Жолдошбек Зарлыкбековдун төрт сап ырлары

  • 15.06.2026
  • 0

Жоргодон туулган жоргокту айт,
Баатырдан туулган коркокту айт.
Устадан туулган чоркокту айт,
Сындуудан туулган сөлпөктү айт.
 *       *       *
Бир пендеде эки дүйнө – эки асман:
Бири – дүйнө, бизди айыпсыз жараткан.
Бири – дүйнө күлкү менен жарааттан,
Жанды тиштеп биздер куруп бараткан.
 *       *       *
Жакшы китеп окугула,
Кыз сулуусун өпкүлө.
Жаш кезде чок чокугула,
Көпкөнүңчө көпкүлө.
 *       *       *
Даңк азгырып өпкөңдү алып мобул жол,
Багалегиң үзүп бийлик канчыгы.
Сен – бийиктик сага жетүү кандай оор,
Намыс, абийир, эрк чыйыры аркылуу.
 *       *       *
Жакшына сөздөр жыйып кел,
Тоюма турам чакырып:
Энемдин аты – Үмүткөр,
Атамдын аты – Жакшылык.
 *       *       *
"Турсам-өлдүң" деген сорттун биримин,
Мендей коркок болгон жоктур биз жактан.
Кармаштарда калбасын деп билинип,
"Коркок!" деген сөздөн коркуп мушташкам.
 *       *       *
Жакшыбы, жаман өлгөндө,
Жабыла кыргыз барабыз.
Ыйлаган жанды көргөндө,
Күлгөндү тыйсаң адал иш.
 *       *       *
Бир алы келбес күндүккө,
Бир кою жок жалаң төш.
Бөлүнсөң түштүк-түндүккө,
"Кыргызмын" дешиң арам сөз.
 *       *       *
Соргондор кирин тишинин,
Ачкадан азып бири өлбөйт.
Эшегин берген кишинин
Эсеби эч бир түгөнбөйт.
 *       *       *
"Аз өмүрдө аппак жашоо керек" деп,
Асман-көктү айтасың да кеңкелес.
Падышаң да митаам, талоон заманда
Абийир деген анча дурус нерсе эмес.
 *       *       *
Калайманды салам десең,
Көтөргөнүң үйүн үч.
Чын кошомат кылам десең,
Бутун жуу да, кирин ич!
* * *
Аз болор дейм жан боорумдай Соң-Көлүм,
Ысык-Көлгө кошуп берсем. Анткени,
Хафиз сенин жүзүңдөгү мең үчүн,
Самарканга кошуп берген Ташкенин.
* * *
Каргалар учат топ-топ, салп-салп этип,
Жүрөгүм каккан сайын ирмем өчүп.
Жаш чакта кең ааламга мен кетчү элем,
Баратат эми менден аалам көчүп.
* * *
Башымда бактым, колумда күмүш кашыгым,
Тилегим таза, жок сага кылдай жасыгым.
Үзөңгүм түшөт, шаабайым сууйт, шак сынат,
Үйүңө барсам, үрпөйүп турса катының.
* * *
Май чубурган байлыктын жолу тайгак,
Ошол жолдон өткөндөр жылаңайлак,
"Укса урат", - деп казына кайтаргандар,
Кепич кийип басышат кудайайлап.
* * *
Сен кубансаң, кудай акы, ич күйөт,
Мен кубансам, муз жалап,
Экөөбүздө көрө албастык үшкүрөт.
Ал үшкүрүк муздабайт.
 *       *       *
Көчөдө иттер кабышып атса,
Иттердин иттик кылыгы.
Тирүүлөй башын жутушуп атса,
Адамдын айбанчылыгы.
 *       *       *
Эби менен, эпсиз да күлө берсең,
Эссиздер да эбиңди билип алат.
Кайда айдаса жорголоп жүрө берсең,
Эшек мүнөз немелер минип алат.
 *       *       *
Ашып кетсем кенен-чонон арыштай,
Шашып-бушуп бара жаткан чолоктон.
Эмнегедир сезем чексиз карыздай,
Менде окшоп бактысы ал бир кез жоготкон.
 *       *       *
Боз уландар убап-чубап келишкен,
Шакар шаарга күйүп турган күзүндө.
Кантсе дагы болушунча картайдык,
Болбогон бир үч он жылдык ичинде.
 *       *       *
Акындын ак айтканын айып алба,
Пейлиң кең, дасмалыңда ашың арбын.
Жоосу бар, эр жигиттин башы барда,
Тоосу бар, томуктай бир ташы бардын.
 *       *       *
Теги бийик төрө эне төрөгөн,
Тарбиясы – алсыздарды жөлөгөн.
Бу-бу дейсиң, зыяның жок Төлөгөн,
Бубуиндей чөптөн башка жебеген.
 *       *       *
О Алла, сени унуттум,
Калп айтып жаткан кезимде,
Сен турган жоксуң эсимде.
Кыйды, көө, абжөөр бурутмун.
 *       *       *
Чоңдоруна, өз чини да өскөнчө,
Жолду тороп, чаап жүргөн арыгын.
Көчүгүнөн түтүн чыгып кеткенче,
Көчөдөгү ышкырыгы МАИнин.
 *       *       *
Акын калкы ак жүрөк да, аңкоо калк,
Он ыр жазса, алда кокуй алтоо калп.
Халтурщиги халал эт жейт, калганы
Дубалына мык какпаган жалкоо калк.
 *       *       *
Лакылдап жайкы закым көчү жүргөн,
Суусаган жол акактап чуркайт көлгө.
Дирилдеп торгой асман түпкүрүнөн,
Суусаган август чаңкап үзүм желге.
 *       *       *
"Жардамдаш" деп жалынсаң,
Тийсе тиер керегим.
Эгер өпкөң кагынса,
Мени да жөтөл дебегин.
 *       *       *
Картайган алсыз жылдыздар,
Саржарык отун жагышты.
Келатам тоодон алыскы,
Ат жалын сылап кар учту.
 *       *       *
Мээни жарып кээде кагат жүрөгүм.
Өлгөн адам колундагы сааттай.
Араңарда мен эмнеге жүрөмүн?
Качан болсун каршы коркунуч, сааттай. 
 *       *       *
Тетирибиз бирибизден бирибиз,
Көрөм сени, көкбетирээк кимибиз,
Эрегиштен эбин таппай күнүбүз,
Эчен жолдо эзилди го сүйүүбүз.
 *       *       *
Турмушумду келет сенин башкаргың,
Сен жок кезде казан кургап ач калдым.
Сен бар кезде ак булутту жаздандым,
Бакылдадым башын сүйлөп асмандын. 
 *       *       *
Ажал сандык аңтарганда,
Жан тизгинин каңтарганда,
Тил күрмөлбөйт, айталганга,
Чөбөрө тил – бал тамганда.
 *       *       *
Ойротто жок оптуу иш болду –
Ажаан келин ыйлаак кыз тууду.
Шалпык эри он уй, жүз койлуу,
"Кырк жылкылуу" болду – ышкырды.
 *       *       *
Кызуу келип күнүгө
Катынынан келтек жеп.
Тууганынын үйүнө
Качып барат телтектеп.
 *       *       *
Беймаза, кутум тукуму,
Кайрыдин кесеп жарыбайт.
Жабышкак жаскак учугу –
Ач көздүк гана карыбайт.
 *       *       *
Туулгамын январда ак таңда,
Кудай Таалам састумоолоп жатканда.
Жеткир жанмын, кечир, чыным айтканда,
Кылмыш кылсам желкемди ийип башты алба…
 *       *       *
Кимге каршы достошобуз?
Кимдин канты набаттан.
Кимди көөлөп соттошобуз?..
Колдой көргүн жараткан.
 *       *       *
Эчен эрен жеди, калптан жөтөлдү,
Көмөчүнө күлүн тартып, жеке өлдү.
Ата Журтуң турган тушта сыркоолоп,
Көпкөн адам сүйө алабы Мекенди?
 *       *       *
Нилдин башы Судандан,
Пил тумшугу кудайдан.
Сендей сулуу-тилдүүнү,
"Жарым бол" деп суранбайм.
 *       *       *
Ар оттун башын үйлөгөн,
Ак үйдүн сөзүн сүйлөгөн.
Ары жок арам күн менен,
Ал дагы өттү дүйнөдөн.
 *       *       *
Гүлмүчөсү келишкен,
Эх, Бакдөөлөт периштем,
Кемин көрүп Кемчонтойдун,
Эрге тийдиң неликтен?
 *       *       *
Кечээ кечте терезеңден ачылган,
Сундум сага үч тал кызыл кызгалдак.
Достор чыгар, мага ичи ачынган,
Басам сендей кызгалдактай кыз жандап.
 *       *       *
Пейлим таза ыплас кара жердеги,
Кайталаймын төрт ирекет келмеми.
"Сүйөм, сүйөм, сүйөм, сүйөм дүйнөнү,
Сүйгөн үчүн сүйүндүрүп сен, мени!"
 *       *       *
Жашоого даңк, сен мага пейил салдың,
Жашоого даңк, мен сага шашып бардым.
Жашоого даңк, сен мени сүйүп калдың,
Жашоого даңк! Мен сага кучак жайдым.
 *       *       *
Ат-Башыда бир азамат,
Билек түрүп, канашалап:
"Салмакчынын ташты жамап
Да бир жаңы Таш-Рабат!"
 *       *       *
Кеттиң кези көз отуңа жылынгам,
Төрт салаа жаш агат жазган ырымдан.
Какап-чакап муунап эссиз жыгылгам,
Ак сүйүүнүн кара күлүн сугунгам.
 *       *       *
Өмүрүңдө кесир кезиң,
Өлүмүңдүн кечин берсин.
Ээ-жаа бербей эсиргенсиң,
Кудай аның кечирбесин.
 *       *       *
Табытыңа тактай тилди,
Кабырыңа кирпич куйду –
Сен өлгөндө жыргап күлдү,
Сенден митаам, сенден кыйды.
 *       *       *
Сүйгөм сени - ал бир чындык кашкайган,
Тангам сени - күнөөм туруп актангам.
Көрдүм сени - саамайыңды ак чалган,
Өптүм сени - көздөрүңдү жаш чайган.
 *       *       *
Бирде жигит – банкрот,
Бирде жигит – Жан Клод.
Таза болот, так болот,
Кечки жооптон таңкы жооп.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз