АҢГЕМЕ
1937-жылдын 14-сентябры. Орунбор темир жол бекетиндеги платформада кыймыл кымгуут. Бутундагы хром өтүгүн кырчылдатып, каршы-терши басып турган НКВД кызматкери улам саатына үңүлүп, курун кайра-кайра оңдоп, ойдолоп турду. Сүзө качырып, сүрдүү тиктеген аскер адамынын жанына келгенде шашып бараткан кишилер кыйгап өтүп жатты.
– Вагонзакка эки киши салыштыбы? – шыбырай сүйлөдү колдорунда кара майдын тагы калган, орто жаштагы толмоч машинист диспетчер аял олтурган жердеги тешикке башын тыгып.
– Ооба.
– Жаш келиндичи? Аны отургузушкан жокпу?
– Лейтанат аны өз купесине жайгаштырды...
– Кудай урган тура! Ушунун айынан башыбыз кетпейби?
– Тилиңдин азабынан атылып кетип жүрбө, тишиңе катып жүрсөңчү!
– Мени менен качан Фрунзеге барып келесиң, жалжалым! Хе-хе, бир байкелетсем кана...
– Барчы ары! Сен аялды жыргатпаган кокуйлардан болсоң керек.
Орунбор–Фрунзе багытындагы поезд күшүлдөп ордунан козголо баштаганда гана НКВД кызматкери жандай басып келип, тутканы кармап бир топ жерге чейин тепкичте барды да, ичине кирип кетти. Жашы эми отузга таяган лейтенант У. Кыргыз ССР НКВДсынын жетекчиси Лоцмановдун жеке буйругу менен мамлекеттин эң коркунучтуу кылмышкерлерин Орунбордон Фрунзеге коштоп баратат. Ал орто бойлуу, арык жигит эле. Бүгүн өзүн дөө сезип, катуу толкуп тургандай. Ичинде сыймыктануу сезими дүрт этип, баргандан кийин кызмат даражасы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн кыялданып, чыккынчылардын шериктерин таап, терисин тирүүлөй сыйрыса да айыбын моюнуна коюп, Лоцмановдон жылуу сөз угууга дилгир эле.
Отуз жетинчи жылдын күзү ушундай ырайы суук башталды. Күндүн көзү көрүнбөй эртели кеч мунарыктап, боз түштү. Кишилер көлөкөсүнөн чочуп, артымдан бирөө кубалап келаткан жокпу деп алаңдап басып калды көчө-көйдө. Коңшусунан, ал тургай жакын тууганынан шек санап, камакка алынган бир кишинин артынан отузу, кыркы кошо камалып, тоголок каттардын артынан баштар топтой ыргып атты. Адам тагдырын каалагандай калчаган мындай зулумдукту адамзат мурда көрдү беле же жокпу...
Кимдики туура, кимдики чеки, ким күнөлүү, кимдики куру доомат – териштирген киши аз. Жарышка түшкөндөй шымаланып, чоң империянын булуң-бурчунда “эл душманын” таап, жазалоого шашышты. Отчёттор поезд менен кошо чуркап, зым карагайга тартылган зымдар “кокуй, лимитти көбөйткүлө миң кишини атып, он миңди камаган менен эл душманы быкпырдай кайнап атат, дагы аталы, дагы камайлы” деген кайрылууларды борборго жеткирип атты. Борбордон башталган бороон-чапкын бүт өлкөнү будуң-чаң сапырып, алдынан чыканын жыга кетип, жыгылбай калганын жылаңачтап өтүп, Сибирдин адам буту баспаган чытырман токойлоруна ыргытты. Лейтенант У. ооматтуу сааттары чыкылдап, пагондоруна жылдыздар жымырай турган учур ушул эмеспи. Баскан жериңде чет элдик тыңчылар, эл душмандары, койнуна котур ташын каткан контрреволюционерлер. Карма, кама! Бүттү! Пагонго жылдыздар өзү эле учуп келип конот.
Бир караганда поездге чиркелген вагонзактын башка вагондордон көп айырмасы байкалбайт. Бирок паам-парасаттуу киши чакан терезеси темир тордолуп, сыртынан бекем кулпуланган вагонзакты дароо эле билмек. Анда мамлекеттик чыккынчы катары кармалган Жусуп Абдрахмановду, ага кошуп корей улутундагы Пак деген жигитти Фрунзеге алып баратышкан. Темир тордон канча киши олтурганын көрүү мүмкүн эмес.
“Жүк бар” деген жазуусу бар вагонзактарда кишилерге буюмдан да жаман мамиле кылышчу. Буюмду сынып калбасын, бүлүнбөсүн деп аярлап, жумшак нерсеге ороп салса, кишини сындыруу үчүн вагонзактарга ач-жылаңач салышчу. Вагонзактарды сүйрөгөн поезддер жүрөгүндө саткындыктын, аксымдыктан калган тырыктары менен эрки сынып, көз оту өчкөн кишилерди чыкылдаган суукта шамал боздоп, бороон улуган Колыма, Воркута, Магадан, Карагандага ташып атты...
Атканын атып, жолдо өлүп калгандарын ит өлүгүндөй ыргытып, туш келди жерге көмүп кете беришет... Бул жолу вагонзак тескерисинче батыштан чыгышты көздөй бараткан.
Жыйырма эки жаштагы Мариянын сүлдөрү эле калган арык кебетеси солкулдап, жашын тыйбай олтурат. Купеге НКВД кызматкери кирип келгенде ордунан тура калды. Анын күйөөсүн үч күн мурун камакка алышкан. Алар үч күн мурун дал ушул каттам менен Фрунзеден Орунборго поезд менен келишкен. Никелешип, ата-энелеринин батасын алып кайтышкан. Поездден түшөрү менен күйөөсүн кармап кетишти, өзүн дагы НКВДга сурак кылып, кайра бошотушкан болчу. Эртеси жаш лейтанат “биз менен Фрунзеге кетесиң” деди. НКВД кызматкерлери күйөөсү В.Пакты “Жапониянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган” деп кармашты. Орус-корей үй-бүлөсүнөн чыккан Василийдин жаш илимпоз катары атагы чыгып, студенттердин сүймөнчүгү эле. Экөө тең Фрунзеден, ата-энелери ошол жакта турушат. Лейтенант киргенде Мария ордунан тура калды.
– Олтура бер, – деди жаш лейтенант У. Ал жүзүндөгү санаркоону жашырып, кабагын түйүп, фуражкасын башынан алды да, тармал сары чачтарын сылап койду.
– Тигине, чемоданыңды алып кирдирип койдум, – деди ээги менен чемодан турган тарапты искеп, чөнтөгүнөн ачкычты алып кызга сунду.
Өзү чемодандын жанындагы кара кайыштан тигилген килейген протфелди алды да, жанына таштады. Мария үч күн мурун дал ушул лейтанат менен бир поездде келип, ошонун арты менен күйөөсү камакка алынганы билген жок. Бүгүн эртең менен Орунбордун түрмөсүнөн жолдошун вагонзакка конвой менен алып келишти. Ошондуктан жолуга албады, сүйлөшкөнгө болбоду, артынан гана көрдү.
У. купеге киргенден кийин шашпай олтуруп рапорт жазды.
“Кыргыз ССР Ички иштер эл коммисары Лоцмановго
РАПОРТ
Фрунзеден чыккандан кийин жүргүнчүлөрдүн бири көзүмө илинди. Кытай же, корей, жапон болушу дагы мүмкүн. Жолдо токтогон жеринде шектүү жүрүп, бекеттеги имараттарды өтө кылдат карап жатканын байкадым. Андан сырткары өтө кымбат баалуу шараптарга акчасын чачты. Мен аны менен чогуу бараткан кыздын дагы кимдигин аныктадым. Фрунзедеги курулуш дүкөнүнүн баштыгы Саповдун кызы экен. Алар купеде экөө гана болчу. Алар тууралуу кеңири маалымат алыш үчүн мен тарабымдан вербовка болгон Сменихинаны алар бараткан купеге жайгаштырдым. Мен аны менен Фрунзеден бери тааныш элем, өзү коммунисттин жубайы. Смехина аркылуу купедеги Саповдун кызы менен бараткан жигит корей улутундагы Василий Пак экени аныкталды. Анын кыймыл-аракети, жүрүм-туруму талашсыз түрдө тыңчы экенин көрсөтүп турат. Орунборго жетери менен 11-сентябрда менин өтүнүчүм менен бекеттеги НКВД кызматкерлери тарабынан кармалды. Ал алгачкы суракта Жапониянын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылып жүргөнүн жарым-жартылай моюнуна алды. Василий Пак Орунбордогу түрмөдө эки күн кармалып, Жусуп Абдрахманов менен чогуу мен тарабынан Фрунзге жеткирүү үчүн вагонзакка салынганын сизге кабарлайм.
Кыргыз ССР Ички иштер эл коммисариатынын инспектору лейтанат (У.)
14.IX. 37-ж.”
Рапортко Мария тууралуу көп деле маалымат берген жок. Анын жанына алганына бир аз чочулап, санаасы тынчыбай турат. Кызды алгач поездден көргөндө эле жактырып калган. Көздөрү тим эле деңиздей көгөрүп, чөгүп кетчүдөй терең. Мариянын ушу таптагы азаптуу жүзү ансайын анын чырайын ачып, ушунчалык сулуу көрүндү лейтенанттын көзүнө. Жылуу сүйлөп, аяр мамиле кылып, келин менен махабат кумарына батмак да, эгер көңүлүн калтырчу болсо, Фрунзге жеткенде кайра камап салмак. Балким, Мария да муну жактырып калса, анын эптеп аман алып калуунун, каматпай сактап калуунун аргасын издемекчи. Жубай кылып алса, жаманбы. Билимдүү, эстүү кыз окшойт. Анан ушундай кыздар тигиндей келесоолорду кайдан таап алат. Анысы шүмүрөйүп, ыштаны шыпырылып, көз айнеги бууланып, алгачкы суракта көргөн кордугунан адам сыягынан чыгып калды. Лейтенант кымырылып-кымтыланып, эликтин чаарчыгындай дирилдеп олтурган кызды тиктеп, рапортун папкесине салды да:
– Мен чылым чегип алайын, – деп сыртка жөнөдү.
Лейтенант У. тамбурда тамеки күйгүзүп жатканда көңүлүн бир аз кыжалатчылык өйүдү. Чемодан, портфелдер дагы вагонзакта өзүнчө сакталган жерде кетиши керек эмес беле. Аларды да жанына алып алды. Тергөөдө далил фактылардын баары ошол кара портфелде. Орунбор облустук аткаруу комитетиндеги жооптуу кызматтардын биринде иштеп жаткан кыргыздын даңктуу уулу Жусуп Абдрахмановдун калың портфелиндеги документтерди эки күндүк жолдо бир сыйра көз жүгүртүп чыгып, илинчек издемек мүдөөсү бар эле. Чоң портфелде калың кагаздар, дептер, кол жазма кагаз-кугаздар бир топ экенин көргөн.
Купеге киргенде Мария көйнөк алмаштырып кийгенин байкады. Кызга жылуу жумшак сөз керек азыр.
– Ресторан вагонго барып өзөк жалгап келейин. Сага ала келем, эмне жейсиң?
– Билбейм, эч нерсе деле жегим жок.
– Карап көрөм, кайсыл тамагы даамдуу, ошону алып келип берем. Экөөбүз чогуу барганга болбойт, чоочун көздөргө урунбайлы...
Лейтенант үстү-башын оңдоп, чачын тарады да, чыгып баратып:
– Менден калтырап коркпой эле кой. Досуңа ишенгендей ишен, НКВД кызматкеринин баары эле жаналгыч эмес. Кел, чемодандын ачкычын мага берип койчу?
Мария үн катпай, чемодандын ачкычын сунду. Лейтанат атайлап кыздын колун сылай кармап өтүп, ачкычты алды. Кыз шарт этип колун тартып кетти.
Ресторандан У. көңүлү көтөрүңкү келди. Киргенде эле купеге арак жыты бур этти. Марияга жакын олтуруп:
– Кайда окуйт элең, Мария же иштечү белең?
– Оренбург педагогикалык институнда 3-курста окучумун.
– Күйөөң да студент беле?
– Жок, ал айыл чарбасы боюнча окуган, азыр окумуштуу...
– Шпион экенин билчү белең?
Кыз үндөбөй башын өйдө көтөрбөй койду.
– Күйөөңдүн камалары анык, ага көмөктөшкөн киши катары сен дагы камалсың го...
Кыз бышактап ыйлап баштады.
– Эч кандай күнөсү жок, ал деген илимпоз эмеспи.
– Ошол илимпоздун беткабын кийип алып иштеп жүргөн да. Болгондо да бизди капиталисттик көпөстөргө, кан соргучтарга сатып, коммунисттердин жеңилишин, тукум-курут болушун каалаган.
– Андай дебеңизчи, суранам.
– Сен андан баш тарт, ажырашып кет. “Чыккынчы менен жашаганыма өкүнөм, мен андан баш тартам” деп айткын Фрунзеге барганда.
– Жок, эч качан андай болбойт.
Мариянын көзүнө от жанып кетти.
– Күйөөң атылып, өзүң камалып, Акмолодогу суук лагерде ооруга чалдыгасың, кор болосуң. Ошол керекпи сага!
– Жок, камабайт. Совет өкмөтү үчүн башын сайган кишини эмнеге атсын, студент кызды эмнеге камасын.
– Балдарды атып жатышпайбы, чыкынчылык үчүн! Сен жаш баладан бетер турбайсыңбы?
Кыз колу менен жүзүн жаап ыйлай баштады. У. аны жубатмак болуп кучактап, чачынан, моюнунан жыттагылай баштаганда Мария дирт эте ордунан туруп кетти.
– Суранам, мени жолдошумдун жанына эле камап салыңызчы.
– Эчтекеден коркпой эле кой, абакта кор болгуң келеби! Фрунзеге жеткенде сени бошотуп жиберем, андан аркысын өзүң билесиң.
– Кудай үчүн анда мага тийишпеңиз, Кудай үчүн!
– Макул.
– Сөз береңиз.
– Жарайт, офицерлик сөзүм, сен коркпо!
– Кел, вино алып келдим... ичелиби?
– Жок, мен шарап ичип көргөн эмесмин...
– Макул, көп эле калтырап корко бербечи, байболгур.
Кырдаалды жумшартмакка күлгөн киши болду. Кыз ыйлап атты...
У. өз ордуна келип чалкасынан жатты. Кыйладан барып денесиндеги кумар отун өчүрдү. Ошо менен көзү илинип кетиптир. Поезд айылдарды, талааларды, адырларды аралай күшүлдөп-бышылдап жүрүп отуруп түн коюнуна кирип кетти.
– Мен сизге ашык болуп калганым ырас, Мария. Ошого сизге жардам берейин деп жатам.
– Рахмат. Менин күйөөм бар экенин унутпаңыз.
– Чыккынчы, саткын кишиден оолак бол. Сени көргө кошо сүйрөйт.
– Мейли.
– Сен эмне, өлгүң келеби!
Мария мелтейип унчукпады. Түндүн тынчтыгын жарып поезд кош тарткан өгүздөй күшүлдөп-бышылдап келатты. Чын эле ак жүрөк экенин далилдеш үчүн лейтенант У. Марияны камактан куткарып калышы керек. Мария ага күйөөсү тууралуу билгендеринин баарын төкпөй-чачпай ортого салса, амалын тапса болот. Бирок кыз муну такыр эле уккусу жок. Азоо тайдай диртилдеп, поездден боюн таштап жибергенге деле даяр. Күйөөсүнө кылдай кара санабаган, ак жүрөк, дили таза жаш кызды лейтенант огобетер жакшы көрүп калды. У. жөн эле аңгиленип, кызды баса калганы такыр туура болбосун, ошо менен бардык үмүт-тилеги дүрт этип эле учуп жок болорун түшүндү. Убакыттын иши деди, мезгилдин иши. Кудай менин бактыма ушул кызды жазган болсо, демек тагдырдан качып кутула албайсың. Сүйдүрүп алам деди, жаштыгына, чекисттик амалкөйлүгүнө ишенип. Кийинки күнү лейтанат У. калың кара булгары портфелдеги Жусуп Абдрахмановдун кагаздарын, буюмдарын чачып, анын жазган каттарын, күндөлүгүн барактады.
“Бир топ дыйканды кабыл алдым. Бардыгы айыл чарба салыктарынын оордугуна нааразы. Чындыгында аша чаап кетишкен. Эгер өткөн жылы 10 рубль төлөшсө, бул жылы 100дөн төлөй турган болуптур. Бул туура эмес, бирок муну оңдоо менин колуман келбейт. Бул “алысты көргөн” борбордогу башчыларыбыздын кылганы...” – деп жазганына көзү түштү. Мына, мына, ушундан өткөн далил болобу деп ичинен кудуңдады.
Кантсе дагы У. кызымтал болгондо мактанып айтып жүргөнүндөй билимдүү чекист эмеспи, өзү кырдуу жаш жигиттин жазгандары, өзгөчө анын белгисиз кызга арнап күндөлүккө жазган сезимдерине эрксизден баа берди. Кээде үнүн чыгарып Марияга да окуп берди. Кызга ушунусу куп жакты.
– Асыл адам экен...
Лейтенант У. бырс күлдү.
– Мария, кооз сөздөргө ишенбеңиз. Капкан ошол жерде, сөз башка, иш такыр башка эмеспи. Карабайсызбы, мен сизге офицердик сөзүмү бердим. Башка бирөө болсо баса калып, зордуктап салмак, туурабы?
– Аныңызга ыракмат, өтө ыраазымын.
Экинчи күнү Мария экөө кадыресе эски тааныштардай жакындашып калышты. 16-сентябрда поезд Казакстандын Арыс станциясына токтоду.
– Мен зарыл жумуш менен бир жерге барышым керек. Бул буюмдарга сак бол! Ме, ачкыч сенде болсун!
Станцияда вагондор башка поездге чиркелерин алдын ала кабарлашкан. Эки сааттай убактылары бар. У. сакал-мурутун алдырып, чачын кыскартып алууну чечти. Бекет кызматкерлеринен жакын эле жерде уйгур киши иштеген чачтарач барын сурап билди. Чачтарачка барса, улгайып калган уйгур киши тестиер баланын чачын устара менен тасырайта кырып жаткан экен, шарт этип кирип барганда, көзү чанагынан чыгып кетчүдөй үрөйү учту.
– Сага эмне болду, жылан көргөнсүп, – деди У.
Сакал-муруту жок сүйрү бети ансайын бузулуп, уйгур абышканын жүрөгү оозуна кептелди:
– Келиңиз, келиңиз жолдош...
– Кимге жолдош, кимге комиссар. Кана балакай, сен коё тур. Калган чачты анан алдырасың.
Тестиер эчтекени түшүнбөй жалдырай карады.
– Марш, бул жактан! Кана, сакал-мурутту аласың, чачты кыскартасың. Түшүндү?!
– Түшүндү, жолдош комиссар...
Уйгур чалдын колдору калтырап, тер кетип атып, мунун чачын кыркып, сакал-мурутун алып берди. Сынык күзгүдөн өзүн бир карап алып, У. абышкага алкыш да айтпай сыртка чыкты. Темир жол бекетине кайтып келсе, вагондорду башка локомотивге чиркеп, эбак эле жолго аттандырып жиберишиптир. Вагонзак болсо кийинки каттамдагы поездге чиркелерин айтышты. Калдастай түштү, бекеттин жетекчисине кирип барып, ашата сөктү.
– Башың менен жооп бересиң, акмак! Эскертпейт белеңер!
– Жолдош лейтанат, вагонзак станциядан башка локомтивге чиркелери эскертилген. Жүргүнчү вагондор дароо кетери да алдын ала маалымдалган.
– Вагонзакты кайра чиркей турган поезд канчада?
– Эки сааттан кийин!
– Түүй, келесоо, саткындар!
– Фрунзеге силер жөнөткөн поезд канчада жетет?
– Таңкы төрттө жетет, лейтенант.
Вагонзактагы конвойлордун бирине эскертип койбогонуна өкүндү. Эгер чукул кабар болуп калса, мени бул жактан изде же тигил кызды түшүрүп кал десе болмок да. Далил буюмдарды кылмышка шек саналган неменин колуна карматып жибергенин карачы. Оозу кургап кетти. Марияны кайдан табат, ал далил буюмдарды алып из жашырып кетсечи. Ордунда чимирилип кетти. Үстөккө-босток чылым чегип, ары-бери басып, жаны кашайды.
Кайсыл даректемин деди эле? “Фрунзе шаары, кызыл Аскер көчөсү 102” деп жазылып турган. Ооба, суракта күйөөсү көрсөткөн даректи эстеп калган.
16-сентябрдын таңында Фрунзедеги темир жол бекетине түшкөндө У. нун өңүндө кан жок эле. Абдрахманов менен Пактын кылмыш иштерин НКВД тергөөчүсүнө берип, далил буюмдарды азыр алып келерин айтты. Тергөөчү түшүнбөй калды:
– Кандайча эми алып келип берем?!
– Аны мен вагонзактан машинеге салганда калтырып коюптурмун. Досум, мени туура түшүнчү. Машине Фрунзенин бир жерине жылып кете калган го, азыр дароо алып келем.
– Жүрөгүң тоо экен сенин, лейтенант. Жөнө батырак!
Тергөөчүнүн бөлмөсүнөн учуп-күйүп чыккан У. нөөмөтчүлөр турган жерден Мария менен тиктешип калды. Аны НКВД коменданты майор К. суракка алып жатыптыр. Майор муну көрөрү менен эле:
– Камагыла лейтенантты,– деп жанындагы кызматкерлерге буюрду. У. нун колуна кишен салышты.
Мария Арыстан поезд жылып кеткенин кечигип билди. Болбосо конвойлорго чуркап “лейтенантты тапкыла” демек. Таңга маал поезд Фрунзеге келгенде чемодандарын жыйнап жатып, кара портфелди ошондо көргөн. Аны өзүнө тартканда, кызыл күбөлүк жерге түшүп кетти. Ичин ачып окуса, Жусуп Абдрахмановго таандык партбилет экен. Портфелге шашылыш кайра салды да, чемодандары менен кошо поездден сүйрөп түштү. Темир жол бекетинде таң атырган кыз келерки поездди күтүп олтуруп, көзү илинип кетиптир.
Ошентип лейтенант У. экөө ал жерден кезикпей калды.
Мария бекеттен кийинки поездди күтүп, лейтанатка портфелди берип, күйөөсү экөөнүн тагдыры эмне болорун сурап билмек. Көңүлүндө жакшы жигит экен, күйөөмдү ушул жерден бошотуп жибериши да мүмкүн деген баёо ишенич турду. Темир жол бекетинен жолуга албай калып, НКВД имаратын сураштырып таап келген. Нөөмөттөгү жоокер эмнеге, кимге келгенин сурап жатканда эле өзүн ушул жердин коменданты катары тааныштырган майор сөзгө кийлигише калып, чоо-жайын сурап билген. Ошол маалда лейтенант У. дагы карп-күрп келип калды.
* * *
Далай кишини ушул түрмөгө камап, мамлекет чыккынчыларынын көзүнөн кан агызган жаш лейтенант бүгүн өзү темир тор артында, капканга түшкөн түлкүдөй ичинен кыңкыстап атты. Бирок айла-амал издеди.
1937-жылдын 22-ноябрында аны кезектеги суракка алып келишти. Өзү менен курбалдаш, төрт жылдан бери чогуу иштешип калган улук лейтенант М. муз тоңгон көзү менен тиктеп туруп:
– Келемиш акыры капканга чабылган экен? – деди.
– Эмне дегениң жолдош, Мишин?
– Токтот! Кайдагы жолдош, эмне болгон жолдош! Болгонун болгондой жаз! Биздин суракты өзүң жакшы билесиң.
Мишин камакка алынган У.нун бөгөт чарасы тууралуу токтомду сунду:
– Этегине колуңду кой!
“Айыбын угузуу жана бөгөт чарасы тууралуу
ТОКТОМ
Мен, Кыргыз ССР НКВДсынын коопсуздук кызматынын улук лейтенанты М. 1937-жылдын 22-ноябрында Кыргыз ССР НКВДСынын Инспекторлор тобунун мурдагы кызматкери 1909-жылы туулган С.И. У. нун иши менен таанышып чыктым.
У. 1937-жылы сентябрдын 11инен 13үнө чейин Орунборго өзгөчө тапшырма менен командировкага барып, шалаакылыкка жол берген.
1) 16.IX.37-жылы Орунбордон келе жатканда өзгөчө оор кылмышка шектүүнүн жубайын качырууга аракет кылган. Анын жолдошунун тыңчылык ишмердүүлүгү тууралуу кабардар болуп туруп, аны камакка алган эмес. Поездде келе жатканда кылмышка шектүү М. аттуу келинден 500 рубль каражат алган.
2) 14-сентябрда У. Орунбор НКВДсынан эки маанилүү мамлекеттик кылмышкерди – Ж.Абдрахманов менен В.Пакты конвой менен Фрунзеге жеткирүү тапшырмасын алган. Ошол эле маалда Орунбор облустук УНКВД УГБнын 8-бөлүмү тарабынан ага тергөө материалдарын жеткирүү тапшырылган. Анда Абдрахмановдун жеке каттары жана документтери болгон. Бирок У. тергөө материалдарын жанындагы М. аттуу келинге берип салган. Ал каалаган учурда андагы материалдар менен тааныша алган. Демек, айрым маалыматтарды жок кылып койгонго да анда мүмкүнчүлүк болгон.
3) Ошол эле 14-сентябрда У. Орунбор темир жол бекетине келгенде Абдрахманов менен Пакты вагонзакка күзөтчүлөргө өткөрүп берип, шектүү М. аттуу келинди жанына купеге чогуу алып алган. Вагонзактагы чемодонды дагы анын колуна карматкан.
4) Купеде баратканда У. бир нече жолу Абдрахмановдун документтерин барактап, жолду катар окуп келген. Ал тургай М. аттуу келинге да контрреволюциялык маанайдагы жазгандарын үнүн чыгарып окуп берген. Станцияда поездден түшүп чыкканда бардык буюмдарды жана документтерди шпиондун аялы менен чогуу калтырып койгон.
5) Арым станциясына келгенде чачымды кырктырам деп, поездден калып калган. Тергөөнүн материалдарын М. аттуу келинге атайын калтырып, аны Фрунзеге салып жиберген. Бул аркылуу качыруу айласын көргөн болушу мүмкүн. М аттууу келин Кыргыз ССР НКВДсынын коменданты аркылуу кармалып, камакка алынды.
Жогоруда аталган У. кылмыштуу аракеттери РСФСР Кылмыш кодексинин 193-17 п. “а” беренесине туура келет. Ошондуктан РСФСРдин Кылмыш кодексинин 128–129 жана 143–158-беренелерин, ошондой эле СССР Ички иштер эл комиссариатынын жетекчи орун басары жолдош Фириновскийдин 21. IX. 37 санкциясын жетекчиликке алып
ТОКТОМ
У.га 193-17 п. “а” беренеси менен айыбы угузулсун, тергөө кызыкчылыгына байланыштуу анын бөгөт чарасы Кыргыз ССР НКВДсынын түрмөсүнө камакка алуу аркылуу ишке ашсын.
Аталган токтомдун көчүрмөсү Кыргыз ССР Аскер прокуроруна жөнөтүлсүн.
Улук лейтенант М. 22-ноябрь, 1937-жыл”.
Таңгөрүү! Кечээ эле өзү ушундай токтомдордун далайын токуп, далай кишини тизелетип, калтыратканы көзүнөн чууруду. Лейтенант У. токтомду окуп чыкканча мээси чыңалып, жинди болуп кете жаздады.
– Мишин, менин түшүндүрмөмдү жолдош Лоцмановго жеткириңиз суранам, суранам.
– Түшүндүрмө?! Биз аны даярдап койгонбуз. Ага дагы кол кой! Бул берене азырынча гана, уктуңбу азырынча! Сага 58-берене таккандай далил табыш керек!
У.нун көзү караңгылашып кетти. Өзүнүн актыгын далилдей албасын, жок дегенде абакка камалса да атылбаштын жолун издеши керектигин түшүндү. Эгер 58-беренени такчу болсо, атылат же лагерге айдалат. Өлгөнү ошол. Андай беренени коштурбаш үчүн бул жердегилердин экөө-үчөөнү кошо сүйрөө зарыл. Мишин, Мишин бу кылганыңдын жообун бат эле аласың деди У. ичинен ызырынып. 58-берене болсо сени дагы тартып кетем...
* * *
Ушундан төрт ай өткөндөн кийин 1938-жылдын 27-февралында Фрунзеден чыккан поезд казак талааларын аралап, ызгаарды жеңчүдөй от бүркүп, озондогон бойдон батышты көздөй баратты...
Мария бул жолу үшүп-тоңуп, өзү сыяктуу камакка алынган аялдар менен күрсүлдөгөн жөтөл, бышылдаган ый, оор онтоо аралашкан вагонзакта. Темир эшиктер, ызырынган аскерлер, сөөктөн өткөн суук, дем жетпейт, зааранын жыты жүрөк айланатат...
Жүрөк десең, мунун жүрөгү муз болуп, акыркы айлардагы көргөн азабы аны киши катарынан чыгарып койгон сыяктуу. Ыйлабай да, күлбөй да калды. Ыйлап, арман кылган күйүт да муну таштап кеткен сыяктуу. Тирүүнүн өлүүсүнө айланып калды жаш кыз... мелтейип бир тиктеген чекитин кечке карап олтура берчү болгон. Жанындагы аялдар ар кайсыл куракта, көбү мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген кишилердин жубайлары эле. Күйөөлөрү камалганда буларды да абакка камашып, каршы көрсөтмө талап кылып, уруп-сабап, ит азабын көрсөтүштү. Бирок Кудай Таалам бул аялдарды ушунчалык бекем, пакиза кылып жараткан экен, бирөөсү да жолдошуна карасанатайлык кылган жок...
Мындан алты ай мурун эле ак төөнүн карды жарылган берекелүү сентябрдын этегинде сүйгөнү менен Фрунзеге жетелешип келип, ак никеге туруп, ата-энесинен бата алып, кубанычтары койнуна батпай, экөө жалгыз купеде махабат отуна жүрөктөрүн жылытып баратышпады беле... Бул жолу поезд Акмолонун бороон улуган, куу талаасындагы лагерди көздөй баратты.
Василийдин тагдыры эмне болгонун билбейт. Ара-чолодо бул үчүн камалган жаш лейтенантты да эстеп коёт. НКВД тергөөчүлөрү ага каршы көрсөтмө берүүнү талап кылганда, оозун ачпай койгон. Болгонун болгондой айтып, бирок ашыкча, калп көрсөтмөлөргө кол коюудан баш тарткан. “Мейли, тырмагыма ийне сайып, чачымды бирден жулгула, кол койбойм” деди. Ошондон көп азап тартты. Бирок абийирине саткындык кылбады. Кайран кыз, ошол лейтенант буга кандай караниеттик кылганын, бүт тагдырын талкалаганын билбейт эле... Билбегени жакшы болдубу же жаманбы, айтуу кыйын. Балким, ошо билбей калган үчүн баткакка тебелеп салышса да, адамдык абийринде жакшылыктын үрөнү чирибей, соолубай кала берди.
... Вагонзакта мелтейип бир чекитти тиктейт. Чекит кээде Василийдин кара көзүнө, кээде жаш лейтенанттын жашыл карегине айланып кетип атты.
29. 10. 2025. Бишкек
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR