Омар Хайям: Эң жаманы – жан дүйнөңдүн караңгылыгы

  • 30.04.2026
  • 0

«Баары улгайгысы келет, бирок карыганда баары эле карылыкты күнөөлөйт».
(Цицерон)

♦   ♦   ♦

«Маанисиз жашоо жашоого арзыбайт».
(Сократ)

♦   ♦   ♦

«Биздин аң-сезим – бул баардыгы. Сен эмне ойлосоң, ошого айланасың».
(Будда)

♦   ♦   ♦

«Сынга кабылбоонун бир гана жолу – эч нерсе кылба, эч нерсе айтпа да, кымырылып жаша».
(Аристотель)

♦   ♦   ♦

«Канчалык жай басканың маанилүү эмес, эң башкысы – токтобой, канча убакыт жол жүргөнүң».
(Конфуций)

♦   ♦   ♦

«Эгер жашоо сага жылмайсын десең, анда ага алгач жакшы маанай тартуула».
(Спиноза)

♦   ♦   ♦

«Жашоо шамалы кээде катуу согот. Бирок жалпысынан жашоо жакшы. Ичип-жегениң кара нан болгону жаман эмес, эң жаманы – жан дүйнөңдүн караңгылыгы…»
(Омар Хайям)

♦   ♦   ♦

«Жакшы өткөргөн күн канчалык тынч уйку берсе, пайдалуу өткөргөн өмүр да ошондой эле тынч өлүм берет».
(Л. да Винчи)

♦   ♦   ♦

«Өмүр бою сени түшүнгөн, сен кандай болсоң ошондой кабыл алган адам менен жолугууну күтөсүң. Ал эми эң аягында ал адам – өзүң экениңди билесиң».
(Р.Бах)

♦   ♦   ♦

«Башкалар каалабаганды бүгүн кыл, эртең башкалар жашай албагандай жашайсың».
(Д.Лето)

♦   ♦   ♦

«Жашоо кандай гана болбосун, андан өткөн жакшы нерсе жок».
(Л.Толстой)

♦   ♦   ♦

«Бүткүл дүйнө сага каршы турду деп ойлогондо, учак шамал менен эмес, шамалга каршы учуруп жатканын эсте».
(Г.Форд)

♦   ♦   ♦

«Ар бир таң – бул жашоону кайрадан баштоого мүмкүнчүлүк».
(П.Коэльо)

♦   ♦   ♦

«Мен дагы деле жашоону жакшы көрөм. Балким, бул акылсыз алсыздык биздин эң коркунучтуу кемчиликтерибиздин бири: жерге таштап салгың келген жүктү дайыма көтөрүп жүрүү, өзүңдүн жашооңдон коркуу жана сүйрөлүп жашоо – мындан ашкан келесоолук болбойт».
(Вольтер)

♦   ♦   ♦

«Бир гана ийгилик бар – бул өмүрүңдү өзүң каалагандай өткөрүү».
(С.Моэм)

♦   ♦   ♦

«Эгер бири-бирибизге аяр мамиле кылсак, ар бир адам үчүн жашоо алда канча жеңил жана жагымдуу. Ошондо дүйнө жакшырат».
(Т.Хиддлстон)

♦   ♦   ♦

«Чындап каалаган ишиңди кыл. Алардын (башкалардын) оюндарына кирбе. Алар сени оңго умтул десе, эң жогорку ылдамдыкта солго уч! Башкалар каалаган нерсени кылба. Өз жолуңду изде».
(Д.Депп)

♦   ♦   ♦

«Эми биз асманга канаттуулардай учуп, сууга балыктардай сүзө алган соң, бизге бир гана нерсе жетишпейт: жерде адамдардай жашоону үйрөнүү».
(Д.Б.Шоу)

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз