“АКА“ ВА “ҮКА“
Интернеттен окуп калдым: жаңы шайланган парламентте биринчи эле жыйындарда кер-мур кеткен кептер чыгып, түбү барып “акалар” менен “үкалар” деген эки сөзгө такалыптыр. Муну айрым кыраакылар дароо эле аймакчылдыктын шоорат-шобуртуна жорушуптур. “Регионализм темасы парламентте көтөрүлбөшү керек!” – дептир өткүр ойлонгон айрымдары.
Сыпайыланганда эмне, бул эки сөз бизде чын эле күлдү түштүк кыргыздарынын лексикалык паспортундай эсептелинет. Академиялык сөздүктөрдө алар диалект болуп катталган, бизге коңшулардан, айрыкча өзбек туугандардан өткөн субстрат сыяктуу саналат. Соңку кездери түштүк жергесиндеги жаштардын өкүлдөрү, атүгүл интеллигенция катмарынын айрым “каймактары” да ушул эки сөздү эл алдында оозангандан айбыгып, кадимкидей намыстана башташты.
Деген менен тарыхый же диахрондук лингвистикада бул эки сөз тууралуу кызык маалыматтар кезигет. Махмуд Кашгаринин атактуу лугатында, маселен, “ака” да, “үка” да жогорку даражадагы наам маанисинде көрсөтүлөт. Биринчиси карапайым калк ичиндеги акылман, турмушта көптү көрүп, көптү билген, көсөмдүгү бар кишиге айтылган экен, ал Хаканияда кагандар тукумундагы “тегин” деген наамдан кийинки даража болуптур.
“Үка” дегени чыгаан кишини (выдающийся человек) билдирген экен. “Ул ани үкалади” – он присвоил ему титул ука – Ал ага үка деген наам берди. (Диван Лугат ат-Турк. “Дайк – Пресс”, 2005. 122, 306).
Кийин бул эки сөз хаканиддерден (карахандардан) чагатай тилине өткөн, болгону титул эмес, жашы улуу жана кичүү эркектерге, абройлуу кишилерге айтылган, урмат кылган, сыпаа сөзгө айланган. “Ака-үка” Бабурда, Навоиде жолугат, ал эми биздин атактуу Барпы апыздан, андан мурдагы жазгыч акын Молдо Нияздан, калган башка таланттуу төкмөлөрдөн арбын табылат.
Дегеле совет дооруна чейин Ортоазиядагы бир катар элдер, алардын ичинде кат тааныган кыргыздар дал ушул чагатай жазмасын колдонушкан, анын бай, ийкем лексикасын пайдаланган. Демек, “ака-үка” бизге өзбек агайындардан өткөн “жугунду“ сөз эмес, чагатай тилинен, ары барганда карахан түрктөрүнөн калган мурас.
Айтмакчы, карахандар оолаты түбү барып таластык жана теңиртоолук кыргыздардан тараган болушу ыктымал, алар кара-хокан каганатын тикелегенге катышкан, кийин кыргыздын оң канатын түзгөн деген уламыш кептер бар; экинчи бирөөлөр аль-Хакания деп Махмуд Кашгари өз заманында азыркы хакас (хака) жерин байырлаган илгерки бузундарды, айрыкча енисей кыргыздарын айткан дешет. Ушуларды эске алганда “ака-үка” бизге төл айтым болуп чыгат.
Дагы бир кызык маалыматты атактуу лингвист-полиглот Сергей Старостин айтыптыр. Глобалдык этимологияда жер жүзүндө арбын жолуккан уңгу сөздөр жөнүндө кеп кылып, алардын ичинде “ака” же “кака” деген айтым дүйнөдөгү тилдердин көптөгөн түркүмүндө кеңири таралганын, экөө тең ага, же байке маанисинде колдонуларын көрсөтүптүр.
Таанымал лингвист муну жөн гана тыбыш туурамай катары түшүндүрүү кыйын экенин моюнга алып, бир болсо мындай сөздөр абдан байыркы булактарга барып такалышы ыктымал деп ырастайт. – “Но есть чрезвычайно распространенное слово – название старшего брата «ака» или «кака». В массе языковых семей есть термин для старшего брата именно такого типа, и наличие его очень трудно объяснить звукоподражанием. Вполне возможно, что подобные слова могут восходить к очень древним истокам”. (У человечества был единый праязык. Беседа с С.Старостиным. Знание - сила. - М., 2003, № 8).
Лексикалык эң байыркы когнаттар (уңгулаш же уялаш сөздөр) кубартилдер (праязыки) тарамдалып, түркүмдөлө баштаган доорлордо жаралган деп болжолдонот. Бул он миң жылдын ары-бери жагына барып такалат. Балким, “ака” ошол замандарда пайда болгондур, аны эч ким так айта албайт. Бирок башка бир фактыны так айтканга болот: ушундай байыркы айтымдар кайсы тилде сакталып калса, анын эң эски тил экени кадиксиз.
Иши кылып, “ака-үка” ондогон кылымдардын элегинен өтүп, элде сакталып калган эски сөздөрдөн. Ар кандай мезгилдерде ар башкача мааниге ээ болгон, биздин заманда гана бул эки сөз аймакчылдыктын – регионализмдин эн белгиси болуп калды.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR