Габриэль Гарсия Маркес: Өлүмдүн башка жүзү

  • 09.03.2026
  • 137

АҢГЕМЕ

Ал негедир бирөө түрткүлөгөнсүп, капысынан ойгонду. Коңшу бөлмөдөн чыккан фиалка гүлү менен формальдегиддин жагымсыз ачуу жыты, таңкы бакчадагы жаңы ачылган гүлдөрдүн аңкыган жыты менен аралашып кетти. Өзүн тынчтандырып, уйкуга алдырган кайрат-эркин кайтарууга аракеттенди.

Таң атыптыр, бакчада жашылча сугаргандардын үнү угулуп, ачык терезеден көгүлтүр асман көрүнөт. Ал күңүрт жарык бөлмөнү карап, капыстан чочуп ойгонгонун кандайча жорушту билбеди. Уктап жатканда кимдир бирөө бөлмөгө кирген сыяктуу, дээрлик денеси менен сезген туюм бар эле. Бирок ал жалгыз болчу, ичинен бекитилген эшик ачылбаптыр. Терезеден жарык кирип жатты. Бир канча убакыт ал түшүндөгү окуяларга кайткан нерв чыңалуусун басууга аракеттенди. Көздөрүн жумуп, чалкасынан кыймылсыз жатып, үзүлгөн ой учугун улоого аракеттенди. Кан тамырлары лакылдап соккону тамагын бууп, көкүрөгүн кысты. Жүрөгү алыска чуркагансып дүкүлдөп, катуу, тез-тез сокконучу. Акыркы бир нече мүнөттү кайрадан башынан өткөрө баштады. Кыязы, жаман түш көргөнсүдү. Бирок өзгөчө деле эч нерсе болгон эмес, мындай абалга түшкүдөй эч себеп жок болчу.

Алар поезд менен (азыр эстедим) белгисиз бир жерде, жансыз жаратылышты аралап баратышкан. Айланада жашоо жок, жасалма бир көрүнүш (бул түштү кайра-кайра көрө берем). Дарак бутактарында жемиштер эмес, устара, кайчы сыяктуу коркунучтуу, учтуу нерселер илинүү. (Эсимде, ошол учурда чачымды тараш керек болгондой сезим келген). Кыскасы, баары чачтарачтын жабдыктары эле. Бул түштү көп жолу көргөм, бирок бүгүнкүдөй катуу, чочуп ойгонгон эмесмин.

Бир дарактын артында жакында эле жерге берилген анын түгөйү (алар эгиздер эле) туруптур. Ал жанынан өтүп бараткан поездди токтотуу үчүн белги берди. Ушундай көрүнүш мурда, реалдуу жашоодо болгон эле.

Поезд токтобой, аракети текке кеткенин көрүп поездди кууп жөнөдү. Ал деми кысылып, оозунан ак көбүк чачып, жыгылганча чуркады. Бул деле акылга сыйбас, чындыкка окшобос көрүнүш болгону менен, ашыкча тынчсызданууга негиз жок эле.

Ал кайрадан көзүн жумса, чеке тамырлары лукулдап, барган сайын ылдам согуп, соккулары муштум тийгенсип катуулай берди. Поезд тажатма, көңүлсүз, түшүмсүз пейзажды аралап бараткан, ошол маалда сол бутундагы оору анын көңүлүн сырттагы көрүнүштөн алаксытты. Ал манжаларын карап, ортонундагы шишикти көрдү да, тар бут кийим кийбеш керек эле, – деп койду.

Эң эле табигый нерседей, өмүр бою ушуну гана жасап жүргөндөй, чөнтөгүнөн отвёртканы алып, шишиген жаранын картын бурап чыгарды. Анан отвёртканы кылдаттык менен көк сандыкчага салды. "Түш түстүү болчу, туурабы?" — деп ойлоду. Шишиктен кир, саргыч жиптин учу чыгып турган. Буга эч таң калбай, жипте шектүү эч нерсе жоктой, учунан кармап, кылдаттык, чеберчилик менен суура баштады. Бул өтө узун жип болчу. Ал эч кандай кыйынчылыксыз, оорусуз суурулуп жатты.

Бир секунддан кийин ал башын көтөрүп, вагонда эч ким жогун көрдү. Бир купеде бир тууганы аялдарча кийинди да күзгүгө каранып, сол көзүн кайчы менен чукуп чыгарууга аракет кылып жатыптыр.

Албетте, бул түш жагымсыз болчу, бирок ал эмне үчүн кан басымы көтөрүлгөнүн түшүнө албады, анткени мурунку түндөрдө, мындан да оор, коркунучтуу түштөрдү көргөндө, эч нерсе болгон эмес. Ал колдорунун муздагын сезди. Фиалка, формальдегиддин жыты күчөп, жагымсыз, дээрлик адам чыдагыс абалга жетти.

Көзүн жумуп, демин басууга аракеттенди, күнүмдүк жашоосунан бир нерселерди ойлоп, кайрадан кыйла мүнөт мурда үзүлгөн уйкусун улантмак болду. Мисалы, бир нече сааттан кийин сөөк коёр жайга барып, эсептерди төлөшү керектигин ойлонсо болмок.

Бурчта тынчсызданган чегиртке өз ырын созуп, бөлмөнү кургак, үзүл-үзүл чырылдоолор менен толтурду. Нерв чыңалуусу акырындап, байкаларлык азая баштады. Ал өзүн бош таштап, булчуңдары бошогонун сезди. Башын жумшак жаздыкка койгондо, денеси жеңилдеп, салмаксыз болуп калды. Ыракаттуу чарчоону сезип, өзүнүн материалдык, жердик табиятын унутуп койду. Аны аныктаган татаал түзүлүшүндө бардык система, органдардын геометриясын камтыган, акылдуу жаныбарлардын иерархиясында жогорку орунга көтөргөн, зоологиялык түрлөрдүн тепкичиндеги ордун көрсөткөн өз салмагы жоктой сезилди.

Колу-бут муундары бири-бирине канчалык табигый айкашса, кабактары да көздүн карегине ошончолук моюн сунуп жабылды. Ал эми өз мүчөлөрү бара-бара кыймыл-аракетин жоготуп, бардык организм бир чоң, өз алдынча орган сыяктанып, адам – ажалсыз жанга айланып, башка, терең, бышык тагдырга — бузулбас, чексиз түбөлүктүү уйкуга ээ болгондой туюлду.

Ал сырттан, дүйнөнүн башка бурчунда чегиртке чырылдагынын акырындап басылганын, акыры унчукпай калганын укту. Убакыт жана аралык анын ичине кирип, жаңы, жөнөкөй түшүнүктөргө айланганын, жан дүйнөсүнөн материалдык, физикалык жана азаптуу, курт-кумурскалар жана фиалка менен формальдегиддин ачуу жытына толгон дүйнөнү өчүрүп салганын сезди.

Ыракаттанып, күнүмдүк тынчтыктын жылуулугуна бөлөнүп, өзү ойлоп тапкан күндүзгү өлүмдүн жеңилдигин сезди. Ал жагымдуу саякаттар дүйнөсүнө, элестүү идеалдуу дүйнөгө – бала тарткан сүрөт сыяктуу, алгебралык теңдемелерисиз, сүйүү коштошуулары жана гравитациялык күчү жок дүйнөгө чөмүлдү. Ал мындай абалда, чала уйку менен чындыктын тилкесинде канча убакыт болгонун айта алмак эмес, бирок ал күтүлбөгөн жерден, бирөө бычак менен тамагынан мууздап жаткандай, төшөктөн секирип турду да, эгизи – өлгөн бир тууганы, керебет жанында отурганын сезди. Кайрадан, мурдагыдай эле жүрөгү муштумдай түйүлүп, алкымына тыгыла баштаганда, ал секирип турду.

Жаңыдан атар таң, тынчтыкты бузган чегиртке, бакча гүлдөрүнөн келген салкын жел – мунун баары аны реалдуу жашоого кайтарды, бирок бул жолу ал эмне үчүн калтыраганын түшүндү. Уйкусуз кыска мүнөттөрүн азыр түшүнүп жатам – түнү бою ал эч ойсуз, тынч, бейпил уйкуда түш көрүп жатам деп ойлоп, анын аң-сезимин бир гана туруктуу, өзгөрүлбөс образ ээлеп, башка бардык нерселерден тышкары турган. Анын эркине жана аң-сезиминин каршылыгына карабастан мээсинде бекем орногон элес. Ооба. Кандайдыр бир ойду ал таптакыр байкабаптыр, ойлор аны ээлеп алып, жан-дүйнөсүн биротоло каптап, башка бардык ойлор үчүн кыймылсыз, калдайган көшөгө сыяктуу тосуп алыптыр. Бул ой анын күн-түнү ой драмасынын тирегин, негизги омурткасын түзгөн. Түгөйүнүн өлүк денеси жөнүндөгү ой мээсине мыктай кадалып, жашоо борборуна айланган. Эми минтип, аны тигил кичинекей жер тилкесине жалгыз калтырып, жамгырдын муздак тамчыларынан кареги дирилдеп турганда, андан коркуп кеткен.

Ал мындай күчтүү сокку болорун эч ойлогон эмес. Ачык терезеден кайрадан жыт кирип, ага нымдуу топурактын, көмүлгөн сөөктөрдүн жыты кошулду. Анын жыт сезүүсү курчуп, коркунучтуу айбанга тиешелүү кубаныч каптады.

Ал жаралуу иттей бүгүлүп, шейшепке жамынып алып онтолоп ыйлаганын, ошол кыйналып чыккан кыйкырыгы анын кургап калган алкымынан чыга албай жан далбастаганын, аркасына акырын жылып, шишик так ортосуна чейин бараткан колун, ооруну тырмагы менен тытууга аракет кылганын көргөндөн бери көп сааттар өткөн. Ал анын жаныбар сыяктуу от менен күрөшкөнүн, денеси өз бийлигине алган чындыкка каршы кубатын, өлүм сыяктуу акыркы, туруктуу чындыкка каршы турганын унута алган жок.

Ал анын акыркы мүнөттөрүндөгү коркунучун көргөн. Ал дубалга тырмактарын сындырганын, колунун салааларынан өтүп бараткан жашоонун акыркы күкүмдөрүн тыткылаганын, алаканы тырмак алдынан аккан канга жуулганын, ошол эле учурда гангрена анын этин тойбогон, ырайымсыз жез тырмак сыяктуу жеп жатканына күбө болгон.

Анан ал чарчаганга да үлгүрбөй, денесин муздак тер басып, акыры ажалга моюн сунуп, оозунан ак көбүк чыгып, коркунучтуу жылмайып, уйпаланган төшөккө кулаганын, өлүм анын денесин аккан күлдөй каптаганын көргөн.

Мен аны кыйнаган курсагындагы шишикти эстегенде ошондой болгон. Аны тоголок деп элестетип жүрдүм, эми деле ошол эле сезим – ичи кичинекей күн сыяктуу тоголок болуп көөп, уулуу мурутчаларын ичи-кардынын эң тереңине чейин батырган сары курт сыяктуу чыдагыс эле. (Ал өзүндө сөзсүз болот деген философиялык түшүнүгү менен боолголоп, организминдеги бардык мүчөлөрүнүн бузула баштаганын сезди.)

Балким, менде да дал аныкындай шишик болот. Башында кичинекей шишикче пайда болот да, анан өсөт, бутактайт, кудум ичимде өскөн жемиш сыяктуу. Балким, шишик кыймылдап, ичимде элирмеси бар бала сыяктуу кыймылдап, ичегилерим аркылуу сокур адамдай аралап жүргөнүн сезем. Ал ичинин ооруганын басаңдатыш үчүн алаканын ичине басты, анан тынчсыздануу менен колун караңгылыкка, жатындын, меймандос жылуу баш калкалоочу жайын издеп сунду, бирок аны таба алган жок; жана бул фантастикалык жандыктын жүздөгөн желелери чаташып, узун саргыч киндикке айланат. Ооба. Балким, менин да ашказанымда азыр эле өлгөн бир тууганымдыкындай шишик болот.

Бактын жыты абдан күчтүү, жагымсыз, жийиркеничтүү жытка айланды. Убакыт таңдын босогосунда токтоп калгандай. Терезеден таң жарыгы сүттөй уюп калгансып көрүндү, ошол себептен кошуна бөлмөдөн, ал жерде өткөн түн бою жансыз дене жаткандыктан, формальдегид жыты келгенсиди. Албетте, бул бакчадан чыккан жыт эмес эле. Бул, адамды тынчсыздандырган, гүлдөрдүн жытына окшобогон өзгөчө жыт. Аны бир жолу билген адам таптакыр унутпаган, дароо эстеген өлүк жыты. Жүрөк тоңдурган, тынчсыздандырган жыт – анатомиялык театрда формальдегид ушундай жыттанчу. Ал лабораторияны эстеди. Спиртке салынган ички органдар, катырылган куштардын кеби.

Формалинге сиңген коёндун эти катып, кургап, жумшак ийкемдүүлүгүн жоготуп, өлбөс, түбөлүк коёнго айланат. Формальдегид. Бул жыт кайдан? Бузулууну токтотуунун жалгыз жолу. Эгер адамдын веналарына формалин толтурсак, биз формалинделген анатомиялык үлгүлөргө айланабыз.

Ал сыртта жамгырдын күч алганын, ачык терезенин айнегин балка менен тыкылдатып ургулагандай туюлду. Жаңы, жан сергиткен, таза аба бөлмөгө нымдуу салкындыкты алып кирди. Колдору таптакыр муздап, кадимки эле формалин агып жаткандай, муздактык баш сөөккө чейин жеткендей сезим жаралды. Нымдуулук. Ал жер өтө нымдуу. Ал кышкы түндөрдү, жамгыр чөптү аралап, нымдуулук анын бир тууганы жаткан жайга да жетип, суу анын денесинде кан сыяктуу айланып турганын ойлоп, аны аяп кетти.

Ал өлгөндөрдүн кан айлануу системасы башкача болуш керек деп ойлоду, бул аларды акырына, акыркы жана кайтарылгыс өлүмгө тез эле алып барат чыгар. Ошол учурда жамгыр биротоло токтоп, мезгилдердин баарын алмаштырган жалгыз мезгил жай гана болушун каалады. Ал ушинтип ойлогондо, терезе сыртындагы тынымсыз жана нымдуу ызы-чуу жагымсыз сезилди. Ал көрүстөндөгү чопонун кургак, ар дайым кургак болушун каалады, анткени аны тынчсыздандырган бир ой бар эле – ал жерде, жер астында, эки жумадан бери, нымдуулук сөөгүнөн өтүп чучугуна жеткен, эми ага таптакыр окшобогон адам жатат.

Ооба. Алар эгиздер эле, эки тамчыдай окшош, биринчи көргөндө эч ким айырмалай албаган эгиздер. Мурда, бир туугандай болуп, ар бири өз жашоосун сүрүп жатканда, алар жөн гана эки башка жашаган эгиз бир туугандар эле. Рухий жактан алардын эч кандай жалпылыгы жок. Бирок азыр ырайымсыз, коркунучтуу чындык, омурткасыз жандыктай, муздактык менен денесин аралап өткөндө бир бүтүн нерсе бузулду, бир бүтүн нерсе талкаланып, ордунда чоң боштук пайда болду. Бул боштук, терең жара сыяктуу же денесин бычак менен экиге бөлүп салган сыяктуу болчу.

Бул нерсе азыр корккон физикалык денесиндеги анатомиялык түзүлүштөн эмес, тескерисинче, алыстагы, мурда эненин курсагынын караңгылыгында бирге жашап, анан генеалогиялык дарак сыяктуу өнүгүп, жарыкка чыккан башка бир нерседен улам болду. Бул нерсе анын канында, төрт ата-бабасынын төрт жубу менен бирге жашайт. Дүйнө жаралгандан бери келе жаткан бул сырдуу күч, өз салмагы жана катышуусу менен бүткүл ааламдын гармониясын кармап турат.

Балким, анын тамырларында Ыскак менен Ревекканын каны агып жаткандыр. Балким ал анын согончогуна жармашып төрөлгөн бөлөк бир тууганыдыр, муундан-муунга, түндөн-түнгө, өбүшүүдөн өбүшүүгө, сүйүүдөн сүйүүгө, өз энесинин жатынына жеткинче, артериялар менен урук бездеринин ичинде күүгүмдө саякаттап жүрүп жеткен бөлөк бир тууганыдыр. Мына азыр тең салмактуулук бузулуп, сырдуу генеалогиялык жол ушунчалык реалдуу, азаптуу болуп ачылды. Ал өзүнүн ички гармониясында бир нерсенин орду толбогонун сезди. Кадимки, көзгө көрүнгөн бүтүндүгүндөгү кемчилик сыяктуу: "Исавдан кийин анын согончогун кармаган бойдон Жакып чыкты".

Бир тууганы ооруп жатканда, мындай сезим болгон эмес. Анткени анын жүзү өзгөргөн, ысытмадан жана оорудан алсырап, сакалы да өзүнүкүнө окшобой калган. А бир тууганы акыркы демин алып, суналып жатканда, ал чачтарачты "анын денесин жөнгө салууга" чакырды. Ак кийимчен адам жаркыраган куралдарын алып келгенде, ал да дубалга таянып, ошол жерде турган.

Чебер уста маркумдун сакалын самын көбүгү менен нымдап жатканда, анын оозу да көбүктүү болчу. Мен өз бир тууганымды өлөр алдында ушундай абалда көргөм. Уста акырындык менен, кандайдыр бир коркунучтуу сырды ачкысы келгендей, анын сакалын кыра баштады.

Ошондо коркунучтуу ой келип, ал аны калтыратып жиберди. Устара мизи тийген сайын, түгөйүнүн кубарган, коркунучтан бузулган жүзүнүн өзгөчөлүктөрү айкын көрүнө баштаган. Ал бул өлүк дене өзүнө бөтөн эместигин, өзү менен бир бүтүн организм экенин сезди. Анан баардыгы болуп жаткандардын бардыгы дал өзүнүн… репетициясы сыяктуу эле...

Анда кандайдыр бир күтүүсүз сезим пайда болду: ата-энеси анын элесин – ар күнү эртең менен сакалын алып жаткан күзгүдөгү элесинен алып чыккандай туюлду. Азыр анын ар бир кыймылын кайталаган бул сүрөт өзүнөн көз каранды эместей. Ал күзгүдөн өзүн сансыз жолу көргөн, бирок азыр драмалуу көрүнүшкө күбө болуп: башка бирөө, өзүнүн реалдуу катышуусун этибарга албай, күзгүдөгү өз элесинин сакалын кырып жаткан.

Бул физиканын мыйзамдары түшүндүрө албаган көрүнүш болсо да, ал күзгүгө караса, эч нерсе көрбөй калам деп ишенген. Бул аң-сезимдин экиге бөлүнүшү эле! Анын түгөйү өлүк болчу! Толук үмүтсүздүктөн, өзүн колго алууга аракет кылып, ал катуу дубалды манжалары менен сылады, ал ага токтоп калган агымдай сезилди. Чач тарач ишин бүтүрүп, маиттин көзүн кайчынын учу менен жаап койду. Караңгылык, дүйнөдөн кеткен дененин ичинде жалгыздыкта титиреп жатты. Эми алар бири-биринен айырмаланбаган бир туугандардай, бири-бирин тынбай кайталап турушту.

Ошондо ал мындай жыйынтыкка келди: эгер бул эки жаратылыш ушунчалык тыгыз байланышкан болсо, анда өзгөчө жана күтүүсүз бир нерсе болушу керек. Ал эки дененин мейкиндикте бөлүнүшү – жөн гана сырткы көрүнүш, бирок чындыгында алардын биримдик, жалпы жаратылышы бар деп элестетти. Ошентип, өлгөн адам чирип баштаганда, ал, тирүү адам дагы, ичинен чирийт.

Ал сыртта жамгырдын айнекти катуу ургулап жатканын, а чегиртке өзүнүн кичинекей кылдарын тырмалай баштаганы укту. Анын колу таптакыр муздап, узакка созулган жансыздыктан тоңуп калган. Формальдегиддин кескин жыты, бир тууганын денесинен чыккан чиреген, муздак топурактын жыты менен аралашып, бир билдирүү келип жаткандай сезилди. Бул акылга сыйбаган нерсе эле!

Балким, бардыгы тескерисинчедир. Тирүү калган жан катары, ал өз энергиясы, тирүү клеткалары менен таасир этиши керек эле го! Агер чын эле ошондой болсо, анын бир тууганы ошол бойдон калып, ал эми жашоо менен өлүмдүн тең салмактуулугу аны чирүүдөн сактап калмак. Бирок муну ага ким далилдей? Балким, көмүлгөн бир тууганы бузулбай сакталып, ал эми чирүү өзүнүн көгөрүп кеткен издери менен тирүү адамды, демек аны каптайбы?

Ал акыркы ойду эң ыктымалдуу деп эсептеп, моюн сунуп, өзүнүн өлүм саатын күтө баштады. Булчуң-эти жумшарып, шишип, бүт денесин көк суюктук каптагандай сезилди. Ал өз денесинен чыккан бардык жыттарды биринин артынан бирин сезди, бирок бир гана кошуна бөлмөдөн чыккан формалиндин жыты тааныш, муздак калтыроону жаратты. Анан аны эч нерсе кызыктырбады. Бурчтагы чегиртке кайрадан өз ырын ырдап, анын үнү бөлмөнүн тынчтыгын бузуп, кайгылуу обон жаратты.

Тунук асмандан түшкөн чоң, тоголок тамчы бөлмөнүн шыбынын так ортосунда салаңдап турду. Мына, ал кулап түштү. Ал ага таң калган жок, анткени ал эски жыгач чатырдын дал ошол туштан тешилгенин билчү. Ошентсе да ал бул тамчыны асман сыяктуу муздак, чексиз, мээримдүү, жагымдуу деп элестетти. Ал бул тамчынын сүйүү, ичкен ашыңды сиңирүү, эгиздердин жашоосу сыяктуу акылсыздыктар жок, жакшы жашоодон келгендигин ойлоду.

Балким, бул тамчы бир сааттан кийин же миң жылдан кийин бүт бөлмөнү толтуруп, бул жараксыз жанды, эч кимге кереги жок затты эритип, балким, эмне үчүн болбосун – бир нече мүнөттөн кийин белоктун жана кандын былжырак аралашмасына айландырар. Эми ага баары бир эле. Анын жана анын мүрзөсүнүн ортосунда өз өлүмү гана калды. Моюн сунуп, ал чоң, тоголок, оор тамчынын түшкөнүн укту. Бул башка дүйнөдө, акылсыздыктар жана жаңылыштыктар дүйнөсүндө, акыл-эстүү жандар дүйнөсүндө болду.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз