Бектур Иляс: Соңгу кайырчы

  • 14.02.2025
  • 1725

АҢГЕМЕ

Кылаасына көз жетпей аркы чети асман менен коюндашып кеткен кара-көк деңиздин бүгүн кыялы тышына тээп турган чагы. Тээ-тээ ыраактан, түп тереңинен бороктоп кайнап чыгып, ак көбүк толкундары жээкти көздөй сүрүлүп, тоо өркөч болуп бийикке көтөрүлүп, анан аскадан түшкөн көчкүдөй аласалып түшөт.

Толкундан качып жээкке шашкан канча ондогон кемелердин кербени бороондон ыктаган жылкылар сымал уюлгуп келип токтошту. Бир-бирине согулуп ыйына ыкчынган алардын үнүн толкундун албуут шарпылы басып кетип жатты.

Бир жашоонун бактысы да бир жашоонун бейитинин үстүнө курулганы кызык... Торго түшкөн бечара балыктар эми канча туйлабасын – жарык жашоо жок. Аларга жардам берер эч ким болбойт, тек гана анда-санда ушинтип улуу толкундар ыйык деңиздин боорун тилип, балыктардын тынчын алган кемелерди жээкке сүрүп чыгарат...

Күн батып, күүгүм кирген маалда Айдан чакан чемоданын сүйрөп балык жыттанган кемеден түштү.

Бала чагында ак жайдын күнү Тиян–Шандын ак чокулуу бийигинде кар кечип кой баккан Айдан эми кыркка таяган бу курагында кыштын капортосунда чыгыш деңизинде суу кечип балыкчылык кылат...

Бороондун бүгүнкү түрүнө караганда эки-үч күнсүз, алтургай бирээр аптага дейре кайра деңизге чыгууга мүмкүн боло койбочудай. Андыктан Айдан окшоп кемеден түшүп, деңиз жээгинен анча алыс болбогон жердеги шаарчаларды көздөй жөнөгөн жалданма балыкчылардын карааны арбын. Алардын көпчүлүгү жаш муундакылар. Шараптын даамы менен кыз жытын сагынган бойдоктор. Ар түрдүү көңүл ачуучу түнкү кулуптардын сүйүктүү кардарлары...

Айдан алгачкы төлөмдү өзүн деңиз кылаасынан шаарга жеткирип келген таксиске берүүдөн баштады. Андан соң айыл даамына аз болсо да окшоп кеткен тамак-аш менен курсагын тойгузду. Анан кулак-жан тынч бир жер таап, жуунуп-тазаланып, аппак шейшепте кангыча уктагысы келди.

Кемелер жээктен узап, улуу деңиздин мейкинине сүңгүп кеткен соң телефон байланышы таптакыр үзүлөт. Андыктан азыр бир нече күндөн берки айыл жактын маалыматтарын билип, айрым жакын адамдары менен учурашуу үчүн жатаардан мурда телефонун ачып шыбыр сөз топторуна, достор айлампасына көз салды. Адаттагыдай эле жай тирдиктен айрымаланып, Айдандын көңүлүн бурганы топурагы сууй элек айылдашы Карыпсейит аксакалдын казасы болду.

«Кайгылуу кабар: Айлыбыздын кадырлуу карыясы Карыпсейит Саадан уулу каза болду. Эртең түштөн мурда саат ондо иниси Улуктун үйүндө акыркы сапарга узатылат!»

Карыпсейит аксакал жөнүндө көзү тирүүсүндө бир да жолу айтылбаган «кадырлуу» деген сөз анын суук кабарын угузган азалуу кабарга ушинтип кошулуптур.

Көйнөк сыртынан көйнөк, чапан сыртынан чапан, пальто сыртынан пальтону кабат-кабат кийген кийими жазы-кышы менен өзгөрбөгөн Карыпсейит аксакалдын жакасын жаба буйраланган коюу жээрде сакалы; майланышкан кара сур өңү; бир тарабына ооп жантаңдап баскан сайын жер сүрүп жолду чаңдатып жүрчү көлөчү; жол боюндагы туш келген адамдан кол жайып кайыр сураганы; кайырчыдан бөтөнчө жорук күтүп сүйрөп алган узун таягы...

Адам канча алыстарга кеткен сайын туулуп-өскөн жериңдин кымбаты арта түшкөндөй болот экен. Мурда эч эле иликке алынбаган Карыпсейит аксакалдын эми минтип көңүлүнөн кетпей, улам бир кылык-жоруктары эсине түшүп, аны чындап ажалга кыйгысы келбей турганына таң калды.

Айдан бул айылдаш жалгыз кайырчыны унутуп деле калган. Бирок мындан беш ай мурда Лыхасага жумуш издеп бараткан жолдо түшүнө кирген. Поюзда эле. Терезеден алтынчы айдын башында жааган карга таңыркай карап баратып көзү илинип кетип түш көрдү. Түшүндө да поюзда Шизаңдын тоолорун аралап, өр тартып кетип баратыптыр. Сыртта кар. Кокустан темир жолдун жээгинде узун таягын сүйрөп, алда бир жакка шашпай кетип бараткан Карыпсейит аксакалды көрүп калды. «Кайран киши, качан, кантип келип алгандыр?» деп таң калды Айдан. Кийин ойгонгон соң бирээр жолу эстеп, ошол боюнча ал түшүн унутуп калган. Лыхасадан жумуштун ыңгайы болбой, анда эки конуп кайра кайткан.

*     *     *

Мындан отуз жыл мурда айылда аттан башка көлүк жок эле. Карыпсейит болсо атка да минчү эмес, узуну беш саржан келген союлду сүйрөп алчу. Ал айылдын ажаан иттеринен коргонуу үчүн тапкан амалы экенин Айдан кийин түшүндү. Карыпсейит туш келди жолуккан кишиден алакан жайып акча сурачу. Кишилер болсо чөнтөгүнө кол салып эң майда акчасын – бир тыйын, беш тыйын, он тыйындык акчалардан бир кагаз сууруп карматчу. Карыкең алакан жайып узак бата берчү. Кокус акча бербесең «Биттеп кет, курттап кет» деп каргап-шилеп узатчу. Бирок анын каргаганын эч ким деле таназарына илчү эмес.

Айыл чоң айыл болчу. А Карыпсейиттин тек жайы жөнүндө аргандай алакачма сөздөр тарап жүрчү. Бирөө үй-бүлөсү бар экен десе, дагы бирөө жок экен дешет.

– Кайыр сурап жүргөнү менен Көк-Теректеги эң эле бай киши ушу Карыпсейит экен.

– Банкеде пален миң акчасы бар экен.

– Жо, чогулган акчаларын катын-баласына берет экен.

– Катын-баладан кетеби! Ушу убакка үйлөнбөптүр. Акчасынын баарын инилерине апарып берет экен.

Ээ түшкө удулдап туш келди бир үйдүн кашаасын аттап, итин ажылдатып кирип барып чай ичип кетет. Кечкисин дагы бир үйгө кирип тамак ичип конуп калат. Кет деп кубалаган эч ким болбойт. Алтургай биттеп, курттап кете жаздаган кийимдерин чечтирип алып жуудуруп бергендер, сакал-мурутун алып сууга түшүрүп койгондор да болот.

«Өз ырыскысы өзүндө, буйруганын жейт. Бир касиети болбосо ушу суру менен ушинтип элге батып жүрөт беле» – деп төрүнө төшөгүн салып кондуруп коюшат. Кээде ай-айлап көрүнбөй кетет. Элдин айтымында ал жети атасы тааныбаган бөтөн эл, бөтөн айылда деле конуп-түнөп жүрө берет имиш.

Айдан мектептен кайтып келе жаткан жолдо Карыпсейиттин жол четине тескери карап отуруп алып, чөнтөгүнөн эскирип кеткен ак түйүнчөгүн алып, ичиндеги акчалардын үстүнө жаңы жыйнаган акчаларынын бырышын жазып кошуп, бир тыйындыгын бир тыйындык, эки тыйындыгын эки тыйындык боюнча иреттеп олтурганын далай көрсө да бирээр дүкөнгө кирип, бирээр нерсе сатып алганын көргөн да, уккан да эмес. Тек бир жолу ажайыптай жоругуна күбө болду.

«Жинди Ишенкан» деген кырык жаштар чамасындагы аял бар эле. Карыпсейиттен айрымаланып ал киши жазы менен бир киер жука кийими менен жүрө берчү. Санаторияда жашачу. Оозу тынбай ойду-тоону сүйлөп, кай бирде кичик балдарды көрсө кубалап жөнөчү. Табылган жерден арак ичип, кээде мастап жол четине уктап калчу. Өз кезинде суйкайган сулуу болгон экен, жаңы үйлөнгөн жылы күйөөсү кызуучулукта көчөдөн чапкылап келатып бирөөнүн эс тарткан кызын тебелетип кетип мерт кылып коюп, узун жылга кесилип кетет. Анан жаш келин ошонун күйүтүнөн ушинтип калган дешет. Демейде аны көргөндө алыстан айланып өтчү көп кишилер кокус короосунан мал-салы жоголсо ошол Ишенкан эжени (Айдандын атасы ага улуу кишини «жинди» дебей эже деп айт деп үйрөткөн) издеп таап, жарым бөтөлкө арак алып берип төлгө ачтырар эле. Койдун корголу менен аччу.

«Ишенкандын төлгөсү төп түшөт» дечү эл.

Бир жолу Айдан мектептен келатып жол боюндагы бир дүкөнгө кире калса Ишенкан эже отуруптур. Карыпсейит ага жарым шише арак алып берип, дүкөнчүгө берген акчасынан калганын ак түйүнчөгүнө ороп жаткан экен.

– Оо, байкушум. Касиетиңден айланайын момунум! – деп жалынып коёт Ишенкан эже.

Көргөнүн элге айтса көпчүлүгү ишенбеди.

Ишенкан эже ошондон беш-алты жылдан соң кайтыш болду.

*     *     *

Айдан Карыпсейит жөнүндө ойлонуп отуруп бою талыкшыды. Мончого түшүүдөн да эрикти. «Эшектин жүгү жеңил болсо жаталак» дегенди эстеди. Мончого түшпөй эле кыйшайды.

*     *     *

Окуудан кайткан биринчи жылы Айдан Карыпсейитти өз үйүнөн жолуктурду. Ата-энеси жайлоого кетип, үйдө иниси экөө эле болчу. Кечки тамагын жегени жаткан. Дарбаза кагылып калды. Чыкса – Карыпсейит. Биринчи көзүнө түшкөнү узун союлунун жарым эсе кыскарып калганы болду. Азыр мурдагыдай жолбун иттер азайып калганынан болсо керек. Же мүмкүн жашы улгайган сайын узун союл оордук кылгандыр. Улуу кишини кайра түртүп чыгарып жибере албай үйгө баштады. Тамак берди. Кетире албай аргасыз кондурду. Шаар көрүп, сыланып калган жигиттин көзүнө Карыпсейит тап-такыр жакпады. Каңырсыган жыты ансайын көңүлүн айнытты. Мурда көп эле конуп жүрчү, бирок андагысы мынча билинген эмес. Аны экинчи келгис кылайын деп ойлогон Айдан түнкүсүн айрым үйгө төшөк салып берди да, байлоодогу ажаан итин агытып жиберип жатып алды. Карыпсейиттин түнкүсүн эч болбогондо эки-үч жолу талаага чыгарын угуп калган... Түн бир оокумда эшик алдынан иттин ажылдаганы, Карыпсейиттин бажылдаганы Айдан менен инисин уйкудан ойготту. Наркы үйдүн каалгасы шарт ачылып, тарс жабылды. Ит эшик алдында көпкө арсылдап, ичте Карыпсейит кошо каргап-шилеп атты. Айдан менен иниси болсо иштин күткөнүндөй болгонуна жаны жадырап, кыткылыктап күлүштү.

Карыпсейит кайра экинчилеп эшикке чыга албай, кыстаган дааратын кыпчып каалга түбүндө таң атырган окшойт, жерге жарык түшөрү менен азан-казан түшүп айкырып атып балдарды тургузду. Инисинин айтымында ошол кеткенден экинчи келбептир. Атасы уккан жок ал окуяны. «Байкуш Карыпсейит келбес болду да» деп кобуранды бир жолу өзүнчө.

Карыпсейит бул күндөрү баягыдай бир тыйын, эки тыйындык берсең албай: «Биттеп кет, курттап кет» деп каргачу болгон. Элүү тыйындык, эч болбогондо он тыйын, жыйырма тыйын бербесең ыраазы болчу эмес. Бирок анткен менен акча бергенди коюп, союлунун бир учун тепсеп алып акмак кылчу тентектер да бар.

Айдан окуусун бүтүп келген жылдары Крыкең элүү тыйындыктарга ыраазы болбой калыптыр. Себеби эми элүү тыйынга мурдагы эки тыйынга алган нерселер да келбейт эле. Союлу болсо дагы кыскарып, бир кулач эле калыптыр. Элдин көбү коруктарын бекем курчап, дарбаза салып, ичинен илип алган соң элдикине деле көп конбой калган көрүнөт.

*     *     *

Опур-топур болуп түн жарымында Айдан жаткан бөлмөнүн жанындагы бөлмөгө дагы бирөөлөр келишти. Үндөр кажылдап бийик чыкканынан улам ичип кайтышканы билинет. Өзү окшоп ар кай жерден иш издеп келгендер. Айрымдары көп жылдык тажырыйбага ээ болсо, айрымдары Айдан окшоп биринчи жолу иштеп жаткандар. Алардын арасында үй-бүлөсүн багуу үчүн кара жанын карч уруп жүргөндөр да, күнүмдүк курсактын камына иштеп жүргөндөр да толтура. А өзүчү...

*     *     *

Айдан айылдан чыга элегинде Карыпсейиттен башка кайырчы көргөн эмес. А Карыпсейитти кайырчы деп деле түшүнчү эмес. Айылдын жөн жашоочуларынын кем болсо болбой турган бир мүчөсү катары гана билчү. А шаарга келгенде гана жайнаган калың кайырчыны көрүп зээни кейиген.

Ал жогорку окуу жайында жүргөндө жакшы эле ойноп-күлдү. Дос күттү. Кыз жандады. Өзү баш болуп канчалаган соорундун көркүн ачты. Анткен менен окуудан кайткан соң көп жумуштардан жолу болбоду. Эң мурда эле ата-энеси күткөндөй иш орун буйрубады. Анан ата жолун кууп аштык айдап, мал багууга өз көңүлү тартпады. Антпесе ушу жолду кууп эле турмушун гүлдөй кылып алган курбулары аз эмес. А Айдан айылдан качып ал шаар, бул шаарга барып иштеген жумуштарынан майнап чыгара алган жок. Кичине ирденип алып үйлөнөм деген үмүтү улам селге кетип узара берди. Акыры уулунан түңүлгөнсүгөн ыраматылык атасы бир жолу:

– Ушу сен Карыпсейит болуп кетер бекенсиң? – деп кейиген.

*     *     *

Акыркы жолу Карыпсейитти бир жыл мурда айыл базарынан көргөн. Колунда баягы кыскарган таягы да калбаптыр. Базардын адамы баягыдан он эсе көбөйгөн менен Карыпсейиттин алаканына акча салган деле эч ким жок.

– Чаар дарегиң болбосо сакалыңды сканерлейинби?! – деп тамашалап жатышты бирөөлөр кыраан каткы болуп. Кийими баягы эле отуз жылдын алдындагыдай дугдуюп калың.

*     *     *

Карыпсейит Айдандын эсеби боюнча эч болбогондо сексенден ашса керек. Ошентсе да аны эмнегедир ажалга кыйбагансып шыпшынып алды. Балалыгынын бир үзүмү ошо Карыпсейит менен биротоло эми эскерилбестей болуп узап кетип жаткансып кейиди. Мындан кырк жыл мурда Карыпсейиттин да дал өзүндөй жаш курагы болгонун болжоду да жуурканын кымтыланып койду.

– Топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун, Карыке! – деди уйкуга көзү илинип баратып.

Анын түшүнө бирде кейиген атасы, бирде кайыр сураган Карыпсейит, дагы бирде тордогу оозун ачып чабалактаган балыктар кирип уйкусунун дайыны болбоду…

2023.08.16

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз