Саади Ширази: Падышанын каалоосу тилемчиникинен да көп (икаялар)

  • 16.07.2026
  • 299

Бул гүлдестелерди эмне кыласың, алардын оордуна Гүлистаным менен колуңду кооздо. Гүлдүн өмүрү билгениңдей аябай кыска. Менин Гүлистаным түбөлүкө соолбойт.

Акылдуулар чындыгында унчукпай отурууну адептүүлүк деп эсептешкен. Эгер сүйлөөдө пайда бар болсо унчукпай калба. Эки нерсе кем акылдыкка далалат кылат: Унчукпай коё турган жерде сүйлөө, сүйлөй турган жерде унчукпай коюу. 

Эмне сүйлөсөм деп ойлонуу, эмнеге сүйлөдүм экен деп өкүнүүдөн жакшы.

Асыл таштар базарында жөнөкөй мончоктун баасы болбойт. Күндүн жанында чырактын канчалык нуру болмок эле.

1-ИКАЯ

Жакшылык үчүн айтылган жалган, жамандык үчүн айтылган чындыктан жакшы.

Падышага сөзү өткөн даражадагы адамдардын ар бир сөзү жакшылык жөнүндө болуш керек.

3-ИКАЯ

Адамдын айыбы жана таланты унчукпай коюу менен билинбей калат. Ар токойду бош ойлобо, балким жолборс жашынган болушу мүмкүн.

Топуктуу адам, бир нандын жарымын өзү жесе, жарымын башкага берет. Бирок бир падыша башка өлкөнү басып алгандан кийин дароо басып алуу үчүн дагы башка өлкөнү издеп баштайт.

4-ИКАЯ

Дарак жаңы эгилгенде адам аны бир булкса, тамыры менен жулунат. Бирок узак убакыттан кийин ал даракты эки өгүз менен тарттырсаң да жулунбайт. Булак суусу топтолуп көл болгондо, аны пил менен да кечип өтө албайсың.

Куполдун үстүнө бир даана жаңгакты тургузуу канчалык бош аракет болсо, жөндөмсүз бирөөлөрдү тарбиялоо да ошончолук кыйын.

Булуттардан мүрөк суусу жааса да, тал түшүм бербейт. Тексизди тарбиялоо бош иш, саз камышынан шекер күткөн сыяктуу.

Душманың алсыз болсо да, эч качан аны күчсүз деп этибарга албай койбо.

Канчалык адамдардын арасында туулуп чоңойсо да, айбандан туулган айбан бойдон калат.

Окутуу менен пас, төмөн адам жакшы адам болуп кетпеген сыяктуу эле сапатсыз темирден жакшы кылыч жасалбайт. Бардык жерге бир эле жамгыр жааганы менен бакчада гүл, таштандыда тикенек, чырмоок өсөт.  

Адашуучулар менен бирге жүргөн Луттун аялы туура жолдон чыкты. Асхаб-ы Кахфтын жанынан чыкпаган ит алар менен бирге бейиштик болду.

Чөлдө гүл өспөгөн сыяктуу эле башка нерсе да өспөйт. Жаман адамдарга жакшылык кылгандар жакшы адамдарга жамандык кылгандай болот.

5-ИКАЯ

Досторуң менен мамилең жакшы болсо, душманың эмне кыла алмак?

Мен башкаларды капа кылбай коюуга күчүм жетет, бирок ичи тар адамды капа кылган мен эмес, өзүнүн көрө албастыгы. Эй, ичи тар адам! Бул жаман денеңди жерге көмбөстөн туруп, сага бул балээден (көрө албастыктан) кутулуу жок.

Бактысыздар бактылуулардын жакшылыгы жана абройу жок болушун чын жүрөктөн каалайт. Жарганат көздүү бирөө күндүз күндүн көрө албаса мында эмне айып? Жаркыган күн үчүн миңдеген мындай көздөр курман болсун. Күн карарып, жер жүзүн караңгылык капатагандын ордуна миңдеген мындай көздөр көр болсун.

6-ИКАЯ

Бийликтин таянычы – аскер. Ошондуктан аскерди мүмкүн болушунча жакшы караш керек.

Заалым адам бийлик жүргүзө албайт. Койлорго жырткычтан чабан чыкпайт. Элине зулум кылган падыша, өз байлыгын өзү чачкан болот.

Элине зулум падыша айланасындагылардын баарын өзүнө каршы кылып, өзүнө душман кылат. Элди адилеттүүлүгүң менен башкарып, душманыңдан сак бол. Адилеттүү башкаруучунун жалпы эли, аскери болот.

7-ИКАЯ

Эй, карды ток киши! Арпа наны сага даамдуу болбосо да мен үчүн баалуу. Араф бейиштегилер үчүн тозок болсо да, тозоктогулар үчүн бейиштей.

Сүйгөнүн жүрөгүнө бекем туткан ашык менен, сагынууда көздөрү жолдо калган бечара киши бирдейби?

8-ИКАЯ

Күчүң жүз балбанга жетсе да, сенден корккондон сен да корк. Көрбөйсүңбү: Мышык чарасыз калганда жолборстон тайманбайт. Башын таш менен жанчуу коркунучу болбосо, жылан чабанга тийбейт.

9-ИКАЯ

Өмүр бою ушул каалоом ишке ашса деп жүрөгүмдөн кааладым. Аллах каалоому ишке ашырды, бирок өткөн өмүрүм бир жолу да кайра келбейт.

10-ИКАЯ

Бай да, кедей да жараткандын кулу. Падышанын каалоосу тилемчиникинен да көп.

Адам баласы бир дененин мүчөлөрү сыяктуу. Бир тектен келгендигинде да шек жок. Кандайдыр бир дене мүчөсүнө залал келсе, башка дене мүчөлөрүндө да тынчтык болбойт. Башкалардын азабын бөлүшө албаган инсандарга адам баласы дештен уяласың.

12-ИКАЯ

Бир заалымды уктап жатканда көрдүм да мындай дедим: “Жөн койгула, уктай берсин! Ал бир балээ. Бир адамдын уктаганы ойгоо учурунан жакшы болсо, анын жашаганынан эмне пайда?

13-ИКАЯ

Мал-мүлк эркин адамдын колунда турабы? Ашык адамда сабыр болобу? Электе суу токтойбу?

Сөз сүйлөө үчүн ыңгайлуу учурду күтүү керек. Орунсуз айтылган сөздүн баркы кетет.

Акмак киши чак түштө кафури май жакса, тез арада кара чыракка май таба албайт түнү.

Ачкөз кишилерге эшигиңи ачпа. Ачсаң эгер, айдаба, каарыңды чачпа.

14-ИКАЯ

Эгер аскерден мал-мүлк аянсаң, аскер колуна кылыч албайт, бул турган иш. Аскерге алтын берсең, ал сага башын берет. Пулсуз аскер башы оогон жака кетет.

Карды ток аскер жан дили менен согушат. Карды ач аскер качууну гана ойлойт.

15-ИКАЯ

Жыргалчылык издеген адам аны жалгыздыкта табат. Инсандарга аралашкан бирөө албетте, ыракатсыз болот. Ошондуктан өкүмөттөн да, мекемелерден да иш издебе. Өзүнүн үстүнө иш алган адам, кылган ишине жооп берет.

Хума кушу эч бир жандууга тийбестен, болгону сөөк менен азыктангандыгы үчүн куштардын арасында абройлуу болду.

Отпарас жүз жыл отко кызмат кылса да, өзү жаккан отко түшсө күйүп кетет.

Ар нерседе өзүңдү байка, олутуу жана оор басырыктуу бол. Тамаша-каткырыкты башкаларга кой!

16-ИКАЯ

Бир жерге башчы болсоң, чектен ашпа. Кызматыңан алынгандан кийин сени эч ким сындабасын. Кир кийимдерди кир жуугучтар жерге, даракка уруп тазалашат, сен өз ишиңде таза болсоң, эч кимден коркпосоң болот.

Деңиздин көптөгөн пайдасы бар, бирок тынчтыкты кааласаң жээкте кал.

Чыныгы дос сага жакшы заманда келип жакын болуп көрүнгөнүндө эмес, оор учурда келип дартыңа даба болгонунда.

Иштериң оңунан чыкпаган учурда кайгы тартып кабатыр болбо, жашоо суусунун булагы белгисиздик ичинде.

Эй, кыйынчылыкка кабылган инсан, эч качан кайгырба! Жараткандын көптөгөн жашыруун жакшылыктары бар. Болуп жаткандарга карап кайгырба, сабырдуу бол. Сабыр – ачуу, бирок мөмөсү таттуу.

Бир соодагер үчүн деңизден көп пайда табуу ыктымалдуулугу болгон сыяктуу, бир күн ошол эле деңиз жээгинен жансыз денесинин табылуу ыктымалдуулугу да бар.

Уулуу ийнеге туруштук бере албасаң, эч качан жөргөмүш уясына жолобо.

17-ИКАЯ

Мөмөсүз даракка ким таш атсын?

Кутуда турган атыр жыпар жыт таратпайт. Ал үчүн кутусун ачуу керек.

Элге бир казынаны таратар болсоң, ар бир үй башына бирден күрүч даны туура келиши мүмкүн. Ал эми ар бир үйдөн арпа данындай күмүш алсаң, күн сайын бирден казына топтосоң болот.

Падыша бир бакчага кирип бир алма алса, аны көргөн кызматчылары алма дарагын тамыры менен жулушат. Бекерге беш жумуртка алса, сарайда беш миң тоок шишкебек болот. (Бөрк ал десе, баш кесет).

Заалым адам дүйнөгө түркүк боло албайт, өлүп жок болот. Бир каргыш менен эскерилген аты калат.

Улуу жараткандан жардам күтсөң, анын жараткандарына жакшы мамиле кыл.

Бир окчу менен атышкан адам, сөзсүз билбеген абалда өзүн өлүмгө түртөт. Душманыңа ок аткан учурда сен да анын огунун бутасы болосуң.

Элден сага бир зыян келсе, сен аны жараткандан деп бил. Инсандардын достугу да, душмандыгы да өздөрүнөн эмес, Аллахтан болот. Чындыгында ок жаадан чыкканы менен, аны жааны кармаган чыгарат.

Улуулук кудайдын буйруктарына баш ийүүдө жатат. Жаратканга баш ийбеген инсан дайыма өкүнүчтө болот.

Көңүл орутуудан этият бол, себеби анын дарысы дүйнөдө жок. Колуңдан келсе көнүл оорутпа, анткени ооруган көңүлдүн азабы дүйнөнү жыгат.

Доско анчалык көп мүмкүнчүлүк бербе, күн келип душман болсо, сени жеңип албасын.

(Уландысы бар)

Түрк тилинен которгон Ислам Нурдинов

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз