Али Сафи: Акындар, адабий мелдеш жана акындык чеберчилик жөнүндө икаялар

  • 04.07.2026
  • 147

Амир Темир Фарс аймагын жеңип, Ширазга жетип, Мансуршахты өлтүрүп, Шираздык Хафизди өзүнө алып келүүнү буйурат. Хафиз өтө жакыр, элден обочолонуп жалгыздап жашаган. Саид Зайнуллобиддин Гунобуди, амир Темирге жакын жүргөн адамы жана Хафиздин шакирти эле. Саид Хафизди амирдин алдына алып келет. Амир Темир такыба кайырчыны көрүп:

- Эй, Хафиз, - дейт амир, - Самаркан менен Бухараны алганга чейин мен кылыч жана от менен бүт жерди өрттөдүм. А сен түрк кызынын бетиндеги калы үчүн эки шаарды белекке берип жатасың:

Түрк кызына Шираздык беремин
Самарканды, керек болсо
Бухараны! Ыраазычылыкка эңсейм калын,
анан бир көз карашын.

- Менин берешендигим, мени ушул кайырчылыкка жеткирди, - деп жооп берет Хафиз.

Амир Темир күлүп ага жакшы кызмат берет.

♦ ♦ ♦

Бир жолу акылман Анвари базарда баратып жыйылган элди көрөт. Кандайдыр бир киши Анваринин касыйдаларын өзүмдүкү деп окуп жатат. Угармандар уу-дуу болуп ага суктанууда. Анвари тигиге келип сурайт:

- Айтчы, кимдин ырын окуп жатасың?

- Анваринин ырларын.

- Сен аны тааныйсыңбы?

- Ушундай да суроо болмок беле? Анвари деген – менмин дейт да Анвари күлүп мындай дейт: - Ырды уурдагандар болот деп укчумун, бирок акынды уурдагандар болорун көрбөптүрмүн.

♦ ♦ ♦

Шейх Камол Доджанди өз ырларында «ит» деген сөздү көп колдончу. Хасан Дехлави «сүйүктүүм» деген сөздү көп пайдаланчу.

Бир акын бир кишинин колунан эки акындын тең ырлары бар китепти көрүп мындай дептир:

- Экөөнү бири-биринен ажыратып кой, болбосо Камолдун иттери Хасандын сүйүктүүлөрүн тиштеп өлтүрөт.

♦ ♦ ♦

Тустун калкы уйга сыйынат.

Бир жолу Бабур Мырзанын жыйналышында акын Лутфи тустук акын менен катар отуруп калат. Тустук акын акылдуу көрүнгүсү келип Лутфиден:

– Кайда турасың? - деп сурайт.

- Уйдун жанында турам, - дейт Лутфи.

♦ ♦ ♦

Бабур Мырзанын учурунда самаркандык улама мавлоно Мазид Гератка барат.

Бир жолу Жами мавлоно Мазид катышкан Бабурдун жыйынында болот.

Мырза Бабур Мазидден сурайт:

- Язидди каргап жатып, сен эмнени айтасың?

- Ал ыйыктарга таандык болгондуктан жаман айтууга болбойт, - деп жооп берет Мазид.

Бабур Жамиге кайрылып:

- Муну мавлоно Мазид айтып жатат. А сиз эмне дейсиз?

- Мен: каргыш тийсин жүз Язидге, башка жүзү Мазидге, – деймин дептир.

♦ ♦ ♦

Хафиз Гиёси ошол мезгилдин аалымдарынын арасындагы даңазалуу дастанчы ооруп калат. Аны көрүүгө Жами келет. Хафиз суфизмдин негиздери тууралуу сөз баштайт. Өзү анча терең билбегендиктен, кээ бир сөздөрдү, терминдерди туура эмес пайдаланат. Ал тургай карама-каршы мисалдарды, ой жүгүртүүлөрүн келтирет. Жами анын жаңылыштыгын түшүнүп, унчукпайт.

Жами кеткенден кийин, аны көргөнү келген башка илимпоздорго Хафиз мындай дейт:

- Бүгүн мага мавлоно Абдуррахман Жами келди. Мен суфизм боюнча бир топ татаал мисалдарды келтирдим, ал кунт коюп баарын укту.

Бул сөздөр Жамиге жетет. Анда ал айтат дейт:

- Анын ой-пикиринен, чынын айтсам, кулагым тунуп калган.

♦ ♦ ♦

Бир жолу самарканддык сакалын узун коюп жүргөн атактуулардын бирөөсү эки уулу менен Жамиге келет. Тигинин балдары өз аймагындагы жүзүмдүн түрлүү сорту жөнүндө айта башташат. «Биздин аймакта жүзүмдүн кара, таттуу, ширелүү сорту өсөт, аны «чоң атанын сакалы» деп аташат, ал эми силердин Хорасанда ал сорт жок»,– деп мактанышат.

- Бизде да кара, таттуу, ширелүү жүзүм бар. Аны «кулдун жумурткасы» дешет. Биздин «кулдун жумурткасы» силердин «чоң атаңардын сакалынан» мыкты,– дептир Жами.

♦ ♦ ♦

Гурдун казысы өңү кара, түрү суук, семиз жана түктүү эле. Бир аз убакыт өз жанынан чочулап, Гератта калат. Бир күнү Жамиге келет.

Жами айтат:

- Сен бул шаарга көпкө калдыңбы? Эмне үчүн өз дубаныңа барбайсың?

- Биздин шаарда чочколор көбөйүп кетти, – дейт казы.

- Менимче, сен бу жерде жүргөндө, алардын саны бирге азая түштү.

♦ ♦ ♦

Мавлоно Гиёс жарды, балит, семиз жана да кулагы узун эле. Ошондуктан аны «Гиёс эшек» деп азилдешчү. Гератка да ушул аты менен таанымал эле. Жума күнү намаздан кийин ал Жамиге келет.

- Мавлоно, сен кайдан? – дейт Жами.

- Хусайин Воиздин мавлононун чогулушунан.

- Эмне уктуң ал чогулушта?

- Элдин көптүгүнөн четте туруп калдым. Мага мавлоно Воиздин үнү жеткен жок, – деп жооп берди ал.

- Эгер мавлоно Воиздин үнү сага жетпесе, анда кулагың Воизге жетиш керек эле да, – дептир Жами.

♦ ♦ ♦

Тимурдун урпагындагы ханзаадалардын бири Жаминин жыйынында отуруп, египеттик набатты тиши менен бөлүп, шилекейин балжыратып алаканына салып, анан Жамиге сунуп:

- Кайсынысын алууну каалайсыз? - деп сурайт.

- Баарынан нымдуусун, - деп жооп берет Жами.

♦ ♦ ♦

Жами караван менен Хиджазга жөнөп, Симнанга жетип калганда жолдо салык чогулткандар биртоп убара кылышат. Силер бизден товарыңарды катып жатасыңар. Биз дагы бир жолу силердин шароварыңарды карап чыгабыз, сиз буга кандай дейсиз?

- Шымдын ичинен эмне тапсаңар, баары силердики,- деп жооп узатат Жами.

♦ ♦ ♦

Ичи тар акылдуу көрүнгүсү келип Жами менен отуруп:

- Менин үч сомум бар, ал акчага жей турган бир нерсе сатып алгым келип турат. Сатып алганымдын анча-мынчасын жеп, калганын кайра сатып, тиги үч сомумду кайра табышым керек, - дейт.

- Мал сойгон жерге бар да уйдун карынын сатып ал, ичиндегисин жеп, карынды кайра үч сомго сатып жибер, - дептир Жами.

♦ ♦ ♦

Бир акын сымал Жаминин көзүнчө мындай дейт:

- Түндө түшүмдө ыйык Кожо Кызырды көрдүм. Анын бата берген шилекейи менин оозума чачырады.

- Сен жаңылышасың. Кызыр сенин бетиңе анан сакалыңа түкүргүсү келген. Сен оозуңду ачып тургандыктан шилекейи оозуңа тийди, - деди Жами.

♦ ♦ ♦

Бир акын Жамиге мындай дейт:

- Мен Камолдун, Ходжанын кеңсесине жооп жаздым жана урматтуу Амирге (Алишер) жүз сөз жаздым.

- А кудайга кандай жооп жазгың келет? – деп сурады Жами.

♦ ♦ ♦

Бир акын Жамиге өзүнүн бир казалын окуп берип:

- Мен муну эл көрүш үчүн шаардын дарбазасына илип койойун деп жатам, - деди.

- Бул ыр сеники экенин эл кантип билмек эле, - деди Жами, - жанына өзүңдү кошо асып койбосо.

♦ ♦ ♦

Тусалык Фирдоусиге тең келген акын болгон эмес. Анын «Шахнамэси» анын талантынын жеткилеңдигинин далили. Өз аты Исхак уулу Хасан Шарафшох, туслык дыйкандын баласы болгон. Тусанын өкүмөт башчысы келишкен сонун бак отургузуп, аны Фирдоуси (бейиш) деп атап, ал эми Исхак бинни Шарафшох ошол бакты карай турган багбан болуп дайындалат. Мына ушундан улам Фирдоуси аталып кетет.

♦ ♦ ♦

Жухи мындай дейт:

- Биз апам экөөбүз - белгилүү астрологдордонбуз. Төлгөбүз төп түшөт, айткандарыбыздан жаңылбайбыз.

- Бул аябагандай олуттуу иш. Кантип далилдейсиң муну?

- Булуттар чогула баштаганда, күн жаайт дейм. Апам айтат, жаабайт деп. Ошентип, экөөбүз айткандын бирөө туура келет. 

♦ ♦ ♦

Куудул мурда беш күйөөсүн көмгөн каражолтой аялга үйлөнөт. Капыстан куудул катуу ооруп калат. Ал үзүлүп баратса, анын төшөгүнүн жанында отуруп, аялы ыйлайт:

- Бу жарык дүйнөнү таштап, сен мени кимге калтырасың?

- Жетинчи күйөөңө, - дептир куудул.

♦ ♦ ♦

Жами Сагари жөнүндө минтип жазыптыр:

«Сагари айтты: «Уурулардан ушунчалык тажадым,
Ой уурдатып жетим калды ырымдагы саптарым.
Тажабастан мен да окудум анын ырын анан соң
Өзү бир ой таппагандай мен да бир ой таппадым».

Бул ыр элге тез эле тарап кетет. Аны окуган Сагари таарынычын тоо кылып Жамиге келип:

- Мен деле сиз кирген эшиктен кирип, сиз аралашкан дүйнөгө аралашып жүрөм. Сиз мага арнап ыр жазган экенсиз, шаардын кайсы бурчуна барбайын элдин баары аны мага окуп берип, мени шылдыңдагандай болуп жатат, - дейт.

Анда Жами калемдешинин капасын жазгандай:

- Мен «акын айтты» деп жаздым эле, көчүрүп жазгандар «Сагари айтты» деп жазып койгон турбайбы, – дептир.

Которгон Анатай Өмүрканов

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз