Александр Блоктун табышмактуу өлүмү

  • 23.02.2026
  • 166

«Көрүмдү терең казып көөмүп коёт...»

(Акын А.Блоктун табышмактуу өлүмүнө айрым байкоолор)

Чындыгында анын таң кала турган эч нерсеси жок. Менимче, ал кезде тигил же бул интеллигенттин большевиктер режимине берилген, берилбегендигинен Ленин бейгам болчу.

Бери эле калганда большевиктер менен мунасасы келишпеген орустун ондогон ингеллигенттери эмиграцияга кеткен (Бунин, Куприн, Мережковский, Ив, Шмелев, Шаляпин, Цветаева) жана алардын мунаса келишпестигинен большевиктер режиминин кылы да кыйшайган эмес. Граждандык согуш большевиктер пайдасына чечилген, демек, корко урган эч нерсе жок болчу. Ошон үчүн Ходасевичти жана башка жыйырмалаган илимпоз философторду ойлонуп баш оорутпай эле чет өлкөгө чыгарып жиберишкен.

Эмне үчүн Ленин Блоктун мунаса келишпестигинен коркту, эмне үчүн ал жөнүндө өтүнүчтү Саламаттык сактоо наркомуна эмес, Менжинскийге жиберди? (Ленин жаңсап же ишара кылып койсо эле Блок чет мамлекетке жөнөп кетпейт беле!) Анткени Блоктун оорусу Менжинский мекемесинин көзөмөлүндө  болчу.

Мындан башка эч нерсе менен түшүндүрө албайсың. Ошон үчүн Ленин Менжинскийге: «Сиздин оюңуз? Пикириңизди билдирип, жооп берсеңиз экен» деп жаза салып олтурат. Акындын аялынын кан какшаган суранычына доктурлар консилиумунан дартын тактатсаңар экен деген Горький менен Луначарскийдин өтүнүчүнө Менжинский эмне деди? Блокту Россиядагы бир санаторийге орноштуруп, жакшы шарт түзүп бергиле деди. Россияда андай санаторий жок экендигин, жана да жакын арада болбосугун Менжинский албетте, көп кишилерден жакшы билген. Тек, маселе Блокту чет өлкөгө чыгарбашта болучу.

Горький менен Луначарскийдин сунушун 12-июлдла Саясый бюро (!) карайт. В.И.Ленин төрагалыгы астында. Чечими ошол: Блокту чет мамлекетке чыгарбоо керек.

Менжинский менен Ленин, анын жетегиндеги Саясый бюро эмнеден чочулап жаткан бул саптарды окуган окурман боолголосо керек деп ойлойм. Кеп Блоктун оорусунда же Совет өкмөтүнө берилген, берилбегендигинде эмес. Асылган оору алып тынмайын, Блоктун көрөр күн, ичер суусу аз калгандыгын Менжинский да, Ленин да жакшы билген болуш керек. Алар, силер яктуу эле, баамдап жаткандырсыңар, Европа медиктери Блоктун дартын туура аныктап, бул жөн оору эмес, уулангандан чыккан оору экендигин бүт дүйнөгө жайып жиберет деп коркушту. Блоктун сыртка чыгышы, чыкпашы жөнүндө Саясый Бюронун сагызган түшүнө кирбеген сактыгына, ары бери сүйрөп сандалтканына, В.Радзишевский айткандай, кеңсе мыкаачылыгына мындан башка кепил табалбайсың.

Блоктун өлүмү Блок өлгөнгө чейин эле бычылган, тек, анын кырдаал назилин күтүп, ары-бери сүйрөй беришкен. Антиш көз боёгонго аябай зарыл болчу. Луначарский Блок дартынын чексттик табышмагын билбей калышы мүмкүн (канткен менен бар болгону Агартуу наркомунда), ошон үчүн өтүнүчүн көтөрүп өйдө-төмөн чуркап жүрөт, ошон үчүн Саясый Бюронун сандырак чечимине ачууланып, БКга: «Ашкан таланттуу Блок ашып кетсе эки жума жашайт... Россиянын ак таңдай акыны биз колдуу болгонуна эч ким шек санабайт жана эч нерсе деп актана албайбыз» деп кат жазып олтурат.

ЧК кыязы, Блоктун кылт эткенинен өйдө кыраа байкап турса керек. Качан Блок тилден калып, Финляндияга өзү жалгыз баралбай турган акыбалга жеткенде гана Любовь Дмитриевнанын документин даярдамыш болуп карбаластап, анысы да Москванын бир кычыгынан «жоголуп» кетип, анан барып убайымдуу улуксатын берип жатпайбы. А Блок болсо Финляндияга эмес, түз эле Смоленский көрүстөнүнө узап жатпайбы.

Блокту жайына койгон күн Смоленский Ыйык Эне күнүнө туш келет. «Смоленскийде бүгүн той турбайбы» деп жазат Анна Ахматова. Смоленский көрүстөнү Васильевский аралында. Смоленский Ыйык Эне чиркөөсү (орус кошууну Бородино салгылашына ушул жерден узаган), көрүстөн парк сыяктуу жапжашыл жер. Энелер ошон үчүн балдарын жетелеп, сээрүүндөп көп басат...

Петербургдуктар ыйык туткан Айым нурлуу Ксения ушул жерге коюлган, большевиктер 1918-жылы (же 19унчу) тирүүлөй көмгөн петербургдук дин кызматкерлеринин «групповый» сөөгү да ушу көрүстөндө. Көрүстөндүн обочо, оолак жериндеги жөнөкөй жыгач крест сайылган жашыл дөңсөө «Блок чыйыры» аталып калган.

Похоронят, зароют глубоко,
Бедный холмик травой зарастет,
И услышим: высоко, далеко
На земле где-то дождик идет.

Ни о чем уж мы больше не спросим.
Пробудясь от ленивого сна.
Знаем, если негромко — там осень,
Если бурно — там, значит, весна...

Айтканындай эле болду; бозоргон дөбөнү чөп басты, улуу акындын сөөгү менен кошо мүмкүн, акын өлүмүнүн төбө чачты тик тургузган табышмагын жашырган бойдон жапҗашыл.

— Токто, токто, – деп ийди, бизде детектив деп коюшкан криминалдуу романдарды көп окуган жолдошум. — Айыңдан акыйкатты бөлүп коюш оңой. Айталы, Наполеондун уулангандыгын сөөгүнүн, өзгөчө чачынын калдыктарынан эле аныктап коюшкан. Канча бир заман өткөндөн кийин. Ошон үчүн Ыйык Елена аралына шашылыш жана туура жибергенин, ошону менен кыйналып кысталбай бачым өлүшүнө жардам бергенин билишкен.

Маркумдун сөөгү сөпөт болгон тапуракты деле кылдат анализдесе, уунун бар же жок экендиги билинет экен. Албетте, Блоктун сөөгүн эксгумация кылууга оңой менен жол берилбейт дечи...

— Сенин идеяң «Жоо кеткенден кийин» болуп калды. Анткени Блоктун сөөгүн небак казып, башка көрүстөнгө көмгөн...

—Кантип? Эмне үчүн?

— Аны ит билеби. Шылтоосу: Смоленский көрүстөнүн элден мурда жаап, анан таптакыр жоготобуз дешкен. Ошого эртелеп кам көргөн имиш...

Андан бери 48 жыл өттү, көрүстөн баягы эле көрүстөн боюнча туру. Ой менен ойлоп, кол менен кылбас акмакчылыкты ушундан бил: Блоктун, анын чоң ата, чоң энесинин, энеси, энесинин сиңдиси Мария Андреевна Бекетованын, аялы Любовь Дмитриевнанын сөөгүн казып, арбагын козгогонду андай кой, алардын сөөгүн жаңы жерге жайгаштырыш үчүн склеп* бошотушуптур (башкача айтканда, барон Швахенгеймдердин табыттарын ыргытып жибериптир). Ондогон жылдар бою большевик тарбиясынан «таалим» алып, адеп-ахлактан, тергебей айтканда, адамдык касиеттен куржалак калган советтик адам: «а бир барон экен, анын эмнеси бар?!» деп керкейиши мүмкүн. Айталы, Блоктун өзү, анын ага‚ туугандары көзү тирүү туруп, ушундай маңкуртчулукка макул болмок беле? Барыдан да Блоктор эмне үчүн барон Швахенгеймдердин склебинде жатыш керек? Ленинграддык адабиятчы Дмитрий Евгеньевич Максимов Блоктун сөөгүн казып жатканда катышкан экен (жаңы жерге коюлганын көрбөптүр, тек темир жащиктүү грузовикке салып кеткен дейт), ошо киши ал окуя тууралуу кийин күйүп-бышып эскерүү жазыптыр. Мына ошондон бир, бир жарым барак келтирбесек болбойт:

«Мага Блок жана анын туугандарынын сөөгү капталы таш менен кыналган даяр склепке коюлганын айтышты. Склеп башка бирөөнүкү экен, аны бошотуш үчүн кайсыдыр бир барон Швахенгеймдердин сөөгүн, андаң башка дагы эки маркумдун сөөгүн чыгарып салышыптыр... Муну менен Блоктун жана Бекетовдордун арбагын кордоп жатканы жер пендесинин жетесинде жок бул шумдукту ойлоп тапкандардын, аткаргандардын башына албетте, кирбесе керек, мындай иш аң-сезимдүү адамзат жосунуна, укугуна жат экенин ойлошпосо да керек...

Короо шыпыргыч болобу, айтор ким болсо да адам жетесинин барар жери бир экендигин, табышмактуу а дүйнө даража-маражаңа карабай, бардыгын теңеп коёрун адамзат акыл тутуму аман-эсен турганда алардын арбагын кордоо айбанчылык экендигин ошолор түкшөмөлдөп түшүндү дейсиңби?!.. Көзү жылтыраганы менен көкүрөгү көр адам. сөрөйлөр рухий, маданий жактан алардан асти ашып түшпөгөн аткаминерлер, адабият мыкчагерлеринин «акылга» чапчаң, аткарганга ыкчамдыгы ушуну кылат да» («Лит. обозрение» № 5 1987).

Айтор, баары сууга аккандай, азыр төө көргөн да, бээ көргөн да эч ким жок…

Ал эми Александр Блокко ууну качан берди, кантип берди (кофеге салыппы, виного кошуппу?), анын таасир этер учуру канчалык узак болду, жоруш кыйын, жоруган менен пайдасыз. Жолдош Менжинскийде киши көзүн тазалоонун миңдеген ыкмалары, аны аткара турган штаттуу, штатсыз көптөгөн кызматкерлери болуш керек.

Мына айталы, 20-жылдын аягы, 21-жылдын башында эрди-катын Лариса Райснер менен Раскольников Петербургга байма-бай каттай баштады. Эрди-катын экөө тең революционер-функционер. Блоктун аларга кандай тиешеси бар да, алардын Блокко кандай тиешеси бар? Эч кандай. Анын үстүнө 1915-16-жылдары Райснерлер чыгарган «Рудин» аттуу журнал сөрөйдү Блок жининдей жек көрчү. Лариса менен Раскольников анысына деле кайыл. Блоктун айланасында чарк урганы чарк урган; 20-жылдын акыры, 21-жылдын башында бир нече жолу жолугушат. Блок алардын үйүндө бир нече жолу болуп, түшкү тамагына, кечки тамагына катышат.

Бу жерде Лариса Райснер жайын жайырак түшүндүрүүгө туура келет. Баса, ага анчалык баш оорутуштун деле кежети аз. Надежда Яковлевна Мандельштам «Эскерүү» аттуу китебинде Лариса Михайловнага бүтүндөй глава арнап, аны «Орус революциясынын аялы» атаптыр. Эмесе сөз тизгинин Надежда Яковлевнага берели:

«Ал… жеңишке жетишкен тарапка таандык эле. О.М. (Осип Мандельштам – В.С.) Москваны арбайган ачарчылык басып турганда да Раскольников менен Лариса атайын салынгаң үй күтүп, малай жалдап, дүр дүйнөлүү дасторкон жайып, аябай шаан-шөкөттүү жашады деп айтчу. Турмуш шыбагасы эмне үчүн андай болуп калганына Ларисанын да, эринин да жообу даяр эле: биз жаңы мамлекет куруп атабыз, биз мамлекетке керекпиз, биз жоктон барды жаратып жаткандан кийин бийлик башындагыларга тийчү үлүш бизге да тийиш керек, аны кесир кылуу эки жүздүүлүккө жатат...

О.М.дин Лариса жөнүндө кеп кылгандарынан бул аңгеме эсимде калыптыр; а кезде адмирал деп койчу беле, аскер адиси деп койчу беле, айтор кандайдыр бир аскер кызматкерлерин камаш керек болуп калат. Жардамга Раскольнуковдорду чакырышат: алар кайсы бир согуш майданынанбы, башка шаарданбы келген адмиралдарды үйүнө чакырып меймандайт. Келбет-көркү келишкен хозяйка келгендерди келиштире сыйлайт, ар түркүн амал менен алаксытат. Чекисттер болсо бир «чык» эттирип ок чыгарбай, жайыл дасторкон үстүнөн «дапдаяр» басып калат. Айтканга оңой болгон менен бул оңбогондой оор иш эле, бирок Ларисанын бирөөлөрдү тузакка түшүрүү жагынан ашкан адистиги керекке жарап кетет...

Ларисанын колунан бардык иш келчү... Профессордун кызы кезинде, болбогон бир журнал сөрөй чыгарып, алгачкы ырын жазымыш этип, акындарга конокко барып жүргөн кезинде анан «орус революциясынын аялы» болууга аракети күч кезинде Лариса тааныган, билген адамдардын бардыгы өз ажалынан мурда өлдү. Ал чырайлуу аял эле, чырайы көзгө шак урунуп, немистик салмак берип турчу. Лариса Кремль ооруканасында каза тапты, каза тапканга чейин энеси такай жанында болду. Ал өлөрү менен энеси да өзүн-өзү өлтүрдү.

Биз өз ажалы менен өлгөндөргө көнбөй калыппыз, ошон үчүн ишенбей кетем: кантип эле кадимки келте оорусу болуп-толуп турган сулууну колубуздан сууруп кетсин? Анын мынчалык эрге өлүшү — эч нерседен таюу тартпаган карама каршылыктуу турмушунун, кылган кылмышынын эсеси го...» (Н.Я.Мандельштам. «Эскерүү». Биринчи китеп, 117-118-бет. Париж. _ «ИМКАпресс», 1982) .

Надежда Яковлевна менен биз да макулбуз, биз да ишене албай турабыз. Анын үстүнө суроо туулат: ата-энелер ар дайым эле балдары өлөр замат өзүн  өзү өлтүрүп турабы? Мындай окуяны биринчи угуп жаткан жокпузбу? Кимге кандай экенин билбейм, мага Надежда Яковлевна бир чындыктын башын кылтыйтып чыгарып жаткандай туюлат. Ооба, кызы өлөрүндө энесине далайларды айтышы мүмкүн. Же болбосо, айтып салды го деп кимдир бирөөлөр шек санашы мүмкүн. Булардын баары албетте, божомол да, жоромол да эмес, булар ой жүгүртүүгө от тамызгы.

Мафияда көзүн тазалоо деген эреже бар. Көзү тазалангандан кийин көп айлар, атургай жылдар бою ага түз же кыйыр катышы барларды мындай кой, анча-мынча эле бирдеме билгендерди да тазалоо башталат. Кеннедини өлтүргөндөн кийин анын артынан ар түрдүү жагдай-шарттарда 120 киши ың-жыңсыз жок болуп кеткенин негедир эсибизден чыгарып ийип жүрөбүз. Алардын алдында кызы менен энеси деген эмне? Надежда Яковлевна «орус революциясынын аялы» жөнүндөгү ошол эле главада минтип жазып жатпайбы: «Жаңы дүйнө курган адамдар «Канга забын болбо!» деген сыяктуу закондор келжиреген кеп, эки жүздүүлүк экендигин эргип далилдешти».

Авт: Владимир Солоухин

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

«Баласагын оттору» 1993-ж

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз