Бернард Шоу: Келиштире өч алуу

  • 25.04.2026
  • 0

АҢГЕМЕ

5-август кечи Дублинге келип, араба жалдадым да, кардинал-архиепископ милдетиндеги таякемдин резиденциясына жөнөдүм. Биздин тукумдагы көпчүлүк сыяктуу кардинал да сезими тайкы адам болгондуктан, мага мамилеси дайыма салкын. Ал көө каптаган, күңүрт үйдө жашайт. Маңдайкы терезелеринен диний жайдын жаа өткөөлү көрүнөт, ал эми арткы терезелери чиркөө мектебинин зор имаратын карап турат. Таякем өз даражасына ылайык кызматчы кармабайт.

Эл ага периштелер кызмат кылат деп ойлойт. Эшигин каксам, кемпири – жалгыз малайы ачты. Ал мага таякем чиркөөдөгү диний кызматында экенин айтып, мага түшкү тамак берүүгө өзү буйрук бергенин кошумчалады. Туздалган балыктын жагымсыз жытын сезип, түшкү тамакка эмне барын сурадым. Ал болсо кадырлуу кишинин үйүндө жума күнү берилер эң мыкты тамак экенине ынандыргысы бар мени.

Жума күнгө мунун эмне тиешеси бар десем, жума — орозо кармачу күн экенин айтты. Мен анын кадырлуу кишисине жакын арада жолугууга куштар экенимди айтып коюсун өтүндүм да, арабаны Сэквилл-стриттеги отелге айдатып, ошол жерден бөлмө алып, тамактандым.

Курсакты кампайттым да өзүм эмне каалаганымды билбеген дайымкы шашмалыгым кармап, жаңы Каинчасынан[1], бир жерден экинчисине каңгыдым. Көчөдө эч максатсыз тентип жүрүп, театрга бардым. Музыкасы угумсуз, декорациялары жарашыксыз эле. Бир ай өтө элек, бул пьесаны Лондондо ошол эле ажарлуу актриса башкы ролдо ойногонун көргөм. Эки жыл мурун аны сахнадан биринчи көрүп, мен көптөн күткөн издөөмдүн дал өзүн таптым деп үмүттөнгөм. Тек, ал үмүт акталбады. Эми аткарылбай калган кыялымды эстеп угуп отурдум да, көшөгө жабылганда дуулдата кол чаптым.

Театрдан чыгып, мурдагыдай эле жалгыз каңгып жүрдүм. Кечинде ресторанда тамактанып, отелге кайтып, өзүмдү китеп менен алаксытмак болдум. Анымдан да майнап чыкпады. Түнү өз бөлмөлөрүнө бараткан коноктордун кадамы мени окуумдан алаксытты. Мага күтүүсүз ой келди: деги буга чейин таякем ким экенин түшүнүүгө эч аракет кылбапмын. Ал — миңдеген жакыр, түркөй ирланддардын диний таксыры. Бул дүйнөдөн үмүт үзгөн пенделер; жашоо жыргалынан баш тарткан ыйык таксыр санап, коргоочудай көрүшөт аны бир. Алчы? Кайгы-касирет менен келген бир да дыйканды жубатып, биринин да муң-зарын бөлүшүп жибербегени дайын. Өзү деле тизелери ибадат жайында узак дуба кылуудан гана эмес, ага чөгөлөп жыгылып, кучактап ыйлаган күнөөкөрлөрдүн көз жашынан сыздап ооруган адам. Ооба, ал менин жеңил-желпи каалоолорума кайыл, китеп, табият, музыка жөнүндө сүйлөшүүгө да чолосу тийген эмес! Бирок андан бир нерсе күтүүнүн өзү кемпайлык эмеспи? Азыр, өзүм ушул оор абалда турганымда, ага адилет болууга күч таптым. Ооба, ушул жүрөгү таза адамга барып, ал экөөбүздүн көлдөгөн көз жаш аралашсын дедим.

Саатка карадым. Кеч болуп калыптыр. Жарыктар өчүп, коридор этегинде жалгыз шам гана өчпөптүр. Ийинге плащымды илип, калдайган шляпамды кийдим да, бөлмөдөн чыктым. Параддык аянтчанын тепкичине жеткенде, адаттан тыш көрүнүшкө кызыгып, токтой калдым. Жарым ачык эшиктен карасам, терезеден тамган ай жарыгы жакында эле кайсы бир майрам өткөн конок бөлмөнү нурдантып туру. Саатка дагы үңүлдүм. Түн анча оой элек, негедир коноктор тараптыр. Паркетине мом капталган конок бөлмөгө шарт кирдим. Креслодо оюнчук саат менен сынган куурчак жатты. Мында балдардын майрамы өткөндөй.

Бир аз туруп, полго түшкөн плащымдын көлөкөсүн, ар жерде ай жарыгында агыш тартып чачылып жаткан гирляндаларды карадым да, капысынан бөлмөнүн ортосунда капкагы ачылган чоң роял көзгө урунду. Роялга жакын отуруп, дирилдеген манжаларым клавиштерге тийгенде, жүрөк толо бугумду салтанаттуу хоралдай[2] төктүм.

Музыка, жымжырттыкты ойготконсуп, ай жарыгы периштелерге толуп кеткенсиди. Сыйкыр күчөй берди. А мен көтөрүңкү үн менен обонду уласам, ээн конок бөлмөдөгү жаңырык аны оркестр шаңындай коштоду.

— Угуп коюңуз, сэр!.. Кудайдан корксоңуз боло, сэр!.. Дени-кардыңыз сообу?.. Жоголуңуз!..

Артыма бурулдум. Жымжырт. Босогодо чала кийинген, чачтары үрпөк алты киши мени жекире карап туру. Колдорунда шам. Бирөөсү өтүк кийер узун кашыкты союлдай сороктотуп, алдыда жүткүнгөнүнүн колунда атууга даяр тапанча. Түнкү кароолчусу аркада бөжөңдөп алган.

— Сэр, — деди тапанча көтөргөнү ороңдоп, — акылыңыз ордундабы?! Түн оокумда ачуу айкырыгыңыз баарыбызды ойготту!

— Сурооңузга карасам, нааразы өңдөнөсүз? — дедим сылык сыпаа.

— Нааразы?! — деди акшыйа. — Бизди бакытка бөлөдүм дейсизби?!

— Этият болгула, жинди окшойт…

Күлүп жибердим… Мени жинди деп ойлошкону го. Алар жүрүм-турумумду кайдан билсин, сыягы, музыкадан да алыс немелер го. Түшүнсө болот аларды. Кечиримдүү. Ордумдан турдум. Тигилер чокмороктошуп, кароолчу безип жөнөдү.

– Мырзалар… кантейин силерди… эгер… музыка тыңшаганыңарда… баарыбызга жакшы эле да… Болор иш болду, кароолчуга айтып койгула, кардинал-архиепископ таякемдикине кеттим…

Жандай өтө бергенимде, артта шыбыр-күбүрлөрү угулду. Бир нече мүнөттөн кийин кардиналдын каалгасын кактым. Көп өтпөй үстүнкү кабаттагы терезе ачылды… Ай жарыгында кара такыячан ак чачтуу баш көрүндү; күңүрт караңгы.

– Такылдаткан ким?

— Менмин, Зенон Легге.

– Жарым түндө эмне сага?

Бул суроо оор тийди мага.

– Айланайын, таяке… – деп кыйкырдым. – Сиз мени кубанып тосуп алабы десе, болбойт да мындай! Ылдый түшүп, эшик ачсаңыз!

– Отелиңе барчы, эй… – деди жинденип, – Эртең менен көрүшөбүз.

Ары кетти, терезе тарс жабылды.

Агер бул мерте анын айтканын кылсам, эртең да, мындан ары да ага эч качан таарынычым жазылбасын түшүндүм. Ошо менен эшиктин балкасын оң колума, коңгуроо жибин сол колума кармап, ичтен каалганын чынжыры шылдыраганча тынымсыз каккылай бердим. Акыры кардинал босогодо көрүндү, тим эле кабагын бүркөп, түнөрүп алган.

— Таяке, — деп кыйкырдым колунан кармап, — мени айыптабаңыз. Үйүңүз дайыма арыз-армандууларга ачык ко. Арманым ат башындай. Бул түндү чогуу өткөрүп отуруп, сүйлөшөлүчү бир.

— Зенон, сени киргизгеним – сага боорум ооругандан эмес, коомдогу даражама доо кетпесин дегеним, — деди ал. — Түнү коңшулардын көчөдө тынчын албай, акылсыздыгыңды кабинетимде кылганың оң. Чык өйдө, бирок суранам, ызы-чуусуз. Кызматчым таңдан кечке иштейт, анын аз убакыт эс алуусун бузган болбойт.

— Айкөл экенсиз, таяке. Мен тынч болом, чычкандай.

— Бул менин кабинетим, — деди эмереги жупуну, экинчи кабаттагы бөлмөсүнө башпактырып. — Сага сунуштай турганым болгону — бир кочуш мейиз. Жаңылбасам, дарыгерлер сага ичимдик татууга тыюу салышкан.

— Тозоктун оту десе!.. – дегениме таякем эскерткендей сөөмөй чычайтты. — Кечиресиз, жаман сөз ооздон чыгып кеткенине. Дарыгерлерди эстен чыгарып коюпмун такыр. Бүгүн түшкү тамакта бир бөтөлкө херес шарабын сеп этип албадымбы.

— Ушул эле жетпей атканда! Сени саякатка кантип жалгыз коё беришти? Апаң сени Буши менен келет дебеди беле мага.

— А! Буши жерге кирсин. Анан калса суу жүрөк жеткен. Тапанча сатып алганымды угуп, мени менен чыккысы келбеди.

— Тапанчаңды тартып алып, сени менен кошо келиши керек эле.

— Сиз мени дале балакай көрөсүз, таяке. Макул, ошондоймун, бирок жалгыз өзүм бүт дүйнөнү кыдырып чыккам. Анан чакан Ирландия үчүн саякатка бирөөнү илээштиргим даа жок.

— Бул жакта эмне кылмакчысың?

Не кылышты өзүм деле билбегендиктен, жооп ордуна ийин куушуруп, бөлмөнү карадым. Жазуу үстөлүндө Ыйык Мариянын чакан айкели туруптур, ошого тигиле карадым. Кардинал ага өзү да ишинен бошогондо ушинтип караса керек. Капысынан мени улуу тынчтык каптап, абада жаркыраган нимбдер[3] пайда болгонун туйдум. Бейиш сарайынын назик элеси үстүбүздөн кызгылт булуттай курчап тургансыды.

— Таяке, — кубанычтан көз жашымды тыя албадым, — менин тентиген сапарларым аяктады. Мага чыныгы ишенимге жетүүгө жардам этиңиз. Келиңиз, «Фаусттун» экинчи бөлүгүн чогуу окуйлу, анткени аны акыры түшүндүм.

— Тынчтан, өзүңдү колго ал, — деди ал креслосунан көтөрүлүп.

— Көз жашыма кабатырланбаңыз. Мен тынчмын, рух айбатым бекем. Береги Гётенин томун бериңизчи.

Тездегиле!

Мындагы баян жык,

Бар чындык айтмакчы.

Эзелтен аялдык –

Өзүнө тартмакчы.

— Болду, болду... Көзүңдү сүр, тынчтан. Бул жерде менде китепкана жок.

— А менде бар, отелде чемоданымда, — дедим ордуман обдулуп. — Он беш мүнөттө кайра келем.

— Жин кирип алганбы сага? Чын эле сен…

Тарс күлүп, сөзүн бөлдүм.

— Кардинал, — дедим ыкшып күлүп, — сиз сөгүнө баштадыңыз го, а сөгүнгөн поп — дайыма мыкты шерик. Келиңиз, бир аз шарап шыңгытып, анан сизге немистердин шаан-шөкөт ырын созолонтом.

— Кокус сага адилетсиздик кылсам, кечир, — деди ал, — бирок менимче, Кудай сенин шордуу башыңа бирөөлөрдүн күнөөсүн жүктөп койгондой. Укчу, Зенон, маа бир аз көңүл бурсаң… Сени менен кобурашып, анан таңкы беш жарымга чейин бир аз көз ирмеп алайын, дал ошол маалда турам.

— А мен үчүн жатчу убак... деги жатар болсом... Бирок угам. Мени адепсиз деп ойлобоңуз, таяке. Тек гана ашыкча энөөлүгүмдөн…

— Сонун. Анда уксаң, сени Уиклоуга жиберсем дейм. Эмнегеби… азыр…

— Эмнеге экенинин кереги жок, — сөзүн бөлүп, ордуман турдум. — Сиз жиберип атасыз, бүттү. Дароо жолго чыгам.

— Зенон, бай болгур, отур да, кебимди ук.

Мен кайра креслого отурдум.

— Сиз кызуу кандуулукту күнөө деп эсептейсиз, — дедим, — ал тургай мен сизге жагыш үчүн ошондой кылсам да. Жарыкты бир аз азайта албайсызбы?

— Эмнеге?

— Ошондо мени асанкайгылык басат, сизди канча болсо уга алам.

— Макул, азайтайын. Ушундай жетеби?

Ага ыраазычылык билдирип, угууга камындым. Чала караңгыда көздөрүм жылтырап, өзүмдү Эдгар Понун ырындагы каргадай сездим.

— Эми ук, сени эмнеге Уиклоуга жибермек болгонумду. Биринчиден, бул сенин эле пайдаңа. Агер бул жерде же башка жерде дуулдап жүрө бере турган болсоң, бир жума өтпөй сени жиндиканага алып барууга туура келет. Сен табият койнунда, мен ишенген адамдын көзөмөлүндө бир аз жашай турганың он. Анысы ал, сен бир иш менен алектенишиң керек, Зенон. Бул сени урунуп-беринген, ошондой эле поэзия, сүрөт, музыкадан — кыскасы, сэр Жон Ричардс мага жазгандай, азыр сага зыяндан башка эч нерсе алып келбеген нерселердин баарынан сактайт. Экинчиден, сага бир иш тапшырайын дейм: ал белгилүү жагдайларда биздин чиркөөнү жаманаттыга кабылтышы мүмкүн. Сен бир «шумдукту» карап көрүшүң керек.

Ал мага суроолуу кадалды. Мен былк этпедим.

— Бул ишке макулсуңбу? — деп сурады.

— «Эч качан!» — деп каркылдап. — Кечириңиз, — дедим дароо актанууга шашып, өзүмдү өзүм түшүнбөй да калдым. — Албетте, макулмун. Угуп атам.

— Йеп, бали! Анда угуп ал: Уиклоу шаарчасынан төрт миль алыстыкта Фор Майл Уотер деген айыл бар. Ал жактагы аймактык поп — Хики ата. Нок чиркөөсүндөгү укмушту уккансыңбы?

Үнсүз баш ийкедим.

— Алар жөнүндө эмне ойлойсуң, бул мени кызыктырбайт, тек уккан-укпаганыңды сураганым. Демек, уккансың. Биздин өлкөдө керемет да, эгер анын чындыгы ачык-айкын далилденбесе, чиркөөгө пайдасынан даа зыянын көбүрөк тийгизиши мүмкүн экенин түшүндүрүп кереги жок. Ал далил ушунчалык айкын болушу керек — күчтүү, кара ниет душмандарыбыздын да жаактарын жап кылар. А кереметти анык тастыктаган жүйө алардын өз тарапкерлеринен чыгууга тийиш. Ошондуктан өткөн жумада «Вексфорд гезитинен» Фор Майл Уотердеги кудайлык керемет көрүнүш тууралуу окуганда, бул саал тынчымды алды. Мен Хики атага кат жазып, эгер бул чын болсо, окуяны толук баяндап берсин деп буйрук бердим. Жалган болсо, ойдон чыгарган бул адамды амвондо[4] ашкерелеп, гезит аркылуу төгүндөсүн дедим. Мына анын жообу. Ал мынтип жазат… бирок башында таза чиркөөгө тиешелүү иштер кетет, бул сага кызык эмес. Андан ары…

— Бир мүнөт! Муну өзү жазганбы? Кол жазмасы эркектикине окшобойт ко.

— Анын оң колу ревматизмден ооруйт. Анын ордуна жээни жазат — жетим кыз, өзү асырап алган. Анысы катчысы шекилдүү. Эми уксаң…

— Токтосоңуз. Кыздын аты ким?

— Кыздын атыбы? Кейт Хики.

— Жашы канчада?

— Тынчтанчы, садагам, ал али наристе. Эгер ал кыз чоңурак болгондо, сени жиберет белем, ойлосоң. Бул боюнча башка сурооң барбы?

— Жок. Мен аны ак желек жамынып конфирмацияга баратканын элестетип да койдум… таза ишеним менен бейкүнөөлүктүн өзү сыяктуу. Макул, кызды коё туралы. А урматтуу Хикиңиз эмне дейт көрүнчүлөр жөнүндө?

— Ал жерде эч кандай арбак-жин жок. Азыр сага анын жазгандарынын баарын окуп берейин.

«Мага тийиштүү чиркөө аймагында жакында болгон укмуш көрүнүш тууралуу сурооңузга жооп кылып, анын чын экенине кепилдик бералам жана күбө катары жергиликтүү католик тургундарды гана эмес, мурдагы көрүстөндүн ордун билген каалаган адамды да көрсөтө алам, алардын ичинде жыл сайын биздин аймакта бир жарым ай жүрчү Болтингласс шаарынан протестант архидиакону да бар. Гезиттеги кабарда баары толук айтылбаган, айрым так эместиктер бар. Окуя мындай:

Төрт жыл мурда айлыбызга Уолф Тон Фитцжеральд аттуу адам көчүп келген, кесиби темир уста эле. Кайдан келгенин эч ким билчү эмес, үй-бүлөсү да жок болчу. Жалгыз жашачу, кийим-кечеси жүдөө, көп ичкен неме эле. Эки сөзүнүн биринде Кудайдын да, адамдын да, мыйзамдарын да көп ашатчу. Дегеле өлгөндөрдүн артынан жаман сөз айтылбайт ко, жийиркеничтүү ал аракечиң Кудайга акаарат келтирген анык наадан эле. Андан да кокую — менимче, ал атеист болчу, анткени бир да жолу чиркөөгө барган эмес. Ыйык Папа, Улуу Ханыша жөнүндө да өтө одоно сүйлөчү. Мындан тышкары, ал ашынган көтөрүлүшчү болуп, чоң атасы 1798-жылдагы ирланд көтөрүлүшүнө катышканын, а атасы Смит О’Брайен[5] менен бирге салгылашканына мактанчу. Ошондуктан айылдагылар аны «Тозоку Билли» дешип, бардык өлүмгө тете күнөөлөрдүн жыйындысы дешкени таңгалыштуу эмес.

Белгилүү болгондой, дарыянын оң жээгиндеги көрүстөнүбүз бүт өлкөгө даңазалуу, анткени анда монах-урсулиндер, Фор Майл Уотердин азапкери жана башка такыба адамдар коюлган. Азырынча бир даа протестант мыйзамга таянып, биздин көрүстөнгө коюлууну талап кылууга батынган эмес, бирок эсимде: бул жакта экөө каза болгон. Мурун бир ай чамасында ошол эле Фитцжеральд ичкиликтин азабынан өлүп, аны биздин көрүстөнгө коюлат дешкенде, айылда ызы-чуу чыккан. Сөөктү уурдагандар эки жолдун кесилишине көмүп салышпасын деп кайтарууга туура келди. Мен аларга мынтип көмүүгө тыюу салууга укугум жогун түшүндүрүп, албетте, маркумду акыркы сапарга узатуудан баш тартсам да, аймак чиркөөсүнүн тургундары катуу нааразы болушту. Кандай болсо даа, аларга кийлигишүүгө уруксат бербедим. 14-июлдун кечи, адаттан тыш убакта темир устаны дарыянын оң жээгине көмүштү. Эч кандай башаламандыксыз. Эртеси эртең менен карасак, көрүстөн дарыянын сол жээгине көчүптүр, а оң жээкте сокойгон жалгыз, жаңы казылган мүрзө турат. Ыйык маркумдар суук тумшук күнөөкөрдүн жанында жаткылары келбеди. Азыр да абал ушундай. Муну христиан дининин кызматчысы катары ант берип тастыктайм. Кокус бул ант динге ишенбес адамдарды ынандырбаса, мурда айтканымдай, күнөөкөр көмүлгөнгө дейре көрүстөн кайда турганын эстеген ар бир адам сөзүмдү тастыктайт.

Изги сунушум: болуп өткөн шумдукту кылдат иликтөө үчүн протестант ишениминдеги желтельмендерден комиссия түзүлсүн. Алардан эч ким «сөзгө ишенгиле» деп талап кылбайт. Графтыгыбыздын картасын карап, көрүстөн мурда кай жерде болгонун, өз көздөрү менен азыр кайда турганын анык көрүшөт. Урматтуу жогорку дин башчыбызга эскертерим: бул — Ыйык чиркөөнүн душмандарына катуу сокку, алар жакында Нок чиркөөсүндөгү шумдукка ишенбей, анын аброюна шек келтирүүгө далбасташкан. Аларга Фор Майл Уотерде эч кандай кайчылаш сурак жардам бербейт. Алар айкын далил менен эсептешүүгө аргасыз.

Мындан аркы көрсөтмөлөрүңүздү күтөм. Урматым менен».

— Кана, Зенон, — деди таякем, — Хики ата тууралуу не дейсиң?

— Таяке! Менден сурайсыз да. Таяке-жээн болгон соң, эмне болбосун ишенүүгө даярмын. Урматтуу Хикини, албетте, уламыштар менен ишенимдерди сүйгөн адам катары сыйлайм. Келиңиз, анын элирме кыялкечтигине тийишпейли, кайсынысы ынанымдуу – баш оорутпайлы. Христиандын ыйык кызматкери жалган ант бердиби же көрүстөн түндөсү дарыядан өтүп кетип, кайра кайтууну унутуп койдубу – сөз коротпойлучу.

— Том Хики жалган айтпайт, сэр! Буга кепил боло алам. Бирок жаңылышы мүмкүн.

— Мындай жаңылыштык – кемпайлыкка жакын. Мен да кээде түнү ойгонуп кетсем, керебетимди тескери буруп коюшкандай туюлат. Бул туюм көздү ачканда гана тарап кетет. Менимче, мистер Хикинин акылы жайында эмес. Кеңешим мындай: Фор Майл Уотерге эс-акылы соо, баамчыл, кабылдоосун диний көз караштар тумандатпаган адамды жибериңиз. Андай адам бар, ал – менмин. Эки-үч күн ичинде ал жакта эмне болгонун толук баяндаган отчёт жиберем, ошондо сиз Хикини амвондон жиндиканага которуу үчүн керектүү чараларды көрө аласыз.

— Ооба, сени жиберейин дегеним ошо да. Акылыңдан шегим жок, алабармандыгың гана болбосо, сенден мыкты тыңчы чыкмак. Эң чоң артыкчылыгың, Зенон, — өзүң да соо эмес адамдай көрүнгөнүңдө. Ошондуктан байкоо жүргүзөр адамдар сенден шек алышпайт. Балким, мунун баары алдамчылыктыр. Кокус андай болсо, Хикинин буга тиешеси жок деген ишеним да, үмүт да бар. Арийне, сак да, кыраакы да болууга тийишсиң.

— Кардинал, сурайын дегеним; биздин түпкү тегибизде акылынан айныган тукум куучулук жокпу?

— Мен билгенден, жок. Сени анан чоң энемди айтпаганда. Энем поляк тектүү болчу, сенин жүзүң ага куюп койгондой окшош. А эмне сурадың?

— Көрдүңүзбү, мага өзүңүз далай жолу соо эместей сезилгенсиз. Мынтип бетиңизге айтканым үчүн кечирип коюңуз, бирок өмүрүн кардиналдык мансапка жетүүгө арнап, өзүнөн башкалардын баарын кем акыл көрүп, көчүп жүргөн көрүстөн тууралуу жомокту олуттуу санаган адамды нормалдуу деш кыйын го. Мага ишенип коюңуз, таяке, сизге абалды алмаштырар, толук эс алуу керек. Польша тектүү чоң энеңиздин каны өнө боюңузда кайнап туру.

— Чиркөө ишин адепсиз бирөөгө тапшырып, күнөөгө батпадым деген үмүттөмүн, — деди ал кыжырлана. — Тек, колубуздагыны колдонолу. Демек, чечиштик, барасыңбы?

— Агер сиз убакытты өзүм эле оңой билип алчу нерселерге коротпогонуңузда, ал жакка эбак жетип калмакмын.

— Шашылыш жок, Зенон. Адегенде Хики менен байланышып, сага турак жай даярдатууну эскертишим керек. Ага сени ден соолугун чыңоого баратат деп жазам, чынындай ошондой да. Анан да, Зенон, кудай жалгагыр, ашыкча сүйлөбө. Өзүңдү чоң адамдай алып жүр. Хики менен диний талаш баштаба. Жээним экениң эсиңде болсун, мени уят кылба.

— Мен өтө берилген католик болом, ошондо мени менен сыймыктанасыз, таяке.

— Ошондой болсо кана, бирок сен чиркөө үчүн анча деле баалуу «табылга» эмессиң. Эми кетишиңди өтүнөм. Саат үчкө таяды, мен али эс албадым. Отелиңе жолду табасыңбы?

— Бул кеп эмес. Ушул креслодо эле көз ирмейм. Жата бериңиз, мага кабатыр болбой.

— Үйүмдөн сен чыгып кеткениңе ишенмейин, көз ирмебейм. Бол, тур… кайырлуу түн!

Кардиналга жазган биринчи баяндамамдын көчүрмөсү мына:

«Фор Майл Уотер, Уиклоу графтыгы,
10-август.

Урматтуу таяке, анык керемет: Хики менен айыл тургундарынын толук ишенимине кирдим. Алардын сырттан келген шекчил адамдар менен болгон талашын тыңшадым. Графтыктын расмий карталары менен таанышып, айланасындагы протестант-лендлорддорду кылдат суракка алдым. Дарыянын оң жээгинде бир күн, сол жээгинде бир күн болдум, ошондой эле экөөнү тең түн ортосунда да текшердим. Провинциялык «илимпоздор» сунуш кылган вулкандык, тектоникалык, куюн сыяктуу жана башка гипотезаларды сын көз менен талдасам, баары негизсиз болуп чыкты. Бул аймакта кереметке ишенбес жалгыз адам бар — оранжист[6]. Ал көрүстөн көчкөнүн танбайт, бирок аны бир түндө казып алып, Том Хикинин жетекчилиги менен дыйкандар экинчи жээкке ташып өтүшкөн деп эсептейт. Албетте, бул мүмкүн эмес.

Акыркы төрт жылда бул жерде эч ким каза болбоптур, андыктан Тозоку Биллинин мүрзөсүн жаңы дешке болбойт, ал жалгыз мүрзө. Ал дарыянын оң жээгинде сокоюп жалгыз, бул жактын тургундары караңгыда гана андан айланып өтүшөт. Күндүз каттагандар ага таш ыргытып өтүшөт, демек, бул жер жакында таш үймөккө айланчудай. Ал эми ортодогу жарым-жартылай уранды саат турган көрүстөн дарыянын сол жээгинде. Тезинен комиссия жөнөтчүдөйсүз. Керемет чындап эле болуптур. Хики сизге билдиргендей, бул жерде эч кандай күмөн санап болбойт. А мен буга ушунчалык көнүп кеттим, эртең эле бүт Уиклоу графтыгы Мидлсексте вальс бийлешсе, лондондук досторумдун таңгалуусуна эч чыдабайм.

Ишти так, жүйөлүү баяндап бере ардымбы? Болор болбос шумдукту кеп кылбайлы эми! Эгер сизди чыныгы — түбөлүк өчпөс, гүлдөп турган жаш керемет кызыктырса, бул жакка келиңиз да, өзүңүз баласынткан Кейт Хикиге баам салыңыз. Адашуу бул, милорд кардинал, чоң адашуу! Ал кыз он жети жашта, өңү-түсүн, ирландча сүйлөгөнүн айт, анын алдында сиз шоона эшпес аскетсиз. А мен анын көзүндө – таңгаларлык, түшүнүксүз, күнөөгө баткан шаарлардан чыккан бир адаммын. Бул жакта аны алты футтук, айыл чарба менен алектенген бир жигит айланчыктап жүрөт. Кудай аны колундагы эң одоно топурактан жаратып, Уиклоу графтыгына жер айдатканы жибергендей. Анын аты – Фил Лэнген, ал мени жек көрөт. Мен аны менен Томдун атасыныкында жолугам, ага негизинен сиздин Саламанкадагы сүйүү жоруктарыңызды баяндап көңүлүн ачам. Фактыларым биринчи эле күнү түгөндү, эми болсо испан донналары тууралуу ооз ачырчу окуяларды ойлоп тапмайым бар. Анда сиз моралдык принциптери туруксуз жаш жигит катары сүрөттөлөсүз. Том ата болсо мунун баарын жыргап угат. Менимче, буга чейин Кейтке маанисиз, кургак диний дөдөмөлдөрдү жобураган адамдай туюлсаңыз, мен саал «жандуу кумар» кошуп, сизге жакшы кызмат кылдым.

Мында жаратылыш ажайып! Гесперидалардын бакчалары!.. Асманычы!

Кош болуңуз, таяке».

Мына эми Фор Майл Уотерде жашап, сүйүүгө кабылдым. Дегеле сүйүүдөн куру калбайм, тек Кейт Хикидей ажары төгүлгөн айымды жолуктуруу мага жылына бир жолку напси. Ал ушунчалык акылдуу ойсоке десең! Мен искусствону кеп кылсам, ал эсинейт. Дүйнөнү ышкырта сөгүп, адамдардын иткерчилигин ашкерелесем, каткырып күлүп, «кембагалым» дейт. Анын сулуулугун сыпаттасам, Кейт мага күлөт. Эссиздигин тилдесем, мага куйкасы курушуп, кермек какшыгы менен мени кербездүү жентльмен атайт.

Бир курдай күн нуру ажайып тийип, биз анын үйүнүн дарбазасынын жанындабыз. Ал жийиркеничтүү Лэнгенди күтүп, чаң баскан жолду тиктесе, а мен кылайган булутсуз тунук асманга кадалдым.

— Лондонго качан кайтасыз? — деди ал.

— Лондонго кайтууга шашпайм, мисс Хики. Бул жерде, Фор Майл Уотер деле купулума толду.

— Фор Майл Уотер сизге жакканына өзү деле сыймыктанса керек.

— Ооба, жакты. Анын эмнеси жаман? Же бул жерде өзүмдү бактылуу сезгеним сизге жакпадыбы? Эмнеге ирланд кыздары бир мүнөт болсо да адамдын жай алган жанын тынч койбойт?

— Ирланд кыздары анча жакпаса, неге шыңаарлайсыз аларды?

— Мен ошондой дедимби, мисс Хики? Аныгыда, мага элирип, желпинген өзүңүз го?

— Албетте, башкача болушу мүмкүнбү? Ишенесизби, түнү бою уктабай, сизге суктанарымды, мистер Легге. Ыйсанын жолдоочусу өзү жөнүндө ушунчалык төмөн пикирдеги жакынына кантип жардам бералат?

— Сиз үч ирет жаңылдыңыз, мисс Хики. Биринчиден, мени шылдыңдаганыңыз; экинчиден, менин көңүл буруума үмүт артпайм дегениңиз; жана өзүм жөнүндө жогору пикирде экенимди ачык айтканымды өз пайдаңызга бурганыңыз туура эмес.

— Эгер ушунчалык тарбиясыз болсом, анда мени менен сүйлөшпөңүз.

— Койсоңузчу! Ким сизди тарбиясыз деди? Көрсө, чын дилден айткандарым да сиз үчүн мазактоо экен. Кокус ыйык Бүбү Марияга дуба кылсам, аны өзүңүзгө тийиштүү шылдыңдай кабылдамаксыз. Мунун баары — сиз мени жек көргөндөн. Лэнгенди болсо жарым сөздөн түшүнөсүз, анткени аны сүйөсүз.

— Лондондо кандай билбейм, мистер Легге, бирок Ирландияда изги адамдар башкалардын ишине кийлигишпейт. Мени мистер Лэнгенди сүйөт деп айтпаңызчы эч!

— Демек аны сүйбөйсүзбү?

— Сүйөмбү, жокпу — ал сиздин иш эмес.

— Сиз башканы сүйүп, а мени жек көргөнүңүз менин ишим эмеспи?

— Кайдан чыгардыңыз муну? Өзүңүздү жарым сөзүмдөн түшүнгүлө дейсиз да, өзүңүз өтө эле түшүнүксүз экенсиз.

Ошол учурда ал жол тарапка үңүлүп, жүзү жайнай түштү.

— Йе… — дедим.

— «Йе» дегениңиз эмнени туюнтат?

— Маанисиз! Азыр сизге эркектин берилгендигин көрсөтөм. Баса, Кудай бой жагынан мистер Лэнгенди кем кылбаптыр, бул жакка келатат ал. Мен кызганчаак аялдай болуп жаныңызда калбайм. Жылайын.

— Каалаганыңыздай болсун. Сиз мистер Лэнгендей келишимдүү болуш үчүн көп нерсе бересиз деп ойлойм.

— Мен бу дүйнөдөгүнүн баарын бермекмин. Болгону сизге кең көз караштан көрө узун бойлуу эркектер көбүрөк жагат эмеспи.

— Ох, таппаганыңыз жок!

— Байкашымча, сиз мени дале түшүнгөн жоксуз. Мына ал келатат, сүйүктүүңүз… төөчөсүнөн тосмодон аттап. А мен дарбаза аркылуу чыгам, чыныгы христианга жарашкандай. Кутман күн, мистер Лэнген. Мен кетейин, антпесем мисс Хики сизге мен тууралуу бир нерсе айткысы бар, а менин көзүмчө айтуудан тартынып туру. Мени кечирерсиз дейм.

— Ооба, кечирем, — деди ал одоно корсоңдоп.

Жылмайдым да, алардан обочолодум. Бираз алыстаганымда эле Кейттин жалындуу шыбыры угулду: «Ох, кандай жек көрөм аны!» Дагы жылмайдым, бирок дароо көңүлүм карайды. Шартылдай адымдап узап кеттим, кулагымда токойдо жаңырган ноталардай Der Freischütz кларнеттин басыңкы, кооптуу обону жаңырып турду.

Көрүстөнгө келдим. Айланасы ылайдан тикеленген дубал менен курчалуу дарбаза тушундагы ээн жери – жаназа үчүн. Жана да Фор Майл Уотерден шаар базарына барчу дыйкандар жолду кыскартып өтчү кычык-кучуктары бар. Мүрзө дөңсөлөрүн эбак чөп басыптыр. Көрүстөн кароолчусу да, гүлдөр да жок. Жадесе англиялык көрүстөндөрдү ушунчалык жагымсыз көрсөткөн салттуу жасалгалар да жок. Урсулин кечилдери көмүлгөн мүрзө тушундагы чоң долоно бадалында дыйкан аялдар сыйынып калтырган ситс менен фланелден жасалган чүпүрөктөр самсаалап турду. Үрөй учурар акыркы окуянын айынан көрүстөндүн атагы алыска тараптыр. Мурдагы көрүстөн турган оң жээкке зыяратчыларды жеткирүү үчүн дарыяга паром орнотулуптур. Мен турган жерден каршы жээктеги Тозоку Биллинин жалгыз мүрзөсүнүн үстүнө акыркы жолу келгенимден бери чочоюп кыйла таш үйүлгөнүн айт. Бир аз туруп көз чаптырдым да, дарыяга түшүп барып, паромчунун кайыгына отурдум.

— Кутман кеч, урматтуу мырза, — паромчу арканды тынымсыз тартып, чакан кайыгын дарыянын аркы жээгине өткөрөр болду.

— Кайыр кеч. Иш кандай?

— Чынын айтсам, иш анчейин. Сол жээктен эле Биллинин мүрзөсү көрүнүп турат. Кудай ырайым кылсын ага! Ошон үчүн эл бир пенни кошумча төлөп, жакын келип таш ыргытууга да сараңдык кылышат. Көбүнчө шаардан, Дублинден келгендер. Бүгүн сиз үчүнчү кардарсыз, мырза. Олжолуу күн болду…

— Эл кай убакта көп келет? Күндүз го дейм?

— Каалаган убакта, сэр, күүгүмгө чейин келишет. Бирок күн баткан соң мүрзөдөн бир да жан көрбөйсүз.

— А сизчи, түнү бою ушул жерде каласызбы?

— Кудай сактасын! Түнү бул жерде калсамбы?.. Жок, мырза, саат жетиде кайыкты байлайм да, аны Тозоку Биллинин карамагына калтырам, кудайым ырайым кылсын!

— Кайыгыңызды бир күнү уурдап кетишет анан.

— Уурдамак тургай, бул жакка жакындоодон коркушат. Өзүм деле түнү бул жакка келерден мурда эки ирет ойлоном. Кудай сизди колдоп, узун өмүр берсин! — дегени алты пенс үчүн берген батасы эле.

Күнөөкөрдүн мүрзөсүнө жакын токтоп, асмандагы кызгылт күүгүмгө кадалдым. Биз Англияда бийик дарак, кең талаа, заңгыраган архитектурага көнгөнбүз, ал эми бул жактын пейзажы мага жапайы, кунарсыз көрүндү. Паромчу кендирди тартып, артка кайта берерде, ага башка жол менен барарымды айттым. Бир-эки мүнөттөн кийин ал кайыгын жээкке байлап, күрмөсүн кийип, үйүнө жөнөдү.

Мүрзөгө жакшылап үңүлдүм. Тозоку Биллини көмгөндөр ишти шаша-буша будамайлап бүтүргөндүктөн, мүрзөнү чала казышып, табытты көмө турганчалык эле жер оюлуптур. Ээнбаш эчкилер дөңсөнүн бир жагын чукуп салгандыктан, ал жерден тактайы көрүнүп турду. Үстүндөгү бир нече ташты алдым да, тешикти бүтөө үчүн ылдый түшүп ойлодум: агер адамдарга бул керемет иш тапшырылса, алар бүтүндөй көрүстөндү көчүргөндөн көрө, жалгыз Биллинин көрүстөнүн башка жерге жылдырса алда канча жеңил болмок экен. Теңирдин таразасына салганда да, тескерисинче эмес, адилдер күнөөкөрдү кууп чыкканы акылга сыярлык болмок. Алар андан алда канча көп болчу, ошондуктан андан арылуу өздөрү үчүн эч кыйын эмес эле.

Жолго кайра чыкканымда, дээрлик караңгы болуп калган. Бир чакырымдай жөө басып, дарыянын көпүрөсүнөн өттүм да, өзүм жайгашкан дыйкандыкына бет алдым. Бул жерде мага баарлашар киши керектигин сезип, бир чыны чайдан соң Хики атанын коттежине бардым.

Кейт мага карпа-күрп кезикти. Киргенимди көрөр замат маанайы бузулуп, тетири карады.

— Кур дегенде мага бир жылмайып коюңузчу, — дедим. — Ансыз даа көңүлдүү кечиңизди бузбайын деп, узак саатка максатсыз каңгып жүрдүм. Күн тийсе, жолуңузга көлөкөм да кайчылашпайт. Түнөргөн түндү жарыктантып, жарым саат жаныңызда отурууга уруксат берерсиз?

— Каалаганыңызча отуруңуз. Таякем азыр эле келет. Сиз менен баарлашууга анын билими да жетишерлик.

— Дагы шылдыңдаганыңызбы? Коюңузчу, мисс Хики. Бүгүнкү кеч өзүмдү бактылуу сезүү сизден гана көз каранды. Мага жылмайууңуз гана жетпей туру. Көңүлүм пас бүгүн. Албетте, Фор Майл Уотер бейиштин жери, бирок сиз жок бул жер мага тозоктогу жалгыздык.

— Анда өзүңүздү өтө жалгыз сезүүгө тийишсиз. Мында эмнеге келгениңизди түшүнбөйм.

— Угушумча, бул жактын кыздары сиздей Церлина, эркектери — мистер Филдей болуп Мазетто имиш… Каякка качасыз?..

— Мага жабышпаңызчы, мистер Легге. Бүгүн мистер Лэнген тууралуу айтканыңыздан кийин, мындан ары сизден алыстайын дедим. Бирок таякем айткандарыңызга көңүл бурбоону суранган, себеби сиз… койчу, маанисиз. Көрсө өзүмкү туура экен.

— Кетпеңизчи. Анын атын айтпоого ант берем. Өз сөзүм үчүн кечирим сурайм. Мындан ары сизди эч таарынтпайм. Кечирдиңиз да мени?

Ал кайра отурду, сыягы жалынып-жалбаруум жакпады ага. Отургуч алып, жакындадым. Анын итатайы тутулуп, буту полду тыкылдата берди. Кыймылым да, сөзүм, көзүм да кыжырын кайнатканын түшүндүм.

— Айттыңыз го, — дедим, — таякеңиз менин сөздөрүмө көңүл бурбоого чакырганын, анткени…

Ал эриндерин кымтып, үндөбөдү.

— Сизди суракка алайын деген ниетим жок. Ырас, таякеңиз муну менден жашырууну буйруган болсо…

— Сизден эч нерсени жашыр деген эмес!.. Эгер билгиңиз келсе…

— Жок, кечиргейсиз. Териштиргим жок. Бул суроону бекер кылыпмын.

— Мына с-сага! Жообумду айтсам, мындан да катуу капа болосуз. Сизди аяп эле сөздү токтотком.

— Демек, таякеңиз артыман кеп кылып жүрүптүр да. Агер андай экен, Ирландияда ишенич артчу адам калбаптыр. Муну башка аял айтса ишенбейт элем, а сизге ишенбей коё албайм.

— Камсанабаңыз, таякем эч качан жамандабайт. Анын сиз тууралуу оюн билгиңиз келсе, айтайын, жакпашы мүмкүн. Таякем мага: «Анын сөздөрүнө көңүл бурба, ал акылынан айныган, байкушту туугандары айылга, балээден алыс болсун деп жиберишкен», — деген.

— Мисс Хики!..

— И-и, жеберине жеттиңиз. Тилимди тишке катсам болмок. Кудай сактасын – кээде ичиңизде арампөш гений жаткансыйт.

— Муну айтканыңызга ыраазымын, — дедим токтоо. — Өзүңүздү күнөөлөбөңүз, суранам. Таякеңизди биздин үйдөгү өйдө-ылдый ушактар адаштырган. Чынында, туугандарымдын көбү акылдан айныгандар. А өзүмө келсем – соомун. Улуубританияда Легге ысымын алып жүргөндөрдүн ичинен жалгыз акыл-эстүүсү мен. Эми далил катары ооз ачпас ишти айтып берип, ошентип сиз менен тараза ташын теңейин. Бул жакта ден соолук чыңоо үчүн да, бекер саякатчы катары да жүргөнүм жок. Бул жакка кереметти иликтөө үчүн келгем. Кардинал кээде ак-караны ажыратпаганы менен, өз кеңешчилеринин ичинен Хики атанын кабарын жеринен текшерүүгө мени жибергени үчүн баамчыл экен. Болбосо ушунчалык маанилүү ишти ал кемпайга тапшырат беле, айтыңызчы?

— Текшерүү дейсизби?! Таякеме ишенбей коюуга ким батынат?! Демек, сиз жеткен тыңчысыз, баканооз!

Селт эте түштүм. Балким, Ирландияда мындай сөздөр кадыреседир, бирок англиялык ариетиңди көтөрүп урчу кеп да эй.

— Мисс Хики, — дедим, — менде арампөш гений жашайт дедиңиз азыр эле. Анда жүрөк түпкүрүмдөн изгиликтүү адил генийди кууп чыкпаңыз, болбосо арампөш гений кожоюн болуп алат. Коңгуроо кечки сыйынууга чакырганын тыңшаңыз. Добушун! Түнөргөн түн да, кабагыңыз да ачылат; өзүңүзгө ашык болгон адамга жек көрүүңүздү жеңип.

— Сиз мага сыйынууга да ылаажы бербедиңиз! — деди ал ыйламсырап. Ошол замат сырттан үн угулуп, ичкериге Лэнген менен динаятчы кирди.

— Фил! — деп чаңырып, Лэнгенге чуркады ал. — Мени бул адамдан куткарчы. Мындан ары чыдай албайм…

Лэнгенди карадым, жасалма жылмайып. Ал мени бир уруп, теректей сулатты.

— Кароолчу! — деп кыйкырды динаятчы. — Не кылганың, Фил?

— Бул баканооз, — бышактап ыйлады Кейт. — Таяке, бул сизди аңдып келген, ыйык кереметти өзү уюштурган деп далилдегиси бар. Муну мурда эле түшүнгөм — бет жок мында. Сүйүп-күйүп, мага жабышканын кантейин…

Үстөл алдынан араң чыгып, бутума турдум.

— Ырайымдуу мырза, — дедим, — мистер Лэнгендин аракеттеринен кийин өзүмдү жакшы сезбей турам. Ага айтарым: кийинки жолу да олуттуу иш кылар болсо, өз күчүнө ылайык объект тандасын. Жээниңиз айткандардын айрым чындыгы да бар. Ооба, мен кардиналдын тыңчысымын, жана ушул өңүттө ага сиздердеги керемет чын экенин тастыктаган баяндама жибердим. Эртең менен бул жакка менин планым боюнча комиссия келет да, тиешелүү чечим чыгарат. Алардын жыйынтыгы кечикпей келсе, ынанымдуу болот деп ойлогом. Мисс Хики, мен сиздеги кереметтин баарына суктанам; бул менин сулуулук сезимим курч экенин гана далилдейт. Сизди сүйөм дештин өзү – Кудайга акаарат кылтирүү. Мистер Лэнген, чөнтөгүмдө октолуу тапанча бар, аны англиялыктар сиздин мекендештерге каскүмөн санаганынан улам салып жүрөм. Агер мен айылдык Геркулес болуп, а сиз менин ордумда болгондо, азыр балким мүрт кетмекмин. Эми кам санабаңыз, сиздин коопсуздук менден көз каранды.

— Менин үйүмдөн биротоло кетерден мурда, — деди Хики ата, мага ашынып зиркилдегендей, — айтып коёюн: сизди тыңчы деп шектенсем, таякеңиз кардиналдын машаягы, керек болсо ыйык папанын өзү болсо да, сизди босогомдон аттатпайт элем.

Ошол учурда мени балээ басты. Башым айланып, чекеме кол тийгизип, манжаларымдан кан көрдүм. Заматта жаалым кайнап, оозумда кан даамы сезилди. Көзүмдү кан чулгап, өнө боюмдан кан шүүшүнгөндөй кудум. Колум тапанчага сунулду эрксиз. Адатта, мындайда дароо аракет кылмайым бар. Дагы жакшы, кайнаган жаалымды укмуштуу идея тып токтотту. Текеберсинген булардын сазайын окутууну түшүндүм. Каным шүүшүнбөй, кайрадан угуп-көрөр абалда элем.

– Эми жооп берүүгө уруксат этиңиз, — деди Лэнген, — агер мушташтын ордуна куралды тандасаңыз, каалаган убакта беттешүүгө даярмын. Том атанын намысы өз намысымдай эле кымбат мага.

— Анын намысы менин колумда, — дедим, — мен кардиналдын ишенимдүү өкүлүмүн. Мени менен күч сынашарыңыз ыраспы?..

— Кудайдын эшиги мына, — деди динаятчы, эшикти шарт ачып. – Кереметти артка кайтармайын, сизге эч кандай далил жардам бербейт.

— Хики ата, — дедим, — Фор Майл Уотердин үстүнөн күн чыкканча эле кереметти кайтарам, ошондо баары сизди сөөмөй кесеп көрсөтүшөт.

Кейтке баш ийкеп, сыртка чыктым. Бакчадагы чылк караңгылыктан, дарбазаны ажыратуу мүмкүн эмес эле. Каалгасын издеп жүрсөм, Хики атанын үнү угулду: «Муну болтурбоо үчүн он фунт берер элем, Фил. Ал жеткен жинди. Муну мага кардинал өзү айткан».

Кайтып келип, үстү-башымдагы канды жууш үчүн муздак суу куюнуп, шам-шум эттим. Оңой төпөш жебепмин, алсырап, баш айлангансып турдум. Тушумдагы сааттын кулагын бурап, жебесин он эки жарымга койдум. Коңгуроосу коңшуларымды ойготпосун деп саатты сүлгүгө ороп уктамак болдум.

Кыйла уктапмын. Саат шыңгыраганда, чала уйкум менен атып турдум. Бир аз жатсам, уйку кайра басмак. Моюнум дале ооруп, колдорум нерв козголоңунан калтырап турду, бирок тез кийинип, суу ууртадым да, этият басып үйдөн чыктым. Караңгыда карайлап сарайды таап, андан күрөк менен картөшкө кап ташычу кол арабаны алдым. Үйдөн кыйла узаганча баарын колго көтөрүп, анан гана күрөктү арабага салып, көрүстөнгө кеткен жолго салдым. Дарыяга жетип, түндөсү эч кимге жолукпасымды билген үчүн, арабам кыйчылдайбы, жокпу дебестен ишенимдүү түртүп жөнөдүм. Аркы жээкте Тозоку Биллинин жалгыз мүрзөсүн фосфордой жылтырак от курчап турду.

Өз багытым менен кайык токтоочу жайды издеп, караңгыда чалынып-чулунуп, паромчунун кайыгын таап, ага арабаны жүктөп, жээктен түрттүм. Кендирди тартып, дарыядан оңой өттүм. Кайыкты байлап, арабаны жээкке чыгарып, мүрзөгө жакын таш үймөккө отуруп, бир аз эс алдым. Он беш мүнөтчө жылт-жулт отту карап отуруп, ишке билек түрүндүм. Алыстан чиркөө коңгуроосу түнкү бирди какты. Туруп күрөктү алдым да, он мүнөттөн кийин каңыл жаарды өрдөп сасыган табытты казып алдым. Шамал тарапка өттүм да, күрөктү туткуч ордуна колдонуп, табытты араңдан зорго арабага жүктөдүм. Жүктү жээкке кыйналбай жеткиргеним менен, табытты кайыкка жүктөөгө кеминде жыйырма мүнөт кетти. Туткаларын кайыктын артына коюп, алдын дөңгөлөктөн көтөрүп, арабаны өлүп-талып жүктөөрдө, бир нече жолу оодарып ала сактадым. Акыры ылай, кара терге малынганымды айт.

Арабаны сол жээкте чыгарып, аны көрүстөнгө жеткирүү жеңил эле болду. Түнкү саат экиден ооп, таң алдында шайдоот кыймылдадым. Табытты күндүзү өзүм мерчемдеген урсулин кечилдеринин мүрзөсүнө жакын ылайлуу чакан жерге жеткирдим. Денемди иш жибитти. Моюнум оорубай, ушунчалык ынтаа коюп казгандыктан; табыт кенен сыйгыдай көр тез эле казылды.

Салкындуу үрүл таң караңгы түндү жалмап, теребел көрүндү. Эми мени да алыстан көрүшөт деп тынчсызданып, ишти тездетүү керек болду. Тек, табытты көргө түшүрөрдөн мурда бир аз тыныгууга туура келди. Колумду аарчып, маңдай терди сүрүп, айланага көз салдым. Ыйык кечил айымдардын төрт шар ташка жөлөнгөн чоң плита мүрзөсү шүүдүрүмдөн агарып турду. Жанында долоно бадалы өсүп, ага самсаалап илинген чүпүрөктөрдүн жаңылары чыгыштан тийген нурдан улам кооз көрүнөт экен. Ишти бүтүрмөккө арабаны кабырга жакындатып, күрөк менен табытты акырындап ордунан жылдырсам, акыры ал күңкүлдөгөн нааразы добуш менен көргө кулады. Кудум эле мас кезинде өжөрлөнгөн маркумдан бетер.

Күчүм жетишинче шашып, көргө топурак ыргыта баштадым. Он беш мүнөттө толду. Дагы он мүнөт өтүп, чакан дөбөчө пайда болору менен айланасы мизилдей түштү. Күрөктү жерге таштап, иш бүткөнүнө “өх!” деп, жеңиш сезими менен карап турдум…

Заматта үрөйүм учуп, артка чегиндим: дрок[7] баскан ээн талаада турам. Көрүстөндөн дайын жок. Жанымда баягы жалгыз соройгон Тозоку Биллинин мүрзөсү туру, жанында — араба менен күрөк. Дарыяга кылчайдым. Аркы жээкте жарака кеткен ылай дубал менен курчалган көрүстөн – урсулин кечилдеринин мүрзөсү дапдаана көрүндү. Долоно бадалындагы чүпүрөктөр желге дирилдеп, тигинде жарым-жартылай саат урандысы да ордунда. Анын эски дубалдарынан бир да таш түшпөптүр, эч нерсеси бүлүнбөй, коңшу дөңсөөлөргө караганда ал да бекем турат. Жанымдагы мүрзөгө карап, такыбалар жек көргөн байкуш Уолф Тон Фитцжеральдга чындап боорум ооруду. Баары мен эсептегендей болгону менен, ичимден таңгалып бүтпөдүм.

Канаттуулар сайрап, короз үнү угулду. Үй ээси эрте турарын билчүмүн. Күрөгүмдү арабага салып, үйгө шаштым. Баарын алган ордума койдум. Бөлмөмө шырп алдырбай кирип, көйнөк, бут кийим алмаштырдым. Пальто, цилиндрди кийерим менен көрүнүшүм эч нерсе болбогондой эле. Сыртка чыгып, жүзүмдү муздак сууга чайып, көрүстөнгө акыркы ирет тигилип, Уиклоу тарапка жөө жөнөдүм. Ал жактан биринчи эле поезд мени Дублинге алып жөнөдү.

Бир нече айдан кийин Каирде почта аркылуу ирландиялык гезиттер топтому менен «Таймстан» Ирландиядагы кереметке арналган үзүндүнү көзүм чалды. Хики ата меймандостук кылбаганы үчүн татыктуу жазасын алыптыр. Мен кеткенден кийин эле Фор Майл Уотерге келген комиссия көрүстөндү дайымкы эле турган ордунан тааптыр. Болгон окуяга даяр эмес Хики ата түрдүү түкшүмөл түшүндүрмө берүүгө аракет кылды, бирок бул кереметтин баары ашкере божомол-дөдөмөл дегенге гана алып келди.

«Таймс» бул окуяларды дыкат талдап, чиркөө кызматкерлеринин башка да абийирсиз мисалдарын келтирип мынтип жазды: «Фор Майл Уотердеги аймактык динаятчы мистер Хики чиркөө жетекчилиги тарабынан кызматтан четтетилгенин кубануу менен кабарлайбыз. Бирок андан да өкүнүчтүүсү – жактоочулары анын туура экенин ырастаган акылга сыйбас петицияга эки жүз кол топтогондугу».

Орус-англис тилинен ChatGPT көмөгү менен кыргызчалаган О`Шакир

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Каин – Библиялык образ.

[2] Хорал – чиркөө ыры

[3] Нимб — диний сүрөттөрдө (иконаларда, живописте) Ыйсанын, Кудай Эненин, периштелердин жана олуялардын баштарынын айланасындагы жарык нур.

[4] Амвон – христиан чиркөөлөрүндө (православиеде) алтардын маңдайында, «падышалык дарбаза» алдында жайгашкан атайын бийик жер.

[5] 1798-жылы англичандарга каршы Ирландияда «Бириккен ирландиялыктар» революциялык коому жетектеген көтөрүлүш болгон. Смит О'Брайен 1848-жылдагы Британияга каршы кыймылдын лидери.

[6] Оранжист – Ирландиядагы протестанттык чиркөө менен байланышы бар англисчил саясый топ.

[7] Дрок — жалбырактуу, дайыма жашыл бадалдардын тукуму.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз