Жан Кокто: Жалганчы

  • 02.04.2026
  • 433

МОНОЛОГ

Чындыкты айткым келет. Чындыкты сүйөм. Бирок ал мени сүйбөйт. Мына сага анык чындык: чындык мени сүйбөйт. Чындыкты айтайын десем эле, ал дароо жүзүн өзгөртүп, мага каршы. Баарына мен жалган айткандай сезилет, мага кыйшык карашат. А чындыгында мен жөнөкөймүн, жалган айтууну жактырбайм. Ант берем. Жалган дайыма артынан жаман кесепеттерди ээрчитип келет: ага көмүлөсүң, жаңыласың, жыгыласың, баары сага күлөт.

Кимдир бирөө бир нерсе сураса, өз оюмду айткым келет. Чындыкты айткым бар. Ичим чындыкка толуп, жарылып кетчүдөй болот. Бирок бир маалда бир нерсе өзгөрөт. Мени коркунуч, титирөө, шылдың болуудан чочулоо каптайт да, анан жалган айтам. Жалган. Бүттү. Жалган жолуна бир кадам таштадыңбы — калганы өзү эле артынан сүйрөлүп келет. Ишенсеңиз, бул анча оңой эмес.

Чындыкты айтуу жеңил. Жалкоолор үчүн жыргал. Анткени кийин жаңылып калбайсың, башыңа иш түшпөйт деп ойлойсуң. Кыйынчылык болсо дароо келет, ошол замат, бирок анан баары өз ордуна келет. А менчи? Бул жерде бир түрдүү жин-шайтан аралашкандай. Жалган — бир эле чокусу бар тоо эмес. Бул — америкалык өйдө-ылдый ыргыткан аттракциондой: ылдам учуп барасың, демиң кыстыгып, жүрөгүң токтоп калгансып, кекиртегиң буулат.

Эгер сүйсөм — “сүйбөйм” дейм; сүйбөсөм — “сүйөм” дейм. Натыйжасы кандай болорун өзүң эле түшүнүп турасың. Бул өзүңө өзүң ок аткандай. Жок! Бекер эле өзүмө акыл айтып, шкафтын күзгүсүн карап туруп кайталап жатам: “Эми жалган айтпайм. Эми жалган айтпайм. Эми жалган айтпайм…”

Жалган айтам. Айтам. Айтам. Чоңунда да, кичинесинде да. Кээде кокусунан, байкабай чындык айтып алсам, ал дароо бурулуп, ийрилип, бүктөлүп, бурмаланып, кайра эле жалганга айланат. Эң майда далилдер да мага каршы чыгып, жалган айтканымды “далилдеп” коёт. Мен коркок эмесмин: үйдө отурганда дайыма кандай жооп беришти, эмнеге басым жасашты жакшы билем. Бирок иш жүзүндө катып калам да, унчукпайм. Мени “жалганчы” дешет, унчукпайм. “Сен өзүң жалган айтып жатасың” демекмин, бирок колдон келбейт. Кемсинтүүгө чыдайм, ичимден каарым кайнайт. Ошол топтолгон каар акырында жек көрүүгө айланат.

Мен жаман адам эмесмин. Тескерисинче, дурус эле жанмын. Бирок кимдир бирөө мени “жалганчы” десе, демим кыстыгып, жек көрүү каптайт. Анан алардыкы туура да. Алардын туура экенин билем, мазактоого татыктуумун. Бирок не кылайын. Жалган айткым келбейт, бирок адамдар – мажбур болуп жалган айтканымды түшүнбөгөнүнө чыдабайм, шайтан азгыргандай болом.

О! Мен өзгөрөм. Өзгөрдүм деле. Эми жалган айтпайм. Өзүмө бир система ойлоп табам. Жалган айтпаш үчүн, ошол коркунучтуу башаламан жалгандын ичинде жашабоо үчүн. Бул жыйналбаган, караңгы, тикендүү зымдарга оролгон бөлмөдө жүргөндөй, түш сыяктуу чексиз бурулуштарда адашкандай, айыгып чыгам.

Азыр силерге далилдейм. Мына ушул жерде, баарыңардын көз алдыңарда, өз “күнөөмдү” моюнга алып, кемчилигимди ачыкка чыгарам. Бирок мени туура эмес түшүнбөгүлө: кемчилигимди көрсөтүү өзүмө жагат деп ойлобогула, ачыктыгым — ошол эле кемчиликтин жогорку формасы деп да ойлобогула. Жок. Мага уят. Өз жалганымды жек көрөм. Аны мойнума албаш үчүн жер түбүнө чейин кетүүгө даярмын. (Силер өзүңөр чындыкты оозанасыңарбы?) Силер мени угууга татыктуусуңарбы? Өз күнөөмдү моюнга алам, бирок сот мени соттоого акылуубу же жокпу деп ойлонбойм.

Албетте, силер жалган айтасыңар! Баарыңар! Дайыма! Анан өзүңөрдү жалган айткан жокмун деп алдайсыңар. Өзүңөрдү алдайсыңар, кеп ошондо! Мен өзүмө жалган айтпайм. Өзүмө “жалганчымын” дешке кайратым жетет. А силер коркоксуңар. Мени угуп, “кандай майда адам!” дедиңер да, ачык айтканыма жамынып, өз жалганыңарды жашырдыңар. Кармалдыӊар!

Эмнеге силерге жалган айтканымды, жалган айтууну жактырарымды айтты деп ойлойсуңар? Бул — жалган болчу. Силерди тузакка түшүрүш үчүн айткам. Мен жалган айтпайм. Эч качан. Жалганды жек көрөм, ал мени жек көрөт. Ооба, жалган айттым, силерге “жалган айтам” деп айтыш үчүн.

Эми силердин жүзүңөр кандай өзгөргөнүн көрүп турам. Ар бириң качып кеткиңер келет, бирок мени чакырат деп коркосуңар.

Айтчы, айым, кечээ күйөөңүзгө модисткага бардым дебедиңизби? Ал эми сиз, мырза, аялыңызга клубда кечки тамак ичтим дедиңиз эле. Бул — жалган. Жалган. Жалган. Кана, айткыла, мен туура эмесмин деп. Айткыла, жалган айттым деп. Мени “жалганчы” атагыла. Эч ким каалабайбы? Мыкты. Мен ошону эле билгем.

Башкаларды айыптоо оңой. Аларды уят абалга калтыруу оңой. Силер мага “жалган айтасың” деп, өзүңөр жалганчысыңар. Керемет! Мен эч качан жалган айтпайм. Угуп жатасыңарбы? Эч качан! Агер кээде жалган айтсам, анда бирөөгө зыян келтирбеш үчүн гана. Кайгыны болтурбоо үчүн. Куткаруучу жалган. Мажбур болосуң. Аз-аздан. Кээде.

Эмне? Эмне дедиңиз? А-а… Мен таңгалмак эмесмин. Анткени силер сыяктуу адамдардан мындай сөздү угуу күлкүлүү болмок. Мага жалган айткан силерден. Эч качан жалган айтпаган менден.

Жакында эле… жок, ишенбейсиңер… Бирок жалган — кандай керемет! Элестеткиле: жок дүйнөнү ойлоп таап, башкаларды ишендирүү — мына ошол жалган! Чындык болсо, чынында бекем күчкө ээ. Ал мени таңгалтырат. Чындык менен жалган теңтайлаш. Балким, жалган жакшырактыр да… бирок мен эч качан жалган айтпайм.

Эмне? Мен жалган айттымбы? Албетте. “Эч качан жалган айтпайм” деп, силерге жалган айттым. Жалганчы! Мен жалганчымынбы? Чынында, өзүм да билбей калдым. Чаташып калдым. Кызык заман! Балким, жалганчыдырмын? Айткылачы. Балким, жалгандын өзүмүн. Ар дайым чындыкты айткан – жалган.

Француз тилинен которгон Гүлзат Назар кызы

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз