Адегенде мусулман коомчулугуна кайрылып жаткандыктан дин дегенде Ислам динин түшүнүүбүз абзел. Оболу: “Дин деген эмне?” - деген суроого хадистерден жооп издеп көрөлү. Тамимуд-Даринин риваяты/рабаяты боюнча, бир күнү Пайгамбарыбыз Мухаммед (сав) сахабаларына кайрылып, үч жолу кайталоо менен мындай деген: “Дин - бул ыкластуулук. Дин - бул ыкластуулук. Дин - бул ыкластуулук.”
Сахабалардын айрымдары: “Эй, Алланын Элчиси, кимге карата ыкластуу болуу?” - деп сурашат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз: “Аллага, Анын Китебине, Анын Пайгамбарына, бардык мусулмандарга, атүгүл бүткүл адамзатка карата ак ниет жана чынчыл болуу”, - деп жооп берет. (Муслим, Ыйман, 95)
Негизи бир нерсеге аныктама бергенде ошол нерсени түптөгөн же жаңы колдонгон адам гана анын нукура максатына ылайык түшүндүрө алат. Ошондуктан Ислам динин бизге жеткизген Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (сав) дин боюнча аныктамасына өтө маани берип, акыл калчап, түшүнүп, аңдап жетүүбүз зарыл. Анткени диндин аныктамасын жакшы түшүнбөсөк, анда мусулман коомчулугунда жакшы адеп-ахлактын орнобой калуу коркунучу келип чыгат.
Кээ бир диний ишмерлер, дин адистери Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (сав) жогоруда айткан хадисин “дин – бул насаат” деп которуп айтып жүрүшөт. Эгерде насаат деп түшүнөр болсок, анда катага жол койгон болобуз. Себеби хадистин уландысында “Аллага, Анын китебине, Анын элчисине...” – деп айтылат. Бир адам, Улуу Жаратуучуга кантип, кандайча насаат айтышы мүмкүн? Анын китеби (Куран) адамдзатка жол көрсөтүп келсе, ага кантип насаат айтышы мүмкүн? Жараткандын кабарын бизге жеткизген элчи пайгамбар Мухаммадга (сав) кандайча насаат айтылышы мүмкүн? Бул деген сандырактык болуп саналат.
Жашоодогу эң жеңил, бирок эң жийиркеничтүү нерселердин бири – адам өзү оңолбой туруп, башкаларга насаат айтуусу. Антыктан бул хадистеги аныктаманы “дин – бул чынчылдык, ыкластуулук, дурустук” деп түшүнүүбүз максатка ылайык.
Куранда Теңир Таала мындай дейт: ...يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا تُوبُوا إِلَى اللَّهِ تَوْبَةً نَّصُوحًا (Окулушу: Йаа аййухал-лазиина аамануу туубуу илаллоохи тавбатан насуухаа...“Эй ыйман келтиргендер, Аллага чындап (чын ыкластан) тообо кылгыла...”. (Фуркан, 70-аят)
Дал ушул аятка караганда “насуух” уңгусун насаат эмес, чынчылдык, дурустук, чын ыкластан деген маанилери менен түшүнсөк, тообо кылуунун максатына туура келет. Тообо келтирген адам чындап ошол жаман ишке кайра кайтып барбаса же ошол ишти кайра кылбаса, анын тообосу чын ыкластан, дурус экенин билебиз. Бул аяттагы мааниге таянып хадисте айтылган “насиха” сөзүн чынчылдык, дурустук жана ыкластуулук деп түшүнө алабыз.
Жогорудагы аят жана хадиске таянып, Ислам дини жалпы адамзатты, өзгөчө мусулмандарды чынчылдык жана дурустукка чакырат деп баса белгилеп айтабыз! Ошондуктан дин, кожо көрсүндөн, эки жүздүүлүктөн, байга жана бийге карап кубулуп, өзгөрүп турууддан тыят. Ар бир ишти ыкыластуу аткарууга, ичи-тышынын бирдей болуусуна үндөйт. Тилекке каршы, мусулман коомчулугунда жасалма мамиле, жойпулануу, аярлануу, башкаларга көрүнүү, мактануу сыяктуу терс көрүнүштөр арбыды. Айрым мусулмандар өзүн башкалардан жөндөмү, байлыгы, бийлиги, ал тургай диний илими жагынан да жогору көрсөтүүгө аракет кылат. Муну кээде сөзү, кыймыл-аракети, айрым учурда ишараты менен билдирип калды.
Динде жасалма болууга, байлык же бийликке карата жасакерленүүгө орун жок! Азыркы учурда диндарлыктын чен-өлчөмүн да жасалма кылып алдык. Кээ бирибиз сакал койдук; диндар чөйрөгө кириш үчүн. Жакшылык кылдык, элге таанылып, соодабыз же бизнесибиз алдыга жылыш үчүн. Айрым айымдарыбыз жоолук (хижаб) салынды; ыймандуу адамга жар болуу үчүн же модадан калбоо үчүн!
Санариптик доорго шылтоо кылып, дин тууралуу насаат айтып таанымал болууну көздөгөндөр көбөйдү. Жактырууларды (like-лайк) басып, катталуучуларды көбөйтүп, напсисин семирткен диндар атактуулар көбөйдү! Атүгүл дүйнөлүк айдыңда өз максатына жетиш үчүн Алланы жана пайгамбарды кошуп сүйлөп, элди алдаган, динге жамынган “баатырлар” көбөйдү!
Албетте, эч кимдин жүрөк түпкүрүндө жашырынып жаткан максатын биле албайбыз. Жогоруда айтылган сын бардык мусулмандарды камтыбаса да кээ бир мусулмандарды өз ичине алаары шексиз. Ошондуктан дин Исламдын ыкластуулукка чакырганын билүү үчүн кээ бир хадистерди чогуу карап көрөлү:
Сахаба Жарир бин Абдулла мындай деген: “Мадинага хижрат кылуудан мурун Акабада Пайгамбарга барып: “Эй, Алланын Элчиси! Сага Исламдын негизинде байъат кылууга (ант берүүгө) келдим»”, - дедим. Ал менин колумду мээрим менен кармап; “ар бир мусулманга карата чынчыл болууга, эч кимди алдабоого жана эч бир момунга карата жүрөгүмдө кек сактообого, ачууланбоого жана жек көрбөөгө менден убада алды”. (Насаи, Биаъат, 16)
Абу Умамадан келген дагы бир риваятка ылайык, Пайгамбарыбыз (сав) кудсий хадисте мындай деп билдирген: “Алла Таала мындай дейт: Пендемдин Мага ибадат кылуу менен көрсөткөн эң сүйүктүү иши, Мага карата ыкластуу жана ак ниет (калыс) болуусу”. (Ибн Ханбал, V/254)
Абу Хурайранын риваятында Пайгамбарыбыз (сав) мындай деген: «Эң жакшы киреше бул - эч бир адамды алдабастан, ыкластуулукту жана чынчылдыкты колдон чыгарбай, өз маңдай тери менен тапкан кирешеси». (Ибн Ханбал, II/334, 357)
Басранын акими Убайдуллах бин Зияд сахаба Маъкил бин Ясардын ооруп жаткан кезинде ал-акыбалын сурап барат. Ошондо Маъкил ага Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын мындай сөзүн эскертет: “Алла бир пендесин бир коомго башчы кылып дайындаса, ал эми ал башчы өз элин алдап (кыянаттык кылып) жүрүп дүйнөдөн өтсө, Алла ага Бейишти арам кылат.” (Муслим, Имара, 21)
Мусулман адам сөзүндө да, ишинде да чынчыл, ыкластуу жана ак ниеттүү болгондо гана башка адамдарга үлгү болалат. Эгер тескериси болсо бир гана ошол мусулманга эмес, Ислам динине да акарат сөздөрдүн пайда болушуна себепчи болушу мүмкүн. Пайгамбарыбыз (сав) сабатсыз, адашкан коомду өз ыкластуулугу жана чынчылдыгы менен үлгү болуп, Ислам динине тарткан. Керек болсо душмандары да Пайгамбардын чынчылдыгын, ыкластуулугун четке кага алган эмес.
Анда эмне үчүн Пайгамбардын жашоосун эрчип сүннөт кийим кийген, сүннөт деп сакал койгон, хижаб кийген коомдо алдамчылык, көз бойомочулук, жасалма болуп кубулуу, мактануу, текебер болуу күч алган? Демек, маселе бизде! Биз динди туура түшүнбөйбүз же биздин диний түшүнүгүбүз беш убак намаз, орозо, ажылык жана умра менен гана чектелип калган. Адамдар менен болгон мамиледе динден үйрөнгөн чынчылдыгыбыз, ыкластуулугубуз жана ак ниетибиз жок болсо, анда биздин мусулманчылыгыбызда кемчиликтер арбын дегендик!
Биз чынчылдык, ыкластуулук жана ак ниет менен ийгиликке жете алабыз. Өзгөчө ибадат кылганда, башкаларга жакшылык жана жакшы мамиле кылганда бир гана Теңир Тааланын ыраазылыгын көздөп иш кылуубуз бизди чыныгы мусулман кылат. Теңирден тескери иш жасап, адамдарга жагынуу, көрүнүү, мактануу жана текеберленүү кайра эле адамга зыян алып келерин унутпайлы!
Ошондуктан кичипейилдиктен жазбай, ыкластуу жана чынчыл болууга умтулалы. Улуулардын, дин адамдарынын, агартуучулардын бул жаатта эскертип койгонун туура кабыл алып, өзүбүздү улам оңдоп турууга үйрөнөлү. Эң негизгиси – Ислам динин адеп-ахлакка: күнүмдүк турмушта адамдар менен болгон мамиледе чынчылдыкка, ыкластуулукка жана кичипейилдикке чакырарын эстен чыгарбайлы.
Элдияр Жалилов, Теология илимдеринин PhD доктору
2026, Бишкек
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR