Карл Чапек: Уйкусу качкан адам

  • 20.04.2026
  • 0

АҢГЕМЕ

— Пан Долежал расшифровка тууралуу кеп баштаган соң, — деди пан Какы, — мен бир жолу кесиптешим Мусилге кылган бир тамашамды эстедим. Мусил — ар нерсеге тереңдеп, майда-чүйдөсүнө чейин изилдеген, аябай билимдүү инсан: кайсыл жерден болбосун көйгөй таап, ар нерсеге өзүнчө көз караш менен карайт. Ал өмүрүн, ал турсун өзүнүн үй-бүлөлүк жашоосун да, көйгөй чечүүгө багытталган бир окуя катары кабыл алат. Мындан сырткары, социалдык, сексуалдык, аң-сезим алдындагы, тарбиялык маселелерди, азыркы маданияттын кризисин жана башка көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө умтулат.

Дайыма көйгөй издеген адамдар, өз принциптерине бекем тургандар сыяктуу, өтө эле чыдамсыз келишет. Мен көйгөйлөрдү жек көрөм, мен үчүн жумуртка – жөн эле жумуртка. Эгер кимдир бирөө жумурткадан кыр издей баштаса, аны бузулган адам деп ойлойм. Бул – кесиптешим Мусилдин мүнөзү кандай экенин түшүнүү үчүн айтылды.

Бир жолу Рождество алдында ал Крконошиге лыжа тебүү үчүн барууну чечти, ал жакка зарыл нерселерди сатып алышы керек болгондуктан, биз менен анан, кайра келип коштошуп кетем деген. Ошол арада доктур Мандел, билесиздер, белгилүү публицист, дагы бир кызык адам келип калды. Анын Мусилде бир жумушу бар экен.

— Мусил жок, — дедим, — бирок балким, ал бир аздан кийин келип калат, күтүп туруңуз.

Доктор Мандел өкүнүчүн билдирди.

— Тилекке каршы мен күтө албайм, — деди ал, — бирок ага эмне үчүн келгенимди жазып, таштап кетейин.

Анан ал үстөлгө отуруп жаза баштады.

Силердин араңардан кимдир бирөө доктор Манделанын кол жазмасынан да түшүнүксүз жазууну көрдүңүздөр бекен, билбейм. Ал сейсмографтын жазуусундай эле – узун, үзүк-үзүк сызык, кээде майда титиреп, кээде кескин секирип турат. Мен болсо Манделанын жазганына көнүп калгандыктан, анын колунун кагаз бетинде кандай сызып жатканын жөн гана карап отурдум. Бир маалда доктор Мандел кабагын түйүп, чыдамы кетип кагазды ушалап тоголоктоду да, таштанды себетке ыргытып, ордунан турду.

— Жок, жазып олтурсам көп убакыт кетчүдөй, — деп күбүрөнүп, жолуна түштү.

Өзүңүздөр билесиздер, Рождество алдында олуттуу ишке киришүүнү каалабайсың; мен үстөлгө отуруп, баракка сейсмографтык ийри сызыктарды тарта баштадым: узун сынык сызыктар, кээде кескин өйдө көтөрүлүп, кээде ылдый түшүп, өзүм каалагандай чиймелей баштадым. Ушунтип бир аз көңүл ачкандан кийин, баракты Мусилдин үстөлүнө койдум. Ошол кезде ал чуркап кирип келди, спорт костюмун кийип, ийнинде лыжасы жана таяктары бар.

— Болду, мен кеттим! — деп эшиктен эле кубанычтуу кыйкырды.

— Бул жерге бирөө келип, сизди сурады, — дедим эч нерсе болбогондой. — Бул өтө маанилүү кат деп таштап кетти.

— Кайда ал? — деди Мусил шашкалактап. — Ой, кудай, — менин эмгегимди көрүп бир аз уялып кетти. — Бул доктор Манделденби, анын менде эмне иши бар?

— Билбейм, — деп жагымсыз үн менен күбүрөдүм, — ал өтө шашып кетти; бирок билесизби, мен анын жазганын чечмелеп бергим келбейт.

— Мен анын жазганын окуй алам, — Мусил лыжасын жана таяктарын бурчка коюп, үстөлгө көчүк басты.

— Гм, — деди ал бир мүнөттөн кийин, абдан олуттуу.

Жарым саат жымжырттык өттү.

— Демек, биринчи эки сөз табылды! — деп акыры Мусил дем чыгарып, ордунан турду. — Алар: "Урматтуу кесиптешим" дегенди билдирет. Бирок азыр мен станцияга чуркашым керек. Бул жазууну өзүм менен кошо алам да, жолдо окууга аракет кылам, кантсе да чечишим керек.

Жаңы жылдан кийин ал тоодон кайтып келди.

— Кандай эс алдыңыз? — дедим. — Азыр тоолор укмуш кооз болсо керек, туурабы?

Ал колун шилтеди:

— Мен билбейм! Мойнума алам, бир мүнөт да бөлмөдөн чыкпай, мейманканада отурдум, бирок баары сонун дешти.

— Эмне болду? — боор оору менен сурадым. — Ооруп калдыңызбы?

— Жок, — Мусил жасалма момундук менен жооп берди, — Манделдин катын чечмелеп отурдум; эгер билгиңиз келсе, мен аны чечмелеп бүттүм! — деди жеңиштүү. — Бир-эки гана сөзүн окуй албадым. Аны күнү-түнү чечмелөөгө аракет кылдым, аны сөзсүз чечем дегем, акыры чечтим.

Ага бул жазуу жөн гана менин бош убакыттагы тамашам экенин айтканга батынбадым.

— Ал кат ушунчалык олуттуу бекен? — дедим боорукерлик менен. — Ага ушунчалык убара болуштун кереги бар беле?

— Бул маанилүү эмес, — Мусил сыймыктуу жооп берди, — мени бул графологиялык маселе катары көбүрөк кызыктырды. Доктор Мандел мени анын жумалыгына эки жума ичинде бир макала жазууну сураныптыр, бирок эмне жөнүндө — ошону такыр түшүнбөдүм. Анан ал мага майрамдарды көңүлдүү өткөрүүнү, тоодо жакшы эс алууну каалаптыр. Жалпысынан, майда-чүйдө нерселер; бирок бул маселени чечүү, мырза, чыныгы методологиялык жаңылмач, акыл үчүн баа жеткис машыгуу болду. Бул бир нече уйкусуз түндөрдү өткөрүүгө татыктуу эле.

— Сиз мындай кылбашыңыз керек эле, — деди пан Паулуес аны жемелеп. — Бир нече күндөрдү кудай урсун, бирок уйкусуз түндөр өкүнүчтүү. Уйку, мырзам, жөн гана дененин эс алуусу эмес; уйку — өткөн күндүн тазалануусу жана кечирими сыяктуу. Уйку — бул өзгөчө ырайым, жана жакшы уктап тургандан кийинки алгачкы бир нече мүнөттөрдө ар бир жан бала сыяктуу таза жана күнөөсүз болот.

Муну билем, анткени бир кезде уйкумдан айрылгам. Балким, бул тартипсиз жашоонун натыйжасы болсо керек, же бир нерсе туура эмес болуп кеттиби, билбейм, бирок төшөккө жатып, кабактарымдын астынан уйкунун алгачкы белгилерин сезерим менен, ичимде бир нерсе чыкылдачу, мен сааттап караңгылыкты тиктеп жатчумун, таң атканча. Бир жыл уйкусуз азап тарттым!

Ушундай учурда, уктай албай жатканда, адегенде эч нерсе жөнүндө ойлонбоого аракет кыласың: ошондуктан саноо же сыйынуу башталат. Анан күтүлбөгөн жерден ой келет: кудай, кечээ муну-муну кылууну унутуп калыптырмын! Анан дүкөндө соода кылганда алданып калгандай болдум деген ой келет. Анан аялың же досуң жакында сага бир башкача жооп беришкенин эстейсиң. Үйдөн шыбырт чыкса, ууру кирип жатабы деп, коркконуңан тердеп чыгасың. Коркууга алдырганда, денеңдин абалын талдай баштайсың, коркконуңан тердеп, бөйрөк же рак жөнүндө эмнени билериңди эстейсиң. Эч себепсиз эле жыйырма жыл мурун кылган уятсыздыгың тууралуу эскерүү жарк этип өтөт, бирок азыр да тердеп чыгасың — уятыңдан.

Ойлор ойлорго уланып, ушул табышмактуу, көз караштуу жана күнөөсүз өзүңдүн "мениң" менен жекеме-жеке беттешесиң; небак өтүп кеткен алсыздыгың, оройлугуң, жийиркеничтүүлүгүң, ооруларың, кемсинтүүлөрүң, уяттарың, кемчиликтериң, азаптарың менен жолугасың. Жана сен башынан өткөргөн бардык азаптуу, жан-дүйнөңдү ооруткан жана кемсинтүүчү нерселер сага кайтып келет; уктай албаган адамга эч ырайым жок.

Бүт дүйнөң бузулуп, оор тагдырды башыңа үйөт; сен жаңы гана унуткан иштер сага мыйыгынан жылмайып, "жинди, ошондо сен жакшы иш кылдым дейсиңби" дешет. А сенин биринчи сүйүүң, он төрт жашыңда, жолугушууга келбей калганын эстечи. Билип кой, ошол кезде ал сенин досуң Войто менен өбүшүп жаткан, жана алар сени шылдыңдап жатышкан! Эх сен, акмак, акмак, акмак! — Сен ысык төшөктө оодарылып, өзүңдү алаксытууга аракет кыласың: шайтан алгыр, менин буга эч кандай тиешем жок! Өткөн иш өттү, болду чекит. А мен силерге айтам, бул андай эмес. Болгон нерсе, бар. Сен мурда эстебеген нерселер да жашай берет. Мен эстутум өлүмдөн кийин да жашай берет деп эсептейм.

Силер, достор, мени бир аз билесиңер. Жаман адам эмесмин, ипохондрик эмесмин, эч кандай жалкоо, ыйлаак, былык, конок тосууну жаман көргөн, чыргоо, жана пессимист да эмесмин. Мен жашоону жана адамдарды, өзүмдү сүйөм, баарына бирдей мамиле кылам, кыйынчылыктар менен күрөшкөндү жакшы көрөм. Кыскасын айтканда, эркек кишиге татыктуу болгондой, калың терилүүмүн. Бирок уйкумдан айрылганда, күндүзү шатыра-шатман, маселеден маселеге шашылып жүрдүм; силер билесиздер, мен өтө активдүү адам деген бактылуу репутацияга ээмин.

Бирок түн ичинде төшөккө жатканымда жана уйкусуздук башталганда, жашоом экиге бөлүнүп кетти. Бир жагында ийгиликтүү, өзүнө ишенген, бардык иши энергия, акылмандык жана уятсыз бактылуулук менен ишке ашкан дени сак адамдын жашоосу болчу. Ал эми бул жерде, төшөктө, өзүмдү коркунучтуу, өз ийгиликсиздигимди, уятсыздыгымды, адилетсиздигимди жана жашоомдогу бардык кемсинтүүчү нерселерди түшүнгөн адамдай сезчүмүн.

Күндүзгү таңдан түн ортосуна чейинки эки башка жашоону жашап жаттым. Биринчиси – күн нурундай жарык, ийгиликтерге, иш-аракеттерге, адамдардын жылуу мамилесине, ишенимге, жашоонун таттуу кыйынчылыктарына жана кадимкидей кубанычтарга толгон, өзүм жактырган, канааттанган жашоо. Ал эми экинчиси – түндүн караңгылыгына оролуп, оору жана чаташуулар менен токулган, эч нерседе ийгиликке жетпеген, чыккынчылыктын курмандыгы болгон, өзү да адамдарга акылсыз, алсыз жана жаман мамиле кылган бирөөдөй башка жашоо. Ал бардыгынан көңүлү калган, бардыгы жек көргөн жана алдаган трагедиялуу куурчак, утулуп, уяттан уятка сүйрөлгөн алсыз жан эле.

Бул эки жашоонун ар бири өз алдынча ырааттуу, бири-бири менен байланыштуу жана бүтүн эле. Биринчисинде болгондо, экинчи жашоо башка бирөөгө таандык сыяктуу сезилчү, ал мени эч нерсеге жарабаган же жөн гана түштөгү элес катары кабыл алчу. Ал бир алдамчылык жана оорулуу иллюзия болгон. Күндүз мен сүйчүмүн, ал эми түндө шектенчүмүн жана жек көрчүмүн. Күндүз катардагы адамдардай жашасам, түндө өзүмдүн башка жашоом менен жашадым. Өтө эле көп ой жүгүрткөн адам дүйнөдөн өзүн жоготот.

— Ошондуктан мага уйку – бул терең, табышмактуу суудай көрүнөт. Ал биз билбеген, билишибиз да кереги жок нерселердин баарын өзү менен кошо агызып, жууп салат. Ичибизде пайда болгон кайгынын сырдуу чөгүндүсү жуулуп, биздин аң-сезимибиздин астындагы чексиз океанга агып кетет. Биздин жаман жана коркок иштерибиз, жөнөкөй, уятсыз күнөөлөрүбүз, бизди кемсинткен акылсыздыктар, ийгиликсиздиктер, жалган жана жек көрүүгө толгон мүнөттөр – биз күнөөлүү болгон нерселердин баары, ошол эле учурда биз башкалар алдында күнөөлүү болгондун баары – акырындык менен аң-сезимдин чегинен тышкары жоголот. Уйку – бул чексиз боорукерлик: ал бизди да, биз алардын алдында күнөөлүү болгондорду да кечирет.

— Мына силерге айтып коёюн: биз жашообуз деп атаган нерсе — бул биз жашагандын баары эмес, бул жашоонун бир гана бөлүгү. Биз жашап жаткан нерселер өтө көп, биздин акылыбыз көтөрө алгандан көп. Ошондуктан биз ушул же тигил нерсени, бизге туура келгенин гана тандайбыз жана тандалгандардан бир жөнөкөй иш-аракетти токуп алабыз. Ушул токууну биз жашоо деп атайбыз. Бирок канча нерсени четке калтырабыз, канча табышмактуу, коркунучтуу нерселерди айланып өтөбүз, Кудайым! Эгер адамдар муну түшүнсө! Бирок биз бир гана жөнөкөйлөштүрүлгөн жашоо менен жашай алабыз. Андан ашык жашоону жашап, өткөрүүгө күчүбүз жетмек эмес. Эгер жашообуздун көбүн жолдо жоготпосок, аны көтөрө алмак эмеспиз.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз