Ашыглык китебине алгы сөз

  • 10.03.2025
  • 348

Акындар көп. Ошол жоон жорголуу топтун ичинен киндик каны тамып, кири жуулган ата-жеринин, керемет касиетин, аруулугун асылдыгын өзгөчө үнгө салууга жараган калемгерлер бир уучка толуп-толбойт.

Курбаналы Сабыров 39 жылдык өмүрүндө Лейлек өрүкзарын, Козу-Баглан дайрасын даңктап, не деген ашыктык ырларын артына мурастап кетпеди дейсиз.

Лейлек жергем-өрүкзардуу аймагым,
Өрүгүңдүн ширесине канганмын.
Өмүр бою жаза турган ырыма
Өрүгүңдөн шириндикти алганмын, же

Ай чыкчу тоодон аккан,
Ай нурун кошуп алган.
Айнектен тунугураак
Алтын суу Козу Баглан, – деп үн салгандыгы атуулдуктун айтып бүткүс аздек туюму.

Акын айрыкча махабат темасындагы ырларды жан жигерди жыргатып, көңүл көлкүтүп, жүрөк толкутар авазы менен бергендиги ар бир окурманды кыял-ой мейкиндигине оболотуп, философия деңизине бой таштатып ырыракатынан ыраат алдырат.

Жаш кыздар, мөлтүрөшкөн мончок кыздар,
Жаңы бышкан гиластай кызыл кыздар!
Көргөндөр көрктөрүнөн көз алалбай
Шарапты ачка ичкенсип, ысып-сыздаар.

Боз улан менен селкиликтин бир учурун акын минтип баяндайт:

– Мындай ишке барган эмес элем, – деп,
– Мындай күнгө калган эмес элем, – деп
жаман болуп жүрөм... Минтип опага
жаш башымды салган эмес элем... – деп

Жалдырайсың жамалыңа ой толуп,
калтырайсың, колум тийсе, козголуп.
Кандайына башым жетпей мен дагы,
Катарыңда олтурамын томсоруп.

Боюбузду мыкчып улам кыйындык,
Жытташкандан болбой башка жыйынтык,
Эми үй-үйгө кайталы деп кайталбай,
– Сен кет, анан...
– Сен кет, анан...
Кыйылдык.

Мындай ышкы шириндигинин ылазаттуу ирмемдери кимдин гана башынан өтпөгөн. Ууз сүйүүнүн уяңдыгына, тазалыгына, татыналыгына тан берип, таазим этесиң.

Акындын өмүр бою жазгандарынын көбү махабаттуу сара саптардан куралыптыр.

Карап олтурсаң чыгыш поэзиясынын ийкемдүү назик, алоолуу Алишер Новои, Фирдоуси, Беруни, Омар Хаям кайрыктарына үндөшкөн калаты турмуш туйгулары, өмүр өңүрлөрү камтылган Парпи акындын парасаты жуурулушкан жубар жүз өң бергенсийт. Курбаналы ага жашоого эрте келип, эрте кетти. Не дейбиз, ыйманы саламат болсун.

Абдилаат Али Доортегин, акын, “Өрүкзар” поэзиясынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу

 ⃰   ⃰   ⃰
Атың жүрөт көкүрөктө жатталуу,
сырың жүрөт көкүрөктө сакталуу.
Кайып өттү андан бери канча күн,
канаттарын жайып өттү канча куу.

Башым катат миң-сан ойдон дал болом.
Боюм муздап, шайым кетип, шал болом.
Жол тосконсуйт миңдеген чөл – Кара-Кум,
жол тосконсуйт ашуулардан – сан Долон.

Ырларым көп, өзүм ичтен кайырган,
каттарым көп, сага жазып айырган.
Кантсем дагы түк ишенбейм, сүйүүнүн
азап-тозок экенине байыртан.

 ⃰   ⃰   ⃰
Эки арабыз көз жетпестей көрүнөт,
материктин эки учунда тургансып.
Сен ай болуп,
түн жамынып жаткансып,
мен күн болуп,
түндү сенден куугансып...
кан тамырдай мамылардын зымдары
сөздөрүмдү ысык кандай агызып,
сага куюп,
         сөздөрүңдү мен күткөн
ысык бойдон жүрөгүмө тамызып...

Көрүнбөгөн керемети зымдардын
жетет сага,
сөздү оозуман тез илип.
Ал учунда сен турасың эшилип,
бул учунда мен турамын эзилип.

          ⃰     ⃰     ⃰
Ай жарыкта айбыгып сага бардым,
айланчыктап үйүңдү акмаладым.
Терезеңден сен мени көрдүң дагы,
кайра экинчи эңилип карабадың.

Мындан башка эч ишке жарабадым:
үйүңө секин чыгып баралбадым.
Барсам дагы калтаарып, жүрөксүнүп,
кол созуп коңгуроону басалбадым.

Үшкүрдүм, айлам куруп, улутундум;
үйүң-жабык кутусу болуп нурдун.
Үчүнчү кабатта эмес, азыр менден
алты кабат асмандай бийик турдуң.

        ⃰     ⃰     ⃰
Отко, сууга салып, мейли кыйнасын,
тийген дарты ырбашынча ырбасын!
Болорумча болдум эми кантейин,
билем, сүйүү эрежеге сыйбасын.

Билем, сүйүү чек, калыпка сыйбасын,
өзгөрүлбөс өлчөм болуп турбасын.
Билем, сүйүү көтөрүлүп добулу
Толкун чачып, көк деңиздей туйлашын...

Улуу сырды тумчуктуруп өмүрдө,
Билесиңби, ким каталган көңүлгө?
Тереңине мени тартып чөктүргөн
Океандай сүйүү жатат көзүндө.

      ⃰     ⃰     ⃰
О, беймаза, тынчы жок байкуш жүрөк,
лакылдап мынча катуу кагасың сен!
Мүдөөңдү өтөп бүтпөй келе жатам,
сүйүүгө, айтчы, качан канасың сен?

Көөдөндөн сууруп чыгып,
         жаш селкинин
колуна салып берсем эгер сени,
бу турмушта бейоопа жашарыма
эркиндик берер белең, айтчы деги?

      ⃰    ⃰     ⃰
Бир топ күн өттү арадан,
бир топ ой агып санаадан,
өттү го десем, толкунум
өркөчтөп барат кайрадан.

Эмнеге мындай мерезсиң?!
мурдагыдай эмессиң?!
Колумду бастым оозуңа,
билемин эмне демексиң...

– Унчукпай турчу садагам,
уугуп кетип баратам...

– Сүйлөбөй турчу садагам,
сүрдүгүп кетип баратам...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз