Тыйын чычкан жана бөрү
Тыйын чычкан бутактан бутакка секирип жүрүп, уктап жаткан бөрүнүн үстүнө кулап түшөт. Карышкыр ыргып тура калып, аны жемек болду. Тыйын чычкан анда:
– Мени коё берчи...– деп жалынат.
Карышкыр:
– Макул, сени бошотоюн. Бирок сен мага муну айтчы: эмнеге силер, тыйын чычкандар, ушунчалык шайырсыңар? Мен үчүн убакыт дайыма көңүлсүз... Силерди карасам, өйдө жакта ар убакта ойноп-күлүп, секиргениңер секирген...
Тыйын чычкан:
– Адегенде мени даракка коё берсең, ошондо себебин айтамын. Болбосо сенден корком...
Карышкыр аны коё берди эле, тыйын чычкан секирип бутакка чыкты да, мындай деди:
– Сен ачуулуу болгонуң үчүн, сага күн көрүү көңүлсүз. Ачуу – жүрөгүңдү күйгүзөт. А биздин шайыр-шатман жүргөнүбүздүн сыры – биз кең пейилбиз. Биздин эч кимге жамандыгыбыз жок...
Аңчы менен бөдөнө
Аңчы жайган торго бөдөнө түштү. Бөдөнө андан коё берүүсүн өтүнүп жалбарды.
– Сен, болгону мени бошотуп кой, сага кызмат кылайын. Мен башка бөдөнөлөрдү да торуңа арбап келем,– деди ал.
– Муну кара, бөдөнө, – дейт мергенчи. – Сени жөн эле коё бермек эмесмин, эми андан бетер. Өзүңкүлөрдү сатканың үчүн башыңды кайрып салайын.
Короочу менен ууру
Короого түнүчүндө ууру кирди. Ит анын шыбыртын сезип, үрө баштайт. Ууру ага нан ыргытат. Короочу нанга көңүл бурбай, ууруга жүткүнүп, анын бутуна асылат.
Ошондо ууру:
– Мени эмне каап жатасың? Мен сага нан бердим го, – дейт.
– Нан бергениңче мен сенин жакшы же жаман адам экениңди билген жокмун. Эми мени сатып алгың келгенин даана билдим. Ошон үчүн тиштеймин, ав, ав-в, ыр-рр...– деди короочу.
Карышкыр менен жаа
Мергенчи жаа-жебелерин алып, аңчылыккка чыкты. Адегенде Текени атып алды. Текени ийнине артып, жолго түштү. Жолдо баратып, каманды көрдү да, текени таштап, каманды да атып, жарадар кылды. Каман аңчыга жулунуп, мергенчини жара тартат да, бирок өзү аман калган жок.
Карышкыр кандын жытын искеп, теке менен каман, адам жана анын жаасы жаткан жерге жетип келет. Сүйүнүп кеткен Бөрү минтип ойлонду: “Менин курсагым эми көпкө дейре ток болот. Мен булардын баарын дароо сугунбайм. Бат эле түгөтүп албаш үчүн аз-аздан наар татам. Биринчи катуурагын мүлжүйүн, анан жумшагы менен таттуусун тиштейин”.
Бөрү теке менен каманды, анан кишини жыттап көрүп, минтип сүйлөндү: “Булардын эти баштан аяк жумшак экен. Муну кийин жейин да, баарынан мурда жаанын жибин чайнап жутайын”.
Ошентип, ал жаанын жибин кемиргенге кирди. Ал жаанын жибин тиштегенде жаа жазылып кетти да, анын бир учу бөрүнүн курсагына сайылды. Карышкыр ошол замат жан берди. Бөлөк бөрүлөр келип, адамды да, теке менен каманды да, карышкырдын өзүн да жеп кетишти.
Бөрү менен Ит
Илмийген Карышкыр кыштакты айланчыктап жүрүп, күлтүйгөн семиз итти жолуктурду. Бөрү ага суроо салды:
– Айтсаң, дөбөт, силер жемди кайдан аласыңар?
– Жемди бизге адамдар беришет, – деди Ит.
– Туура, силер кишилер үчүн оор жумушту аткарасыңар.
– Жок, биздин иш оор эмес, – деди дөбөт. – Биздин жумуш – болгону түнкүсүн короо кайтарыш.
– Силерди ошон үчүн эле ушинтип, семирте багышабы?– деп сурады Бөрү.– Анда азыр, мен да дароо силердин ишиңерге барсам окшойт. Антпесе бизге, бөрүлөргө жан багыш, жем табыш кыйын болуп калды.
– Эмне экен, бара гой, – деди Ит. – Кожоюн сени да бизге окшотуп багат.
Карышкыр кубанды да ит менен бирге адамдарга кызмат кылууну чечти. Ал короого кирип баратып, иттин териси сыйрылган мойнун көрө коюп:
– Дөбөт, мойнуң эмнеден сыйрылган? – деп сурады.
– Жөн эле...
– Ал эмнеси?
– Эчтеке эмес, бул каргыдан. Мен күнү бою чынжырга байланып турам. Ошол каргы өйкөп, мойнумдун жүнүн түшүрдү.
– Ээ... Анда кош бол, Дөбөт, – деди Карышкыр. – Эми адамдар менен жашагым келбей калды. Семирбесем да, ээн-эркин эле жүрөйүн.
Арстан, Эшек жана Түлкү
Арстан, Эшек жана Түлкү аң уулаганга чыгышты. Алар көптөгөн аң-жырткычтарды кармап алышты. Арстан аларды бөлүүнү Эшекке буйруду. Эшек табылгаларды теңме-тең кылып, үчкө бөлдү да:
– Кана эми, тиешеңерди ала бергиле! – деди.
Буга Арстан ачуулана түшүп, Эшекти жалмап салды. Аңды бөлүштүрүүнү эми Түлкүгө буюрду.
Түлкү олжону чоң дөбө кылып үйдү да, өзүнө аз гана бөлүгүн калтырды.
Арстан ага ыраазы болуп карап, минтет:
– Акылдуум ай! Олжону мындай калыс бөлгөндү сага ким үйрөттү?
Түлкү болсо:
– Эшек байкуштун тагдыры...– дептир.
Курбулар
Эки курбу токой аралап баратса, алдынан Аюу чыга калат. Бирөөсү качууга шашып, даракка жармашып жашынат. Экинчиси жолдо калат. Айла жоктугунан ал өлүмүш болуп, жерге жатып алат. Аюу анын жанына келип, жыттагылаганда ал демин чыгарбайт.
Аюу баланын бети-башын искегилеп, “өлгөн экен” деген ойдо ары кетет.
Аюу көрүнбөй калганда биринчи бала дарактан жылбышып түштөт да, күлүп:
– Ай, эмне болду? Аюу кулагыңа эмне деп шыбырады?– деп сурайт.
Экинчи бала:
– Коркунуч башка түшкөндө “жаман адамдар жолдошун таштап, качып кеткенге маш” деп айтты.
Түлкүнүн амалына айла жок
Карга үзүм эт таап алды да, даракка конду. Түлкүнүн эт жегиси келип, ага жакын барып:
– Эх Карга!.. Карап турсам, кооздугуң менен боюңа караганда, сен, падыша гана болушуң керек эле! Үнүңдү чыгарсаң, ачык айтайын, падышалык сага гана тиймек!
Муну уккан Карга оозун ачып, үнүнүн барынча каркылдап коё бергенде оозундагы эт жерге түштү.
Түлкү этти илип алды да, жылмаңдап:
– Эх Карга, сенде акыл да кошо болгондо чыныгы падыша болмоксуң, – деп жолго түштү.
Ууру айгай салганда
Мужук бадыраң уурдаганы талаага барды. Бадыраңга жөрмөлөп жетип, минтип кыялданды:
– Бадыраңды капка толтуруп алайын да, аны базарда пулдайын. Ал акчага тоок сатып алайын. Тоок жумуртка тууп, жумуртка басып, жайнаган жөжөлөрдү ачып чыгат. Балапандарды багып чоңойтуп, дагы базарга пулдап, торопой аламын. Ал жетилип, чочко болгондо торопойлорду тууп берет. Анан торопойлорду сатам да, акчасына бээ алам. Бээм кулун тууйт. Кулундарды жетилтем да, базарга сатып, үй алам, чарба өстүрөм. Чарбаны карап, бадыраң эгем. Жашылчаны уурдата койбойм. Бакчама сагызгандан да сак кароолчуларымды коёмун. Күзөтчүлөрдү жалдап, аларга бадыраңды корутам. А өзүм бакчанын чекесинен өтүп баратып:
– Эй кароолчулар! Бекем кайтаргыла! – деп буйрук берип, кыйкырам.
Мужук бөтөн бирөөнүн бадыраң талаасында жүргөнүн таптакыр эстен чыгарды да, терең ойго батып, үнүнүн барынча бакырды. Сакчылар анын кыйкырыгын угушту да, чыга калып, кармап алышып, мужукту ийлеп салышты.
Сый ордуна каар
Карышкырдын тамагына сөөк такалды. Ал сөөктү такыр чыгара албай кыйналды. Аргасыздан Турнаны чакырды да, ага минтти:
– Кана, Турнаке! Мойнуң узун эмеспи, башыңды алкымыма сунгун да, сөөктү сууруп чык. Ал үчүн сага сыйлык берейин!
Турна Бөрүнүн тамагына мойнун салып, тыгылган сөөктү сууруп алган соң, кызмат акысын сурады:
– Кел эми, убада кылган сыйлыгыңды бер!
Карышкыр тишин кычыратып, жаалданды да:
– Менин тишимдин арасында башың турганда аны жулуп албаганым, эмне, сага аз көрүнүп жатабы? – дептир.
Чөөгө алданган Пил
Чөөлөр токойдогу өлүмтүктүн баарын сугунушту. Алардын азыгына эчтеме калган жок. Чөөлөрдүн улуусу курсактарын кантип тойгузууну ойлонду. Ал пилге барып, мындай үн катты:
– Биздин падыша адисинен ашып, көөп кетти. Колубуздан келбеген жумуштарды аткарууну бизге буйруп жатат. Ошон үчүн биз падышалыкка башка бирөөнү шайлоону чечтик. Биздин эл сенин падыша болуп берүүңдү суранып, мени сага жиберди. Бизде жашоо жакшы, эмне буйрусаң, баарын аткарабыз да, сени урматтайбыз. Жүр, биздин ордого.
Пил макул болуп, чөөнү ээрчиди. Чөө аны сазга алып келди. Пил сазга батып калганда чөө:
– Эми буйрук айт. Эмне десең, ошону аткарабыз, – дейт.
Пил:
– Мени бул жерден сууруп чыгууга буйрук кыламын!–
Чөө жылмаңдап, мындай дейт:
– Узун мурдуң менен менин куйругумду карма, азыр тартып чыгарам.
Пил:
– Куйрук менен мени саздан сууруп чыкканга болор бекен? – деп сүйлөнөт.
Анда чөө:
– Анда эмне, аткарууга мүмкүн эмес ишти орундоого буйрук бересиң? Биз сага чейинки падышаны да мүмкүн болбогон ишке буйруганы үчүн кууп ийгенбиз.
Пил сазга чөгүп өлгөндө чөөлөр келишти да аны жеп салышты.
Мужук казды кантип бөлүштүрдү?
Жарды мужуктун наны түгөндү. Ошондуктан ал баринден нан суроону ойлонду. Баринге куру кол барбоо үчүн кармап алган казын куурдак кылып бышырып, көтөрүп жөнөдү.
Барин казды кабыл алды да, мужукка:
– Берген казың үчүн сага ыракмат, мужук! Бирок казыңдын этин кантип бөлүштүрүүнү билбей атам. Менин аялым менен эки уулум жана эки кызым бар. Бири бирибизди таарынтпаш үчүн казды кантип бөлүп алабыз?– деп собол таштайт.
Мужук:
– Мен бөлүштүрөм, – дейт.
Ал колуна бычак алат да, каздын башын кесет. Аны баринге суна берип:
– Сен үйдөгүлөрдүн башчысы болгонуңдан кийин сага баш тиет, – дейт.
Анан каздын куйругун кесип алып, аны бариндин аялына карматат:
– Сенин үйдө олтурушуң парз. Үйдү карашың керек, сага – куйрук, жамбаш ушул эт.
Каздын эки бутун бариндин эки уулуна карматып:
– Силерге бут тиет, себеби, атаңардын жолун жолдоого бут керек, – дейт.
Бариндин кыздарына болсо, канаттарды берет да:
– Силер, жакын арада ушул үйдөн канат кагып, башка жакка учуп чыгасыңар. Мына бу канаттар силерге! – деп баарын бирдей бөлүштүрөт.
– Калган этти өзүм аламын, – деп бүкүлү казды өзүнө ыйгарат.
Барин жылмаят да, нан менен акча берип, мужукту узатат.
Бай мужук, бариндин жармач кишини каз үчүн нан жана акча берип сыйлаганын угат да, беш казды бышырып алып, баринге алып барат.
Барин ага:
– Каздарың үчүн ыракмат. Менин аялым, эки уулум, эки кызым бар. Баарыбыз алты жанбыз. Сенин каздарыңды кантип баарыбыз тепетең кылып, бөлүп алсак болот? – деп сурайт.
Бай мужук ойго батат да, бирок туура акыл таба албай кыйналат.
Барин киши жиберип, жармач мужукту алдыртат. Ага казды бөлүүнү табыштайт.
Жакыр мужук каздын бирөөсүн алып, аны барин менен аялына карматат да:
– Каз менен силер үчөө болдуңар! – дейт.
Экинчи казды бариндин эки уулуна жылдырып:
– Силер да үчөөсүңөр! – дейт. Эки кызга да жалкы казды карматып: – Силер да үчөө болдуңар! – деп кайталайт.
Өзүнө эки казды калтырат да:
– Мына биз да үчөө болдук. Баары тепетең! – деген экен.
Жармач кишинин казды бөлүштүргөнүнө ыраазы болгон барин күлдү да, ага акча менен нан берди. Бай мужукту кууп ийди.
Которгон Ырысбай АБДЫРАИМОВ
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR