылбыз”. Ал казкатар кошунун  кара кыргыз тобунан толуктаган азаматтар  “жылбызды” “илбирс” атамагын кийинчерээк эшитпедиби. Кыргын-сүргүн жылдары, неткен менен, жаш колбашчынын Кыдыр  Алейки Саламага кыйыткан каяша кеби ар урук элге тез сиңип,  экезчил калмак, дөлөнчүл калмак, чал калмак, дагын эмне-эмне дегендердин десин биротоло кайтарууга дем-сүр ыроолоду белем.

Актемир Алла Таала тартуулаган  акыл-парасатты, кубат-каркынды, жигер-кайратты кандаштарынын азаттыгы  үчүн кереке жараткан. Буюрса, дегиңкисин өтөлгөлүү доор өтөптүр. Учурда минтип телегейи тегиз, төгөрөгү төп. Былтыр ушубу Бүргөндүнүн адыр-будурунда козу-улактуу кой-эчки жайып, анда-санда “чойт-чойттогон” койчуманды сынамакка “Актемир кыпчакмын, келе, ургаачы токтуңдан бирди өңөрт, кечки союшка?” десе, тигил тостоё тиктеп, мостойбодубу: “Калпыңды жыйыштыр, бурадар! Пайгамбардай кишинин ариеттүү наамын чычкак марка жандыкка алмашпа?”

Төөчөн жолоочунун төмөн карай, келберсиген кең өрөөндү көздөй                                                                                                                                                                                                таскактаганын жакабелдеги кокту-колоттордо жайын-кышын менчиктүү төрт түлүгүн алынча асырап ирдентип, алтүндөгү шектүү караан-куранга кабанак дөбөт-канчыктарын “алакүштөп” айдактап, энчилүү оокатын элдир-селдир кылдыратуучу томояк көчмөндөр асти элебесин. Төлөярдын укуругу узун. Ишенимдүү тыңчылары булардын курама жамагатына эбак камыр-жумур жуурулушканы күмөн туудурбайт.

Чыны, Парганага сапар тартуунун зарылчылыгын уулуна шардана жарыялоодон тартынды. Каралдысына жүрөк мыжыган кыжалат каалоосун кандайча аңдатамак? Ичкеридеги кайсы бир бийчи гөзөлгө учурашышым кажет дегендей калжырайбы? Анан калса, азыр Паргана өзүнчө мамлекет. Өзгө дөөлөттө айтылуу Беклербектин сый-сыпайыгерчиликтүү расмий коштоосуз алда немедей аземге катышканы этикатка шайкешпи?  Эмесе, арзуу-тилегин кошуна бийликти дүрбөтпөй,  жашырын орундатканы арзандыр-ов! 

Өткөн замандарда бойдок бозой Актемир сарбаз жат урууларды жалкытуу үчүн тутанганынан быкшыганы бачым чала-чарпыт жеңишчил чапкын-чабуулдардын ара-торосунда Паргананын Ичкери маалесине конуп-түнөп,  мукам үндүү ырчыларды, чылдырман чалган  ышкыбоздорду, бооруңду эзген маскарапоздорду  аңкая карап, аларга ашкере суктангандан улам көөдөн көңдөйү  көлкүлдөй жибип, аваз, абан, аскияны тажабай тыңдаганды купуя адатка айландырды. Атүгүл аердеги тамандарын такылдата, манжаларын карсылдата сүлкүлдөгөнгө, ийиктей чимирилгенге маш саймалуу допучан сүйкүмдүү айымды арзыды. Некин, ала жаздагы махабат тамырын калмактын кайталап кычаган  жортуулдарына багыныңкы аңтар-теңтер тагдыр чорт кесе кыркпадыбы?! Алаамат жапырык тынчыганда эсе аскер башчы үйлөнүп-жайланды, мураскерлерин тай-тайлап, жетелеп ээрчитип, жетилтип эсейтти, небере соңунан небере сүйдү. Аккан арыктан далай суу акты, куда кааласа.

Арийне, акка моюн сунуунун чукулдугуна толгонуп, не жумушту аткарууга үлгүрдүм, не жумушум арасат же үргүлжү бүтпөдү дегенсип түпөйүл кабатырланганда Парганалык перинин тоголок Айдын жарыгындай жайдары элеси, утур-утур, толкуп-токтоп, токтоп-толкуп, жеңден тарткылап, желкеден эскен баягы-баягыдагы биябан чөлдүн керимселиндей аптыктырма аялуу эскермелер ичегисин сыдырат. Жалган жарыкчылыктын  марасына жакындаган сайын кайбарың кадимки кереметке кайтара кана тамшансам дейт. Кылтылдама сулуунун кызыл-тазыл атилес көйнөгүнүн этеги бир башкача барпырап тегеренсеби, бүт  теребелдин  килейген тегирчеги –дөңгөлөгү “зуу-зуу” зуулдап зымыраган шекилдүү.

Шүгүр, нар күлүгү желмаян капталдагы кырка тоолордон куяш шыкаалаганча, супа саадак чалганча  мар жыландуу, кескелдирик, курбакасы мол такырда тайраңдай чуурады. Багымдат намазына жыгылууга орозгердегилерден озуна  чукуранып, даарат ушатмагы даана анык Актемирдин шобуртуна зар курал-жарактуу кароолчулар кабыргасы карышкыр кары кайсынысын мине качты деп аргымак, бууданы аралаш аса байланган  атканаларды эмдигиче түрө кыдырышкандыр. “Чү” бото анасы Боз Иңген! Арылай аркы-берки жээгине туяк-шыйрактай  катуу сөңгөк  камышы, самсаалаган сай талы жыш өскөн күңгүр-дүңгүр  дарыя, ана ошобу дайранын күр-шар агымын бойлой, жолдугата талаа тоок, ала канат, бытпылдык перенделерин какылдата-кукулдата чочутуп, ылдыйлай ынтыла, камчы үйрүй шатырасаң акшамда калаанын жуп босогосундасың. Утуштуу шартта ушар кайнап, мингич унаасын оолагыраак  шалбаага матап, Ичкериге пияда жөнөбөй куурагыр буту чолокпу!? Аердеги таң-тамаша эсе тараза жылдыз бириндеп баткыча таркабайт.

Ичкеринин азыркы акыбалы абыдан начарлап,  мурунку бедели  оголе мүчүптүр, атаганат. Мөртүндө салкын кандуу зардалдарга, нарктуу зыялыларга, топуктуу соодагерлерге таандык өйдөкү, ортоңку балаканадагы калың төшөк, жөлөнмө жаздыктуу орундарды эмкисин сөлкөбай пулдуу мыркымбай-шыйкымбайлар мыйзамсыз ээлегендей кейиптенди. Көпкөлөң көйрөңдөрүң кашындагы секичеде кубулуп-кубулжуган өнөргө кунттуу кумарланбай, соро-соро чылым түтөтүп, кана-кана шарап шимирип, дуу-дуу дуулдап, “кашкар күлүштү” катырашат окшобойбу. Албетте, Актемир  кенен-чонон  каанадагы жыкжыйма аламандын  эч кимисин тааныбайт, тескерисинче, муну мында айра тааныгандар дегеле  баамга урунбайт. Анча-мынча байкагандары ичинен шаардагы мата-кездеме базарга базарлап келген элетиалык кыргыз бабай оюн-зооко муюп, чыканактай кыңкайыптыр дешсе дешкендир. А “кыргыз бабай” зарыга эңсеген бий кечиккенден кечигет. Итабар акыйтып, акыр түбү баасы кымбат  эргитме күүнүн эң баштапкы кайрыктары “дың-дың” чертилгенде бейопа турмуш, көр тирдикте куйкаланып бышып, алчы-таасын жеген шер эркектин муун-жүүнү кадыресе калчылдады. Чымын-куюн күүлөнө, оңго-солго кучак жая серпилген чырайлуу селки кыялындагы чүрөктүн союп каптагандай көчүрмөсү сыяктуу. Устазынын шакиртиби? Мүмкүн, кызыдыр?..

Кариет, көшөгөнүн көмүскө быкынындагы  сыртка ачылып-жабылчы жапыз каалга Актемирдин жадында. Биякта шапалак-алакан чабылгыча шаша-буша ошерге жетип, эмелеки өнөрпоздун багытын тороду: - Садага, сенден сурарым бар?

Аныңыз апти-башаратын калкалаган шайы оромолчосунун четин бешенесине жылдырып, майин жылмаят: -Актемир ава, апайыбыз сиз жөнүндө көп айтчу. О-о, жанатан  парданын кычыгынан шыкаалап, чоочун мейманыбыздын  бөтөнчөлүгүн боолголой, жакшылыкка жоруп, бирак, болжолума ынанып-ынанбай өрөпкүдүм.  Тобокел, өзүңүздү короодон күтөйүн дегемин.

... Качыр кошулган чүмкөмө арабанын куурчактай купшугуй  ээси “каяка айдайм?” депби, маңдай тиштери бүкүлү күбүлүү жаагын аңырайта, ичке кирпиктерин кыбыңдата ирмеп-ирмеп, кем ээгин какты. Учу мүйүштөгү мүрзөгө такалуучу таш көчөдө кубакай өң, кагелес бийкеч аза арыбашын белгилеп, шыпшына бежирейт. Актемир аванын адамгерчиликтүү  ыкласына ыраазы, соболдоруна келте-келте жообу белен. Таң, согончогу канабады, апей, күйөөгө такыр чыкпады да. Жапжалгыз жашап, Ичкеридеги көөнө тамында жапжалгыз өлдү. Ош, Маргалаң, Кокондон тышкары биз, үйрөнчүктөр апайды туткактап, эрмешип Истанбул, Мешхедге дейре сайран-саякаттап барганбыз. Мениби, мени алты жашымдан машыктырган. Оногу чырактай шерик, ортодо, аңгеме-дүкөнгө артыкча алаксыбай, сааркы наарды татууга баштыгынан бир ууч жийде сунбадыбы. 

Аңгыча сары топурак бейиттин башында Актемир мандаш токуна отуруп, жаттама куранын жобуроого киришкен. Аяттарды  арабча кыраатка кынаптап, демейдегисинен кылдат, некин, негедир энтиге  окуду. Дал ушул кезде, кудум убадалашкандай,  бет-каттагы тик жардын кырына Боз Иңгенге иштүү байбичелер ашата ийлеген кайыштан жаңылап  жүгөн каткан, уз келиндер соккон калы килемден жабуу жапкан, устаканада уютулган зер күмүштөн  коңгуроо таккан  бир кылка  айры калпак, кашка атчан жоокерлер карпа-курпа сапка тизилди. Баракелде, намыскөй хан Төлөяр! Бээжиндеги желмогуздун кепшегенинен бери туясың ээ, балапаным?!

Ий-е, Актемир кыйчалыш кырдаалды тоотпогондой бейкапар тейде кош билегин эртең мененки көгүмжүл асманга абалата созуп, пендезаттын Жаратканга жалынып-жалбарып кайрылуусун терең  туюнтар ыйык дубанын берекелүү сообун жалпы ракматы момун мусулмандарга, албетте, жейрендей желип,  ак куудай канат каккан сейрек сыйкыры аркылуу улуу-кичүүнүн маанайын көкөлөтө магдыратып, максаттуу тирилик кечирүүгө талбай талпынткан  маркум санатчы ишмердин, тун  сүйүүнү унутпай,  тунук сезимин аспиет аздектеген асыл аялдын  арбагына  багыштады. Адегенде агала сакалын сабыркай сылап, артынан “о-омийин!” деп каңырыгы түтөй добуш салганда катарындагы жалбырактай дирилдеген жашык бийчи да, окчундагы тилсиз-сөзсүз дудук арабакеч да, Төлөярдын ээрде зылдай зыңкыйган кумсарыңкы куугунчулары да, баары, баары Беклербекти тапа-так туурап, жарыша дарбый бата кылып, дароо “жалп” эте басылышты.

(“Чын курандын жетиси” романынан)

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз