Назым Хикмет: Аллем– каллем

  • 14.07.2025
  • 957

Бир кембагал жашайт. Анын аялы жана уулу бар экен. Жалгыз эшеги да болот. Кембагал эшеги менен жүк ташып, аялы жана уулун багыптыр. Алар эч кимге жамандык кылышпай, бири бирин урматташып, бактылуу жашашат. Кембагал боорукер жан болгондуктан, эшегин эч качан урбаптыр; маалым го: эшек кежирленсе, тайактап сабамайын, бир кадам да баспайт эмеспи. Бирок бул киши эшек кежирленсе да, мээримдүү сөздөрдү сүйлөп, ийге келтирип алчу экен.

Бул дүйнөдө убакыт – тез чуркайт. Канаттуулар убакытты канатына кондуруп алып кетишет. Куш канатын какса, кичинейкейлер чоң болуп калышат, чоңдор – карыяга айланат; бул сөз адамдарга, жаныбарларга же өсүмдүктөргө да тиешелүү. Ушинтип биздин каармандын баласы эрезеге жетип, ал өзү карыйт, аялы жана эшеги да картайышат. Ичер суусу түгөнүп, кембагал ооруп, көз жумат. Өлгөн жанды тирилте албайсың, ошентсе да маркумдун байбичеси менен уулу жети күн, жети түн тынбай ыйлашат. Агылда турган эшек кулактарын тикчийтип, оор кошкуруп, жети күн бою кайгырат.

Маркумдун уулу сегизинчи күнү эртең менен жүк ташып, аз да болсо теңге табайын деп, карт эшекти минип, базарга кетет. Кечинде иштеп тапкан нанын колтугуна катып, колуна бир ором зайтун кармап үйгө келет. Эшекке саман да сатып алыптыр.

Апасы уулун кубанып тосуп алат. Уулу акча аз тапканын айтып, энесине даттанат. Апасы уулуна кеңеш айтат:

– Уулум, кайгырба, жаның аман-соо экенине сүйүн. Кудай кааласа, эмки жолу азыркыдан көп табасың.

Апа-бала нанды зайтун менен жешип, оозу сынык кумурадан кудуктун суусун ичип тамактанышат.

Келерки күнү улан кайра эшегин минип, базарга жөнөйт. Базарда каш карайганча иштейт. Үйгө эки нан жана эки ором зайтун алып келет.

Апасы уулун кубанып тосуп алат. Уулу бул мертебе эки нан жана эки ором зайтун алып келгенин көрүп:

– Менин уулум, азамат! Мени ачка калтырбасыңа көзүм жетти,– дейт апасы уулуна.

Алар нанды зайтун менен жеп, үстүнөн кудуктун тиш какшаткан суусунан ичишет.

Эртеси күнү улан кайра базарга кетти. Ал да, эшек да жан үрөп иштешти.

Улан үйгө кечинде эки нан, эки ором зейтун жана жарым окка (1 окка – 1,2829 кг) халва алып келди. Эшекке самандан башка арпа да сатып алыптыр.

Апасы уулун кучак жайып тосуп алды. Уулунун тапкандарын көрүп, көзүнөн жашы төгүлүп:

– Уулум, ыраазымын сага! – деп алкады.

Уулу апасынын эки колун өөп, анан алакандарын маңдайына тийгизип, чоң, капкара жана ойноктогон көздөрү кубанычка толуп:

– Апа, өзүң көрүүдөсүң, мен жашоого каражат табуудамын, – деди толкундап.– Сен эртең падышага барып, анын кызын уулума бергин деп сура. Менин угушумча, падышанын кызы акылдуу, сулуу экен. Ал сага тиричилик кылганга жардамдашат. Сен картайдың, эс алууң керек, келин үйдөгү бардык жумушту аткарат.

Апасы тырыш баскан жүзүндөгү ничке каштарын өйдө серпип, уулун таң калып укту. Уулу сүйлөп бүткөндө суроо узатты:

– Уулум, падыша сага кызын берер бекен? Сен эмне, аны нан жана зайтун менен багасыңбы?

– Бизде халва да бар эмеспи.

– Падышанын кызы күнүнө асел жана татуу паста жеп көнгөн, – деди апасы.

Апасынын бул сөзүнө уулу жооп кайтарбады. Ал эртеси саар менен эшегин чапкылап, кайра базарга кетти. Тыным албай оор жүктөрдү ташыды. Кечинде куржун толо арпа, саман, сабиз, нан, зайтун, халва жүктөп, бир табак толо түркүн паста (таттуу даамдыктар) артынып, үйгө келди.

Апасы уулун кубанып утурлап алды. Апа-бала нан, зайтун, халва жана пастаны жеп бүтүштү, кезек пасталарга жеткенде, уулу сөз алды:

– Апа, көрдүңүз го, мен бүгүн паста да алып келдим; эртең акчасы асел сатып алганга жеткендей да иш кылам. Эми падышага барып, кызыңды уулума бер деп сура. Мендей күйөө балалуу болгонуна падыша эмнеге сүйүнбөсүн? Мен андан акча да, мансап да сураганым жок, кызын сурап жатам.

Бечара кемпир эмне дээрин билбеди. Бирок тиги баланын энеси болгону үчүн: «Эмне, менин уулум падышанын кызына тең эмеспи? Мындан мыкты уул барбы?» деп ойлоду.

Эртеси уулу базарга кеткенден кийин, кемпир башына жоолугун салынып, падыша сарайына жөнөдү. Кемпир сарайдын оймолору мармар таштан жана алтындан жасалган дарбазасына жүз кадам калганда, күзөтчүлөр токтотту. Бир байкуш экен дешип, колуна бир аз теңге садага беришти. Бечара кемпир сарайдын көркү көз уялткандар базасын жана күзөтчүлөрдүн алтын жиптер менен тигилген калпактарын көрүп, абдырап кетти жана күзөтчүлөр берген акчаны уучтаган бойдон, артка кайтты.

Кечинде уулу нандан башка зайтун, халва, паста жана бир кумура асел алып келди. Апасы башынан өткөргөн окуяны айтып бергенде, уулу ачууланып буркан-шаркан түштү:

– Демек, алар сени жакыр деп ойлошкон турбайбы! Алтын кийимдүү алар жакыр эмес бекен?! Эртең кайра барып, берген акчаларын алардын жүзүнө чачып ий. Падышага жолугуп, кызыңды уулума бергин дегин.

Узак сүйлөп, аңгемени чойбоюн. Келерки күнү кемпир падышанын сарайына барып, уулу айткандай кылды: күзөтчүлөрдүн жүзүнө алар берген акчаны жабылта чачты. Күзөтчүлөр кемпирди сабап салышты. Силер: «Аял кишини, болгондо да кары кемпирди сабаса болобу?» – десеңер керек.

Сарайдын дарбазаларын кайтарган күзөтчүлөр кары аялды да кызылдай сабап салышат, а эгер буйрук берилсе же кан күсөшсө, балдары да кылычтап өлтүрүшөт.

Бечара кемпир кыйкырып кирди. Ушу тапта алтын жиптер менен тордолгон терезеден падышанын кызынын башы көрүндү. Ал байкуш кемпирдин ачуу кыйкырыгын эшитип, аны күзөтчүлөр кандай сабап жатканын да көрдү. Дүйнөдөгү кыздардын арасында падышанын кызындай сулуу жок эле. Анын жүрөгү мээримдүү болгондуктан, чымындарды да аяп, аларга түк тийчү эмес. Балким сиз: «Падышанын кызы да ушундай мээрман болот бекен?» – деп сурайсыз. Ооба, болот. Султандын үй-бүлөсүндө да, дыйкандын үй-бүлөсүндө да жакшы адамдарга катар жаман адамдар да болот.

Биз аңгемебизди созбойлу. Падышанын кызы күзөтчүлөргө кемпирге тийбегиле деп буйруду жана ал эмне каалаганын сурагыла деди.

– Сарайдын дарбазасына эмнеге келдиң эле? – деп сурашты күзөтчүлөр.

– Мен падыша менен сүйлөшөйүн дегем, – деп жооп кайрыды аял.

Күзөтчүлөр бул сөздү укканда, кыжырлары кайнап, кемпирди кайра сабагылары келип, өздөрүн араң токтотушту.

– Кийими самсаалап тытылган бул катын сиздин падыша атаңыз менен сүйлөшүүнү каалайт экен, – деп жеткиришти жоокерлер кызга.

Ал атасына кайрылып, кемпирдин сөзүн ук деп көпкө суранды. Бактыга жараша, маанайы жаркып турган падыша кызынын көңүлүн калтырбоо үчүн, кемпирди кабыл алды.

– Ии, байбиче, сүйлө, менден эмне сурайсың?

Уландын апасы дүкөнгө мейиз сатып алганы келген кардар сыңары сүйлөдү:

– Мен сенин кызыңды келин кылып алайын деп келдим...

Падышанын калың каштарына жашынган көздөрү обол таң калгандан чанагынан чыкчудай кенен ачылып, анан кайра жүлжүйдү, ачууланганданбы, же денесин бүлкүлдөткөн күлкүсүн жашыруу үчүнбү, – так айтуу кыйын, айтор анын узун ак сакалы силкилдеп жатты. Уазирлер килейген селде астындагы баштарын чайкап жиберишти. Тактынын артында турган баш кесер кылычтын сабын мыжыга кармады. Ал падыша азыр: «Береги катындын башын ал! Теги-жайы белгисиз кемпир урук-теги дайынсыз уулуна кызыңды бер деп хандан кантип даап сурайт?» – деп каарын төгөрүнөн күмөн санабай турду.

Бирок падыша баш кесерге: «Бул аялдын башын ал!» деп буйруган жок. Падышанын маанайы жакшы экенин биз эскертпедик беле. Мындан бир аз мурда кайсы бир шаарды он жыл жуук курчап турган падышанын аскерлери чепти бузуп, шаарга киргени тууралуу кабар алган болчу. Падыша ошого алтын, күмүш, бермет жүктөлгөн төөлөрдүн чубалжыган кербени өлкөгө кирип келатканын көз алдына элестетип, көңүлүндө байлыкка марып жаткан. Ошондуктан, биз мурда айткандай, жакшы маанайдагы падыша кемпир менен тамашалашайын деп чечти:

– Жакшы болот, мен ушу азыр кызымды сенин уулуңа берейин деп ойлоп жаткам. Эгер уулуң кырк күн ичинде Аллем-Келлем дубасын үйрөнө алса, ага кызымды берем, үйрөнө албаса, уулуңдун башын мынабу адамга берем,– деди падыша тактынын артында турган баш кесерди көрсөтүп.

Бечара кемпир унчукпады. Ал Аллем-Келлем дубасы жөнүндө бейкабар эле, ал турсун ушундай дуба бар экенин биринчи жолу эшитти. Ага карабай, акылын пештеп, тез жооп кайтарды:

– Жакшы болот, уулума айтайын. Уулум акылдуу, эмгекчил жигит, бул дубаны кырк күндө үйрөнүп алат.

Кемпир үйүнө баратып, ары-бери өткөн жолоочуларга шерменде болбос үчүн ичтен тепкен ыйын сыртка чыгарбай баратты, бирок үйгө жеткенде буркурап ыйлап ийди. Уулум эми баш кескичтин колуна түшөт деп ойлоду. Менин сабатсыз уулум Аллем-Келлем дубасын кай жерден, кимден үйрөнөт деп сыздады ал.

Кеч кирип, көз байланды. Улан үйүнө келип, ыйлап жатып көзү шишиген апасын көрүп, кайгыга батты. Бирок иштин жайын билгенден кийин, каткырып күлүп, апасынын тырыш баскан бетинен сылап:

– Апа, сен эмнеге кайгырасың? Мен Аллем-Келлем дубасын үйрөнөм. Өлкөдө аны билген кимдир бирөө болсо керек. Апа, убакытты коротпойлу, кел, эшекке төшөк-жуурканыбызды артып, жолго чыгалы. Бул дубаны билген адамды издейли, дубалаганды үйрөнөлү, – деди улан апасына.

Үйдө алардын болгон дүнүйөсү – жууркан жана төшөк ордуна колдонулган эски-куску чүпүрөктөр, калай чайкалбаган мис казан менен моюну сынган кумура боло турган. Ушунун баарын эшекке арткан биздин саякатчылар күн нуру кылтыйып көтөрүлөрдөн мурда жолго чыгышты. Алар узак жүрүштүбү, кыска жүрүштүбү, айтор түз жүрүштү. Койчу аларга бир сындырым нан менен быштак берди. Кийинки күнү алар тоонун кырына чыгышты, өлө чарчагандыктан, ошо чокуда дем алганы токтотушту. Түн кирип, асманга жылдыздар толду. Апасы уктап калды, уулу эми уктоого камынып жатканда эшек аңгырап ийди. Апа-бала селт этишип, орундарынан ыргып турушту.

Экөө токойдон чыгып, зоңкойгон дөө аларды көздөй келатканын көрүштү. Дөөнүн башы тим эле жылдыздарга тиет. Байкуш кемпир коркконунан өлүп кала жаздады. Уулу басылбай аңгырап жаткан эшекти тынчытуунун аракетин кылууда. Кемпирдин уулунда корккондой түр жок, бирок чынын айтканда, уландын жүрөгү дүкүлдөп согуп жатты. Дөө зоңкулдаган үнү менен:

– Силерге буерде эмне керек?– дегенде токойдогу дарактар сеңселип, жыгылчудай ийлишти.

Биз мурда айткандай, уулу эшекти жоошутуп жаткандыктан, алар эмненин айынан буерге келишкенин байкуш кемпир дөөгө айтып берди.

– Дурус,– деди дөө.– Уулуңду мага калтыргын, мен ага Аллем-Келлем сүрөөсүн үйрөтөм. Отуз сегиз күндөн кийин ушу жерге келип, аны үйгө алып кетесиң...

Апасы уулун дөөгө бергиси келбеди. Аялдын эркине койсо, ал отуз сегиз күндүн арасында уулу менен бул өлкөдөн чыгып кетмек, эшекти да калтырмак эмес. Бирок уулу ошол замат дөөгө макулдугун берди. Апасынын колун өөп коштошту. Кемпирге жалгыз кайтуу кыйын болду, көз жашы жамгырдай төгүлдү.

Уулу жана дөө тоонун чокусунда ачык асман астында калышты. Дөө уланды алаканы менен чапты эле, ал ошо замат алмага айланды. Дөө алманы чөнтөгүнө салып, жолго түштү.

Дөө бир күндө жөнөкөй киши кырк күндө басчу жолду басат. Биздин дөө башка дөөлөрдөн кем эмес болгондуктан, кырк күндүк жолду жыйырма үч жарым саатта басып койду. Дөө ак сарайга жетип, өзүнө ылайыкталган бөлмөгө кирди да, чөнтөгүнөн алманы чыгарды. Алманы урду эле, ал кайра уланга айланды. Дөө уланды бөлмөгө камап, өзү сыртка кетти.

Улан бул бөлмөдө бир-эки сааттай отуруп, өлө тажады. Эшикти ачайын десе, жабык. Эмне кылуу керек? Үн созуп, ырдай баштады. Көп өтпөй эшик ачылды. Толгон айдай сулуу бийкеч сырттан кирип, биздин каарманга кайрылды:

– Ага, сен бул бөлмөгө кантип кирдиң? Жөн отурбай, обон салып ырдоодосуң. Сыягы сени буерде эмне күтүп жатканын билбейт окшойсуң. Каргыш ургур дөө сага да Аллем-Каллем дубасын үйрөтөм дедиби? Тиги мунарага карачы...

Улан бийкеч көрсөткөн жакты карап, жетимиш жети кабат мунараны көрдү. Мунара бүтүндөй кишинин баш сөөгүнөн жасалыптыр.

– Бул баш сөөктөр сен сыяктуу адамдардын баштары. Алар да Аллем-Каллем дубасын үйрөнүүнү каалашкан. Буерге кирген адам тирүү чыкпайт, – деди кыз.

– Каалайсыңбы же каалабайсыңбы, Аллем-Каллем дубасын үйрөнүүгө тийишмин, анан буерден аман-эсен чыгып, падышанын кызына үйлөнүүм керек, – деди жигит чечкиндүү.

Бийкечке жаш жигиттин эр жүрөктүүлүгү жакты, жигитке өз кеңешин айтты:

– Мейли, сага бир кеңеш айтам, балким, ал сага керек болор. Эртең таң азанда дөө келет да, сени менен күрөшүүнү каалайт. Сен, эскертем, каршылык көрсөтпө. Бир аз эле кежеңдесең, ал сени быт-чыт кылат. Ал сага көздөй умтулганда ошо замат жерге кула. Дөөнүн кыжыры келип, сага «тур өйдө!» деп кыйкырат, сени сабап, жулкулдатат. Ага көңүл бурбай, чалка өйдө түшүп жата бер. Мен эртең кечинде кайра келип, сага башка нерселерди үйрөтөм.

Бийкеч сөзүн айтып бүтүп, кетти. Улан көзүн жумбастан таңды аткырды. Ал кандай эр жүрөк болбосун, баары бир коркту. Таң эртең дөө келип, аны менен күрөшө баштады. Экөө бири бирине атырылып жөнөштү. Бирок улан ошо замат чалкасынан жыгылды. Дөө айкырып, аны күрөш деп тепкиледи. Дөөнүн тепкени биз көнгөн тепки эмес... Улан былк этпей жата берди. Дөө аны көтөрүп, эки бутуна тургузду. Улан бир көз ирмем туруп, кайра кулады. Дөө уланды кайра тургузду, ал кайра жыгылды. Ошентип алар көз байланганга чейин алышты.

Кечинде дөө уланды кайра бөлмөгө камап, өзү жылт берди. Улан бир козголгонго алы жок шалдайып жатты.

Түн ортосунда эшик ачылып, кайра баягы бийкеч кирди.

– Жан ага, – деди бийкеч,– сен мени угуп, өз өмүрүңдү сактап калдың. Азыр сага Аллем-Каллем дубасын үйрөтөм.

Бийкеч таң атканча уланга Аллем-Каллем дубасын үйрөттү. Эртең менен бийкеч кетер замат дөө пайда болду. Ал улан менен кайра күрөштү. Улан кечегидей эле эч каршылык көрсөтпөстөн, жерге кулай берди. Мурдагыдай эле дөө кыжырданып, күрөшкүн деп кыйкырып, уланды сабады. Анын үнү күн күркүрөгөндөн да коркунучтуу эмеспи!

Бирок дөө канча аракет кылса да, улан таймашпай койду, эч каршылык да көрсөтпөдү.

Сөзүбүздү узак созбойлу. Дөө ал күнү кечинде да уланды бөлмөгө камап, өзү көздөн кайым болду. Бийкеч түн ортосунда кайра келип, жигитке Аллем-Каллем дубасын үйрөтүүнү улантты.

Таң да атты. Бийкеч кетти, дөө келди. Күрөш башталды. Жигит кайра жерге кулады, дөө аны кайра сабай баштады.

Кеч кирди. Дөө жигитти кайра бөлмөгө камады, бийкеч кайра келди. Ал жигитке Аллем-Каллем дубасын үйрөтүүнү улантты.

Биз сөздү узартпайлы. Дөө уланды отуз сегиз күн сабады, улан отуз сегиз күн түн ичинде Аллем-Каллем дубасын үйрөндү. Отуз сегизинчи күнү дөө уланга айтты:

– Уулум, сен акмактын акмагы экенсиң! Аллем-Каллем дубасын үйрөнүү деги мүмкүн эмес! Мен сени менен бекер убара болдум: сага кол тийгизсем эле жерге чалкаңан түшүп жыгылып жаттың. Жөнө, апаңа! Көзүмө көрүнбөй жогол! Апаң тоонун чокусунда күтүүдө.

Жигит тоону көздөй жөнөдү. Ал Аллем-Калем дубасын жакшылап үйрөнүп алганы үчүн өзүнө өзү курсант.

Тоо чокусунда биздин ноён апасы менен кучак жайып көрүштү. Апасы жашып ыйлап, уулу менен ээрчишип жолго чыгышты. Алар он кадам да баселек жатып, кемпирдин ноён уулу коёнго айланды. Коён улам секирип, кемпирди айланчыктап баратты. Көркөмдүү коёндун өңү кардан да ак, көздөрү маржандан да кызыл, а кулактары тим эле тикчийет.

Буга айран болгон эне уулу кайда жоголгонуна, коён кайдан пайда болгонуна акылы жетпей коркту. Бечара аял:

– Уулум, кайдасың? Кайда жоголдуң, айланайын, уулум? – деп кайра бышактап ыйлай баштады.

Коёнго айланган улан дагы бир аз секирип, ары-бери жүгүрүп, ичке мойлоосун кыймылдатып көрдү да, анан «оп» деген добуш чыгып, адамга айланып калды.

– Уулум, сен кайда жүрдүң? Кайда жоголуп кеттиң? – деди апасы. – Азыр эле буерде коён сереңдеп айланчыктап жүрдү, биз аны кармап алып, сатмакпыз... Каап, качып кетпедиби?

Алар дагы бир аз жол жүрүштү. «Оп» деген добуш угулуп, улан атка айланды. Кандай ат дебейсизби? Жалынын ар бир кылы алтын, туягы алмаз, куйругуна бермет өрүлгөн күлүк. Жаныбар күн нуру тийип, жылтылдап тургандыктан, караган кишинин көзү сокур болуп, ага кароого эч болбойт эле. Аял күлүктү көрөр замат, уулун чакырды:

– Эй, уулум, кайда кеттиң? Садагаң болоюн, дагы кайда жоголдуң? Тезирек буерге кел! Мынабу күлүктү кармап, базарга сатабыз! Акчасы биз өлгөнчө жетет.

Уулу каткырып, күлкүгө батты, тагырагы, ал жылкыдай кишинеди. Апасы эки жакты элеңдеп каранганда, «оп» деген үн чыгып, кемпирдин баласы кайра кишиге айланды.

Биз да «аңгемебизди узак сөзгө айлантпайлы» дейбиз, бирок кечиресиз, сөзүбүз адак болбойт. Узун баянды бүткөрүп жатып, апасы уулу менен үйлөрүнө кайтышканын айталы. Келерки күнү жигит апасынын көз алдында мүйүздөрү алтын, туягы алмаз, ала сары чаар бугуга айланды да, апасына кайрылды:

– Апа, мени базарга алып барып, саткын...

– Ой, садагаң кетейин, мен сени кантип сатмак элем?

– Коркпой сата бергин, менин айтканымды жаса...

Апасы бугуну базарга апарды. Бугуга таңыркаган эл тим эле логлойт. Эзели кийин шаар калкы мындай кереметти көргөн эмес, бугу баасы баланча акча дегенге эч ким батынбады. Акырында бир соодагердин үнү угулду:

– Бул бугуну сатып алгандай дүнүйө падышадан бөлөк эч кимде жок. Жалгыз анын казынасында буга жеткендей акча бар.

Кабар ордого жетти. Базарга падышанын жөкөрлөрү чаап келишти; бугу аларга жагып, бугуну сатып алышты. Аял кап толо алтындуу болду. Мындай бугу бир кап алтындан кымбат турса да, бааны падышанын адамдары бычкандыктан, бечара аялда макул дегенден башка аргасы болбоду. Эгер ал «жок, аз экен» деген кеп айтса, жөкөрлөр сары чака бербестен кетип калышмак.

Бугуну падышанын бөтөнчө делген атканасына жайгарышты. Жаңы орулган чөп ташталды эле, бугу кепшеп жей баштады. Ал чөп жеген сайын, кичирейип, бир маалда көздөн кайым болду. Ордунда түркүккө байланган чылбыр калды. Бул кубулушту көргөндөр айран-таң, ооздорунан сөз ыргыды. Болгон окуяны падышага айтышты. Ал куудай сакалын сылап көпкө ойлонуп:

– Бул эмне болгон айбан?– деп сурады увазирлеринен.

Увазирлердин бири да жооп бербеди. Падыша бул жөнүндө кыжаалат болбоюн деп чечти.

Биз эми жигиттин жайын билели. Ал кишиге айланып, үйүнө келди да, апасынан бугунун акчасына зыңгыраган там курууну суранды. Анан турган ордунда арап күлүгүнө айланып:

– Мени базарга алып барып саткын, – деди апасына.

Аял күлүктү базарга чыгарды. Бул базар ачылгандан бери, ал турсун шаар түптөлгөндөн бери эч ким мындай күлүктү көргөн эмес. Кайра соодагерлер, усталар, мартабалуу бектер менен акчалуу мырзалар топтолду, лекин бир да адам күлүк баасын айта албады... Кабар падышага жетти, ал жылкы жандыгын жакшы көргөндүктөн, базарга жөкөрлөрүн жөнөттү.

Кемпирдун уулу ушинтип Аллем-Каллем дубасынын күчү менен падышанын башын айлантып жатканда, буга байланыштуу окуялар жөнүндөгү каңшаар дөөгө да угулду. Ал окуянын жайын шыр түшүндү. Дөө желге айланды да, учкан бойдон базарга келди. Шарт эле күлүктү жүгөндөн алды. Баарына даяр кыраакы улан ошо замат көгүчкөнгө айланып, көккө учуп чыкты. Муну көргөн дөө бүркүт болуп, асманга көтөрүлдү. Көгүчкөндү кууп жөнөдү. Көгүчкөн көкөлөп учуп, падышанын кызынын терезесининин текчесине конуп, бир тутам роза гүлүнө айланды. Падышанын кызы өмүрүндө мындай кооз розаны көрбөгөн.

– Оо-иий, кандай кооз розалар, – кыз терезени кенен ачып, розаны колуна алды да, ыракаттанып жытын искей баштады.

Муну көргөн дөө падыша сарайын кадимки бешиктей терметти. Терезеде турган бийкеч коркуп кетип, розаны колунан түшүрүп жиберди. Роза жерге тийип, тарууга айланып, чачыладай жайылды. Дөө көз ирмегенче тоок болуп кубулуп, тарууларды терип жей баштады. Жүрөгү түшкөн бийкеч жерде эмне болуп жатканын терезеден көрүп турду. Тоок тарууну түгөл терип жеп, акыркы таруу калды. Тоок жалгыз тарууну чокумак болгондо, ал кубулуп түлкүнүн кейпин кийди да, атырылып барып тоокту өлтүрдү.

Мунун баарын падышанын кызы түгүл, күзөтчүлөр менен көчөдөгү жолоочулар да көрүп, көргөн көздөрүнө ишенишпей, көпкө таңыркашты.

Түлкү жерге бир оонап, кишиге айланды. Биздин эрен падышанын кызына таазим этти да, күзөтчүлөрдү жиреп өтүп, падышага түз барды:

– Мына өзүң көрдүң, менин Аллем-Каллем дубасын үйрөнгөнүмдү. Эми убадаңды аткарып, кызыңды мага бер.

Бул сөздү уккан падыша акыл пештей албай алдастап, кедей үй-бүлөдөн чыккан жаш жигитке кызын бербестин айла-амалын ойлонду. Падыша жигиттин башын алдырганга даабасын, ал турсун аны даргага астыра же абакка отургузуп коё албасын түшүндү.

Жигит падыша эмне ойлоп жатканын билди.

– Падыша, эгер сен өз сөзүңдө турбасаң, Аллем-Каллем дубасын кандай пайдалана билгенимди сага да бир жолу көрсөтүүгө мажбурмун. Сен ошондо такта отурган жериңде чочкого айланасың. Өзүң чеч: же кызыңды мага бер, же чочкого айланасың.

Падыша кызын жигитке берди. Кызга да биздин эрен жаккан болчу. Үйлөнүү тою кырк күн, кырк түнгө уланды. Тойдон кийин биздин эренибиз өлгөн дөөнүн сарайына барып, өзүнө Аллем-Каллем дубасын үйрөткөн бийкеч менен жолугушуп, аны күйөөгө узатты. Өз эшегин да унутпады. Ага жакшынакай агыл салып берди жана жөлөк пул дайындады.

Орус тилинен Амирбек Азам уулу которду

(«Назым Хикмет: Влюблённое облако. Сказки и миниатюры. Издательство «Наука», Москва 1964» жыйнагынан алып которулду).

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз