Карл Чапек: Маркалардын коллекциясы

  • 29.04.2026
  • 0
  • 1

АҢГЕМЕ

— Ооба, бул, албетте, чындык, — деди карыя пан Карас. — Өткөн жашооңду изилдеп отуруп, анда канчалаган башка жашоолор үчүн материал барын түшүнөсүң. Бир күнү тагдырбы же табият мыйзамыбы, сен ошол жашоонун бирин тандайсың да, аны аягына чейин улантасың. Бирок эң өкүнүчтүүсү, башка, мүмкүн болгон жашоолор таптакыр жоголбойт. Кээде алардан кесилген бут сыяктуу, ооруну сезесиң.

Он жашымда марка чогулта баштадым. Атам муну жактырган жок, ал муну окуумдан алаксытат деп ойлогон. Бирок менин Лойзик Чепелка деген досум бар эле, экөөбүз филателия кумарына берилдик. Лойзик шарманшиктин баласы болчу. Үрпөйгөн чымчыктай тармал чачын өйдө тараган, мурдунун үстүн сепкич баскан бала эле. Мен аны балдар өз жолдошун чын дилинен кандай жакшы көрсө, мен дал ошондой жакшы көрчүмүн. Билесиздерби, мен карыямын, аялым, балдарым бар, бирок айтайын – эч бир сезим достук сыяктуу таттуу болбойт. Бирок мындай достукка адам жаш кезинде гана жөндөмдүү. Кийин ал мүнөзү бир аз катаал тартат да, өзү жөнүндө көбүрөк ойлой баштайт. Мындай достук таза кубанычтан, суктануудан, жашоо күчүнүн молдугунан жана анын чексиздигинен жаралат. Сенде ал ушунчалык көп болгондуктан, аны кимдир бирөөгө бергиң келет.

Атам нотариус, жергиликтүү ак сөөктөрдүн башчысы, абдан сыйлуу жана катаал мырза эле; а мен бүт дилим менен Лойзикке байландым, анын атасы аракеч шарманшик, апасы болсо кордук көргөн кир жуугуч аял эле, мен бул Лойзикке ыйыктай мамиле кылып, ал менден шамдагай, бактылуу, өз алдынча жана чыдамдуу, мурдун сепкил баскан, сол колу менен таш ыргыта алганы үчүн аны ыйык тутуп, сүйчүмүн. Жалпысынан, андагы канчалык көп нерсени сүйгөнүмдү эстей албайм; бирок бул жашоомдогу эң чоң сүйүү болчу.

Ошентип, Лойзик марка чогулта баштаганымда сырымдын сактоочусу болуп калды. Бир жерде кимдир бирөө коллекциялоону эркектер гана түшүнөт деди эле, бул чындык; менде ата-бабалардан калган инстинкт бар деп ойлойм, ал өткөн мезгилдерден бери сакталып калган, ошол убакта эркектер душмандардын баштарын, олжого алынган куралдарды, аюу терилерин, бугу мүйүздөрүн, жалпысынан олжого түшкөн нерселердин баарын чогултчу. Бирок маркалар коллекциясы – бул жөн гана мүлк эмес, бул – түбөлүк укмуштуу окуя. Сен Бутан, Боливия же Түштүк Африканын Батыш Мысы сыяктуу алыскы өлкөлөрдүн чегине кирип жаткандайсың; жөн гана башка жерлер менен кандайдыр бир жеке, интимдик байланышты түзөсүң. Жалпысынан, маркаларды чогултууда саякат жана деңиз саякатчылыгынын кумарлануусу бар, кыскача айтканда, эркектерге мүнөздүү саякаттоо каалоосу. Бул байыркы крест жортуулдары сыяктуу…

Мен мурдарак айткандай, атама бул жаккан эмес; аталар, адатта, уулдары өзүлөрү кызыкпаган нерсе менен алектенишин жактырышпайт. Мен, мырзалар, өзүм да уулдарыма ушундай эле мамиле кылдым. Ата болуу – жалпысынан кандайдыр бир аралаш сезим; анда чоң сүйүү бар, бирок кандайдыр бир калыстык, ишенбөөчүлүк, душмандык аралаш жүргөнсүйт – муну кантип айтарымды билбейм. Балдарыңарды канчалык көп сүйсөңөр, ошончолук башка сезим күчтүү болот. Кыскача айтканда, марка коллекциям менен атама билинбеш үчүн чатырга жашырышым керек болчу; чатырда ун салган эски үкөк турчу, биз эки чычкан сыяктуу ага кирип, бири-бирибизге маркаларды көрсөтчүбүз: кара, бул – Нидерланд, бул – Египет, бул жерде Swerige, башкача айтканда Швеция. Жана биздин кенчтерди жашырууга аргасыз болгонубузда кандайдыр бир күнөөлүүдөй сулуулук бар эле. Бул маркаларды алуу да бир укмуштуу окуя; мен тааныш жана бейтааныш үй-бүлөлөргө барып, эски каттардагы маркаларды сурап жүрчүмүн.

Эң бактылуу сааттарды кээ бир үйлөрдө, эски документтер толгон кутулары сакталган чатырларда, полдо отуруп алып, чаң баскан кагаздардын купюрларын издеп, менде али жок бир нусканы таап алган кезде өткөргөн элем – көрүп турганыңыздай, акылсыздыгымдан улам, мен эки окшош нусканы чогултчу эмесмин; жана эгерде мен эски Ломбардия же Германиянын кичинекей княздыктарынын же эркин шаарларынын бирин тапсам, чындап эле азаптуу кубанычты сезчүмүн. Анткени ар бир чексиз бакыт таттуу ооруну берет. Ал эми Лойзик мени көчөдө күтүп турчу, мен акыры чыкканда, дарбазадан ага шыбырап: «Лойза, Лойзик, ал жерде бир Ганновер бар!» – «Алдыңбы?» – «Ооба!» Ошентип, биз олжо менен үйгө, жашынчу жайга чуркап жөнөчүбүз.

Биздин шаарда жут, бязь, ситец кездемелердин жана башка пахтадан жасалган майда-барат буюмдардын төмөнкү сортторун чыгарган текстиль фабрикасы болгон, мунун баары жер шарынын кара өңдүү элдери үчүн чыгарылчу. Мага фабрикаларга барып, кагаз себеттеринен маркаларды издөөгө уруксат берилген; бул жерде менин эң бай аңчылык жерлерим болчу: бул жерден Сиам менен Түштүк Африка, Кытай, Либерия, Ооганстан, Борнео, Бразилия, Жаңы Зеландия, Индия, Конгону таптым. Бул аталыштар сизге дагы эле сырдуу жана каалаган нерседей угулабы билбейм. Мырзам, Straits Settlements маркасын болсо да тапканым чоң кубаныч, укмуштуудай кубаныч. Же Корея, Непал! Жаңы Гвинея! Сьерра-Леоне! Мадагаскар! Угуңуз, мындай толкунданууну мергенчи, кенч издөөчү же археолог өз казууларынын арасында гана түшүнөт. Издөө жана табуу – бул адамга жашоо берер эң чоң чыңалуу жана канааттануу. Ар бир адам бир нерсени издеши керек, эгер марка болбосо, анда – чындыкты же папоротниктин сыйкырдуу түсүн, же таш жебенин учу жана урналарды.

Ооба, Лойзик менен дос болуп, марка чогулткан жылдар бул жашоомдун эң сонун жылдары. Бирок мен кызылча менен ооруп калдым, мага Лойзикке кирүүгө уруксат беришкен жок, бирок ал биздин коридордо туруп, мага угуза ышкырып турчу. Кайсы бир жолу мени жакшы карабай калышты окшойт; кыскасы, төшөктөн турдум да, чатырга чогулткан маркаларымды карап келүү үчүн чуркадым. Мен ошончолук алсыраган элем, үкөктүн капкагын ачуу да кыйын болду. Бирок үкөк бош экен; маркалар салынган куту жоголуптур.

Ошондогу абалымды сүрөттөп бере албайм. Балким, ошол жерде муз сыяктуу катып калгандырмын, ыйлай алган да эмесмин, тамагым буулуп калган. Биринчиден, маркаларды, менин эң чоң кубанычымды жоготуу коркунучтуу болчу, бирок андан да коркунучтуусу – менин ооруганымдан пайдаланып, аларды жалгыз досум Лойзик уурдап кеткен деген ой болчу. Бул коркунуч, көңүл калуу, чексиз кайгы, азап тартуу – билесизби, баланын сезимдери канчалык күчтүү болгондугу таң калыштуу.

Чатырдан кантип түшкөнүмдү эстей албайм; кайрадан барып төшөгүмө жаттым, ысытмадан башым айланып, жеңилдеген учурда дайыма ойлонуп жаттым, ойлонуп жаттым… Атама да, таежеме да эч нерсе айтпадым. Апам ал кезде каза болуп калган. Алар мени таптакыр түшүнбөйт деп билчүмүн, бул мени алардан кандайдыр бир жол менен алыстатты, ошондон кийин аларга эч качан жылуу балалык сүйүүмдү арнаган эмесмин. Лойзиктин чыккынчылыгы мага дээрлик өлүмгө тете сокку болду; бул адамга болгон биринчи жана эң коркунучтуу көңүл кайттыгым эле. Жарды дедим өзүмө, Лойзик – жарды, ошондуктан уурдайт; сен кедей менен дос болгонуң үчүн ушундай болду. Бул менин мүнөзүмдү катаалдантты; ошондон бери адамдарды жакшы ажырата баштадым, социалдык күнөөсүздүк абалымды жоготтум. Бирок анда мен ал соккунун канчалык терең болгонун, мендеги канчалык көп нерселер кыйроого учураганын түшүнгөн эмесмин.

Соккудан алган жарааттарым айыккан соң, маркаларымдын коллекциясын жоготуу кайгысын да жеңдим. Лойзик ошол арада жаңы жолдошторду тапканын көргөндө гана жүрөгүм бир аз ачышып, бирок ал көпкө чейин көрүшпөгөндүктөн бир аз уялып мага чуркап келгенде, мен ага кургак жана бойго жеткен адамдай: «Бар, мен сени менен мындан кийин сүйлөшпөйм!» – дедим. Лойзик кызарып, дароо жооп берген жок: «Болуптур!» Ошондон бери ал пролетарлык каардануу менен мени жек көрө баштады.

Пан Паулюс айткандай, дал ушул окуя бүт жашоомо, жашоодогу тандоомо таасир эткен. Менин дүйнөм, эгер ушундай дешке мүмкүн болсо, булганды, адамдарга ишенбей калдым. Аларды жек көрүүнү жана жерип-жектөөнү үйрөндүм. Досум болгон жок; жана чоңойгон сайын эч кимге муктаж эмесмин, эч кимди кечирбеймин деп текеберлене баштадым. Анан эч ким мени сүйбөгөнүн байкап, өзүм да сүйүүнү жана бардык сентименталдуулукту жектей баштадым.

Ошентип, текебер, амбициялуу, педанттык – бир сөз менен айтканда, туура адам болуп чыктым. Мен баш ийгендерге жаман, ырайымсыз мамиле кылдым, сүйүүсүз турмуш курдум, балдарымды коркутуу жана үрөй учуруу менен тарбиялап, тырышчаактыгым жана милдеттүүлүгүм менен чоң ийгиликтерге жетиштим. Бул менин жашоом болчу, бүт жашоом – милдеттеримден башка эч нерсеге көңүл бурчу эмесмин. Мен өлгөндө гезиттер кандай эмгекчи жана үлгүлүү адам болгонумду жазып чыгышат. Бирок эгер адамдар мунун баарында канчалык жалгыздык, ишенбөөчүлүк жана катуулук бар экенин билишсе…

Үч жыл мурун аялым каза болду. Өзүмө да, башкаларга да мойнума алган жокмун, бирок бул мага өтө оор кайгы болду. Сагынычтан ата-энемдин калган үй-бүлөлүк реликвияларын карай баштадым: сүрөттөр, каттар, эски дептерлерим… Тартипти катуу сактаганды жакшы көргөн атам булардын баарын кантип камкордук менен сактаганын көргөндө, тамагым буулуп калды. Ал, сыягы, мени баары бир сүйчү окшойт. Бул нерселер менен чатырда бүт шкаф толтурулган; жана бир кутунун түбүнөн атамдын мөөрү басылган кутуну таптым, ачтым – анда мен элүү жыл мурун чогулткан, баягы жоготкон маркаларымдын коллекциясы жаткан.

Жашырбайм, көзүмө жаш алдым, бул кутуну бөлмөмө кенч сыяктуу алып келдим. Ошондо иш кандай болгонун түшүндүм. Демек, мен ооруп жатканда, кимдир бирөө коллекциямды таап алган, атам окуудан артка калбасын деп аны тартып алган. Ал муну кылбашы керек эле, бирок бул жерде да анын катуу камкордугу, сүйүүсү көрүндү. Эмнегедир билбейм, аны да, өзүмдү да аядым.

Анан ой келди: демек, Лойзик бул маркаларды уурдаган эмес. Кудайым, ага канчалык адилетсиз болгомун. Бул сепкилдүү, үрпөк чач көчө баласынын жүзү көз алдымда тартылды – кудай билет, ал эмне болду, дагы деле тирүүбү!

Ах, ушулардын баарын эстегенде, аябай уялдым. Болгону адилетсиз шектенүүдөн жалгыз жолдошумду жоготуп алыптырмын, ушундан улам мен балалыгымды жоготтум. Кедейлерди жек көрө баштадым, текебердик менен жүрдүм, ошондуктан эч кимге жакындаган жокмун. Ушул себептен улам почта маркаларын жек көрүүсүз, жийиркеничсиз карай алган жокмун. Эч качан сүйлөшкөн кызыма, кийин аялыма кат жазган эмесмин, сезимдерди билдирүүдөн жогору турганымды жашыргам; жана аялым мындан азап тартты. Ошондуктан ушунчалык ырайымсыз, түнт болдум. Ушундан улам, ушундан гана мен ушундай карьера жасап, милдеттеримди үлгүлүү аткарганмын…

Бүт жашоомду карап чыктым, күтүлбөгөн жерден ал бош да, маанисиз да болуп чыкты. Таптакыр башкача жашамакмын деп ойлодум. Эгер бул болбогондо, менде ар кандай окуяларга ушунчалык ысык сүйүү, кумар жана асылдык, фантазия, ишеним, ушунчалык таң калыштуу, күчтүү таланттар бар эле. Кудайым-ай, мен таптакыр башка адам болмокмун – саякатчы, актёр же аскер!

Адамдарды сүйүп, алар менен бирге ичип, аларды түшүнүп, дагы эмнелерди гана кылмак эмесмин! Менде кандайдыр бир муз эрип жаткандай болду. Улам бир марканы карай бердим. Алар баары ушул жерде – Ломбардия, Куба, Сиам, Ганновер, Никарагуа, Филиппин – мен ошол кезде баргым келген жана эми көрбөй турган бардык өлкөлөр. Ар бир маркада боло турган жана болбогон нерсенин бир бөлүгү камтылган. Алар менен түн бою отурдум, жашоомду соттодум. Бул кандайдыр бөтөн, жасалма, бейтарап жашоо экенин көрдүм, ал эми чыныгы жашоом эч качан ишке ашкан эмес… Пан Карас колун шилтеди — эмне боло аларымды жана Лойзикке канчалык адилетсиз болгонумду ойлогондо…

Бул сөздү угуп, патер Вовес абдан кайгырып, жашып кетти, балким, ал дагы өз жашоосунан бир нерсени эстегендир.

— Пан Карас, — деди ал толкунданып, — бул жөнүндө ойлонбоңуз, – эч кандай пайдасы жок, эми бир нерсени оңдоого да, жашоону кайрадан баштоого да мүмкүн эмес…

— Мүмкүн эмес, — деп Карас бир аз кызарып, үн чыгарып койду. — Бирок билесизби, жок дегенде, жок дегенде, мен марка чогултууну кайрадан баштадым!

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Айгүл Молдокулова

    Ыйладым....

Комментарий калтырыңыз