«Таштабачы, апаке!» спектакли – жашоодогу чоң көйгөй

  • 25.04.2026
  • 0

“Таштабачы, апаке!” спектакли — жетим балдардын тагдыры аркылуу коомдогу кайдыгерликти, үй-бүлөлүк зомбулукту жана адамдык баалуулуктардын жоголушун чагылдырган социалдык-психологиялык драма.

Спектакль атанын өлүмү менен башталып, балдардын балдар үйүнө түшүшү аркылуу дароо трагедиялык атмосфераны жаратат. Бул экспозиция Аристотель айткан классикалык драматургияга ылайык, анткени башында эле негизги конфликт — бала менен коомдун ортосундагы карама-каршылык коюлат.

Спектаклдин өзөгү — жетим балдардын жашоосу, ал эми идеясы — “баланы таштоо — бул жекелик гана эмес, коомдук трагедия”. Режиссёр бул аркылуу көрүүчүнү жөн гана аяныч сезимине эмес, жоопкерчиликке чакырууну максат кылган десем жаңылышпайм!

Спектаклдин жүрүшүндө окуялар бир нече баланын тагдыры аркылуу ачылат. Мисалы: кордолгон бала, кекеч бала, зордук көргөн кыз, “ууру” аталып өзүн өлтүргөн өспүрүм (Даян — Даниел Кебеков).

Бул образдар аркылуу негизги конфликт кеңейет: бала менен коом, бала менен жакын дос (Саша — Актан Бакенов), бала менен өз ойлору.

Спектакль 16 этюддан куралып, конфликттер көп кездешет. Ошондой эле айрым эпизоддор өтө таасирдүү иштелген. Мисалы, кекеч баланын атасы тууралуу монологу, “ууру” аталып өзүн өлтүргөн бала, зордук көргөн кыздын окуясы — булар спектаклдин эң өнүккөн, күчтүү учурлары.

Актёрдук оюн жагынан спектаклде Константин Станиславский системасы айрым жерлерде ийгиликтүү колдонулган. Айрыкча ички монологдордо, кайгы-муңду чагылдырган сценаларда актёрлор “ички чындыкка” таянып ойношкон.

Кекеч баланын окуясы же өзүн өлтүргөн баланын психологиялык абалы көрүүчүгө ишенимдүү жеткен. Бул катмарда Ильяс (Атабек Асанбек уулу, Камил Рыскул уулу), Мавлида (Айжаркын Аскарова), Амеля (Арайлым Малаева) образдары өзгөчө белгиленет. Ошол эле учурда спектаклде Бертольт Брехттин элементтери да байкалат. Мисалы, балдардын хор менен ырдоосу, символикалык бийлери, сахнанын кызыл түс аркылуу берилген сценалары, оозу жабылган кыздардын образы — булар “алыстатуу эффектиси” (көрүүчүнү окуядан алыстатып, ой жүгүртүүгө түртүү) катары кызмат кылат.

Мисалы, кызыл материал менен ооздорун жаап чыккан кыздар — зордук-зомбулуктун символу. Бул эпизоддордо Зульфира (Согдиана Жумаканова) жана Алсу (Мээрим Шамей кызы) сыяктуу образдар жалпы символикалык катмарды күчөткөн. Спектакль чындыгында өтө эмоционалдуу болгондуктан, көрүүчү толугу менен окуяга кирип кетип, мунун жакшы жагы – көрүүчүнү толугу менен окуяга ишендиргени.

Спектакль жүрүшүндө бир нече кульминация кездешет: Фариддин терезеден түртүлүшү жана сот сценаcы (комиссия — Калыс Муратбек уулу). Булардын ар бири өзүнчө драмалык чоку болуп, көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт. Спектаклде эң күчтүү кульминация катары “ууру” деп аталып, коом тарабынан четке кагылган баланын (Даяндын) өзүн өлтүргөн учурун айтууга болот. Сценография жана декорация спектаклде маанилүү роль ойнойт.

Сахна караңгыланып, кайра жарыкка өтүшү, кызыл түстүн колдонулушу, минималисттик декорациялар — булар балдардын ички дүйнөсүн, коркууну жана зомбулукту символикалык түрдө көрсөтөт.

Кызыл түс — канды, кордукту билдирсе, караңгылык — үмүтсүздүктүн белгиси. Бул визуалдык чечимдер спектаклдин эмоционалдык таасирин күчөткөн.

Спектаклдин күчтүү жактары — теманын актуалдуулугу, эмоционалдык таасирдин күчтүүлүгү, айрым образдардын терең ачылышы жана музыка менен символиканын туура колдонулган учурлары. Айрыкча хор, монологдор жана трагедиялык сценалар көрүүчүнүн эсинде калат.

Бул катмарда Райфа (Элана Эшбаева), Дима (Алмамбет Казбеков), Сули (Жоодар Медетбек уулу), Флюра/Ильястын апасы/Роза (Айназик Аскарбекова), Алия/Диманын апасы (Айэлита Камчыбекова) образдары жалпы драматургиялык атмосфераны толуктаган.

Азыркы коом үчүн бул спектакль өтө маанилүү, анткени жетим балдар, үй-бүлөлүк зомбулук жана социалдык кайдыгерлик бүгүнкү күндө да курч көйгөй бойдон калууда.

Ал эми бул спектаклди аткарган студенттер тууралуу айтсам, актёрлор 2-курстун студенттери болсо да, ролдорду өтө күчтүү деңгээлде аткара алышты. Студенттер Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында окуп, кыргыз театрына зор салым кошуп келе жатышат.

Ал эми спектакль тууралуу жыйынтыктап айтам, оюн – жашоодогу чоң көйгөйдү көтөрүп чыга алды. Рецензия соңунда айтайын дегеним: “Таштабачы, апаке!” спектаклинин идеясы күчтүү, коомдук мааниси эбегейсиз. Ал, көрүүчүнү кайдыгер калтырбайт, жана ар бир экинчи адамды ойлонтот.

Режиссёр: Адилет Дамир уулу/Асамидин Арыналиев.

Курстун жана спектаклдин көркөм жетекчиси: Уланмырза Карыпбаев.

Нурсултан Орозакунов, Театр таануу бөлүмүнүн 3-курсу

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Улуттук Маданият жана Искусство Университети.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз