НОВЕЛЛА
(Нард тактасында ойнолчу интеллектуалдык оюн. Версаль сарайында бул оюнду билбөө – уят иш болгон).
Үлп эткен жел жок, парустар мачталарга жабышып, жансыз шалбырап турду. Деңиз бети күзгү сыяктуу тынч, ысыктын деми тумчуктуруп, жан сергитер желди саматат. Дегеле деңиз саякатында адамдын көңүл ачуу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Узундугу жүз жыйырма футтук жыгач сандык ичинде төрт ай чогуу өткөргөндөн кийин, адамдар бири-бирин өтө жакшы билип калышат.
Сиз сырттан кирип келаткан улук лейтенантты көрөрүңүз менен эле анын Рио-де-Жанейро жөнүндө сөз кыларын, анан өзү кызмат өтөгөн гвардиялык экипаждын көз алдында курулган Эсслинг астындагы белгилүү көпүрө тууралуу айтарын алдын ала билесиз. Анан эки апта өткөндөн кийин анын сүйүктүү сөздөрүн, атүгүл сүйлөмдөрүнүн тыныш белгилерин коюу ыкмасын, үнүнүн ар бир интонациясын жаттап аласыз.
Эгер ал сөзүн "император" деп баштаса, ал сөзсүз тунжурап унчукпай калып, анан: "Ошол кезди көргөн болсоңуз!!!" – деп үч илеп менен кошуп койгонун угасыз. Ал эми чоорчунун аты-жөнүндө окуя же жети жарым миң франк алтын жана баалуу буюм салынган баштыкты ядро жулуп кеткени тууралуу окуя, айта берсе, ушул сыяктуу миң бир мисалды уланта берсе болот!
Кенже лейтенантка келсек, ал – чыныгы улуу саясатчы; күн сайын Бресттен келген "Конституционнелдин" акыркы санын талдап берет. Эгерде ал саясаттын жогорку деңгээлинен адабиятка түшсө, анда ал көргөн акыркы водевиль жөнүндөгү ой-пикири менен бөлүшө баштайт. Оо, Кудай!...
Кеменин интендантынын абдан кызыктуу окуясы бар эле. Ал бизге биринчи жолу Кадисте понтондон кантип качканын айтып берсе, биз аны абдан кызыгуу менен укканбыз; бирок чынында, жыйырма жолу кайталангандан кийин бул адам чыдагыс кыйноо эле… Ал эми мичмандар, гардемариндерчи… Алардын сүйлөшүүлөрүн эстегенде, чачың тик турат.
Капитан – адатта кемедеги эң эле зериккен адамдардын катарында эмес. Тартипти катуу сактаган жетекчи катары ал бүт штабы менен жашыруун согушта, кемчиликтерди өзү таап, кээде кысымга алат, бирок аны ага угузбай каргап-шилеп алсаң кандай гана ыракат! Эгер кызматкерлер үчүн оор болгон кээ бир кыял-жоруктарын тапсаңар, анда башчыңарды шылдыңдоо да көңүл ачканга жана кандайдыр бир шылтоо болот.
Мен түшкөн кеменин офицерлери эң сонун адамдар эле – баары боорукер, бир туугандык сүйүү менен бири-бирине берилген, бирок алар абдан зеригишти. Капитан абдан жумшак, майда-чуйда иштерге кирише бербеген айкөл жан эле (мындайлар өтө сейрек кездешет). Ал өзүнүн диктаторлук бийлигин айласы түгөнгөндө гана пайдаланчу.
Ошентсе да бул сапар мага укмуштуудай узун сезилди! Айрыкча, жер көрүнгөнгө бир нече күн калганда биз туш болгон мемиреген желсиздик абал абдан оор болду! Бир жолу кечки тамактан кийин баарыбыз палубада чогулуп, деңиздеги күндүн батып бараткан учурундагы бир калыптагы, бирок ар дайым салтанаттуу көрүнүштү күтүп турдук.
Кээси тамеки чегип, кээси биздин жакыр китепканадан алган отуз томдуктун бирин он жолу кайталап окууда; баары көздөрүнө жаш алганча ооздорун чоң ачып эсинешет. Жанымда отурган мичман, бүт дили менен берилип, палубанын тактайлуу полуна адатта деңиз офицерлери күнүмдүк кызмат убагында кийген формасы менен кошо тагынган кыска канжарды ылдый каратып ыргытып аткан. Бул да көңүл ачуунун түрү, андан тышкары, ал тактайга толугу менен вертикалдуу түрдө кадалышы үчүн белгилүү бир чеберчиликти талап кылат.
Мен дагы мичман сыяктуу канжарды ыргытып көргүм келип, бирок өзүмдө жок үчүн капитандын канжарын сурадым. Бирок ал берген жок. Ал бул куралды абдан баалачу, мындай болбогон оюн үчүн аны колдонуу, ал үчүн жагымсыз болчу. Мурда бул канжар акыркы компанияда трагедиялуу каза болгон бир эр жүрөк офицерге таандык экен…
Анын артынан кандайдыр бир окуя болорун сездим. Жаңылбапмын. Капитан көп күттүрбөй баянын баштады. Жаныбыздагы офицерлер, алардын ар бири лейтенант Роженин окуяларын жатка билгендиктен, дароо эле акырындан тарап кетишти.
Капитан аңгемесин мындайча баштады:
– Мен Роже менен таанышканда, ал менден үч жаш улуу болчу: ал – лейтенант, мен – мичман.
Чынын айтсам, ал командабыздагы эң мыкты офицерлердин бири болчу. Андан тышкары, ал абдан боорукер, акылдуу, билимдүү, таланттуу – бир сөз менен айтканда, сүйкүмдүү жаш жигит эле. Тилекке каршы, бир аз текебер, таарынчак мүнөзү бар болчу. Балким, бул анын мыйзамсыз бала болгонуна жана анын келип чыгышы аны коомдогу ордунан ажыратып коёт деп коркконуна байланыштуу болсо керек. Бирок чынчын айтсак, анын негизги кемчилиги – ал кайда болбосун, ар дайым биринчи болууну каалоочу.
Ал атасын эч качан көргөн эмес, бирок ал Роженин чексиз берешендиги болбосо, анын жашоосуна кенен-кесир жеткидей жөлөкпул төлөп турчу. Ал болгон нерсесин, досторунун керектөөсүнө жумшачу. Үч айлык маянасын алгандан кийин, ага кайгылуу жана тынчсызданган жүз менен барсаң, ал дароо сурайт:
– Дос, эмне болду? Чөнтөгүңдү канча каксаң да шыңгырабай жатабы… Капа болбо! Мына менин капчыгым. Канча керек болсо ошончо ал, ага чейин жүрү барып тамактанып, курсак кампайталы.
Брестке абдан сулуу, жаш актриса, Габриэль аттуу айым келип, дароо эле деңизчилердин жана гарнизон офицерлеринин бир катарынын жүрөктөрүн ээлеп алды. Аны идеалдуу сулуу дешке болбойт эле, бирок ал бойлуу, сулуу көздөрү, кичинекей буттары жана эч нерседен тайманбаган, уятсыз мүнөзү бар айым эле. Мындайлар 20 жаштан 25 жашка чейинки жаштарга абдан жагат. Андан тышкары, ал эң эрке аялдардын бири дешчү; анын ойноо ыкмасы бул репутацияны бышыктап турчу.
Кээде ал укмуштуудай сонун ойночу, бирок кийинки күнү ошол эле пьесада ал өзүнүн ролун муздак, сезимсиз, кургак жаттагандай аткарчу. Биздин жаш жигиттерди өзгөчө кызыктырган окуя мындай эле: аны бир париждик сенатор, көп акча коротуп, ал үчүн ар кандай жиндиликтерди жасоого даяр жүргөн бирөө багып алган дешчү. Бир күнү бул адам айымдын үйүндө калпагын чечпей олтурганда, айым аны чечүүнү суранып, ал тургай өзүнө карата урмат-сый жоктугуна таарынган.
Сенатор күлүп, ийнин куушуруп, креслого отурган жеринен: "Мен өзүм багып жүргөн кыздын үйүндө өзүмдү ээн-эркин алып жүрө албаймбы?" – дейт. Ага жооп кылып Габриэль өзүнүн аппак алаканы менен жаакка керилип туруп чапканда, сенатордун калпагы экинчи бурчка учуп түшкөн дешет. Жыйынтыгында – биротоло ажырашып тынышат. Андан кийин банкирлер, генералдар ага олуттуу сунуштарды айтышат, бирок ал баарынан баш тартып, өзүнүн айтканына караганда көз карандысыз жашоо үчүн актриса болуп кеткен экен.
Роже аны көрүп, окуяны уккандан кийин, «Бул аял мен үчүн»,— деп чечти. Анын сулуулугу аны кандайча таасирленткенин көрсөтүү үчүн ал бизге, деңизчилерге тийиштүү мүнөз деп сыпаттаган орой жүрүш менен мындай ыкмага кайрылды: ал Брестте табылган эң мыкты, эң сейрек кездешүүчү гүлдөрдү сатып алды, алардан гүлдесте жасап, кооз кызгылт лента менен байлап, бантка абдан кылдаттык менен жыйырма беш алтын тыйынды ороп салып койду. Ошол учурда бул анын бүт байлыгы эле. Мен антракт учурунда Роже менен сахна артына барганым эсимде.
Ал Габриелге анын келишимдүү келбети, костюмду канчалык чеберчилик менен кийгени жөнүндө кыска комплимент айтып, гүлдестени сунуп, мындан ары жолугуп турууга уруксат сурады. Мунун баары эки ооз сөз менен айтылды. Габриэль гүлдестени жана аны сунган келишимдүү жаш жигитти гана көрүп, ал ага жылмайып, жылмаюусун жагымдуу баш ийкөө менен коштоду. Бирок ал гүлдестени колуна алып, алтын тыйындардын салмагын сезгенде, жүзү деңиз бетиндеги тропикалык бороондон да тез өзгөрдү. Чынында, анын жинденгени бороондон кем эмес эле; ал алтын тыйындуу гүлдесте менен жакыр досумду бардык күчү менен бетке чаап жиберди. Ошондон кийин ал бир жума бою көздөрү көгөрүп жүрдү.
Режиссёрдун коңгуроосу угулду. Габриэль сахнага чыгып, баарын тескери ойной баштады. Роже уялып, өзүнүн гүлдестесин да, тыйындарын да чогултуп, кафеге жөнөдү. Ал жерде гүлдестени (акчасы жок) кассирге сунуп, каардуу сулуунун элесин пунч менен жууп кетирүүгө аракет кылды. Буга жетише алган жок, көгөргөн көзү менен эч жерге чыга албай абдан капа болду, бирок дагы деле азоо Габриэлге акыл-эсинен тангыча ашык боюнча калды. Ал күнүнө жыйырма кат жазчу. Алар кандай каттар эле! Сыпайы, назик, чын дилинен чыккан…
Аларды кандайдыр бир принцессага арнаса да жарашмак. Биринчи каттары ачылбай кайтарылып келди, кийинкилери жоопсуз калды. Ошого карабастан, биз театрдагы жемиш сатуучу, Габриэлге жазган Роженин сүйүү каттарына апельсин ороп сатканын байкаганга чейин Роже кандайдыр бир үмүт үзгөн жок. Бул биздин достуктун намысына чоң сокку болду. Бирок анын кумары азайган жок. Ал актрисага үйлөнөм деп чыкты. Деңиз министри мындай никеге макулдук бербестигин айтканда, ал өзүн атып салам деп жарыялады.
Ошол эле учурда Брест гарнизонунун туруктуу полкунун офицерлери Габриэлди водевиль ырларын кайталоого мажбурлоону ойлошту. Ал кежирленип, баш тартты. Офицерлер менен актрисанын ортосунда катуу эрегиш башталды, алар ышкырыктар менен көшөгөнү түшүрүүгө аргасыз кылышты, ал эми айым эсин жоготуп жатты. Гарнизондук шаардын партериндеги коомдун кандай экенин билесиз. Офицерлер кийинки күндөн баштап күнөөлүү актрисаны эч аёосуз ышкыруулары менен тосуп, ал күнөөсүн мойнуна алмайынча, ага эч кандай роль ойноого жол бербейбиз деген чечимге келишти.
Роже бул оюнга катышкан эмес, бирок ошол кеч бүт театрга ызы-чуу салган чыр-чатак, кийинки күнгө ойлонулган өч алуу жөнүндө укту. Ал чечимин ошол замат кабыл алды. Эртеси Габриэль сахнага чыкканда, офицерлер тараптан катуу ышкырыктар менен шылдыңдаган кыйкырыктар угулду. Роже атайылап чыр-чатак салгандардын жанына барып отурган. Ызы-чуу башталганда ордунан туруп, эң катуу ышкырып, кыйкырып жаткандарга карата ушунчалык кемсинтүүчү сөздөрдү айткандыктан, алардын бардык каары дароо эле ага бурулду. Анда ал абдан сабырдуулук менен өз блокнотун алып чыгып, алардын аты-жөнүн жаза баштады, алар ага бардык тараптан кыйкырып жатышты.
Эгер жолдоштуктун милдетин унутпаган көптөгөн деңиз офицерлери кийлигишип, анын каршылаштарынын көбүн тынчтандырбаганда, ал бүт полктун чакырыгын кабыл алууга мажбур болмок. Укмуштуудай ызы-чуу көтөрүлдү. Бүт гарнизон бир нече күнгө камакка алынды, бирок офицерлер эркиндикке чыкканда, биз бардык каршылаштарыбыз менен эсептешмей болдук. Дуэль өтөр жерге алтымыштай адам чогулду.
Рожеге үч офицер менен эрөөлгө чыгууга туура келди: бирин өлтүрдү, экөөнү оор жарадар кылды, өзүнүн бир да жеринде чийин жок эле. Мага анча оңтою келбеди: мурун фехтование мугалими болуп жүргөн бир каргашалуу лейтенант кылычы менен көкүрөгүмө ушунчалык катуу сайды эле, аз жерден өлүп кала жаздадым. Ишениңиз, бул эрөөл же тагырак айтканда, бул согуш сонун көрүнүш эле. Флот жеңишке жетип, полк Брестти таштап кетүүгө аргасыз болду.
Албетте, жогорку жетекчилик бул уруштун күнөөкөрүн унуткан жок. Эки жума бою анын эшигине кароол коюлду. Анын камагы алынганда, мен ооруканадан чыгып, ага учурашайын деп бардым. Ага кирип, Габриэль менен тамак ичип отурганын көргөндө, таң калганымды айт! Сыягы, алар көптөн бери тил табышып алышкандай. Алар бири-бирине "сен" деп кайрылып, бир стакандан бастырышты. Роже мени өзүнүн сүйүктүүсүнө эң жакын досу катары тааныштырып, анын айынан болгон кагышууда жарадар болгонумду айтты.
Муну уккан сулуу айым тура калып бетимен өптү. Бул айымдын мүнөзү абдан чапчаң болчу. Үч ай бою алар бактылуу болуп, бир мүнөткө да ажырашкан жок. Габриэл Рожени абдан сүйүп калгандай сезилди, ал болсо аны жолукканга чейин сүйүү эмне экенин билбегенин мойнуна алды.
Көп өтпөй Гаванга голландиялык фрегат келди. Офицерлер биздин урматыбызга кечки тамак беришти. Ар кандай шараптар чектен тыш көп ичилди. Акыры дасторкон жыйналды, бул мырзалар французча абдан начар сүйлөшчү, ошондуктан чогулгандар эмне кыларды билбей, оюнга киришти. Голландиялыктарда, сыягы, акча көп окшойт, ал эми алардын улук лейтенанты ушунчалык чоң акча сайып ойногусу келгендиктен, эч кимибиз ага каршы ойноого батынбадык. Адатта эч качан ойнобогон Роже, улуттук ар-намысты колдоо керек деп чечти. Ошентип, ал ойноп, голландиялык лейтенанттын бардык мөрөйүн (ставка) кабыл алды. Адегенде ал утуп атты, анан утула баштады. Утуш менен утулуш бир нече жолу алмашып, атаандаштар тең чыгуу менен оюнду аякташты.
Биз голландиялык деңизчилерге жооп иретинде кечки тамак бердик. Кайрадан оюн болду. Роже менен лейтенант кармашты улантты. Бир сөз менен айтканда, бир нече күн ичинде алар кээде кафеде, кээде кемеде жолугушуп, ар кандай оюндарды (өзгөчө триктракты көп ойношту) ойноп, ортодогу мөрөйдү тынымсыз жогорулатып, акыры бир партия үчүн жыйырма беш наполеондорго чейин жетти. Бул биз сыяктуу жакыр офицерлер үчүн чоң сумма – эки айлык маянадан да көп!
Жуманын аягына чейин Роже бардык накталай акчасын, андан тышкары, ар кимден алган үч-төрт миң франкты да уттурду. Сиз, албетте, Роже менен Габриэлдин чарбасы жана кассасы акыры жалпы болуп калганын түшүнөсүз. Бул Роже, жакында эле олуттуу сумма алган, актрисага караганда он же жыйырма эсе көп акчаны жалпы казынага салганын билдирген. Ошентсе да ал жалпы акчаны негизинен сүйүктүүсүнүн мүлкү катары карап, өзүнүн жеке муктаждыктары үчүн элүүгө жакын наполеондорду алып калган. Бирок эми ал оюнду улантуу үчүн бул резервге кайрылууга аргасыз болду. Габриэл буга бир да сөз айткан жок. Чарбага деген акча да чөнтөк акчасы менен бир жерге кетти. Көп өтпөй Роже акыркы жыйырма беш наполеондорун ортого коюуга туура келди. Ал өтө сактанып, кылдат ойноду, ошондуктан партия узак жана өжөрлүк менен уланды.
Рожеге сөөктөрдү ыргытуу кезеги келди, утуш үчүн бир гана мүмкүнчүлүк калган: алты жана төрттү чыгаруу керек. Түн бир оокум эле. Алардын оюнун карап отурган бир офицер креслодо уктап калды. Голландиялык да чарчап, уйкусу келди, анын үстүнө ал пуншту көп ичкен эле. Роже сергек болчу. Ал коркконунан сөөктөрдү ыргытарда калчылдап атты. Анан ал сөөктөрдү оюн тактасына ушунчалык катуу ыргыткандыктан, үстөл солкулдап, бир шам жерге кулап түштү. Голландиялык алгач шамды, жаңы шымына чачыраган момду анан сөөктөрдү карады. Алар алты жана төрттү көрсөтүп турган. Өлгөн адамдай кан-сөлү качып кубарган Роже, жыйырма беш наполеонду алды. Алар оюнду улантышты.
Ийгилик менин бактысыз досума жылмайды, бирок ал кайра-кайра жаңылып, атайын эле утулуп бергиси келгендей өз жолун тосуп ойноду. Голландиялык лейтенант өжөрлөнүп: ал эки эсе, он эселеп мөрөй койду, кайра-кайра утула берди. Мен азыр да көрүп турам: бою узун, сары чачтуу, флегматик, бети мом сыяктуу. Акыры, сексен миң франк уттуруп, буга өтө деле кайгырганын билдирбей, ордунан турду. Роже ага мындай деди:
– Бүгүнкү оюн жарабайт: сен дээрлик уктап олтурдуң. Мен акчаңды албайм.
– Сиз тамашалап атасызбы, – деп жооп берди голландиялык флегматик, –абдан жакшы ойнодум, бирок мага ийгилик буюрбады. Сизди каалаган убакта толук жеңе алам деп ишенем. Кош бол!
Ошентип алар ажырашты. Эртеси эртең менен, ал утулуп калганына ызаланып, өз каютасында бир чыны пуншту ичкен соң атынып өлгөнүн билдик.
Роже уткан сексен миң франк үстөлдө жатыптыр, а Габриэль ага канааттануу менен жылмайып карап турду.
– Биз бай болдук! – деди ал. – Мындай көп акча менен эмне кылабыз? Роже жооп берген жок; ал голландиялыктын өлүмүнөн кийин эсине келалбагансып сезилди.
– Ар кандай жиндилик кылыш керек, – деп улантты Габриэль. – Бул акча бизге абдан жеңил келди, жеңил келген акчаны эч ойлонбой коротуш керек. Коляска сатып алып, порттун комендантын жана анын аялынын ичтерин күйгүзөлү. Мен бриллиант, кашемир алууну каалайм. Эмгек өргүүсүн ал, экөөбүз Парижге кетели.
Мынча акчаны бул жерде эч качан корото албайбыз! Ал токтоп, Рожеге карады. Ал аны уккан жок, колу менен жаагын таянып, жер тиктеп отурган; ушул учурда анын башында эң жаман ойлор айланып жүргөндөй сезилди.
– Сага эмне болду, Роже? – деди ал анын ийнине колун коюп. – Мага жиниң келип атабы? Эмне унчукпайсың?
– Мен абдан бактысызмын, – деди ал үшкүрүп.
– Бактысызмын дейсиңби! Кудай кечире көр, сен бул семиз макулуктун жүнүн жулганыңа өкүнүп аткан жоксуңбу? – Ал башын көтөрүп, аны тунарган көз карашы менен карап койду. – Анын эми кандай мааниси бар? – деп улантты ал, – өзү мээсин өзү чачырата атыптыр, аны чоң кайгы кылып эмне? Мен утулган оюнчуларды аябайм. Анын акчасы өз колунда болгондон көрө, биздин колдо болгону оң. Ал аны ичимдикке, тамекиге сарптамак, биз болсо… бири-биринен өткөн көптөгөн кызыкты ойлоп табабыз.
Роже башын ылдый салып, көз жашын тыя албай, бөлмөдө ары-бери басып жүрдү. Эгер аны көргөнүңдө, бооруң ачымак.
– Билесиңби, – деди Габриэль, – сенин романтикалык сезимталдыгыңды билбеген адам, сени оюнда алдамчылык кылды деп ойлошу мүмкүн.
– Эгер ошондой болсочу? – деди ал күңгүрөнгөн үн менен, алдына токтоп.
– Жок! – деди ал жылмайып. – Оюнда алдаганга акылың жетпейт.
– Ооба, алдадым, Габриэль, мен шүмшүкмүн, аны шылуун сыяктуу алдадым!
Анын толкундануусунан улам, ал чындыкты айтып жатканы дароо түшүнүктүү болду. Габриэль диванда бир аз унчукпай отургандан кийин, акыры мындай үн катты:
– Сен оюнда алдамчылык кылганга караганда, он адамды өлтүрсөң жакшы болмок.
Жыйырма мүнөткө созулган өлүмдөй тынчтык орноду. Экөө диванда бири-бирине карабай отурушту. Роже биринчи болуп ордунан турду, анан ага бейпил түн каалап, коштошту.
– Бейпил түн! – деп салкын жана кургак жооп берди актриса.
Эгер достору анын өзүнө кол салып өлгөнүн билип калышат деп коркпогондо, Роже ошол учурда эле өз жанын кыюуга даяр болгонун мага кийин айкан. Ал өз аброюн сактап, жаман атка конбоого аракет кылган.
Кийинки күнү Габриэль адаттагыдай эле шаңдуу болчу. Баарын унуткандай. А Роже болсо унчукпаган, түнт, чыргоол адамга айланып, бөлмөсүнөн дээрлик чыкпай, досторунан алыстап, ал тургай сүйгөнү менен да сүйлөшпөй калды. Мен анын кайгысын мыйзамдуу, бирок өтө сезимталдыкка жаткан нерсе катары эсептеп, бир нече жолу сооротууга аракет кылдым, бирок ал менин жооткотуумдан толук баш тартты, бактысыз өнөктөшүнүн тагдырына таптакыр кайдыгер карады. Бир жолу ал тургай голландиялык улуттун өкүлүнө катуу ачууланып, Голландияда эч бир адептүү адам жогун далилдегиси келген. Ошол эле учурда ал жашыруун түрдө голландиялык лейтенанттын үй-бүлөсү тууралуу маалымат чогулта баштап, бирок эч ким ага эч нерсе айта алган эмес.
Ошол кечинде анын батиринин жанынан өтүп бараткам, үйүндө жарык күйүп турганын көрдүм да, китеп сурап кирдим. Ал берилүү менен бир нерсе жазып аткан экен, бөлмөдө отурганымды байкаган деле жок окшойт. Жазуу үстөлүнүн жанына отуруп, бет маңдайынан карадым; ал ушунчалык өзгөрүп, эгер менин ордумда башка адам болгондо, аны таанымак эмес. Күтүлбөгөн жерден үстөлдө мага деп жазылган, мөөр басылган катты көрдүм. Мен аны дароо ачтым. Роже мага өз жанын кыйууну чечкенин кабарлап, мага ар кандай тапшырмаларды бериптир. Окуп отурсам, ал мага көңүл бурбай жаза берди: ал Габриэль менен коштошуп жаткан…
Сиз менин таң калганымды элестете да албайсыз! Анын чечимине таң калып, кыйкырып жибердим:
– Эмне! Эмне өлөйүн дедиңби? Ушундай бактылуу жашап атып, өлөм дейсиңби?
– Досум! – деди ал, катка мөөр басып атып. – Сен эч нерсе билбейсиң. Менин ким экенимди билбейсиң. Мен алдамчымын. Ушундай жийиркеничтүү адаммын, каалаган эркек менен жаткан кыз мени кемсинтсе болот, мен өз жамандыгымды ушунчалык жакшы сезгендиктен, аны уруп-сокконго батынбайм.
Анан ал мага триктрак партиясынын окуясын жана сиз буга чейин билген нерселердин баарын айтып берди. Мен да андан кем эмес толкундандым. Эмне дешти билбей, колун кыстым, көзүмө жаш тегеренди, бирок сүйлөй албадым. Акыры ал голландиялыкты жакырчылыкка түрткөнү үчүн өзүн күнөөлөбөш керектигин далилдөөгө аракет кылдым: чынында алдамчылыктын жардамы менен ал андан жыйырма беш наполеон гана уткан.
– Демек, – ал ачуу ирония менен кыйкырды, – мен чоң эмес, майда уурумун! Менин амбициям менен майда ууру болуу! – Ал күлүп жиберди.
Мен көз жашымды токтоталбай ыйладым. Күтүлбөгөн жерден эшик ачылды. Бир аял кирип, анын көкүрөгүнө боюн таштады; бул Габриэль болчу.
– Кечир мени! – деп кыйкырды ал, аны бекем кучактап. – Кечир мени! Өкүнүчтүү иш кылганыңды билсем да, сени азыр да сүйөм. Каалайсыңбы, мен да ууру кылайын?.. Мен да ууру кылып келдим… Ооба, ууру кылдым: бирөөнүн алтын саатын уурдадым… Мындан жаман эмне болушу мүмкүн?
Роже ишенбей башын чайкады; бирок кабагы ачыла түшкөнсүдү.
– Жок, жаным, – деди ал, аны акырын түртүп, – мен сөзсүз өлүшүм керек. Мен абдан кыйналып атам, мындай оор жүктү көтөрүп жүрө албайм.
– Болуптур, анда. Эгер сен өлүмдү кааласаң, Роже, мен сени менен кошо өлөм! Сенсиз жашоонун мага кереги барбы? Мен коркок эмесмин, мылтык атканды деги билем, өзүмдү эркектердей эле өлтүрө алам. Мындан тышкары, мен трагедияларда ойногом, менде тажрыйба бар. – Башында анын көздөрү жашка толуп турду, бирок акыркы сөзү анын күлкүсүн келтирип, ал тургай Роже да жылмайды.
– Сен күлүп атасыңбы, менин офицерим! – деп кыйкырды ал алаканын чаап, аны өөп. – Сен өзүңдү өлтүрбөйсүң! – Ал аны өөп, ыйлап, күлүп, матростордой сөгүндү. Ал орой сөздөрдөн коркпогон аялдардан эле. Ошол учурда мен Рожеден тапанчасын жана канжарын алып, ага мындай дедим:
– Кымбатуу Роже! Сенин сүйгөнүң жана сени сүйгөн досуң бар. Ишен, сен дагы эле бул жашоодо бактылуу боло аласың.
Мен аны менен өбүшүп коштошуп, Габриэль менен жалгыз калтырып чыгып кеттим. Мен ойлойм, эгер ал министрден портту блокада кылган англис эскадрильясын жарып өтүүчү фрегаттын улук лейтенанты катары кызматка буйрук албаса, биз анын өлүмгө учурашын кечиктирмекпиз. Иш тобокелдүү болчу. Мен ага атак-даңксыз өз жанын кыйганга караганда, урмат-сый менен ата-мекен үчүн англистердин огунан өлгөн жакшы деп ишендире алдым. Ал өзүн өлтүрбөйм деп убада берди. Сексен миң франктын жарымын майып матросторго, жетим-жесирлерге бөлүп берди. Калганын Габриэлге калтырды, андан акчаны кайрымдуулук максатында гана колдоном деген убадасын алды. Бечара айым өз сөзүн аткарууга бекем ниеттенген, бирок анын жакшы ниети тез эле өзгөрчү. Кийин анын бир нече миңин жакырларга таратканын билдим.
Матростор эр жүрөк, жакшы үйрөтүлгөн, машыккандар эле, бирок бизди өзүн Жан Барттай деп ойлоп алган, Каптенармустан кем эмес сөгүнүп, тилди бурмалап, өз кесибинин теориясын эч качан окубаган, практикада да араң билген толук наадан башкарып жатты. Ошентсе да алгачкы учурларда тагдыр ага ырайым кылды. Биз рейдден аман-эсен чыктык, бизге катуу шамал жардам берип, ал блокададагы эскадраны ачык деңизге кетүүгө мажбур кылды. Биз крейсердик сапарыбызды Португалия жээгинде англис корветин жана Ост-Индия компаниясынын кемесин өрттөө менен баштадык.
Индия сууларын карай жай жылдык: шамал ыңгайсыз болчу, биздин капитан ушунчалык ийгиликсиз манёвр кылгандыктан, анын олдоксондугунан сүзүүбүз ого бетер кооптуу эле. Бир күн да тынч өтчү эмес: же бизден күчтүү душман артыбыздан сая кууп, же биз соода кемелеринин артынан түшчүбүз. Бирок узак жол да, тоскоолдуктарга толгон жашоо да, фрегаттагы түйшүктүү кызмат да Роженин кайгылуу ойлорун тарата албады. Бир кездерде ал биздин портубуздагы эң жигердүү, жаркын офицер катары таанылчу. Азыр болсо кызматтык милдетин гана эптеп аткарып жүрдү. Кызмат бүткөндөн кийин ал өз каютасына бекинип алчу, анда китеп да, кагаз да жок эле. Сыртта бака-шака болсо да, тыптынч, уктай албай жата берчү. Бир күнү анын көңүлсүз абалын көрүп, сүйлөшүүнү чечтим:
– Укчу, досум! Сен майда-чүйдө нерсеге кейип атасың. Ооба, сен семиз голландиялыктан жыйырма беш наполеон уурдадың, бирок абийириң миллиондон да көп. Эми айтчы: сен префекттин аялынын ойношу болуп жүргөндө, абийириңди кыйнаган жок беле? Ойлоп көрсөң, ал жыйырма беш наполеондон да баалуу болчу. – Ал өз төшөгүндө оодарылып мага карады да, бирок эч нерсе дебеди. Сөзүмдү уланттым: – А акырында, кылмышыңдын (сен муну кылмыш деп атасаң) татыктуу себеби бар эле, ал жогорку сезимден келип чыккан. – Ал мени караганда көздөрүндө жек көрүүнүн учкундары жылт дей түштү.– Эгер сен уттуруп жиберсең, Габриэль эмне болмок? Байкуш кыз! Ал сен үчүн акыркы көйнөгүн да сатмак… Эгер уттурсаң, сен аны жакырчылыкка туш кылмаксың… Ошол үчүн аны сүйгөндүктөн алдамчылыкка бардың… Сүйүү үчүн башкаларды өлтүргөндөр бар… өздөрүн өлтүрөт… А сен, досум Роже, андан да көптү жасадың. Биз сыяктууларга өзүн өлтүргөнгө караганда уурдоо үчүн көбүрөк эрдик керек.
– Азыр балким, силерге күлкүлүү көрүнөрмүн, – деди капитан, баянын үзүп. – Бирок силерди ишендире кетейин, ошол учурда Рожеге болгон достук сезимдер гана мага сөзмөрлүктү тартуулаган, азыр менде анын бири жок. Шайтан алгыр, мен оюмдагыны айткам, өзүмдүн айткандарыма ишенгем! Ооба, анда мен да жаш элем!
Роже унчукпай калды, анан мага колун сунду.
— Досум, — деди ал, өзүн зордоп сүйлөп жаткандай. — Сен мени жөнү жок жерден коргоп атасың. Мен бети жок, шүмшүкмун. Мен голландиялык менен ойноп атканда, андан жыйырма беш наполеонду утуп алууну гана ойлогом, — болгону ошол. Габриэль оюма да келген эмес, ошондуктан өзүмдү жек көрөм… Өз намысымды жыйырма беш наполеондон да арзан бааласам… Кандай жагымсыздык!.. О, эгер мен: "Габриэлди жакырчылыктан сакташ үчүн уурдадым" дей алсам, анда бактылуу болмокмун… Жок, жок… ал жөнүндө ойлогон эмесмин… Ошол учурда мен сүйгөн адам эмес элем… мен кумарпоз болчумун… ууру болчумун… Акча утуп алыш үчүн алдамчылыкка бардым… бул иш мени ушунчалык кемсинтип, жан-дүйнөмдү ушунчалык аңгыратып бош калтыргандыктан, азыр менде күч да, сүйүү да жок… Мен жашап жатсам да Габриэлди ойлобой калдым… мен – бүткөн адаммын.
Ал ушунчалык бактысыз көрүндү, эгер ал ошол учурда өзүн атуу үчүн тапанча сураса, мен балким, ага бермекмин.
Жума күндөрдүн биринде (оор күн!) «Алкеста» деген чоң англис фрегаты бизди кууп жөнөдү. Анда элүү сегиз замбирек болсо, бизде болгону отуз сегиз эле. Биз андан качуу үчүн бардык желди сапырдык, бирок анын ылдамдыгы биздикинен жогору болуп, бизге мүнөт сайын жакындап келатты. Караңгыга чейин тең эмес салгылашууга туура келери ачык эле көрүнүп турду. Капитан Рожени чакырып, алар саат ченей кеңешип отурушту. Роже палубага кайтканда мени колтуктан алып, четке алып чыкты.
– Эки сааттан кийин, – деди ал, – салгылаш башталат. Азыр мачтада кыйкырган биздин эр жүрөк баатырыбыз, башын жоготту. Бизде эки жол бар эле: бири эң сонун, – душманды жакындатып, анан ага абордаж менен кол салып, жүз баш кесерди ага ыргытуу; экинчи жол, дагы жаман эмес, бирок анча кооз эмес, – бир аз жеңилдеп, замбиректерибиздин бир бөлүгүн деңизге ыргытуу. Анда биз африкалык жээкке жакындамакпыз, ал биздин сол тарабыбызда көрүнүп турат. Англис кемеси тайыз жерге сайылуудан коркуп, бизге качууга мүмкүнчүлүк бериши керек. Бирок биздин капитан – коркок да, баатыр да эмес: душмандарды алыстан бизди аткылоого жол берип, ар-намысты сактоо үчүн бир саатка туруштук берип, анан багынат. Сага жаман болду: сени Портсмут понтону күтөт. Мен болсо, мен ал жакка барбайм.
– Балким, – дедим, – биз биринчи эле ок менен душманга ушунчалык зыян келтиребиз, ал куугунтуктоону токтотууга аргасыз болот?
– Укчу, мен туткунга түшкүм жок, мени өлтүрүшкөнү жакшы, көтөрүп жүргөн жүктөн кутулууга убактым келди. Эгер, кокустан, мени жарадар кылышса, сени деңизге ыргытам деп мага сөз бер. Деңиз мен сыяктуу моряк үчүн өлүм төшөгү болушу керек.
– Эмне деген акылсыздык! – деп кыйкырдым ага. – Мага кандай сонун тапшырма берип атасың!
– Сен ишенимдүү достун милдетин аткарасың. Билесиң да: мен өлүшүм керек. Эсиңдеби, согушта өлтүрөт деген үмүт менен гана өз жанымды кыюудан баш тартканымды? Суранычымды аткарууга убада бер, антпесе бул кызматты подшкиперден сурайм, ал менин айтканымдан баш тартпайт.
Ойлонуп отуруп, ага мындай дедим:
– Мен сага сөз берем, эгер сени өлүмгө дуушар кылган жаракат алсаң, айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү жок болсо, каалооңду аткарам. Ошондой учурда гана сени азаптан куткарууга макулмун.
– Мен өлүмгө дуушар кылуучу жаракат алам же жөн эле өлтүрүлөм. – Ал мага колун сунду, мен да бекем кыстым. Ошол мүнөттөн тартып ал тынчыды, ал тургай бетинде кандайдыр бир аскердик жигердүүлүк ойгонду.
Түштөн кийин саат үчтөргө жакын, душмандын тумшук жагындагы замбиректеринен чыккан ок биздин аркандарды үзө баштады. Ошондо биз парустардын бир бөлүгүн жыйнап, «Алкескенин» каптал жагынан туруп, жардыруучу от ачтык. Англичандар да бизди тынч койгон жок. Болжол менен бир саатка созулган ок атышуудан кийин, биздин капитан туура эмес чечим кабыл алып, абордаж кылууга аракет жасоону чечти. Бирок бизде буга чейин өлтүрүлгөндөр менен жарадарлар көп эле. А калгандарынын согуштук деми эбак жоголгон. Аркандарыбыз көп жабыркап, мачталар катуу талкаланган. Биз англичандарга жакындаш үчүн парустарды жайган учурда, биздин грот-мачта эч нерсе менен кармалып турбагандыктан, коркунучтуу карсылдап барып кулады. «Алкеста» бул кырсыкты жараткан башаламандыкты пайдаланып; арт жагыбызды айланып өтүп, тапанчанын огу жеткидей аралыктан бизге бардык борттук куралдардан ок жаадырышты. Ошентип ал биздин бактысыз фрегатыбызды таарып өттү, биз бул тараптан эки кичинекей замбиректи гана каршы коё алмакпыз.
Ошол учурда Роженин жанында болчумун, ал кулап бараткан мачтаны кармаган аркандарды кесип жаткан. Ал колумду бекем кысканын сездим. Мен бурулганда ал палубага кулап, канга чулганып калганын көрдүм. Жаңы эле анын ичине картечь тийген экен. Капитан ага чуркап келди.
– Эмне кылуу керек, лейтенант? – деп кыйкырды ал.
– Желекти мачтанын сыныктарына кадап, кемени чөктүр.
Капитанга бул кеңеш жакпады, ал дароо кетип калды.
– Кана эмесе, – деди Роже, – убадаңды аткар.
– Арзыбаган жарат! – деп жооп бердим. – Сен да айыгып кетесиң.
– Мени сууга ыргыт! – деп кыйкырды ал коркунучтуу сөздөр менен сөгүнүп, мени жеңимден тартып. – Көрүп турасың, мен баары бир өлүп баратам. Мени деңизге ыргыт, мен желектин түшүрүлгөнүн көргүм келбейт. – Ага эки матрос жардам берүү үчүн келди. – Замбиректерге баргыла, арсыздар! – деп кыйкырды ал. – Картечь аткыла, жогорку палубаны бутага алгыла! А сен, эгер убадаңды аткарбасаң, мен сени каргап, эң коркок, эң жаман адам эсептейм!
Сыягы, жарааты өтө оор, аман калчудай эмес. Мен капитандын гардемаринди чакырып, ага желекти түшүрүүнү буйруганын көрдүм.
– Колуңду бер, – дедим Рожеге. Ошол учурда биздин желек түшүрүлдү…
– Капитан! Бакбортто кит! – деди чуркап келген мичман баяндоочунун сөзүн бөлүп. – Кит! – деп кыйкырды капитан, кубанычтан жүзү жаркырап, айтып жаткан баянын унутуп. – Тез! Кайыкты деңизге! Кайыкты деңизге! Бардык кайыктар деңизге! Гарпундар, аркандар! ж.б. ж.б. Ошентип, мен бечара лейтенант Роженин кантип өлгөнүн укпай калдым.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR