— Урду мени, Эне! Колуң сыңгыр урду мени... — Дамиранын үнү бөлмө ичинде онтоо сыяктуу жаңырып, дубалдарга урунуп жатты.
— Ыйлаба, садагаң кетейин, көз жашыңа арзыбайт, ыйлаба кызым, — деди Шекер эне үнүн басаңдатып, бирок анын көздөрүндө аёо менен кошо бир башкача тереңдик жаткан.
Шекер эне Дамиранын жанындагы дубалы бир кошунасы. Көптү көргөн жашы жетимиш-сексендин орто белинде. Капыстан ызы-чуу түшкөн Акматтын үйүнө эмне болуп кетти деп баш баккандагысы.
Акмат сөзгө сараң, оор басырыктуу, кара жумуштун канын алган киши. Акмат Дамираны бир чаап же бир тээп жиберген го чамасы. Кантип эле уруп жиберди экен. Ачуусу чукул эмес эле. Же Дамира ошого жеткиргендир.
— Отузга чыксам да келтек жеп жүрө берейинби? Ажырашамын. Болду эми!
Ич күптүсү өзүнө батпаган Дамира солкулдап ыйлап, албууттанып жатты. Колу-колуна тийбей сандыгын ачып, балдарынын, өзүнүн кийимдерин бөлүп, кыйсыпыр түшүп атасынын үйүнө кетүүгө камданды. Жолдошу арак деле ичпейт, тиричиликке бышык, кем сөз болгону менен "ичим тап" окшойт. Түшүнүү кыйын. Ачуусу азга келе бербеген кишинин ачуусун кантип чыгарды экен?..
Шекер эне босогодо белин таянып, кызынын ар бир ачуу кыймылына ичи ачышып карап турду:
— Кой балам, урган болсо эриң урду. Эриңен жебеген келтекти кимден жемексиң. Акыры ал бир жаздыкка баш койгон, кырмызы кыз бойдон кол кармашкан жолдошуң эмеспи.
— Жоо-ок, мени урду го, колуң сынгыр! Башы сайда калсын. Мен анын кулу белем? Ургудай менин кунуму төлөп коюптурбу? Аркаман жалынып барат ко барыбир. Этегими силкип чыгып кетем бул үйдөн. Балдарымы кор кылбай багып аламын ансыз деле! — Дамира кийим-кечегин топтоп, чоң кара сумкага салыштырып жатып, энесине каяша айта берди.
— Жаным балам, ай. Урган болсо өз эриң урду да. Көчөдөгү болбогурлардан келтек жебегениңе шүгүр кылсаңчы. Эгер кетсең ушул иш болот, жаным, балам. Неге түшүнбөйсүң?
Ушул тапта босогодо унчукпай турган кошуна аял чыдай албай ортого түштү:
— Болбогурлардан келтек жейсиң дегениңиз кандай, Шекер эне? Дамира бирөөнүн гүлдөй өстүргөн кызы. Аны ким деп ойлойсуз? Жеңил ойлуу жетесиз беле?
Шекер эне ордунан козголуп, терезе жакка жай басты. Анын жүзүндөгү ар бир бырыш турмуштун оор жараларындай сезилди. Ал токтоо, бир калыпта кобурады:
— Ажырашкан аялдын бир этегин эркек көтөрсө, бир этегин шамал көтөрөт. Кийин барып көнүгөт. Андан барып адат болот. Акыры көрүнгөнгө көрпөчө болот... Эмнеге жашың элүүнү эңкейтсе да муну түшүнбөйсүң? Силер бүгүнкү соккуну гана көрүп жатасыңар, мен болсо эртеңки замандын заардуу бороонун көрүп турам.
Эне Дамиранын жаштуу көздөрүнө тигиле карады. Анын сөздөрүндө кылымдардын муңу бар эле:
— Айланайын, коомдун соккусуна туруштук берүүдөн көрө, эринин келтеги май каймактай эле эмеспи. Аял кишини бир эле эркек кордобойт, балам. Аны — кайрымсыз коом, таш боор тарых жана замандын өгөй мыйзамдары кордойт. Тарыхты карачы... Согуш болсо — аял жесир калат, заман бузулса — аял базарга чыгат, ачарчылык келсе — аял балдары үчүн өзүн курмандыкка чалат. Бул босогодон аттап кетсең, сени сыртта "эрден чыккан" деген тамга күтүп турат. Ал тамга эриңдин колунан да катуу тиет, жанды да терең жаралайт. Мээңи кемирип, тез картайтат.
Шекер эне Дамиранын титиреген колунан акырын кармап көздөрүнө карады да, басык үн менен сүйлөдү.
— Эркек — бул бир гана адам. Ал эми "жалгыз аял" деген ат — бул бүтүндөй бир аскерге каршы согушка чыккан каруусуз баатырдай. Заман бизди өзү курал кылып, кайра өзүбүздү ошол курал менен чабат. Сынган колуңду эмес, сынган тагдырыңды ойло, садага...
Бөлмө ичине оор тынчтык орноду. Сыртта күүгүм кирип, шамал терезени ичиркенте кагып жатты. Дамира нес болгондой солуктап ыйлап, ачуусун чыгара албай турду.
Бул — намыстын эмес, тагдырдын татаалдыгынын алдындагы моюн сунуу беле…
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR