Диндин көлөкөсү жана ыймандын жарыгы

  • 23.10.2025
  • 732

Тибет акылмандарынын айтымында: чын ыйман – ички тынчтык, ал эми дин – ошол тынчтыкка жетүүнүн жолу гана. Бирок адам жолду максат менен алмаштырып алган күндөн баштап, ыйман жарыгынын ордун көлөкө ээлеген.

Адамдар кудайга жетүүнү унутуп, анык эмес элестерге, китептердеги жалган түшүнүктөргө, адам ойлоп тапкан ченемдерге кул болуп калган. Дин адамдын рухий көтөрүлүшүнө кызмат кылмак түгүл, анын чектерин чийип, коркутуунун куралына айланды.

Тибет окууларында мындай салыштыруулар айтылат:
“Дин – көпүрө, бирок аны кеме деп ойлогон адам эч жакка жете албайт.”
“Ыйман – жарык, ал эми дин – чырак. Чыракты көтөрүп жүрүп жарыкты унутпа.”

Көлөкөнүн башаты

Дин өзүн акыйкаттын ээси катары санаганда фанатизм жаралат. Ал фанатизм – руханий оорунун эң жашыруун формасы. Фанат адамды чындыкты эмес, ишенимин коргоого үйрөтөт. Анткени фанат үчүн ыйык нерсе – акыйкат эмес, өзүнүн тууралыгына болгон ишеним.

Ушундан улам диндин тарыхында канчалаган согуштар кыргындар болду! Адам Кудайдын атынан адамды жек көрдү; тынчтыктын атынан согуш ачты; ыймандын атынан өлтүрүүгө барды. Ал эми Тибет даанышмандары мындай дешет:

“Ким бирөө Кудайды гана көрсө, демек ал көптүктүн кооздугун жоготот.
Ким бардык жанды бир эле жарыктан көрсө, демек ал Кудайдын жүзүн табат.”

Ыймандын чыныгы жарыгы

Чыныгы ыйман — эркиндикти сүйүү. Ал эч кимди күнөөлөбөйт, эч кимди түртпөйт. Ыймандуу адамдын жүрөгүндө жек көрүү эмес, боорукерлик уялайт.

Тибет акылмандары “чынында ыймандуу адам – унчукпаган адам” дешет. Анткени ал Кудайды сөз менен эмес, жашоо образы менен көрсөтөт. Анын тынчтыгы – эң күчтүү үгүт.

Ыйман – бул ички жарык нур, дин анын сыртындагы калып. Нур бар жерде калыптын кереги жок, себеби калып сакталган жерде нур өчөт.

Тибет насыйкаты

  • “Ким Кудайды коркконго эмес, сүйгөнгө үйрөтсө, ошол пайгамбар.”
  • “Сенин диниң – сенин боорукердигиң.”
  • “Фанат өз ишенимин коргойт, даанышман – чындыкты издейт.”
  • “Ыйманды табуу – дүйнөнү оңдоодон жеңил.”
  • “Жарыкка караганда, көлөкө өзүн чоң көрсөтөт. Бирок жарыксыз жашай албайт.”

Руханий тынчтыктын жолу: Медитация жана аң-сезимдин тунук абалы

Тибет акылмандарынын айтымында, адамдын эң улуу күрөшү — өз тынчтыгы менен тынчтык табуу. Медитация — бул жашоодон качуу эмес, тескерисинче, жашоону тынчтык менен кабыл алуу өнөрү.

Көптөр тынчтыкты тыштан издеп адашат: дүйнөдөн, адамдардан, диний жамааттардан. Бирок тынчтык — бул чөлдөгү үңкүрдө эмес, жүрөктөгү шамал басылган учурда жаралуучу үнсүз абал.

Медитация маңызы

Медитация — ойду токтотуу эмес, анын агымын аңдап, өзүңдү ошол агымдан бөлүп кароо. Ал тынч отуруу эмес, аң-сезимдин ойгонуу абалы. Көзүң жумулуу, бирок ички көзүң ачык. Денең тынч, бирок акылың тунук.

Медитация аркылуу адам жашоо агымын байкап, ооруну да, кубанычты да өзүнүн чыныгы мугалимине айландырат. Ошондо гана адам Тибет акылмандары айткан “боштуктагы толуктукка” жетет. Демек, эч нерсе кармабаган, бирок баарын түшүнгөн абалга.

Жашоо – дем алуу сыяктуу. Аны башкарба, жөн гана аңда. Ошондо ар бир демде Кудайдын демин сезесиң.

Тунук аң-сезим – эркиндиктин чеги

Адамдын аң-сезими тунук болгондо ал эч нерседен коркпойт. Ал эми коркпогон адам – эркин адам. Тибет мугалимдери мындай дешет: “Эркиндик – бул чындыкты билүү эмес, чындыкты сезүү.”

Ошол сезим адамды ыйманга жеткирет — китеп аркылуу эмес, тажрыйба аркылуу. Ошондо гана диндин чеги, философиянын тили, улуттун чек арасы жоголуп, адам Кудайды өзүндө табат.

“Жарык жол” – бул сырттагы сапар эмес. Бул адамдын өз жүрөгүнө жасаган тынч сапары. Тибет даанышмандары үйрөткөн бул жол кыргыз акыл дүйнөсүнө да үндөш: тынчтык, боорукерлик, ыйман – жарык жолдун үч шамы.

Даярдаган: Бек Тамырлан

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз