— Кана айтчы, бир жылда канча ай болорун билесиңби?
— Билем, он эки.
— Аларды кандай аташат? Айтып көрчү.
— Январь, февраль, март, апрель, май, июнь, июль, август, сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь.
— Туура, бир ай бүткөндөн кийин экинчиси дароо башталат. Жана эч качан февраль январь кеткенге чейин келген эмес, май апрелди эшикке сүрүп чыккан эмес. Айлар биринин артынан бири өтүп, эч качан жолугушпайт. Муну да билсең керек. Бирок адамдар тоолуу Богемия өлкөсүндө бир кыз он эки айдын баарын бир учурда көргөн дешет.
— Оо-ий, кантип?
— Анда угуп тур, ал мындай болгон экен…
Кайсы бир өлкөдөгү кичинекей айылдардын биринде ач көз, таш боор аял жашаган экен. Анын өзүнүн кызы жана өгөй кызы болуптур. Ал өз кызын абдан жакшы көрчү, ал эми өгөй кызы эмне кылса да жакпай турган. Өз кызы күнү бою төшөктө чалкалап жатып пряник жеп өткөрсө, өгөй кызы таңдан кечке отурганга да убактысы жок эле: суу ташымай, токойдон отун алып келмей, дарыяга барып кир жуумай, бакчада отоо чөптөрдү тазаламай, ушунун баары анын моюнунда эле. Ошентсе да бечара кыз эмне кылбасын – баары жаман, ал кайсы жакка бурулбасын, бардыгы туура эмес болуп чыкчу.
Ал ошентип жүрүп кыштын суугуна, жайдын ысыгына, жаздын шамалына, күздүн жамгырына көнүп бүткөн эле. Ошондуктан балким, ал бир күнү он эки айды бир учурда көрүү бактысына ээ болгондур.
Бул окуя кышында болгон. Январь айы эле. Кар ушунчалык калың жаады, эшиктин алдын күрөөгө туура келди, ал эми токойдогу дарактар белдерине чейин карга көмүлүп, жада калса шамал соккондо чайпала албай, баштарын салаңдатып турушкан.
А адамдар үйлөрүндө мештин жанынан чыкпай олтурушкан. Мына ушундай убакта, кечинде таш боор өгөй эне эшикти ачып, алай-дүлөй түшүп, бороон-чапкын кандай болуп жатканын көрдү да, кайра жылуу мешке жакын отуруп, өгөй кызына мындай деди:
— Эй, маскара, тур, токойго барып байчечекей терип кел. Эртең эжең туулган күнүн белгилейт.
Кыз ырайымсыз энесин карады: тамашалап жатабы же аны чындап эле токойго жөнөтөбү? Азыр токойдо кандай гана коркунучтуу! Анан... кышында кайдан байчечекей болсун! Март айына чейин алар чыкпайт, канча издесең да таппайсың. Кокус токойдо адашып калсаң, тоңуп өлөсүң. Ал эми эжеси ага мындай деди:
— Жоголуп кетсең да, эч ким ыйлабайт! Бар, гүлсүз келбе. Мына, бул себетти ал.
Кыз көз жашын көргөзбөй ыйлаган боюнча, эски жоолугуна оронуп, эшикке чыгып кетти.
Шамал көздөрүнө кар чачып, жоолугун жулкулдатат. Ал калың күрткүнү кечип араң баратты.
Айлана барган сайын караңгылай баштады. Асман капкара, бир дагы жылдыз көрүнбөйт, ал эми жерде бир аз жарыгырак. Бул ак кардан улам.
Мына токойго да жетти. Бул жерде таптакыр эле караңгы – сунган колуңду көрө албайсың. Кыз кулаган дарактын үстүндө олтура берди. Ал кайда тоңсом да баары бир эмеспи деп ойлоду.
Анан күтүлбөгөн жерден дарактардын арасынан алыстан бир жарык жарк этти, кудум кулап түшүп, бутактарга илинип калган жылдыздай.
Кыз турду да, ошол жарыкты көздөй жөнөдү. Кардын үстүнө тыгылып, жыгылган бактарды айланып өтүп, «Жарык өчпөсө экен!” – деп тилеп баратты. Кыздын бактысына ал өчкөн жок, улам жакындаган сайын жарык боло баштады. Жылуу түтүндүн жыты келип, оттогу бутактардын чытырап күйгөнү угулду. Кыз шашыла басып аянтка чыкты. Ошол жерде кыймылдабай токтоп калды.
Аянтта күн тийип тургандай жапжарык эле. Аянттын ортосунда чоң от жалындап күйүп, жалыны асманга жетчүдөй. А оттун тегерегинде адамдар отурушат – бири отко жакынырак, кээ бири алысырак. Алар шашпай сүйлөшүп олтурушуптур.
Кыз аларды көрүп ойлоду: булар кимдер? Аңчыларга да, токойчуларга да окшошпойт, кээсинин кийими күмүш, кээсиники алтын, а кээсиники жашыл бархат менен жасалгаланыптыр.
Санаса, он эки киши: үчөө карыган, үчөө орто жаштагы, үчөө жаш, ал эми акыркы үчөө – али бала бойдон. Жаштар отко жакын отурушат, ал эми карылар – оттон алыс.
Күтүлбөгөн жерден узун бойлуу, сакалчан, каштары калың бир аксакал бурулуп, кызды карады.
Кыз коркуп кетти, качкысы келди, бирок кеч болуп калган. Аксакал үнүн катуу чыгарып сурады:
– Эй кыз, сен каяктан келдиң, эмне керек сага?
Кыз ага бош себетти көрсөттү.
– Мен бул себетке толтура байчечекей тергени келдим.
Аксакал күлдү:
– Ой, ушул январда байчечекей тергени жүрөсүңбү? Мунун ойлоп тапканын кара!
– Жо-ок, мен ойлоп тапкан жокмун, – деди кыз, – өгөй энем байчечекей терип кел деп жөнөттү, ал бош себет менен үйгө кайтып келбе деп буйруду.
Ошондо он экиси тең аны карап, бири-бири менен сүйлөшө башташты.
Кыз аларды угуп жатса да сөздөрүн түшүнгөн жок – адамдар эмес эле, дарактар сүйлөп жаткандай.
Алар сүйлөштү, сүйлөштү да, анан көптө барып унчугушту.
Узун бойлуу аксакал ага бурулуп, мындай деп сурады:
– Эгер сен байчечекей таппасаң, эмне кыласың, кызым? Март айына чейин алар чыкпайт да.
– Токойдо калам, – деди кыз. – Март айын күтөм. Байчечекейсиз үйгө баргандан көрө, токойдо тоңуп өлгөнүм артык.
Аны айтты да, ыйлап жиберди.
Күтүлбөгөн жерден он экинин бири, эң жаш, шайыр, чапандын бир жеңин кийген жигит ордунан туруп, аксакалга жакындады:
— Бир тууганым Январь, мага ордуңду бир саатка бер!
Аксакал узун сакалын сылап, мындай деди:
— Мен бермекмин, бирок Март Февралдан мурда келбейт да.
— Сен макул болсоң болду, – деп күңкүлдөдү тармал чач, уйпаланган сакалчан башка аксакал, – Бер, мен талашпайм! Биз баарыбыз бул кызды жакшы билебиз: аны бирде муздун оюгунан чака менен суу алып же токойдо отун алып жүргөндө жолуктурасың. Бардык айларга ал тааныш. Ага жардам берүү керек.
— Мейли, силер айткандай болсун, – деди Январь. Ал муз таягы менен жерди бир урду да, мындай деди:
– Тоңдурба, аяз, сен бир аз
токто, аярла, элирбе.
Ыйык токойдо карагай,
кайыңдын сөңгөгүн кемирбе.
Каргаларды тоңдурганың жетишет.
Жетишет, адамдардын уясын муздатканың эле!
Аксакал унчукпай калды, токойдо тынчтык орноду. Бир кезде катуу сууктан үшүгөн дарактардын кычыраган үндөрү токтоду, ал эми кар калың, чоң, жумшак бүртүкчөлөрү менен жаай баштады.
— Ме, эми сенин кезегиң, бир тууганым, – деди Январь жана таягын кичүү бир тууганы, тармал сакал Февралга сунду. Ал таяк менен жерди бир уруп, сакалын сылап, мындай деди:
– Шамалдар, бороон-чапкындар,
Колуңардан келгенче соккула!
Куюндар, бурганактар, бороон-чапкындар,
Түн бою тынч жатпагыла!
Булуттарда катуу үйлөгүлө,
Жер үстүндө жатпасын!
Алаамат талаада майда кар
Ак жылан болуп каптасын!
Ал муну айтар замат, бутактарды катуу соккон, нымдуу шамал жулкулдата баштады. Кар бүртүкчөлөрү чимирилип, жер үстүндө ак бурганак башталды. Ал эми Февраль муз таягын кичүү бир тууганына узатты.
– Эми сенин кезегиң, бир тууганым, Март. Кичүү бир тууганы таякты алды да, жерди бир урду. Кыз карап турду, эми таяк бүчүрлөй баштады.
Март жылмайып, балалык үнү менен катуу ырдап жиберди:
Агыла бер, суулар, шаркырап,
Тарала бер, көлмөлөр, жайылып.
Чыккыла, кумурскалар, жанданып,
Кышкы сууктан кийин, жыргап!
Аюу жол таап баратат,
Калың токойду аралап.
Куштар ырдап баштады,
Гүлдө байчечекей, токойду кооздоп.
Кыз алаканын чаап жиберди. Калың кар кайда кетти? Ар бир бутакта илинип турган муз шуруларга эмне болду?
Анын бут алдында – жумшак жазгы жер. Тегерегинде тамчылар тамчылап, суулар агып, шылдырап жатат. Бутактардагы бүчүрлөр көөп, кара кабыктын астынан биринчи жашыл жалбырактар көрүнөт.
Кыз карап, карап бул сулуулукка көзү тойбой карап турду.
— Эмне турасың? — деди ага Март. — Шашыл, бир туугандарым бир саат гана белек кылышты.
Кыз эсине келди да, токойду аралап байчечекей издеп жөнөдү. Аларды көрбөй калууга мүмкүн эмес эле! Бадалдардын астында жана таштардын астында, дөбөлөрдө жана дөбөлөрдүн астында – кайда караба, бажырайган байчечекей. Ал себетин толтуруп, андан соң алжапкычынын этегине толтуруп терип алды. Анан кайрадан от жагылган аянтка, он эки бир тууган отурган жерге чуркады. Ал жерде от да, бир туугандар да жок: аянтта жарык, бирок мурдагыдай эмес. Жарык оттон эмес, токойдун үстүнөн чыккан толук айдан чыгып жаткан.
Кыз, ыраазычылык айталбай калганына өкүнүп, үйүнө чуркап жөнөдү. Ай анын артынан сүзүп келатты. Буттарын сезбей, үйүнө чейин чуркап жетти, үйгө кирери менен терезенин артында кайрадан кышкы бороон улуп, ай булуттарга жашынды.
— Эмне, — деп кекетти аны өгөй энеси менен эжеси, — тез эле келип калдыңбы? А байчечекей кана?
Кыз эч нерсе деп жооп берген жок, болгону алжапкычынын этегиндеги байчечекейлерди тактайга төгүп, жанына себетти койду.
Өгөй энеси менен эжеси таң калышты.
— Эй, сүйлөбөйсүңбү же тилиңди жутуп алдыңбы? Муну кайдан алдың?
Кыз аларга эч нерсесин жашырбай, болгонун болгондой айтып берди. Экөө аны угуп, башын чайкап жатышты – ишенерин же ишенебесин билишпейт. Ишенүү кыйын, бирок мына бул тактайда бир үймөк байчечекей, болгондо да жаңы ачылган. Алардан март айынын жыты келип турган!
Өгөй энеси менен кызы бири-бирине карап, анан жарыша сурашты:
— Алар сага башка эч нерсе берген жокпу?
— Мен башка эч нерсе сураган эмесмин.
— Ой, акмак экенсиң! — дейт өгөй энесинин эрке кызы. — Өмүрүңдө бир жолу он эки ай менен жолуксаң, байчечекейден башка эч нерсе сураганга жарабадыңбы?! Эгер сенин ордуңда болсом, эмне сурарымды билмекмин. Биринен — таттуу алма менен алмурут, экинчисинен — бышкан кулпунай, үчүнчүсүнөн — ак козу карындар, төртүнчүсүнөн — жаңы бадыраң!
— Сен менин акылдуу кызымсың да! — дейт өгөй энеси. — Кышында кулпунай менен алмуруттун баасы укмуш эмеспи. Аларды сатсак, канча акча табабыз. Ал эми бул акмак гүл терип келе бериптир! Кийин, кызым, жылуу кийинип алып, токойго бар. Алар, он экиси бириксе да сени алдай албайт.
— Аларга кантип алдатайын! — деп жооп берет кызы, колун жылуу тондун жеңине салып, башына жоолугун оронуп.
Өгөй энеси артынан кыйкырат:
— Мээлейиңди кий, тонуңду топчула!
Ошентип эрке кыз токойго жөнөдү!
Сиңдисинин изи менен басат, шашылат. «Эртелеп токойго жетип алсам!» — деп ойлойт.
Ал эми чытырман токой барган сайын караңгылап барат. Кар барган сайын калыңдап, бутактар дубал болуп алдын тосот.
«Ой, — деп ойлойт кыз, — эмнеге токойго келдим экен! Үйдө жылуу төшөктө жата берсем болмок, эми минтип, тоңуп жүрөм! Ушинтип жүрүп адашып кетем го!»
Ушунтип ойлоп жетише электе, алыстан жарык көрөт, тим эле бутактарга илинип калган жылдыз сыяктуу.
Жарыкты көздөй жөнөдү. Баса берди, баса берди, акыры аянтка чыкты. Аянттын ортосунда чоң от жанып турат, оттун тегерегинде он эки бир тууган, он эки ай отурушкан. Отурушат да, акырын сүйлөшүп жатышат.
Энесинин эрке кызы отко жакындап келип, салам да бербей, жагымдуу сөз айтпай, отко жакын жерди тандап олтуруп, жылына баштады.
Бир тууган Айлар унчукпай калышты. Токойдо тынчтык орноду. Анан күтүлбөгөн жерден Январь айы таягын жерге урат.
— Эй кыз, сен кимсиң? — деп сурайт. — Каяктан келдиң?
— Кайдан болмок эле, үйдөн, — деп жооп берет энесинин эрке кызы. — Силер бүгүн сиңдиме байчечекей берип сыйлапсыңар. Ошонун изи менен келдим.
— Сенин сиңдиңди билебиз, — дейт Январь айы, — бирок сени көргөн эмеспиз. Эмнеге келдиң?
— Белек алганы. Июнь айы мага себетке толтура чоң-чоң кулпунай берсин. Июль айы — жаңы бадыраңдарды жана козу карындарды, ал эми Август айы — таттуу алмалар менен алмуруттарды берсин. Сентябрь айы — бышкан жаңгактарды. Октябрь айы…
— Коё тур, — дейт Январь айы. — Жаз алдында жай болбойт, кыш алдында жаз болбойт. Июнь айына али көп бар. Азыр мен токойдун кожоюнумун, отуз бир күн бул жерде мен падышалык кылам.
— Кандай чыдамсызсың! — дейт энесинин эрке кызы. — Мен сага келген жокмун го. Сенден кар менен муздан башка эч нерсе күтүүгө болбойт. Мага жайкы айлар керек.
Январь айы кабагын бүркөдү.
— Жазды кыштан изде! — дейт.
Кең жеңин шилтеди эле, ошондо токойдо жерден асманга чейин бороон-чапкын көтөрүлдү — дарактарды да, бир тууган айлар отурган аянтчаны да каптап кетти. Көтөрүлгөн кардын тозоңунан отту да көрүү мүмкүн болбоду, болгону бир жерден оттун ышкырыгы, күрүлдөшү, жалындаганы гана угулду.
Эрке кыз коркуп кетти.
— Токтот! — деп кыйкырат. — Жетишет!
Бирок кайдан! Бороон аны айлантып, көздөрүнөн жаш агызып, демин кысты. Кар үйүлгөн жерге кулап түшүп, күрткү басып калды.
Ал эми өгөй эне кызын көпкө күтүп, терезеден карап, эшикке чыкты — жок, таптакыр көрүнбөйт. Жылуу оронуп, токойго жөнөдү. Бирок мындай бороон-чапкында жана караңгыда токойдо кимди таба алмак!
Баскан сайын басты, издеген сайын издеди, акыры өзү да тоңуп калды. Ошентип, экөө тең жайды күтүү үчүн токойдо калышты.
Ал эми өгөй кыз узак өмүр сүрдү, чоңоюп, турмушка чыгып, балдарды чоңойтту.
Айтышат, анын үйүнүн жанында бакчасы болгон экен — мындай кереметти, дүйнө көрбөгөн. Бул бакчада башкалардан мурда гүлдөр ачылып, мөмөлөр бышып, алмалар менен алмуруттар ширелүү болуп турчу. Ысыкта ал жер салкын, бороондо тынч болчу.
— Бул кожоюндун үйүндө бардык он эки ай бир учурда конокто болот! — деп айтышчу.
Ким билет — балким, ошондой болгондур.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR