Маек: Өтөлгөлүү өмүр сүргөн Абдыкерим Муратов

  • 25.05.2026
  • 0

Абдыкерим Муратовдун балалык чагы Ноокат районунун Шаңкол айылындагы Көк-Дөбө жайлоосунда өткөн. Окумуштууну чоң энеси Акчолпон эне табиятты сүйүүгө, коргоого, аяр мамиле кылууга, эмгекке үйрөткөн...  

Педагогика илимдеринин доктору, профессор, жазуучу, илим менен көркөм чыгармачылыкты чогуу алып жүргөн ардактуу замандашыбыз менен балалыгы, педагогикалык, чыгармачылык эмгек жолу, илимдеги орду, азыркы өткөөл доордун адабияты, улуттук маданият тууралуу маек.

– Агай, чыгарманын кайсы түрү болбосун адамдын рухий дүйнөсүнө таасирдүүлүгү күчтүү болсо, анда автор максатына жетти дейт эмеспизби. Көркөм чыгарма жаратуунун негизги максаттарына токтолсоңуз.

– Негизи кандай гана көркөм чыгарма болбосун, аңгеме болобу, роман болобу, негизги нерсе – адамдарга рухий канааттануу жаратуу. Ар кандай чыгармалар болот, кээ бирлерде ошол адамдын рухий дүйнөсүнө таасирдүүлүгү абдан күчтүү болот. Кээ бир чыгармалар бир окулуп эле бүтүп калган. Атүгүл классикалык адабияттарда деле ошондой. Ошону окурман кандай кабыл алууда. Мисалы, Толстойдун “Анна Каренинасын” бирөө жакшы кабыл алат. Дагы бирөө кабыл албайт. Ошондуктан мүмкүн болушунча өзүңдөгү рухий бир азыкты, казынаны алып чыгышың керек. Ал үчүн жазуучуга эмне керек? Турмуш керек. Мен мисал үчүн канча аңгеме жазсам ошонун баарын турмуштан, өзүм көрүп-билген нерселерден жазам. Мисалы, бир жолу чай үстүндө олтуруп бирөөлөр айтып калды, жакында жеңеме барып келдик. Жеңем абышкасынан айрылып кыйналып турса керек деп, анан ойлоп көрсөм ушул жеңем кыйналбаса деле керек деп дагы ойлондум. Себеби өмүр бою ошол күйөөсүнүн азабын тартты дейт.

Мас болуп алып уруп, турмуштан жолу болбой калган аял эле. Күйөөсү ичип жүрүп бир баласын майып да кылып койгон дейт. Көз көргөзгөнү барсам, кошогун кошуп ыйлап, мас күйөөсүн айга-күнгө теңеп кошок кошту деп жатпайбы. Ушул окуя менин мээме так уюп калды. Анан “Жесир калган жеңемдин кошогу” деген аңгеме жаздым. Ушул аңгеме жакшы кабыл алынып, бир топ тилдерге которулду. Мында негизинен аялдын трагедиясы турат. Экинчиден, ошол аялдын күйөөгө болгон сый-урматы. Үчүнчүдөн, кыргыздын салты. Кошок кошуу, батага келгендерди кошок менен тосуп алуу. Кошоктун өзү тарбия. Биз кыргыздар бешик ыры менен көз ачып, кошок менен узайбыз. Ошону көрсөткөнгө аракет кылдым.

Менин аңгемелеримде өзүмдүн туулуп өскөн жеримдин адамдары бар. Кээ бирлери аны окуп жатып таанышы мүмкүн. Жунай Мавлянов деген белгилүү жазуучу Аксынын Кош-Дөбө деген айылын жазды, Айтматов болсо Шекерин жазды. Ким туулган жерин жакшы жазса, туулган жерин дүйнөгө таанытса, ал ошол жерден руханий адамдарды табат. Айтматов, Шекер менин казынам деп жатпайбы, анын сыңарындай Ноокатым менин казынам.

– Жазуучулук башатыңызда айылыңыз, айылдагы адамдар күлазык болгон тура

– Көбүнчө балалыктагы көрүп билгендер, атам, чоң энем, апам, туугандар. Атам менен энем тамекиде иштечү да. Тамекинин түйшүгү өтө оор. Иним экөөбүздү Көк-Дөбө деген жер бар эле, ошол жерге чыгарып койчу. Анан ошол жерге туман да түшчү. Булактан суу алып келчүбүз. Отун алчубуз. Жазуучу деген табиятка жакын болуш керек. Мен жазуучулукту ошол жерде үйрөндүм. Мен азыр да бир нерсени сүрөттөгөндө ошол Көк-Дөбөнү элестетип кетем. Булут келип эле биздин булактан суу ичип кетчү. Энем “туманга жакын барбагыла, адаштырып кетет” - дечү. Биз ишенип тарбия алдык. Көк-Дөбөнүн башына чыкканда алыстан чырактар көрүнчү. Оштун чырактары экен. Ошол чырактар кол жеткис нерседей сезилчү.

Дилимди уюткан дагы бир нерсе – айылдагыларга “Манас” эпосун окуп берчүмүн. “Келкелди” окуп бергеним эсимде. Ал кийин чыкты да. Анда студент элем. Каникул учурунда келгенимде айыл аксакалдарына окуп берчүмүн, алар кадимкидей күтүшчү. Каерге келгенимди унутуп калчумун, аксакалдар, ата-энем унутпай айтышчу, ошол жерден баштап окуп кетчүмүн. Бир күн тынбай окучумун. Бул дагы көркөм сөзгө болгон ышкымды ойготту. Азыр да ата-энелерге балдарына китеп окуп бер деш керек. Кээде окурман барбы деп ойлонуп кетем. Мектепте адабият мугалиминин бир милдети – окурманды тарбиялоо, чыныгы окурманды.

Баса, дагы бир нерсе, балалыгым 60-жылдарда башталды. 5-6 класстарда окуганымда кокусунан колума бир китеп тийип калды. “Жаштык сапар” деген 64-жылы чыккан китеп экен. Ошол китепте көп жазуучулардын өмүр баяндары бар. Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Кеңеш Жусупов, ошолордун ичинде бирөө биздин айылдык экен. Мурзаш Аширбеков деген. Жакшы аңгемелерди жазчу. Ошолордун баарысынын өмүр баянында филологияны бүткөндөрүн окудум. Ошондо мен жазуучу болуу үчүн филологияны окуу керектигин түшүнүп, аракет кылдым. Бир жолу жолдо мектепке кызыл көйнөкчөн жигит келе жатыптыр. Көрсө, Мырзаш Ашырбеков экен. Оозго алынып калган жаш жигит. Ошондо мен жазуучу деген ушундай сыйлуу киши болот тура деп ойлодум. Жазуучу болуу керектиги тууралуу ой түнөк тапты. Анан жаза баштадым. Атамдын айтып бергени боюнча биздин уруудан Нур ажы деген акын болгон. Согушка кетип жатып, согуш майданына жеткенге чейин төгүп ырдап барыптыр. Анан көз тийип каза болгонун айтышкан. Абдан мыкты ырлары бар экен. Азыр биз чыгарып жатабыз.

– Адабий сын жазууга кантип кайрылып калдыңыз?

– Мен институтка жаңы келгенде Ноокаттагы айылдардын бириндеги мектептен келдим. 16 жашымда. Мен курдуулар бардык китептерди окуп коюптур. Мен атын укпаган авторлорду айтышат. Ошондо китепканадан чыккан жокмун. Колго тийгендин баарын окудум. Анан анализдеп, жаза баштадым. Алгач “Каак-каак каргалар” деген сын макалам чыкты, “Кыргызстан маданиятына”. Ал басылма элге кеңири сиңген эле. Ошондо мугалимдердин көзүнө көрүнө баштадым. Стипендия, жатакана беришти. Колхочунун баласымын. 10 бир тууганмын. Жашообуз жетиштүү эмес эле. Эң жакшы жери, гонорар алдым. Ошол биринчи макалама 100 сом гонорар берген. Ошондо чоң энемдин пенсиясы 12 сом болчу. Ошол күндөн баштап окуган китептерге пикир жаза баштадым. Карымшак Ташбаевдин “Тоо жана төө” деген чыгармасын сындап, мактап жаздым. Ошентип сын жазууну үйрөнүп кеттим.

– Агай азыр адабий агымдар ого эле көп. Бүгүнкү кыргыз адабияты адам дүйнөсүн чагылдырууда канчалык деңгээлде максатына жетүүдө?

– Бүгүнкү кыргыз адабиятына келсек “адам, адам турмушу” кандай чагылдырылып жатканы чоң маселе. Биз 80 жылдардын орто ченине чейин адабиятты аябай өнүктүрдүк да, ошол мезгилдеги кыргыз адабияты абдан чоң бийиктикке жеткен. Кыргыз адабиятынын жана Айтматовдун таасири менен. Ошол мезгилдеги балдардын баары адабиятка келсек, жазуучу болсок деп кыялдандык. Эми жаза баштаганда СССР ыдырап, китептер чыкпай, басмалар жоюлуп, китеп дүкөндөрү андан бетер жоюлуп, жазуучу болом деген муун ээси эңгиреп калды. Анын көбү базарга кетти. Жазымыш болушту. Муну жоголгон муун дейбиз.

Эгерде 90-жылга чейин акын-жазуучулар китептерин чыгарып, элге таанылып, окурмандар менен байланыш абдан жакшы болсо, кезек бизге келгенде биздин муундагылар таанылбай калды. Ошол кездегилерди окурмандар окуучу. Айтматовдун “Гүлсараты” 60 000 “Сынган кылыч” 70 000 нускада чыккан. Ошолор окулган. Андан соң китептер 1000ге жетпей калды. Азыр жазуучулар жазбай койду. Окурман окубай койду. Ортодон “тырмакчанын ичиндеги жазуучулар” чыкты. Аларды өкмөт таратпайт, өздөрү таратышат. Окурман да окубайт. Кыргыз адабияты ушундай туңгуюкка кабылды.

– Тарыхый мифтик чыгармаларды айкалаштырып жазып жатасыз, жаш муундар кандай кабыл алышууда?

– Тарыхый чыгармалар мурда жакшы окулган. “Көчмөндөр кагылышы”, “Сынган кылыч”, “Келкел”, “Кызы жалын” деген романдар колдон-колго өтүп окулчу. А азыр тарыхый романдар дагы көп окулбай калды. Баса, санжыра да аябай жакшы окулчу. Эмне үчүн? Санжыранын оң-терс жактары да бар. Ага таптакыр берилип кетсең, башка урууга карама-каршы болуп калышың да мүмкүн. Тарыхый чыгармаларда тарых биринчи орунда турушу керек. Эми мындан кийин тарыхый чыгармаларды жазгандар абдан кыйналат. Себеби ар тарыхчы ар башка жазып жатат.

Мен Ошто окуганыма ыраазы болом. Ак-Буура, Сулайман-Тоо өзгөчө касиеттүү жерлер да. Аксакал карыялар менен сүйлөшүп олтурганды жакшы көрчүмүн. Алар сонун нерселерди айтып берчү. Практикага чыкканда Алайдан Алымбек Датка жөнүндө, Курманжан атка жөнүндө окуяларды угуп, мээме сиңип калса керек. Кийин “Алымбек датка” деген роман жаздым. “Жылдыздар тараган түндөр” деген роман жаздым. Ошол романдарды жазып жатканда Алайдын бардык жери көз алдыма элестеп турду.

– Агай, поэзия да жазып жүрөсүз...

– Адабиятчылардын баары ыр жазышат. Ошол эле Акматалиев, Үкүбаева. Асаналиев да адегенде ыр жаза баштаган. Салижан Жигитов чоң акын. Кээде чарчайсың. Чарчаганда, мен эми көбүнчө илим жазамын. Ошондо чарчаганда көркөм чыгарма жазууга киришесиң, аңгеме. Андан да чарчаганда ыр жазасың. Анан эл ойлобосун чарчаганда жазган ырлар экен деп. Бул дагы ошондой илхам. Мисалы, ошол 4, 6, 2, саптар дегенди жазганда Ысык-Көл боюнда бир эле күндө жазганым. Анан Ысык-Көлгө бара албай калдым. Себеби кыргыздар кечирип койсун, ушунчалык Ысык-Көл көңүлүмдү суутуп коёт да. Ысык-Көл эмес, адамдар. Жанагы кумда жаткандарды көрсөм, түшүп жаткандарды көрсөм, кыргыз акындарынын атындагы кемеледи, алардагы жарнамаларын көрсөм, жалаң түнкү бийлерге чакырат, ичкиликтерге үндөйт. Ушулардан улам Көл онтоп жаткандай сезилет. Анан Көл жээгинен кетип калам. Капчыгайларга кетемин. Түргөн, Барскоон, Жоку деген карагайлардын арасына. Шар суулардын арасына кетип калам. Анан ошондой жерлерге чыгып алып, өзгөчө мен жакшы көргөн жери – Түргөндүн “Тихая речка” деген жери бар. Ошондой жерлерге туруп алып, ыр жазамын. Албетте, бул поэзия эмес. Ички дүйнөңдүн сыртка чыгышы.

Абдыкерим Муратовдун төрт саптарынан

Биз күндөрдү жеңе албай,
Күндөр бизди карытат.
Көз ирмемде бу денең,
Көрдү карай баратат.

 *     *     *

Ар бир күнүң азыркы,
Байланбаган азоо ат.
Майлуу бетиң, сулп этиң
Топуракка айланат.

 *     *     *

Өмүр-өлүм арасы,
Өтүшүндөй шамалдын.
Өтөр-кетер дүйнөгө
Өлүш үчүн жаралдың.

 *     *     *

Таңкы азандай тагдырың
Угулат да, угулбайт.
Таап, жыйган дүнүйөң
Бир тыйындай туюлбайт.

 *     *     *

Желпилдеп учуп жүрсөң да,
Жели чыгат бу бактың.
Тамырың жок, түбүң жок,
Жел учурган камгаксың.

 *     *     *

Сөз ичинен сөздөрдү тандабаган,
Ой ичинен ойлорду ылгабаган,
Өлгөн күндөр экен деп эсептеймин,
Өмүрүмдүн кездерин ыр жазбаган.

 *     *     *

Булбул-куш сайрабаса – багың жалгыз,
Балдарың баш бакпаса – тамың жалгыз.
Батага бата кошуп байытпасаң,
Башыңда балээ турат – тагың жалгыз.  

– Кыргыз коомунун руханий жаңылануусунда этнопедагогиканын ролуна токтолуп кетсеңиз...

– Бурят, жакут, казак, чубаштарда бул илим абдан өнүгүп кетиптир. Өздөрүнүн улуттук салттарын жакшы изилдешиптир. Мисалы жапондор, немистер бул илимди өнүктүрө албай жатышат. Өнүктүрөйүн дейт, бирок жок. Теги жок болуп калган. Бизде материалдар бар. Биз ошондой баалуулуктар менен чоңойдук. Мисалы, Айтматов “шыкама түн” боюнча айтып жатпайбы? Азыркы балдар “шыкама түн” эмне экенин билишпейт да. Биз деле жакшы билбей калдык. Көч кетип бара жатып ашуунун түбүнө барганда ашуунун ээсине аябай жалынышат экен. Бул табият менен адамдын байланышын түзгөн жакшы нерсе да. Ошондой салттар аркылуу кыргыздар балдарына таасир этип, тарбия берип жатышат. Мына ушуларды элге жеткирүү үчүн “этнопедагогика” деген окуу китебин жаздык. Ар бир предметке элдик педагогикалык салттарды киргизүү керек. Мисалы, астрономдор кыргыздардын жылдыздар туралуу түшүнүктөрүн. Мен бул илимге кыргыздын өткөн доорун азыркы муунга жеткирүү үчүн келдим. Бул кийин 100 жылдан кийин да, биздин улут үчүн сыймык да, пайда да болот.

– Агай илимий мектебиңиз кандай иштеп жатат? Шакирттериңиз үмүтүңүздү актап жатышабы?

– Илимий мектеп дегенде мен учурда илимдин 5 докторун, 18 кандидатын даярдадым. Булардын көпчүлүгү кыргыз адабиятын окутуунун методикасы жана этнопедагогика боюнча илим жакташты. Илим деген өзү кызык процессти баштан өткөрөт. Илим, илим үчүн эле болуп калды. Диплом үчүн. Мен бул жерде шакирттерим жөнүндө айтпай элемин. Жалпы бизде ошондой болуп жатат. Мисалы, бирөө “А.Осмоновдун чыгармаларын окутуу” боюнча жазат. Ошол мектепке мугалимдерге абдан керек. Журналдарга чыгарган боюнча эле калып калууда. Бул маалыматты жеткирүүнүн жолдорун табышыбыз керек. Биздин агартуучулар ошол корголгон эмгектердеги идеяларды мугалимдерге жеткирүү жолун табуулары шарт. Азыр кандитаттык, доктордук иш жасаган кишилер Скопус, Ринц даражасындагы макала чыгарашы керек. Бул кыргыз илимин тушап койгондой. Мисалы “Алыкул Осмоновдун Жеңишбей поэмасын мектептерде окутуу” деген тема койсок, ал эл аралык журналдар үчүн маанилүү эмес, аны баспайт. Ошондуктан кыргыздар өзүбүз Скорустан сырткары кыргыздын журналдарын чыгарып, ошого карап баалашыбыз керек. Бюрократиялык тоскоолдуктардан улам илимден кетип, илим өнүкпөй жатат. Чоң илимдерди жасаган чоң илимпоздор 10 миңден 1 адам чыгат. Андайлар тилекке каршы, жок болууда. Азыр менин шакирттерим өз шакирттерин чыгара башташты. Демек, неберелерим чыга башташты. Билим берүү системасы чоң реформаларга муктаж. Мисалы, Алайда же Ак-Талаада олтурган мугалими эмнеге муктаж, ошолордун колуна эмне беришибиз керек? Ал мугалим окуучуга эмне бериши керек дегенде, алар сырттан ЮСАИДдин семинарларына катышышат. Үйрөнгөндөрүн биздин балдарга беришет. Ал  биздин балага жугабы, жукпайбы?..

Саякбай Каралаев эмнеге манасчы болду? Чоң энеси жуктурду. Айтматов эмне үчүн жазуучу болду? Аны Айымкан чоң энеси даярдады. Айымкан чоң энесинин колунда дүйнөлүк методисттер Ушинский менен Песталоцинин классикалык педагогикасы жок болчу. Илгери оратордук искусство эмне экенин билбеген эле кемпир-чалдар балдарына үйрөткөн. Мына ошолордон Карасаев, Айтматов, Жээнбай Мукамбаевдер чыгышкан.

– Агай учурда адамдар деградацияга кептелгендей сеземин. Бул абалдан кантип чыгабыз?

– Мына дүйнөнү көрүп жатабыз. Согушту ушунчалык жактагандар, согушка катышкандар аябай көбөйүп кетти, бул бир жагы. Экинчи жагы, адамдар дүйнө артынан түшүп, акча жыйнап, байлык жыйнап, өздөрүнүн руханий, маданий жагын ойлобой калды. Экинчи жагына карасаң мына ошондой абалдан чыгаруунун жолун издеп жаткан гуманисттер, саясатчылар, жазуучулар, сүрөтчүлөр аракет кылып жаткансыйт. Ошондой күрөш болуп жатканда жанагындай деградацияга кириптер кылган бир көрүнүштөр менен ошондон алып чыга турган көрүнүштөр тең тайлашып жаткансыйт. Анан адамзат тарыхы, келечеги мына ушул эки катмардын күрөшүндө. Кимиси жеңишке жетет, мына ошого байланыштуу. Бирок бул байыртан эле болуп келген. Байыркы доордо, Байыркы Римде, Байыркы Грецияда. Азыр деле уланып жатат. Кийин да улана берет.

– Руханий маданиятты кантип калыптандырабыз?

– Руханий маданиятты калыптандыруунун эң негизги нерсеси – биздин кыргыздар үчүн бешик ырынан тартып баланын ички дилине маданияттын руханий көрөңгөлөрүн киргизишибиз керек. Анан жалаң эле тыюу менен гана балдарды тарбиялабастан, көрсөтүү жолу менен тарбиялаш керек. Эң негизгиси, балдарга үлгү керек. Айылдарда мурда карабайсыңбы, баланчанын баласын, түкүнчөнүн кызын, ошондой болбойсуңарбы дешчү. Ошол үлгү, өрнөк көрсөтүү болуптур. Азыр ошондой үлгү, өрнөк боло турган адамдар айылда барбы дейбиз. Же бардыгы эле баягы сокур дүйнөнүн артынан түшүп, өздөрүн-өздөрү жоготуп койдубу. Кайсы элде, кайсы айылда таза адамдар көп болсо, үлгү ала турган адамдар көп болсо, ошол айылдын келечеги, руханий маданияты чоң болот. Биздин рухий лидерлерибиз, ошол эле Чыңгыз Айтматов, ошол эле Кеңеш Жусупов, Кусейин Карасаев рухий маданиятты калыптандыруунун жол-жоболорун иштеп чыккан. Анын ичинде педагогдор дагы. Буга элдик педагогиканы кошуу керек. Дүйнөлүк педагогика менен элдик педагогиканы синтездеп, балдардын жүрөгүнө сиңирүү керек.

– Агай, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдеп, Айтматовдун чыгармаларындагы элдик педагогикалык ойлор деген темада докторлук диссертация жазгансыз. Айтматовдун кайсы ою жүрөгүңүзгө кыттай уюп калды?

– Чыңгыз Айтматов бул жөнөкөй эле жазуучу эмес. Кандайдыр бир башка дүйнө менен, башка бир күчтөр менен сүйлөшкөн, ошолордун бир сигналдарын алган кишиби дейм да. Болбосо жанагы “маңкуртту” кайдан табат, “Ак кемедеги” Момун чалдын педагогикасы жөнүндө жазып чыкты. Момун чалдын педагогикасы кыргыз маданиятынын бийик чоң эталону. Айтматовдун сулуулукту түшүнгөнүн караңыз, дал ошол Момун чал баланын жүрөгүнө жакшылыктын үрөнүн сээп туруп, кийин өзү ошону бузуп жатпайбы?! Жанагы бугуларды аткан Момун чал. Ошону эч ким таппайт. Мисалы, башка жазуучу болсо, Момун чалды анттирмек эмес. Аны оң образ кылып келе жатабы, аягына чейин оң образ кылып бүтүрмөк. Айтматовдун улуулугу, гениалдуулугу ошондо болуп жатат. Ал эң жакшы адамды баланын жүрөгүнө кол салдырып жатат.

– Агай Айтматов изилдөөчүлөрдүн кээ бирлери Айтматовдун чыгармаларынын айрымдарынын аталыштары редакторлору тарабынан туура эмес өзгөртүлгөнүн айтып калышат. Мисалы “Ак кемесин” “Жомоктон кийин”, “Жамийланы” “Обон” деп атоо керек деген пикирлерин айтып келишет.

– Айтматов абдан трагедиялуу инсан. Айтматовдун трагедиясын биз жазышыбыз керек. Анын трагедиясы бир эле Ал атасына байланыштуу эмес. Анын кийинки өмүрүнүн акыркы жылдарындагы чоң трагедиялары да бар. Ошол эле элчи болуп жүргөндөгү трагедиясы. Мына ошондой трагедиялардын бири – өз каалоосуна койбой, китептеринин, кинолорунун аттарын өзгөртүп койгондугу. “Обон” кандай сонун. Бүт повестин өзөгү ошол обонго байланышкан. Анан аны европалыктар кандай кабыл алат деп “Жамийла” деп койду. Кинолору “Обон” деген ат менен жашабай калды. Бул Айтматовдун трагедияларынын бири. Дагы бири “Жомоктон кийин”. Жанагы “Ак кеменин” өзөгү, кыр аркасы ошол жомокко байланышкан. Эгер жомок жок болсо, “Ак кеме” жок. Көп чыгармалары мына ушундай болду. “Биринчи мугалимди” өзү “Ала-Тоо” журналына жазганда “Биринчи мугалим жөнүндө баллада” деп жазган. “Сары өзөк” жөнүндөгүсүн “Бороондуу бекет” деп коюшту, кинолорун дагы. Автордун өзү койгон ат менен кетсе жакшы болмок. Эгерде кийинки коюлган аттар абдан ийгиликтүү болсо бир жөн эле. Андай болбой калды.

– Массалык маданият, адабият менен эриш-аркак жашап жатабыз. Өзөгүбүздү, уңгубузду балдарыбызга кантип туура жеткиребиз?

– Массалык маданият биз каалайбызбы, каалабайбызбы, ар кандай жак менен кирип келген нерсе. Батыштан, Чыгыштан бардык жактан келет. Өзүбүздүн ичибизден чыгып жатат, массалык маданияттын көрүнүштөрү. Ошого каршы боло албай жатабыз. Мисалы, жанагы “эстрада, рок музыка, балет” дейбиз. Опера дейбиз, мына ушулар кыргыздарга сиңбей жатат. Бирок ошол опера-балеттерди элге сиңдиришибиз керек. Ал үчүн адамдардын эстетикалык табитин тарбиялашыбыз керек. Ошондуктан аларды өнүктүрүү үчүн жанагы өтө эле биздин улуттук аң-сезимге сиңбей турган нерселерден өтө этият болуу керек. Өткөн кылымдын 80-жылдарында телевидение зыяндарын айттык эле. Азыр эми балдарыбыз телевизор да көрбөй калышты. Интернет көрүшөт. Интернет, ютубдарда массалык маданияттын анык талкалоочу көрүнүштөрү ошолордо жатат. Балдарыбыз кашайып ошолордун ичинен жакшы нерселерди таппай, жаман нерселерди таап алып жатпайбы? Бала бул “мага керек, муну көрбөшүм керек” деп өзү ойлонушу зарыл. Бала эле эмес, биз өзүбүз дагы ошондой нерселерди көрүп жатпайбызбы?! Мына кийинки мезгилдерде Сүймөнкул, Жамийла жөнүндө мюзиклдер чыгып жатпайбы. Эми ошону эл кандай кабыл алып жатат? Элдин кабыл алуусуна караш керекпи же элди өзүнө тартып кетиши керекпи. Ал пайдалуубу же пайдалуу эмеспи? Албетте, ар кандай жанр керек. Дүйнөлүк маданиятта өз орду бар жанрлар. Бирок аларды кабыл алууга адамдарды даярдашыбыз керек. Мисалы, болжолдуу айтып көрсөң, азыр бир класста 30 окуучу болсо, ошол 30 окуучунун 30у-25и массалык каражаттардын туундуларын көрөт. 5-10 пайызы гана классиканы көрөт. Бул абдан чоң проблема. Көркөм адабиятта да ошондой. Мына азыр мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн сурап көрөлү; 50-60 пайызы Европага кетемин дейт. Эң эле болбой калды дегенде Орусияга кетем дешет. Биз эмне аларды Орусияга жумушчу күчү кылып жөнөтүү үчүн окутуп жатабызбы! Мектепте мугалимдер аларды ошол жактарга тарбиялап жатабы? Мен аларды айыптабайм, алар жакшы жашоо издеп кетип жатышат. Бирок ошол балдардын ичине “ата мекен үчүн кызмат кылышым керек” деген сезимди канчалык сиңире алдык?!..

– Бул билим берүү системабыздын чабалдыгынан го...

Мугалим диктатор болуп калган. Биздин салттуу сабактарыбыз “мугалим кирет, эмне тапшырма бердим, ким жооп берет” дейт дагы, жооп бергендерге баа коюп, жооп бербегендерге кийинки сабакта сураймын дейт дагы, өзү айта тургандарын айтып, балдар куурчак болуп калган. Биздин мектептер дээрлик 90 пайызы педагогикалык окуу жайында окуп жаткан студенттер келсе, ошолорду үйрөтүшкө жарабайт. Педагогикалык окуу жайда окуган студенттер мектепте болуш керек. Мектепте жүрүш керек. Эртеден кечке. Тилекке каршы, педагогикалык практикалык сабактар жылдан-жылга азайып келатат. Илгери мен Ош пединстиутта окугамын. Ошондо республиканы кыдырчубуз да, Билим берүү министрлигинин тапшырмасы менен. Жакшы, жакшы мугалимдерди көрчүбүз. “Сиз кайдан бүткөнсүз?” дегенде, “Ош мамлекетик пединстиуттан” – дешчү. Эмнеге ушундай десем, практикалык сабактары өтө көп эле. Кийин методикалык сабактарды азайттык. Райондогу методист деген адистерди алып салдык. Ошондо мугалимдер методикалык жардамды өтө аз жактан алып калды. Ошонун кесепетинен жакшы мугалимдер өздөрүнүн дараметин көрсөтө алышпай калышты. Ошондуктан, дагы бир жолу айтамын, азыркы педагогикалык окуу жайга келген бала мектепке барышы керек, биринчи кезекте.

– Педагогикалык жолуңузда, мектептерди кыдыруу иш сапарларыңызда эстен кеткис окуялар же өкүнүп калган учурларыңыз болдубу?

– Мен изилдөө институтунда иштедим да. Бир жылда 5-6 жолу мектептерди кыдырып кетчүбүз. Ошондо көп жакшы сабактарга барчубуз. Мисалы, Ысык-Көлдүн Дархан деген айылында бир эжеке бар экен. Азимгүл деген эжеке. Ал француз тилинен сабак берчү. 17 жыл иштептир. Сабагына 17 жылдын ичинде 1 киши катышпаптыр. Биз менен чогуу барган эжеке бар эле, ал француз тилин билет экен. Ал абдан таңгалган. Мугалимдин окуучулары абдан жакшы окушат экен. Өмүрүн балдарга арнаптыр. Көзөмөл үчүн эмес, келечек балдар үчүн иштегени ачык. Кара-Кулжада Байымбетов агай, Орозали Сайдилканов агай, Алайда Бектурган Камчыбеков деген агай, Алайда Сыдык Хайдаров деген агай. Кара-Сууда Алтымыш Топчубаев деген агайлар бар. Ушулардын сабактарына кирдим. Бирок алардын тажрыйбаларын жазып, башкаларга тарата албай калдым. Биздин ошол өксүгүбүз бар экен. Ким жакшы сабак өтсө, ошонун тажрыйбасын жазып, баяндап жеткирүү керек тура. Мен 1-2 мугалимдин тажрыйбасын гана тараттым. Ноокатта Бүбүниса Бакирова дегендин, Сузактан Акунжанов дегендердин сабактарын баяндап жазып чыктым. Кут билим аркылуу элге тараттым. Мына ушундай нерселерди көп таратыш керек экен. Себеби, мугалим өз казанында кайнап, кандай иштеп жатканын билбей калат. Ошону билдирүү үчүн методикалык багыттагы адистер аны алып чыгышы керек. Салыштырып көрүшү керек. Шаталовдун, Амоношвилинин методу менен кандай байланышат? Мен ушуга өкүнөм, “Мугалимдердин тажрыйбалары” деп чоң-чоң китептер түрмөгүн жаздырып бериш керек эле.

– Кыргызда атактуу, белгилүү адамдарды нарк-насилдүү адам же нарк билген адам экен деп коёбуз, жалпылап. Чынында кандай адамдарды нарктуу дегенге болот?

– “Айылдын аябай нарктуу аксакалы” деп балдарына бата бердиртишип, күнүгө аш-тойго чакырышып, алдына уча тарткан аксакал чын эле нарктуубу деген суроо туулат. Балким анын ичинде кызганыч, көрө албастык деген тескери сезимдер уялап жатышы мүмкүн. Нарктуу болуунун өлчөмү жок. Жөнөкөй эле кишилер керектүү учурда абдан нарктуу болуп калышы мүмкүн. Нарктуулук адамдагы эң башкы сапат.

– Учурда кандай китептерди окуп жатасыз?

– Мен азыр көбүнчө өзүм жөнүндө, өмүр, өлүм жөнүндө ой толгоолорду, кары адамдар жөнүндө чыгармаларды окугум келет. Бирок улам окуу азаят экен. Ден соолук. Көбүнчө аудио китептерди угамын. Канааттанбайм, бирок кайталап окуганды жакшы көрөм. Мурза Гапаров, Төлөгөн Касымбеков, Аалы Токомбаевдин прозаларын, албетте, Айтматовду кайра-кайра кайталап окуймун. Айтымбетовдун чыгармалары куштарлантат.

– Жашоодо алдыга койгон максат-кыялдарыңыз бүт эле орундалгандай. Бакыттын даамын сезип жатасызбы?

– Бакытты жалпы сөз менен жооп берип койсо болот, балдарым, ишим деп. Бирок бакыт деген бул сен жетпеген, артынан кууп жүрө берген күлүк ат сыяктанат. Сен ошонун артынан түшүп алгансың. Ал күлүк ары карап кетип жатат. Ал деген тулпар, ага жетишиң мүмкүн эмес. Бирок ошого жетем деп, ошону кууп бара жаткандын өзү бакыт. Же канаттуу куш болсо ошого жетем дегендин өзү бакыт. Жок, мен ага жетпеймин деп куубай эле коёюн, суктанбай эле коёюн, десең сенин бакытың ошол күнү бүтөт. Анда бакыттын даамын сезбейсиң. Ошондуктан бакыт деген оптимизм. Кыргызча айтканда “үмүт үзбө, үмүт менен жашоо, үмүт менен кызмат кылуу”.

– Сизди тааныгандар адамгерчилигиңиздин бийиктигин, нарктуулугуңузду, даанышмандыгыңызды, өтө боорукерлигиңизди баса белгилешет. Адам өзүн өзү гана жакшы билет деп коюшат ко. Эл билбеген кандай мүнөздөрүңүз бар?..

– Мен кээде өзүмдү өзүм токтото албай калам. Кээде тамашаларым чектен чыгып кетет. Ошондон улам сын угам. Кээ бири түшүнөт, кээ бири түшүнбөйт. Эң жаман мүнөзүм – тартынчаакмын. Мисалы, телеге “ток шоуларга” көбү эле чакырат. Мен дароо эле айтам, көп кишинин ичинен талашып сүйлөй албаймын деп. Кээде такыр сүйлөбөйм. Тойлордо деле ошондой. Тартынчактыгым – тарбиямдан болсо керек. Мени энем тарбиялаган, энем 114кө чыгып каза болду. Ошол энем айтчу “тартынып жүр” деп. Ошол энемдин бир сиңдиси бар эле. “Ушу сен кандай адам болор экенсиң, аябай жалкоосуң дечү. Себеби, китеп окуп эле бакта жата берчүмүн. Анан институтту бүтүп келип мектепте иштеп калдым. Баягы тайежем мектепте жакшы иштеп жатат деп укса керек. “Эй, Кудайдын Кудурети, жалкоого да иш табылат экен да” деген эле. Ошол сыңары жалкоолугум бар.

– Агай, 70 жашта адам кандай сезимдерде жашайт экен?

– Айылга барсам тели-теңтуштарым, туугандарым, качан көчүп келесиң дешет. Мурда пенсияга чыкканда дечүмүн. Бирок көчүп баруу боюнча ойлор толук бышып жетиле элек. Бирок айылга барганымда жүрөгүң эзилип-эзилип кетет. Кеткиң келбейт. Сенин бир бөлүгүң айылда калгансыйт. Ата-энеңдин мүрзөсү, эл журт бар дегендей. 70 жаштан кийин адам иштен чарчайт. Мен деле чарчадым. Адам өмүрүнүн бир этабы бүтүп, башка этабы башталгансыйт. Менде ошондой сезимдер болуп жатат. Албетте, Кудай күч-кубат берсе, колдон келген нерселерди жасай беребиз.

Маектешкен Мээрим Сайдилкан

https://www.youtube.com/watch?v=UaLCNIClWSw&t=59s

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз