
Белгилүү адабиятчы, окумуштуу Салижан Жигитовдун бул маегин жакын шакирттеринин бири, кыргыз түркологу, тилчи окумуштуу жана котормочу Таалайбек Абдиевдин фейсбук баракчасынан алып жарыялоону эп көрдүн.
– Салижан аке, Касым Тыныстанов жөнүндө жазганыңызда бут тосуулар болгондугун кээ бир кишилерден угуп калгам. Мына ошол жөнүндө сөз кылсаңыз?
– Ал мындай болгон. Бир күнү Борбордук Комитеттен чакырып атат деп калышты. Эмнеге чакырды экен деп барып калсам, ал кишилердин аттарын айтпай эле коёюн, “эй, сен ушул Тыныстановду, бир эле Касым Тыныстановду эмес, деги эле 20–30-жылдардагы адабиятты объективдүү карап жазбайсыңбы?”– деп калды. Макул болдум. Көрүнгөн жерден мына ошого байланыштуу материалдарды топтоп бир жарым жылда жазып койдум. Ал кезде китеп чыгаруу оңой-олтой иш эмес эле. Ошентип 1981-жылы орусча, кыргызча жазгандарым өз-өзүнчө эки китеп болуп териле баштады. Терилгенден кийин ЛИТО цензура окуп чыкчу. ЛИТОдон өткөндөн кийин алар тарабынан басууга уруксат берилчү. Мына ошондон кийин китеп басылып жарык көрчү. Менин эки китебим да ЛИТОго барып эле токтоп калды. БКнын адамдарына жаңы жетиптир. Алардын коркконун айтпа. Мени дегеле көргүлөрү келбейт. Алардын баары азыр деле жүрүшөт, жөн жүрүшпөй ошо мен жазгандарды архивден таап чыкканбыз деп жүрүшөт. Алардын баары азыр элдик баатыр болуп жүрүшөт. Аларга: “Ой, силер кандай десеңер, мен ошондой кылып жазып берейин”, – десем деле болушпайт. Жакын жолотушпайт. “Көрсөткүлөчү, кайсы жери жакпайт?” Барайын десем “такыр келбе” – дейт. Анан ошентип кол жазмам 1984-жылдын күзүнө чейин кармалып калды. Ошол мезгилде КГБ төрагасы Ломовго көрсөтүшөт. Ал киши окуп чыгып: “Мында корко турган эчтеме жок, эмнеге кармап атасыңар?” – дептир. Окугандан кийин кол коюп берсе керек, чыга берсин деп. Уруксат болгондон кийин 17 күндө чыгып кетти эки китеп тең. Орусчасы да, кыргызчасы да. 1984-жылы жарык көрдү. Мына ошондо биринчи жолу Касым Тыныстановдун ырлары эмне жөнүндө жазылганы талдоого алынып каралган.
Андан кийин 1987-жылы “Кыргыз совет адабиятынын тарыхы” деген китепке киргизсек, биздин адабиятчылардын баары каршы болуп туруп алса болобу. Ошонун айынан “тарых” да төрт-беш ай чыкпай туруп калды. Касым Тыныстановдун аты жазылса эле болду, ЦКга арыз жазып жиберишет.
– Кимдер каршы болду эле?
– Артыкбаев деген баш болуп, университеттин бир топ мугалимдери төш болуп каршы турушту... Алар Аалы Токомбаевдин айланасындагы, карамагындагы кишилер эле да. Партиянын 30-жылдардагы токтомдору төгүндөлгөн жок, четке кагылган эмес. Мына ушундай мааниде жазылган макалалар чыкты. Жана айтпадымбы, 1984-жылы жарык көрдү деп, мына ошондон кийин рецензиялар чыкты андай-мындай деп. Ал эмес Москвадан да чыгып кетти. 1985–1986-жылдарда мына ошол китебим боюнча илимий иш коргоюн деп жатсам, аңгыча КПСС БКнын “О проявлении национализма Киргизии” справкасына кирип кетиптир менин китебим.
Андан кийин чоңдор чакырып алып, “Эй, сен бакылдап жүрчү элең, защитаңды коё тур”, – деп токтотуп коюшту. Аларды угуп токтоп калдым.
– Ал докторлук ишиңиз беле?
– Ооба. Бирок мен бул аралыкта бир диссертацияны жазып жибердим “Алыкул Осмонов жана кыргыз поэзиясы”деп.
Архивдик материалдарды көрүнгөн архивден алып топтоп, 1928-жылдан 1934-жылга чейин эмне чатактар болгонун, алардын маани-маңызын Тыныстанов менен бирге жүргөн, аны билген кишилерге жолугуп тактап алдым. Ошентип архивдик материалдардын негизинде ошол чатактар жөнүндө дагы бир китеп жазып салдым 1988–1989-жылдары.
Мен изилдеген материалдардын мазмуну, ошол учурга, ошол мезгилдин талабына байланыштуу жазылып калган. Азыр жазсам, башкача жазат элем.
1927-жылкы бир материал бар. Орусча билген, орусчадан кыргызчага таржыма кыла алган кыргызда канча киши бар деп тизме түзүшкөн экен.
Кыргызстан боюнча болгону 25 киши бар экен, анын ичинен да бир тобу билгени менен жаза албайт, бир тобу колум тийбейт деп четке чыга бергендери болгон. А кезде гезитке макала жазыш өтө кыйын болгон. Жазма тили жок эле. Адабий тили менен жазуу, ал турсун жөнөкөй эле макала жазуу кыйын болгон. Мына ошондо “Эркин-Тоо” гезитинде иштеген Сыдык Карачев олтуруп алып, ошол мезгилдеги жаштарды макала, кабар жазууга үйрөткөн.
Ал эми Тыныстанов болсо окуу китептерин жазган, мына ошол окуу китептерге керектүү сөздөрдү, материалдарды топтогон. Окуу китептери жок, ал мезгилде казак, татар тилдеринде басылган окуу китептери колдонулган.
Кыргыздын өзү жалкоо да, алардын айрымдары: “Казакча эле окуй бербейлиби”, – дешкен. Даяр оокатка көнгөн элбиз да, “казакча китептер болсо, кыргызча жазып отурбай, даяр китептерди казакча окуй бербейлиби”, – деп ойлошкон да. “Эркин-Тоонун” ошо кездеги сандарында ошондой ойлор да айтылган.
Ооба, Касым Тыныстанов учурунда катуу кадыр-баркка жеткен. Ал биринчи акын, биринчи илимпоз деп эсептелген. Ошонун аркасы менен Кыргызстанда биринчи өкмөт курулган. Биринчи эл агартуу комиссары да ошо Тыныстановдун өзү болуп жатпайбы. Азыркыча министр да.
– Салижан ага, Касым Тыныстанов кайсыл жылдарда согула баштаган?
– 20-жылдардын аягында. Ал мындай болгон экен: 1927–1928-жылдарда Тыныстановдун китебинен каталыктар “табылып”, саясый жактан согула баштайт. 1934-жылы Баялы Исакеев айткан: “Биз биринчи жолу Айткулу Убукеев аркылуу согуп жатканда, Тыныстанов өз күнөөсүн такыр мойнуна албай койгон” – деп. А Тыныстанов болсо: “Мен ыр жазып жүргөндө, силер бешиктеги балдар болчусуңар”, – деп коёт. Анан эки жолу партиялык чогулушта каралат. Анын үстүнө 30-жылдарда ооруп калып, кызматтан түшүп калат.
Ошону менен ага каршылаш адамдары тарабынан куйругуна калбыр байлап, өйдө карагыс кылып коюшат. Оору болсо, тегереги жанагыдай болуп жатса, анан ого бетер ден соолугу начарлайт да. Ошентип, ал бийликтен кетет, саясый ооруга да дуушар болот. Мына ошону менен беш-алты ай бош жүрөт, жумуш берилген эмес. Ден-соолугуна шылтоо кылышат.
К.Тыныстанов 1931-жылдан баштап биринчи Кыргыз маданий курулуш илим изилдөө институтунун илимий кызматкери болуп иштей баштайт. Бир эле учурда театр жаман болуп кетти деп, театрдын ишин оңдобосоң болбойт деп, ал кызматты да ага жүктөп коюшат. Сен биринчи чыгарма жаз, ал идеологиялык жактан азыркы талапка жооп бере турган болсун, элге да жетсин. Театрдын иши ошондо оңолот дешкен. Ошол эле убакта партиялык сынга жооп бересиңби же жооп бербейсиңби деп асыла беришкен.
Ошондуктан ал бир жагынан өкмөттүн сөзүн сүйлөп, өкмөткө жага турган чыгарма жазыш керек экен деп ойлойт. Анан чыгарма жазылат, ал “Академия кечелери” деп аталат.
– Аны эмне үчүн жазган?
– Өкмөткө жагам деп, өзүн актайын деп жатат да. Директор болуп калат. Анан жанагинтип театрга директор болгондон кийин кеңешип-таңашып жатып, кыргыз театр өнөрүн көтөрүү максатында пьеса жазууга киришет. Аны үч негизги бөлүмгө бөлөт. Биринчи бөлүгүндө феодализм заманында адабият, көркөм сөз кимге кызмат кылган мына ушул маселени камтыйт. Буга Манастын чоң казатын алат. Андан кийин Баатыркан деген манапты жазган, анын үч-төрт катыны бар экен, өзү өлө электе эле мен өлсөм кантип кошок кошосуңар деп кошок коштурганы. Эмгекчилерде интернационализм жок деген мааниде жазылган. Андан кийин Ак Мөөр алынган. Мындан сырткары Шабдандын молдосу Осмоналы Сыдыктын “Тарых кыргызияны” жазганын. Мындай болгондон кийин сөз Шабдандын тегерегинде болот да. Үчүнчү бөлүгүн совет өкмөтүнүн орношу түзгөн. Көпчүлүк эл келе берет, көбүнө жагат, бирок Аалы Токомбаев өзүнүн жазган макалаларында чыгарманы элге жат көрүнүш катары баалап, автор өткөндү даңазалап, таптык күрөштү көрбөйт деп чоң саясый күнөө коёт.
Дагы бир айта турган нерсе, ар түрдүү маскалар жасалат. Алар бай-манаптын, кулактын элесин элестетип турат. Бул маскалар декорацияга илинет, анын үстүнө балканы коюп койгон. Мына ушундай көрүнүштө Касым өз ырларын окуйт экен, мисалы, Тыныстановдун ырлары окулганда жанагы бай-манаптардын маскалары жанданып кыймылга келет экен.
Андан кийин Кененсариндин ырлары окулганда кулактын элесин көрсөткөн маска жандана түшөт экен. Чыгармаларында терс идеология бар дегендердин чыгармаларын окуса эле жанагы көрүнүш кайталана берет.
1932-жылдардан баштап кыргыздын өздөрү жакшы болгон эмес. Баары эле идеологиялык саясатка берилип, жазуучулар болсун, интеллигенттер болсун, көбү идеологиялык жактан “кыраакылыгын” көрсөтүп, биринен-бири кыйкым таба берген да...
Мисалга бир китеп чыгып калса, кыргызча биринчи чыгып жатат да, аны мактап бали-бали деп көтөрмөлөп, кубаттап койгондун ордуна жок мунун баары туура эмес деп ката таап, сого берген да...
Тыныстановдун китебин, андан мурун Токомбаевдин “Ленин тууралуу” деген ырлар жыйнагын, Сыдык Карачевдин алиги “Эрксиз күндөр” дегенин катуу сындашкан, алардан саясый ката табышкан. Кадимки “Ажар” повестин да согуп жатат Муратов деген бирөө. Анан Тыныстановду болсо талоонго алып ур-токмокко алып жатышат.
Мына ошол учурда Тыныстанов да өз күнөөсүн мойнуна алып жазган бир кат бар. Мен дагы “Алаш” ордодо болгонмун, ошонун ырын ырдаганмын, ал учурда ушундай эле деген. Ушинтип өзүмдү өзүм “күнөөлөсөм”, жанагы туш тараптан согуп жаткандардан кутулам деп ойлогон да. Анын үстүнө Тыныстанов ошол убакта орусчаны жакшы билген, билимдүү, интеллигент болгондугу үчүн, анын үстүнө сүйлөшө келгенде жылдыздуураак киши экен. Ал убакта 1924-жылдан 1937-жылга чейин Кыргызстанды башкарган 7 киши алмашкан да, анан жаңы кишилер келсе эле, алар менен тез эле тил табышып, сүйлөшө келгенде бийликтеги кишилер жактырып калат, бир жагынан алардан колдоо тапкан да.
Ошол убакта Токомбаев келип калбайбы, Токомбаев болсо мен пролетариаттын акынымын, кедейден чыкканмын, кедейдин акынымын деп айта берет.
Калим Рахматуллин деген болгон. Аны менен Токомбаев жакшы дос да. Ал орусча жакшы билген. Ташкенттен окуган, ошол жакта да иштеген. Ошол Рахматуллин аркылуу “Правданын” кабарчысына макала жаздырат.
Партиялык комитет болсо өзүнүн кабыл алган токтомун четке кагып, кайрадан карап чыккан. Андан кийин үч-төрт пленумга Тыныстанов коюлуп, бүт эле каралап чыгышат.
Токомбаев ошол мезгилде кызматта көтөрүлүп Жазуучулар союзунун төрагасы болот. Ошонун алдында, ачыгы 1933-жылы, 10 жылдык чыгармачылык юбилейин өткөрдү. Адамзат тарыхында мындай юбилей өткөн эмес, он жылдык чыгармачылыгын бир да акын, жазуучу өткөргөн эмес. Биринчи жолу 10 жылдык өтүп жатса, өзү жаш, 30 жаштын тегерегинде болсо, юбилейи өтүп жатпайбы. Ушундай шаан-шөкөт менен өткөн. Асманда самолёт учуп, ага латын тамгасы менен “Аалы” деп жазган дешет. Айтор, Токомбаев улам колдоого алынып турган, ансайын Тыныстановду улам соккуга алып турган.
Өзү мойнуна алгандан кийин да, Токомбаев кайрадан согуп чыккан... Андан кийин Тыныстанов илим жагына кирип кеткен. Дагы бир айта турган нерсе “Кыргыз адабияты жөнүндө” деген токтом кабыл алынган, мунун негизинде кыргыз тилинде эмне чыкса, ошонун баарын карап чыккан, Тыныстановдун окуу китептеринен да каталар табылган, ар кимге жаздырып, Тыныстанов тынымсыз соккуга алынып турган.
Тыныстанов өзү дагы учурунда Токомбаевдин биринчи китебинин кол жазмасы начар болгонунан улам аны жаратпай койгон, чын эле ал кол жазмасы начар болгон. Бирок Калим Рахматуллин аркылуу чыгарып жиберген.
Чыгарып жибергенден кийин Тыныстанов ага каршы туруп, аны кайра пайдалануудан алып салуу жөнүндө маселе коёт. Токомбаев экөөнүн чатагы ошондон ого бетер күч алат. Бул биринчи. Экинчи мүдөөсү ырасмий түрдө жазуучулардын лидери болуп, Кыргызстандагы биринчи акын, биринчи жазуучу деген атакка жетүү керек эле. Айтор, кыргыз адабиятын баштаган киши болгусу келген. Ошондуктан алдыңкы экөөнү Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачевди жок кылып коюш керек болчу да. Алардын жазганын жарабайт деп, анан 1924-жылы кыргыз поэзиясы менин ырыман башталат деп, ушуга жетиш үчүн да күрөшкөн. Ушинтип ой жүгүртсө да болот.
Тигил экөөнүн жазгандарын жок кылса, баштаган киши өзү болуп калып жатпайбы. “Эркин-Тоого” чыккандыгы үчүн жазма адабиятыбыз “Октябрдын келген кезинен” башталган деп кечээ жакынга чейин жазып жүрбөдүкпү. Ошол убактагы партиянын саясаты башкача болду. Кыргыздардын психологиясын билип алып, бирин-бири жок кылыш үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берген. Кыргыз интеллигенттеринин арасында да мына ушундай кырдаал түзүлгөн. Тыныстанов мына ошол окуяга, саясатка туш келген.
Касым Тыныстанов таланттуу, белгилүү, көп иштерди жасаган билимдүү инсан болгон өз заманында. Анын баарын тарыхтын өзүнөн гана кароо керек. Кийинки урпактары, туугандары, кыргыз коомчулугу бар экен, Тыныстановдун адабий мурасын колдоду, китептерин чыгарып, аны легенда кылып аздектеп көтөрүп чыгышты. Тыныстанов тарыхтан өз ордун алды.
Мына ошо киши менен бирге жүргөн Сыдык Карачевди алалы. Экөө чогуу иштеген, экөөнүн кызматы, элге кылган эмгеги, деңгээли бирдей да. Сыдык Карачевдин туугандары да жок экен, булардын уругу да өтө эле мажүрөө окшойт. Анын эмгеги эскерилбей, бааланбай калды. 90, 100 жылдыгы өткөрүлбөй, эмгеги жарык көрбөй калды. Китеби да чыккан жок, сөз кылган да эч ким жок. Болбосо кыргыз интеллигенциясын, адабиятчыларын, жазуучуларын өстүрүүгө өтө көп салым кошкон киши болгон. Сыдык Карачев кыргыз басма сөзүнүн жаралышына, өнүгүшүнө, улуттук журналисттердин чыгышына, “Эркин-Тоонун” жарык көрүшүнө да эбегейсиз салым кошкон. Бул багытта андай эмгек кылган кыргыз жок.
Мейли, жылкы сойбосо дагы, чогулуш өткөрүп койсо болот эле, эмгегин баалап, элге-журтка таанытып койсо болот эле. Кыргыздар жаман да, бирдеме сойбосо, банкет жасабаса эле чогулушка барбай коёт. Жөн эле кургак чогулушка барбайт.
– Сыдык Карачев кай жактан болот?
– Сыдык Карачев Ысык-Көлдүн Түп районунан. Туугандары жок экен.
Маектешкен Абдумажит МУРЗАЕВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.