Кундузбү Маматова: Отеллонун образы көркөм экспериментпи же оош-кыйыштыкпы?
- 15.03.2026
- 225
Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында дүйнөлүк классиканын туу чокусу саналган Уильям Шекспирдин “Отелло” трагедиясы сахналаштырылды. Спектаклди Москвадагы ГИТИС көркөм өнөр окуу жайын бүтүргөн, тажрыйбалуу адистер ишке ашырган.
• Режиссёр-коючу – Цереня А.В. (Москва)
• Сценограф – жарык берүү-сүрөтчүсү – Нанна Шех (Москва)
• Кийимдер боюнча сүрөтчүсү – Яковенко Л.Н. (Москва)
• Хореограф – Сафронова А.М. (Санкт-Петербург)
• Көркөм жетекчиси – Хисамиев А.А. (Москва)
• Музыкалаштырган – Владимиров А.А. (Москва).
РОЛДОРДО
• Отелло – Данияр Жанжигитов
• Дездемона – Айсанат Эдигеева
• Яго – Арнис Кыдырмышев
• Микеле Кассио – Өмүрбек Израилов
• Брабанцио – Камчы Сарыбаев
• Родриго – Аман Шерикул уулу
• Эмилия – Мээрим Касаболотова
• Бьянка – Анара Таалайбек кызы.
Режиссёр А.В.Цереня классикалык трагедияны заманбап көркөм ой жүгүртүү менен айкалыштырууга аракеттенген. Уильям Шекспир жараткан Отелло чыгармасында башкы каарман ынды кара мавр болгондуктан, коомдогу “бөтөндүктүн” символу болуп саналат. Ал даңктуу жоокер, күчтүү инсан жана мамлекеттин ишенимдүү кол башчысы болгону менен, коом аны толук кабыл албайт. Анын эрдиги бааланганы менен, инсан катары ал дайыма четте калат. Режиссёр бул расалык өзөктү сахнадан алып салып, анын Отеллосун (актёр Данияр Жанжигитов) мавр эмес, генералдык чини көрүнбөгөн жөнөкөй адам катары көрсөткөн.
Мындай чечим расалык конфликтти ички конфликтке айландыруу аракети катары түшүндүрүлөт. Натыйжада, Отеллонун трагедиясы коомдук басымдан эмес, анын өз ичиндеги теңсиздик сезиминен башталат. Классикалык текстке таянган спектакль трагедиянын негизги өзөгүн сактап, Ягонун монологу менен ачылды. Бирок сахнадагы айрым визуалдык чечимдер тексттик негиз менен карама-каршылык жараткандай таасир калтырды.
Спектаклде аскер адамдарынын чиндик формасы же даражалык айырмачылыгы көрсөтүлбөгөндүктөн, Ягонун Отеллого болгон ич күйдүлүк себептери так байкалбады. Шекспирдин чыгармасында Ягонун нааразычылыгы кызматтык көтөрүлүүдөн куру калганына байланыштуу. Ал эми бул интерпретацияда аскердик иерархия көрүнбөгөндүктөн, конфликттин логикалык негизи алсырап калгандай сезилди. Отеллонун кызганычы бул жерде сүйүү трагедиясынан да терең мааниге ээ. Ал өзүн башкалар менен тең сезбеген адамдын ички кыйроосу катары көрсөтүлөт.
Дездемонаны (актриса Айсанат Эдигеева) муунткан учурда Отелло сүйгөн аялын гана эмес, өз коркунучун, күмөнүн жана кемсинген аң-сезимин да муунтуп жаткандай көрүндү.
Трагедияны өнүктүргөн Яго ар кандай кырдаалда ар башкача ачылышы керек: Отеллонун жанында ишенимдүү жоокер, Кассионун алдында дос, Родригонун алдында айлакер манипулятор. Бирок үн интонациясында жетиштүү драмалык салмак байкалбай, образ трагедиялуу деңгээлге толук көтөрүлбөй калган. Расалык конфликт четке сүрүлгөндүктөн, трагедиянын өзөгүндөгү мавр образы жана аскердик белгилер жок болуп, сахнада каармандардын ички конфликттери гана байкалды.
Бул интерпретацияда Отеллонун “бөтөндүгү” анын терисинин түсүндө эмес, ички теңсиздик сезиминде жатат. Аскердик форма менен чиндин жоктугу социалдык иерархияны нейтралдаштырып, трагедияны каармандардын ички дүйнөсүнө бурду. Режиссёр адамды кыйратуучу күч коомдук басым эмес, анын ичиндеги коркунуч, күмөн саноо жана өзүн жетишсиз сезүү экенин көрсөтүүгө умтулгандай. Ошол эле учурда бул концепция актёрдук жана сахналык каражаттар аркылуу жетиштүү деңгээлде ачылбай, конфликт абстракттуу бойдон калып, “эмне үчүн мындай болду?” деген суроо жаралды.
Шекспирдин классикалык вариантында Отелло ынды кара мавр болгондуктан “бөтөн” катары кабыл алынса, бул спектаклде режиссёр “бөтөндүк адамдын ичинде” деген ойду алга сүргөндөй. Башкача айтканда, адамды коом эмес, анын өзүнүн комплекстери жана күмөн саноосу бөлүп турат. Ошондой эле символдук чинди жана аскердик форманы алып салуу да белгилүү идеяны билдириши мүмкүн. Балким режиссёр бийлик иллюзия экенин, чин адамды коргой албасын жана адам социалдык ролдордон тышкары да алсыз экенин көрсөтүүгө аракет кылган. Каармандардын баары бирдей көрүнгөн шартта айырмачылык тышкы эмес, ички дүйнөдө ачылат.
Шекспирдин чыгармасында Брабанцио — Дездемонанын атасы жана Венециянын таасирдүү сенатору. Ал ак сөөк коомдун өкүлү катары кызынын Отелло менен болгон никесине катуу каршы чыгат. Анын каршылыгы жөн гана аталык кызганыч эмес, расалык жана социалдык текеберликке байланыштуу. Ал Отеллонун эрдигин мамлекетке пайдалуу деп эсептегени менен, аны үй-бүлө мүчөсү болууга татыктуу адам катары кабыл албайт. Режиссёрдун интерпретациясында Брабанционун образын актёр Камчы Сарыбаев жараткан.
Эгер расалык конфликт четтетилсе, анда анын каршылыгы муун аралык же жаш айырмачылыгына негизделиши мүмкүн эле. Себеби Отелло жашы улуу адам, ал эми Дездемона жаш кыз. Бирок сахнада Брабанционун аталык намысы жана сенатордук салмагы жетиштүү деңгээлде ачылбай, конфликт драмалык күчкө толук ээ болбой калган. Натыйжада, трагедиянын өнүгүшү бир аз абстракттуу мейкиндикке жылып кеткен.
Режиссёр аскердик форма жана генералдык пафосту алып салуу аркылуу каармандардын психологиясына көбүрөк көңүл бурууга аракет кылган. Отелло бул жерде мавр эмес, жөнөкөй адам катары көрсөтүлөт. Анын трагедиясы кызганыч, шек жана өзүн-өзү кыйратуучу ички конфликт аркылуу ачылат. Мындай психологиялык трагедиялар Шекспирдин башка чыгармаларында да кездешет. Мисалы, Гамлет каарманы ички дилемма жана моралдык күмөн аркылуу кыйналса, Макбет өз амбициясы жана күнөө сезиминен улам кыйроого учурайт. Демек, режиссёрдун чечмелөөсүндө трагедиянын негизги кыймылдаткычы коом эмес, каармандын ички дүйнөсү болуп калат.
Спектаклдин декорациялык чечими да символдук мааниге ээ. Сахнадагы реквизиттер окуянын драмалык маанисин ачууга кызмат кылат. Мисалы, аркан байланган тагдырды жана качып кутула албаган жолду билдирсе, Дездемонанын ак жоолугу сүйүүнүн жана тазалыктын символу катары берилген. Таштар катуу тагдырды жана кайтарылгыс чечимди, жыгачтар болсо курулуш менен кыйроонун ортосунда турган убактылуу абалды эске салды. Куру чака үмүтсүздүктү жана моралдык жакырчылыкты билдирсе, эски пианино бузулган гармонияны жана жоголгон маданий назиктикти символдоштурат. Кыйраган кеме – үмүттүн кыйрашын билдирип, спектаклдин жалпы трагедиялык атмосферасын күчөтөт.
Музыкалык коштоону композитор А.А.Владимиров даярдаган. Музыка спектаклдин драматизмин күчөтүп, окуянын ички чыңалуусун тереңдетүүгө жардам берди. Толкундардын кыймылы, кемелердин кыйрашы сыяктуу көрүнүштөр музыка менен айкалышып, окуянын динамикасын колдоп турду. Бий элементтерин хореограф А.М.Сафронова иштеп чыккан. Алар каармандардын ички абалын ачкан көркөм каражат катары колдонушкан.
Ошол эле учурда узак монологдор менен бий эпизоддорунун көптүгү спектаклдин темпин жайлатып, айрым учурларда тексттин толук угулбай калышына алып келген. Эгер бул элементтер бир аз кыскартылса, спектаклдин динамикасы күчөп, көрүүчүнүн көңүлүн туруктуу кармоого шарт түзүлмөк. Костюм боюнча сүрөтчү Л.Н.Яковенко сунуштаган чечим каармандардын социалдык статусун, аскердик иерархиясын толук ачып бере алган жок. Отелло жана башка аскер каармандарынын чиндик белгилери көрсөтүлбөгөндүктөн, сахнадагы образдар жалпылашып кеткен. Натыйжада, сахнада аскердик дисциплинадан көрө жалпылашкан жамааттык типаждар үстөмдүк кылып, образдардын конкреттүүлүгү бир аз солгундай көрүндү.
Режиссёр А.В.Цереня сунуштаган сахналык чечим Уильям Шекспир жараткан Отелло трагедиясын заманбап көз караш аркылуу интерпретациялоого багыттаган. Спектаклде расалык жана социалдык белгилерди четтетүү аркылуу трагедиянын борбору коомдук конфликттен каармандын ички дүйнөсүнө жылдырылган.
Отеллонун трагедиясы бул жерде коом тарабынан четке кагылган маврдын эмес, өзүнүн күмөнү, кызганычы жана ички теңсиздик сезими менен күрөшкөн адамдын руханий кыйроосу катары чечмеленген. Режиссёрдун концепциясы трагедиянын психологиялык маңызын ачууга багытталганы менен, айрым сахналык жана актёрдук чечимдер бул идеяны толук тереңдикте ачып бере албай калган.
Ошого карабастан, спектакль классикалык чыгарманы жаңыча түшүндүрүүгө умтулуп, көркөм эксперимент катары тартууланган.
Кундузбү Маматова, Б.Бейшеналиева атындагы маданият&искусство университетинин Театр таануу факультетинин 5-курсунун студенти
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR