АҢГЕМЕ
1933-жылы Витя жашаган айылды ачарчылык каптады. Көгүчкөндөр жоголуп, абалаган иттер менен чуру-чуу түшүп ойногон балдардын үндөрү угулбайт. Ар ким өз азыгын колунан келишинче таап жемиш этти. Мергенчилер токойдон жырткыч издесе, алар да ачарчылыктан качып, токой түпкүрүнө житип кетишкен. Көзгө атар мергендер гана олжо менен кайтышып, этти айыл боюнча бөлүштүрөт. Адамдар шаарга агылып, “эски-ускусун жана алтындарын” пулдап келиш үчүн “Торгсинге” катташат.
Витянын үй-бүлөсүн чарбага эпчил, жумушка демилгечил чоң энеси башкара турган. Үйдөгү Витяны, чоң атасын жана кенже уулу Кольчаны ал “эркектаналар” деп чакырчу. Көп өтпөй аларга дагы бир эркектана кошулду, бул – Витянын эки ата өтүшкөн байкеси Алёшка. Алёшканын апасы, Августа жеңеси жыгач даярдоочулуктан Усть-Манскидеги жыгач агызуучу участокко өтүп, ал жерде ага үлүш тамак берүүнү убада кылышты. Көп өтпөй, ченелип берилчү жарыбаган бул азык үй-бүлөнү бага албастыгы дайын болду, ошентип чоң эненин көөнө сандыгынын ичиндегилерди ишке салууга туура келди. Дагы бир аз убакыт өтүп, үйдөгү болгон байлыктан бир гана “Зингер” тигүүчү машинеси калды. Витянын үйүндөгүлөр картөшкөнүн кабыгы, топон жана башка ыпыр-сыпыр менен тамактана башташты.
Витянын ден соолугу начар бала эле, ал калтыратма, кызыл жүгүрүк менен ооручу. Көп өтпөй бала бутунда тура албай теңселип калды. Витя тоңгон картөшкөнү көп жегендиктен – өлөр көздөнүп, аны көргөн чоң энеси чыдай алмакпы, алтын сөйкөлөрү менен коштошууну чечти. Ал сөйкөлөр бир жыл мурда сууга чөгүп өлгөн Витянын апасынан калган жападан жалгыз эстелик болчу. “Торгсингге” сөйкөлөрдү алып барууну кичи Кольчага тапшырышты. Ал эжеси отурган кайыкты айдап келаткан, андыктан анын өлүмү үчүн өзүн күнөөлөп, жетимди колдон келишинче эркелетүүгө аракет кыла турган.
Шаардан бир пуд ун, бир чоң бөтөлкө кара куурай майы жана бир аз акча менен кайтып келген кичи Кольча каражат табуу үчүн Эне-Сайдын жогор жагынан орун алган бардарырак айылдарга жөнөдү. А чоң атасы селсебетке отун аралагыч болуп орношту. Аз өтүп, тамак-аш кайра түгөндү. Чоң энеси ачкачылыктан алсыраган чоң атанын иштеп тапкан акчаларын алып, шаарга барып тегерек чоң бөлкө алып келди. Нан “жасалма” болуп чыкты: кыпкызыл нандын ичинде жегенге жараксыз топон толтурулган эле. Чоң эне көпкө чейин уңулдап ыйлап, андан кийин коюнунан кичинекей күчүктү алып чыкты да, аны аяздуу суукта көчөгө таштап койду.
Шарик атанган бул күчүк аларга жакшылык алып келди. Ошол эле күнү кечинде кичи Кольча бир топ акча жана белек-бечкек менен кайтып келди, ошентип чоң эне аларды жазга чыгарып алды. Ошентсе да, жазында отургузуу үчүн картөшкө сатып алмакка кийим тигүүчү машинени сатууга туура келди. Жазында кичи Кольча экинчи жолу үйлөндү. Аялы, дайым шаңкылдап шайыр жүргөн Нюраны алып жазгы айдоодо иштешти, мунусу үчүн аларга башпаанек берилди. Кудай жалгап чоң эненин ую да музоо тууп салбаспы. Алёшканы болсо эмгектин алдыңкысы болгон апасы алып кетти. Эми анын көбөйтүлгөн үлүш тамагынан чоң эненин “эркектаналарына” да тамак арта турган болду.
Мышыктын сүтүн ичип, шыпыргыга жаба сийип, тоокторду кубалаган Шариктин кылыктары чоң эненин кыжырына гана тийди го. Бирок Шариктин мындай тентектиктерине карабастан, чоң эне аны дайым үй-бүлөсүнүн колдоочу периштеси деп атай турган болду.
1968-жыл.
Которгон Назгүл Осмонова
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR