Жорж Дюамел: Үчүнчү симфония

  • 13.12.2025
  • 461

АҢГЕМЕ

Күн сайын эртең менен санитарлар сержант Шпетти жаракаттарды таңуучу жайга алып келишчү. Анын келүүсү менен бөлмөдө дароо бир башкача, муздак маанай өкүм сүрчү.

Башка жарадар немистер, балким, биздин жакшы мамиледенби, тынымсыз ооругандыктанбы же башка себептерден уламбы, айтор биздин камкордукту, көңүл буруубузду ыраазычылык менен кабыл алышчу. Бирок Шпет… ал башкача эле. Жумалап аны өлүмдөн арачалап калууга канча жанталаштык, андан соң да азап-тозогун жеңилдетүү үчүн бүт күчүбүздү жумшадык. Бирок ал биздин аракетке бир да жолу ыраазы болгон жок, эч качан оозунан бир ооз ыракмат чыккан эмес.

Ал французча бир аз түшүнчү, бирок аны да жөн гана керектүү учурда колдончу. Мисалы, "Бутума дагы бир аз кебез коёсузбу, мырза!" же "Бүгүн дене табым бийикпи?" деп сурачу. Андан тышкары, биз күн сайын анын катып калган, кыймылсыз жүзүн, ак кирпиктеринин алдынан бозоргон көздөрүнүн муздак, өткүр кадалганын көрчүбүз. Кээ бир белгилери боюнча ал акылдуу, билимдүү адам болсо керек деп ойлосок да, анын ичин ачык эле күйүп турган жек көрүү, текеберлик сезими ээлеп алганын сезчүбүз.

Ал ооруну эр жүрөктүк менен көтөрүп, жарадар денеси тарткан азапты жашырууга тырышчу. Менин көзүмчө бир да жолу кыңк этип онтогон эмес, бирок бул абдан табигый көрүнүш болмок. Менимче, Шпет мырзанын кадыр-баркын эч кандай түшүрмөк эмес. Ал балтасын тийгизүүгө батынбаган даракка чаап жиберген жыгач устачасынан "ах!" деп гана онтоп койчу.

Бир жолу гана биз аны тынчтандырууга мажбур болдук. Бутундагы жарааттын четтерин кесип, ириңин чыгарышыбыз керек эле. Ал кызарып-татарып, дээрлик жалынып-жалбарып: "Аны кесип таштабаңыз, мырза, макулбу? Суранам, кесе көрбөңүз!" деген. Бирок наркоздон ойгонгондо, анын жүрүм-туруму кайрадан кургак жана кастыкка толгон абалына келди.

Акыры мен анын жүзү каардан башка эч кандай сезимди билдире алат деп ишенбей калдым. Бирок күтүлбөгөн окуя менин таштай бекем ойлорумду талкалады.

Менин башкалар сыяктуу эле бир адатым бар: бир нерсе менен алек болгондо, ар кандай обондорду салып ышкыра берем. Балким, бул туура эместир, бирок ошентсе да мен ышкырбай коё албайм, айрыкча оор жумушка берилип кеткенде.

Бир күнү эртең менен сержант Шпетти кийинтип бүтүп, бир обонду байкабай ышкыра баштадым. Мен анын бутуна гана карап, жүзүнө көңүл бурган эмесмин. Күтүлбөгөн жерден, ал мени мурдагыдан таптакыр башкача карап турганын сездим. Баш көтөрдүм.

Чынында эле укмуштуудай бир нерсе болду: немистин жүзү өзгөрүп, жарык чачып, түшүнүксүз бир тирүүлүк жана сүйүнүч менен жайнап чыгыптыр. Ал жылмайып койду эле, аны тааныбай калдым. Күн сайын мен көргөн суз жүз күтүүсүздөн ушунчалык жумшак, ачык болуп кеткенине ишене албадым.

"Айтчы, мырза, – деп күңгүрөндү ал, – бул Үчүнчү симфония эмеспи? Сиз… жаңы эле… ышкырып жаттыңыз го, ошолбу?"

Ышкырыгымды токтотуп, жооп бердим:

– Ооба, Бетховендики. Үчүнчү симфония.

Ал толкунданып, үнсүз калды. Капысынан терең жардын үстүнөн ичке морт көпүрө курулду.Бирок бул бир нече көз ирмемге гана созулду. Мен жаңы эле эмне болгонун түшүнүүгө аракет кылганда, кайрадан мага муздак, өзгөрүлгүс бир көлөкө түштү — Шпет мырзанын кайрадан кастыкка толгон көз карашы.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз