Кыял Тажиева: Баары бир кайра бересиңер

  • 24.12.2025
  • 0

Жал айылынан маршруткага төрт-беш аял жана бир окуучу түштү.

- Жол кире 20 сом эжекелер! – деди айдоочу.

- Пенсионермин, – деди биринчи аял.

- Пенсионер болсоңор да 20 сом. Бул шаар эмес, айыл да. Шаар ичинде пенсионерлерге 8 сом.

Аялдар акчаларын төлөп отурушту. Окуучу бала да жыйырма сомун төлөдү.

Бала бош орунга чуркап барып, сүйүнүп отура калган жерден:

– Тур ай, орун бер! – деп бир кемпир отурган окуучу баланы ордунан тургузуп жиберди.

Бала сумкасын кайра жонуна асынып, терезени ойлуу карап, алыска көз жүгүртүп кетип баратты. Маршрут айылдан чыгып аңызды аралап барат.

Бир маалда аялдын күңкүлдөгөн үнү угулду.

- Кандайча айыл? Бизди шаарга, Ленин районуна кирди дебеди беле? - деди биринчи аял.

Экинчи аял анын сөзүн ырастады.

- Ооба, кирген. Свет, сууну Ленин районуна төлөп жатпайбызбы. Мурда айыл болгон учурда азырак төлөчүбүз. Азыр шаардын тарифи кымбат экен. Ошого деле унчукпай төлөп атабыз.

- Андай болсо баарын бирдей кылышсын. Ырас, шаардын льготасы менен пенсионерге маршрут да ошондой баада болсун да, - деп үчүнчү аял кошулду.

- Ооба да, биз төлөй келгенде кандай эле шаардык болуп калабыз да, жардамга бергенге келерде эле айылдык болуп калабыз буларга.

Окуучу бала бул чоңдордун ызы-чуусуна башы ооруп кеттиби же өзүнүн эле көнүлү айныппы, айтор, жерге эле башын кармап отуруп калды.

Кары кемпир балага карап:

- Апей каралдым, сага эмне болду? Башың айланып атабы?

Бала оңтойсуз боло түштү да:

- Жок, жөн эле! – ордунан турду да, жонундагы сумкасын чечип, колуна кармады.

- Ай бала келе, мен сомкеңди кармап алайын, - жанындагы дагы бир кемпир анын сумкасын алды.

Бала сумкасын бергиси келген жок. Бирок анын ой-боюна койбой эле алдына алып алды.

Үч-төрт аял биринен бири өтүп чуркурашып, маршруткада ызы-чуу салып жиберишти. Айдоочу баарын укту, бирок унчукпай эле коёюн деп ойлоду. Бирок чыдабай кетти.

- Эжекелер, ачыгын айтканда, бизге деле оңой болгон жок. Мына бул айыл шаарга киргени менен, шаардан алыс эле бойдон калды да. Туурабы? Силер сегиз сомдон бергиңер келип атса, азыр май 80 сом. Ошондо, ал майдын акчасын биз төлөп атпайбызбы. Аябай эле силерге кыйын болуп атса, анда берейин акчаңарды кайра.

- Ай бала баарын өзүң баштап алып, кайра өзүң эмне бизди коркутасың? - беттен алды биринчи аял.

- Ой эжекелер, мен эч нерсе деп сүйлөбөй эле келатам го.

- Бер. Сегиз сом эле төлөйбүз пенсионерлер. Бер акчабызды кайра, - деди экинчи аялы.

- Канча сом бердиңер эле?

- Жыйырма сом бергенбиз. Он эки сом бересиң, - деди бири.

Окуучу бала чочуп кетти.

- Байке, байке, токтотуп коёсузбу? Мен мектептен өтүп кетиптирмин.

Жини менен келаткан айдоочу маршрутту кокусунан токтотконго, баары алдыга жүткүнүп, бала эшикке барып күп этип жабыша түштү.

Бала шашып-бушуп маршруттун эшигин ачып, келаткан жолдон артка карай чуркап жөнөдү.

Маршрут жол улады.

- Ай жөн эле койсоңорчу эми, - ары жакта унчукпай бараткан кары аял сөзгө аралашты, - бул бала да үй-бүлөсүн багайын деп жүрөт да. Мунун деле жумушу оңой эмес, эртеден-кечке ушундай суукта жанын-жанга уруп иштеп жүрөт да.

Маршрут тык токтоду да, айдоочу бала, акчасын санап, тиги аялдарга акчасын берди.

- Алыңыздар. Деги ушундан силер байып, мен бирдеме болуп кетсем, деги алгыла.

Маршрут кайра ордунан жылды. Аялдардын бири акчаларын алып, тиги аялдарга таркатып берип жатты.

- Аким да бизге жардам берсе жакшы болот эле? Акими ким экен Ленин районунун? - деди үчүнчү аял акчасын алып жатып.

- Аким сизге эмнеге жардам бермек эле? - деди отургандардын бири.

Айдоочу, ызалуу үн чыгарды.

Дагы кимге акчасын беришим керек?

- Мен да жыйырма сом төлөгөм, - деди артта отурган эркек киши.

Айдоочу эркек кишини таң калып карады да, аябай жини келди. Акчасын санап, он эки сом берди.

- Ме, мегиле! Алгыла, азыр алгыла. Анан аркы дүйнөгө барганда беришиңер керек болгонун акыры кайра бересиңер. Ал жактан кудай баарын тактайт деп атпайбы. Мерия береби, же өзүңөр бересиңерби, кыскасы, кайра баары бир бересиңер.

Эч кими унчукпады.

Маршрут мүрзөлөрдүн жанынан өтүп баратты.

Баланын сумкасын кучактаган бойдон кемпир эми баары тынчыганга сүйүнүп, уйкуга кирди.

22.12.2025.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз