фэнтези-аңгеме
Кичинекей көпөлөк өзүн башкалардан өзгөчө экенин сезчү. Башка көпөлөктөр гүлдүү талаанын үстүнөн бири-бирин кубалап, жерди бойлой учушса, бул көпөлөк табиятында жок, башка көпөлөктөр түшүнө бербеген кылыктарды көрсөтүп, абада акылга сыйбаган кыймылдарды жасап, ойкуп-кайкып, көпөлөктөр дүйнөсүн төмөндө калтырып, өтө бийиктеп кетчү. Кайдан-жайдан белгисиз, заматта кайтып келип, жел терметкен кызгалдак гүлүнүн жибектей жука, назик кызыл жалбырагына коно калып, эч нерсеге көңүл бурбастан, кандайдыр бир ойго батып, узакка кыймылсыз отурчу.
Сырткы келбети боюнча андан эч айырмасы жок башка көпөлөктөр гүлдүн башына үймөлөктөшүп, баары бирдей гүл ширесин өзгөчө ыракат менен соруп жаткандай түр көрсөтүп, бирок шире соруу ишин токтото калышып, бүт көңүлдөр буга бурулуп, бул сырткы тиричиликтен такыр бөлүнүп, айланасындагы бүт ааламды унутуп отурган көпөлөккө уурдана көз таштап, ал жөнүндө бири-биринен өтүп, сөз талаша, аны жамандай башташчу… «Отко, жылуулукка умтулуу баарыбызга таандык сапат, бирок Күнгө, Күнгө кол сунуу… бул эми аша чапкандык, текеберчилик», - дешчү алар…
Экөө калганда гана ата көпөлөк муңайым отурган эне көпөлөккө үнсүз айтты: «Мындай кереметти мурда көрүп билген эмесмин, бирок укканым бар. Илгерки заманда, биздин аркы түпкү тегибизде ушундай бирөө болгон дешчү. Бирок андай көпөлөк болдубу, болбодубу, аны эч ким так айтчу эмес. Айтор, ал алыста, бизден бөтөн жаратылыштагы көпөлөктөр дүйнөсүндө, балким өтө бийикте өлгөн дешчү. Эми көрсөм, болгон экен, жарыктык…».
Эне көпөлөк эмне дээрин билбей шашып, бала көпөлөк жөнүндөгү узун сөздү ар кай жакка буруп, күңкүлдөп жаткан көп көпөлөктөр жакка жазгана карап: «Кайдан, айтор, кайдан… жараткан-ай…», - дечү.
Кичинекей көпөлөк өзүн курчаган дүйнөгө эч маани берчү эмес. Анын бардык ой-санаасы алыста, кээде көгүлтүр, кээде кара күрөң, кээде кызгылт жарыкка бөлөнүп, кубулуп турган тоо кыркаларында болчу. Бийик чокулары түбөлүк кар менен капталган тоо этектеринде кандай чөптөр, кандай гүлдөр өсөрүн, ал жердеги сыйкырдуу күчтү, тоо табиятынын аптаптуу талаадан канчалык артыкчылыгын көпөлөк билбесе да, анын дили бийиктикти самап, кандайдыр бир сырды издечү. "Эгер Жараткан мени өзгөчө жараткан болсо, эмне үчүн ал өзгөчөлүктү пайдаланбашым керек? Акырында, эгер зарыл болсо, эмне үчүн өзгөчө өлүм менен өлбөйүн?" – деп ойлонот эле ал, ички сезимдерин эч кимге ачык айтпай.
Бир күнү катуу жамгырдан кийин, асманды курчаган оор булуттар батышка жылып, айлана-чөйрө көк асманда жаркыраган күн нурунан көркүнө чыгып турганда, кичинекей көпөлөк ромашка гүлүнө конуп отурган ата-энесине келип: "Мен кетем", – деди. Алар бул учурдун келерин ичтен сезишчү, ошондуктан бул чечимди унчукпай кабыл алышты. Бирок эне көпөлөк гана кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөн жардам сурагандай, жибек канатын тез-тез кагып, ата көпөлөктүн канатына жакын конуп: "Угуп атасыңбы?" – деди шыбырап, тамагына тыгылган арманын жашыра албай. Ата көпөлөк анын үнүндөгү аргасыздыкты укмаксан болду. "Жолуң ачылсын", – деди бир аздан кийин. Анан ал отурган гүл сабагын бүт күчү менен серпип, тоону көздөй учуп жөнөдү. Анын артынан эне жана бала көпөлөк да көтөрүлдү. Алар башында алыста мөлтүрөгөн тоодон аккан, эки тарабын бадал баскан арыкты жээктей узак учушту.
Ата көпөлөк бир саамга учуусун жайлатып, абада каалгып турду. Алардын жолдору бөлүнүп жатканын баары унчукпай түшүнүштү. "Жолуң ачык болсун," – деди ата көпөлөк. Эне көпөлөктүн канаттары ызгаардуу шамалга чыдабай титиреп кетти. "Жолуң болсун, жалгызым..."
Кичинекей көпөлөк ичиндеги түшүнүксүз толкунданууну жашырууга аракет кылып, "Кош болгула," – деди да, тез бурулуп, тумандуу чокуларды көздөй учуп жөнөдү. "Жараткан, өзүң жар болгой…" – деп ичинен күбүрөндү эне көпөлөк, анын канаттарын тоодон соккон ызгаар калтыратып турду. Тоо кыркасын беттеп учкан кичинекей көпөлөк заматта кичинекей чекитке айланып, анан көк асманга сиңип жоголду.
Ошентип, анын текебер чокуларды көздөй асман дүйнөсүнө сапары башталды. Алдыда канча ашуулар, тоонун катаал табиятына ылайыкташкан кандай өсүмдүктөр дүйнөсү күтөрүн ким билет? Анда кичинекей көпөлөк мурда-кийин көрбөгөн, көз жоосун алган кыпкызыл тоо гүлдөрүн, жибек канаттары күн нурунда жаркыраган сүйкүмдүү көпөлөктөрдү жолуктурат. Алар жаш көпөлөккө тоо шамалын бирге жутуп, тоо гүлдөрүнө бирге тоюп, сайрандоону сунушташат. Жаңы, бөтөн жерге келген жаш көпөлөктүн эркиндикке толгон жан дүйнөсүнө ашык болгон алар, өздөрүнүн бардык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, анын көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылышат. Ооба, бал ширеси мол гүлдөр, баркыт канат көпөлөктөр, көк жылдыздай жаркыраган түндөр биринин артынан бири алмашат. Бирок булардын эч бири кичинекей көпөлөктүн баштапкы максатын эстен чыгарбайт. Ал эми жаз болсо өтүп барат…
Алыста тилектеш болуп, бир уяда чогуу конуп, жайлуу ойлорго чөмүлгөн эки көпөлөк эсине түшөр бекен? Бала кездеги сагынычтуу кыялдары, улуу максаттарын эстеп, алар үчүн бул эркелеткен, сыйкырлаган кооз дүйнөнү таштап кете алабы? Же ал күзүндө саргайып, бутактан үзүлүп, абада айланып учкан жалбырактай, Жараткандын өзү берген өзгөчө белекти пайдалана албаганына, текке кеткен өмүрүнө өрттөй өкүнүп, ичинен буулугуп, муңайып отурабы? Муну убакыт көрсөтөт. Муну бир гана Жараткан билет…
Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR