Олжобай Шакир: Кетмен-Дөбө кайрыктары

  • 02.03.2026
  • 158

Институт
Аскалардын эмчектери көк тиреп,
аны жалаң булут гана өпкүлөп...
Асман-Жердин көрдүм укмуш арзуусун
бул арзууга жетпес эч бир эт жүрөк.

Эрди-катын ортосунда каяктан
кагышкансып кээде казан-аяктар:
Асман-Жердин ортосунда чагылган –
карс-курс, чарт-чурт сынган сымал таяктар.

Бир ой кылт дейт тиктеп тунук асманды:
кайнап турган каарын дароо басканбы?
Назик, жумшак, апапакай булуттар
эркелетип сылайт тоо, таш, аскаңды.

Көзүм албай тиктеп жатып элести –
табияттан алдым акыл-кеңешти...
түгөй барбы Жер-Асмандай жарашкан,
түбөлүктүү арзуу ушул эмеспи.
11-июль, 2013-ж. Кетмен-Дөбө, Алатай жайлоосу.

Көз ирмем
Тепкич-тепкич аска кырында
теке турат жону былкылдап.
Мерген аңдып берки жондогу
таканчыктап, таман кылтыңдап...

Кароол тиктеп каткан мергендин
буту тайып кокус шагылдан,
кепшеп аткан кийик бейкапар
үйрүн көздөй үркүп камынган...

Көз ирмемде мылтык үнүнөн
аскалардан аска жаңырды.
Ажал аңдып турган кайберен
бир заматта оңко сайылды.

Булкунса да дене козголбой,
бутун серпип улам алсырап,
үзүлгөнчө көздөн караандар
үйрүн тиктеп жатты кансырап.

Жаны чыккан кийик көзүндө –
этке жайып койгон дасмалдай,
ак булуттун түсү канжалап,
күн салаңдап турду асманда.
12-июль, Кетмен-Дөбө, Алатай жайлоосу.

Арча бешик
Жашыл өңү жүз жылда да өчпөгөн,
Теңир-Тоодон түзөң жакка көчпөгөн
арчаларга бойду таштап уктадым,
арасынан чычкан мурду өтпөгөн.

Кучак кере көктү тиктеп суналып,
тоо койнунда жатканыма кубанып:
арчаны мен бешик көрүп термелсем,
дүйнөм аруу боло түштү тунарып.

Жаратылыш мээрим төккөн энедей,
мен наристе болбосом да кенедей...
шамал желпип, шамал улам терметти,
уктап ал деп шыбырады теребел.

Бешик ырдай чымчыктардын үндөрү,
аңкып жыттуу тоонун жыпар гүлдөрү...
уйкум тарап, көтөрдүм да башымды,
кайра баштан сүйдүм ушул дүйнөнү.

Арча мени же аластап койгонбу,
бир заматта башка Олжобой ойгонду!
16-июль, 2013-ж. Кетмен-Дөбө, Алатай жайлоосу.

Жалгыздык
Булут чубап тээ учунда асканын,
суу боюнда көктү тиктеп жаткамын:
качанкы бир кайтып мага аруулук,
канат болду өзүмдү өзүм тапканым.

Жетпей жүргөн окшойт ээн, тынч жай мага,
карагай-чер, тоо, суу – бейиш айлана...
жаман ойлор, таарынычтар, ызалар,
жан кайгым да агып кетти дайрага.

Конфуцийден, Сократтан эшиткен
пенделер аз өзүн таанып жетиккен.
Мындай улуу аруулукту адамзат
издебесин эчбир храм, мечиттен. 

Жалгыздыктын сездим ыйык экенин,
аны туйган аруулукка жетээрин.
Көздөгөнүм – мындан аркы турмушта
көрдүйнөнүн кармалабайм этегин.

Кайран жаштык!.. Сая кеткен өмүрдүн
калганын да сүрүп өтөм көңүлдүү.
Кадырлашкан доско түгүл кырчылдаш
касыма да кенен жаям төрүмдү.

Душман менен күч сынаша келгенде,
билек түрөм өзүмдү өзүм жеңгенге!
18-июль, 2013-ж. Кетмен-Дөбө, Алатай жайлоосу.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз