Мээрим Сайдилкан: Сүйүү – жүрөктүн акылга каршы чабуулу

  • 09.02.2026
  • 250

КҮНДӨЛҮКТӨН

*    *    *

Кээде баарына кол шилтеп басып кеткиң келген учурлар болот, бул азаптуу жалгыздык экенин билемин. Өзүн тапкан жалгыздык – бакыт эмеспи... Өзүңдү тапканың – ордуңду тапканың, Кудайды тапканың.

*    *    *

Терең адамдарды сыйлаймын. Алар аз-саз сүйлөйт. Ар бир сөзүндө жан бар. Алар менен олтурганда жашоонун маңызын аңдайсың.

*    *    *

Бирөөнү жек көрүү өз жан дүйнөбүздү өлтүрүү экенин аңдаганыбызда, эч кимди жек көрбөй калмакпыз. Өз жан дүйнөңдү өлтүрүү: ыймансыздыкка, таш боордукка, текеберчиликке алып барат. Жан дүйнөсү өлгөн адамдарда жүрөк жок.

*    *    *

Сүйүүнү ар ким ар түрдүү ойлойт. Көбүнчө кыска ойлонобуз... Сүйүүнүн кайсы түрү болбосун адамды өстүрөт, кемчилдигин оңдотот, жашоосуна маңыз берет. Эгерде эки адамдын ортосундагы сүйүүгө токтолсок: мен да сүйгөнмүн. Өзүмдү жоготуп, унутуп, башым айланып... Сүйүү – адамдын жан дүйнөсүнө кирген төңкөрүш, жүрөктүн акылга каршы чабуулу.

*    *    *

Мени көпчүлүк адамдар түшүнүшпөйт. Буга кабатыр деле болбоймун. Себеби, өз чындыгым менен жашаймын. Адамдардын чыныгы жүзүн көргөн сайын өзүмдү жакшы тааный баштадым.

*    *    *

Жашоодо эч нерсе кылбасаң деле, бар болгонуң үчүн сени жек көрүп, артыңдан сөз кылгандар бар. Убакыт коротпо. Алар өз жан дүйнөсүн көрүп жатышат.

*    *    *

Кыргыз коомунда тилекке каршы, туура тамашалаганды билбей чектен өтүп кеткен учурлар көп. Тамаша – бул келекелөө, шылдыңдоо, айыбын ачуу, басынтуу, күлкү эмес. Тамаша – чындыкты жумшак тил менен жеткирүү. Чектен ашкан тамаша – көңүлдү оорутат. Ар бир ата-эне балдарыбызга кичинесинен жеке чегин коргогонду үйрөтсөк, бала бой жеткенде сүйлөгөн сөзүнө, жүрүм-турумуна көңүл буруп, башкаларды сыйлай, уга билет.

*    *    *

Мен балдарымдан билбегендеримди үйрөнүп жатамын. Аларга карап өзүмдү түздөп, алардын ою менен эсептешкенге аракет кыламын. Алардын сезимдерин түшүнгөнгө, ойлорун укканга бар күчүмдү жумшаймын. Эне катары жаңылыштык кетирип албасам экен деп кабатырланам. Керек учурда эже, курбу, дос, сырдаш боломун. Мен дагы бала болгонумду, билбестиктен өтө көп катачылыктарды кетиргенимди айтамын.

Кээде аша чаап кеткенимде балдарымды кучагыма кысып, алардан кечирим сураймын. Мен дагы ката кетирем, туура эмес түшүнүп калам. Кыскасы, азыр балдарымдан мен, менден балдарым сабак алып жаткан учурдабыз.

*    *    *

Ооба, менин жалгыздыгымды толуктап турган, кээде үнсүз бук болгон, кээде оргуштаган жан дүйнөмдү түшүнгөн, колдогон жаншеригимдин болгону бакыт. Эч кимге окшобогон дүйнөмдү түшүнөт, кандай болсом ошондой кабыл алат. Унчукпай колдойт. Дем, шыкак берип турат. Бул менин бактым. Сенин жан дүйнөңдү эң жакындарың түшүнбөгөндө: жашооңо кирген жан жолдошуңдун унчукпай сени колдогону, сага боор тартканы – өмүрүңдү узартканы, ак адил сүйүүсүн арнаганы.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз