АҢГЕМЕ
Элебай деген бала бар эле. Ал шайыр, ак көңүл болгону менен, бир кемчилиги – чоңдордун сөзүн көп укчу эмес.
Апасы:
— Элебай, сабактарыңды аткар! — десе, ал:
— Азыр… мына… — деп качып кетчү.
Ошентип жүрүп бир күнү таң атканда кызык окуя болду.
Элебай катуу уктап кеткен, анан көзүн ачып, төшөктөн турмакчы болду эле, буттары аны укпай койду.
— Эй! Эмне болуп жатат? — деди ал түшүнбөй.
Ордунан араң туруп, бир кадам таштайын десе…
сол буту артка кетти, оң буту алдыга чуркады!
— Ой! Токтогула! — деп кыйкырды Элебай.
Ошол учурда буттары ага шыбырап сүйлөгөнсүдү:
— Сен бизди эч качан укпайсың… эми биз сени укпайбыз!
Элебай аң-таң калды. Ошол маалда апасынын үнү чыкты:
— Элебай, дүкөнгө барып нан алып келчи!
— Макул! — деди Элебай, бирок ичинен: “Эми эмне кылам?..” — деп ойлоду.
Ал бут кийимин кийип, сыртка чыкты. Бирок эшиктен чыгары менен эле буттары “эркиндикке чыгып” кетишти!
Бир буту:
— Мен оңго барам! — десе, экинчиси:
— Жок, солго! — деп солго тартты.
— Токтогула! Суранам! — деп жалынды Элебай.
Бирок буттары укпады.
Алар аны түз эле чоң көлчүккө сүйрөп барышты!
— Чалп! Элебай баш-оту менен ылайга түшүп калды.
— О-о-ой! — озондоп ыйлады.
Бир аздан кийин буттары аны дөңгө сүйрөп чыгып…
“Дүр-р-р!” — эткисе ылдый томолотуп жиберишти!
Элебай топтой тоголонуп түшүп, башы айланды.
— Эй, буттарым! Токтогула! Мен силерди угам эми!
Буттары токтогон жок. Акыры чарчаган Элебайды сүйрөп отуруп, дүкөнгө жеткиришти.
Дүкөнчү аял аны көрүп таң кала:
— “Ээ, Элебай, бул эмнең? Торопойдой болуп калыпсың го!”
Элебай үшкүрүп:
— Бул мен эмес… менин тил албаган буттарым — деди.
Дүкөнчү күлүп жиберди:
— Койчу, тентек бала! Мындай тамашаны биринчи жолу угушум!
Элебай башын шылкыйтып, унчукпай нанын алып, кайра үйүнө жөнөдү.
Үйгө келгенде апасы:
— Ой, Элебай! Азамат! — дейт.
Жылмайып карай...
— Каааантип?.. — деп түшүнбөй, таң калды Элебай.
Бир аздан кийин Элебай акырын шыбырады:
— Буттарым… кечиргиле. Мен мындан ары апамды угам…
Ошол замат буттары жылуу болуп, кайра кадимкидей болуп калышты. Элебай ойгонуп, сүйүнүп кетти. Ошол күндөн кийин ал өзгөрдү. Элебай апасынын сөзүн угуп, ишин убагында кылганды үйрөндү. Эгер сөз укпаса…
Буттары дагы сүйрөп кетиши мүмкүн...
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR