Эл өзүнүн эл экенин туюнткан
эне тилге эн белгисин уюткан.
Ар улуттун нарк, дөөлөтүн, керээтин
асыл кенчтей, сактап келген эне тил.
Улут – кулпу, а тил жалгыз ачкычы,
ачкычы жок – барбы түгөл бактысы?
Бешик ырдан сезим, эсиң ойгонот,
наристелер эне тилде ой жорот.
Кас-кас туруп, там-туң баскан кезиңде,
калыптанат эне тилиң эсиңде.
Бара-жүрө кошуп сөздөр курамын,
байытасың өз тилиңдин булагын.
Курап сөздү кичинеңде баарыңар,
кудуретке ээсиң дүйнө тааныган.
Антсе дагы бар соболум бергенге,
Алланы биз тааныганга келгенде...
Эне тилде айтып каалоо кебиңди,
эне тилде Тааныйбызбы Теңирди?
Эне тилде айталбасаң дубаңды,
бөтөн тилде тааныйсыңбы Кудайды?
Азан айтсаң айт мукамдуу оболу,
араптардын кайрып мейли обонун.
Куран, намаз кыргызчасы болобу?
Кудай эмне, кабыл албай коёбу?
Арап тилби жалгыз эле себепчи?
Аллага же котормочу керекпи?
Эгер Алла туйса тилек, каалоону –
эне тилди не билбейбиз баалоону?
Кыргыз тилин Кудай кабыл албайбы?
Кыргызча ниет же Кудайды алдайбы?
Эне тилди жаратпасак келмеге –
бир Кудайдын кудурети эмнеде?..
Өз тилинде ниет кылса мусулман –
барбы мисал шарият жолу бузулган?
16.03.24.
Чындыгың – каражолтой
Жер жүзүндө бүтпөй келген жалгыз чуу –
чындык жолу – кара жолтой, каргыштуу!
Чындык дайым чыр-чатактын себеби.
Чындык туткан – өзүнүкүн береби?..
Чындык үчүн ырбап, күчөп талаштар,
адамзаты алмустактан адашкан.
Чындык жолу – динчилдерди куруткан!
Чындык үчүн согушта кан төгүшкөн.
Өжөрлөнүп өз чындыгын бербеген
эч жакшылык күтүп болбойт пендеден.
Чындын оозун эч арзыбайт тыйган да,
чындык үчүн арзыбайт жан кыйган да...
Адамзаада айыгышып кылымдар,
кыл чайнашып, чындык үчүн кырылган.
Эчен эрлер тирешип тиш кайраган,
өчөгүштөн кан төгүшүп жайраган.
Чындык жолу кара жолтой болбосун!
Чыр-чатактан эс-акылдар коргосун!
Чырды кайра күчөтүүчү кечээги,
чырдын өзү – чоң бир өрттүн очогу.
Жер жүзүндө бүтпөй келген жалгыз чуу –
чындык жолу – каражолтой, каргыштуу!
04.04.24
Полифония
Жаныбарлар буту, изи баспаган
жалама зоо, көк тиреген аскалар –
жаратылыш көркүн укмуш ашырып,
Жарашыгын Кудай жасап таштаган.
Үн катпаган, былк этпеген чокулар –
бабалардай мандаш уруп отурар.
Учтуу, миздүү жанар тоолор, адырлар –
урпагындай жүрөгүндө оту бар.
Мөңгү ылдый доошу күр-шар кашка суу
мөңкүп, туйлап мөл булактан башкасы –
Канча кылым ыр-күү тыңшап жатты экен
карагайлар капчыгайда жапжашыл?..
30.03.24
Буддадан осуят
Жакырчылык, жан алгычтай тооруган,
качкын андан качкан сымал оорудан.
Жакырчылык көп кылмышка себепкер:
көзүң өтүп башкалардын тоогунан.
Жакырчылык – жалпы дүйнө көйгөйү!
Басынгандар көрүп ылдый, өйдөнү –
жолу кырсык – кылмыш, алдоо, уурулук,
жонундагы жыртык үчүн көйнөгү.
Адам кургур кээде колдо жогунан –
адашмагы бар заматта жолунан.
Кандай гана жосун кылбайт тобокел,
кайыш тилген кезде турмуш жонунан.
Кембагалдар ыйлап, соолуп жаш калбай,
алмустактан бери көзүн жаш чайган.
Жаныңды тың багыш үчүн мээнет кыл,
жакырлыктан кач жырткычтан качкандай!
14.03.24
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR