Михаил Зощенко: Нерви жука адамдар

  • 17.07.2026
  • 102

АҢГЕМЕ

Жакында Глазова менен Боровая көчөлөрүнүн бурчундагы биздин коммуналдык батирде мушташ чыкты. Элестетиңиздерчи, бул жөн эле мушташ эмес, бүтүндөй бир дүйнөлүк уруш болду. Бири-биринин кийимин тытып, чачтарын жулганга чейин барышты. Мушташып жаткандар албетте, чын дилинен мушташышты. Майып Гавриловдун жалгыз башын аз жерден жулуп ала жаздашты.

Негизи буга таң калуунун деле кереги жок, анткени азыр элдин нерви аябай жукарган. Майда-чүйдөдөн эле кагылышып, от алып кетишет. Айрыкча коммуналдык батирлерде. Тимеле тумандын ичинде жүргөндөй, орой мушташышат.

Ооба, албетте, жарандык согуштан кийин элдин нерви бузулат дешет. Балким ошондойдур, бирок майып Гавриловдун башы мындай идеологиядан тез айыгып кетпейт. Мисалы, бир тургун – Марья Васильевна Щипцова, кечки тогузда ашканага келип, примусту күйгүзөт. Билесизби, ал ар дайым, ушул убакта примусту күйгүзөт. Чай ичет, компресс коёт. Ошентип ал ашканага келет. Примусту алдына коюп, күйгүзө баштайт. Анан ал кудай уруп күйбөйт.

Ал ойлонот: "Эмне үчүн шайтан алгыр, бул күйбөй жатат? Ыш басып калганбы!"

Анан ал сол колу менен щётканы алып, тазалай баштайт. Муну көргөн кошунасы Дарья Петровна Кобылинанын дароо жини келет:

— Щётканы, урматтуу Марья Васильевна, ордуна коюңуз.

Щипцова, албетте, бул сөздөргө ачууланып, жооп берет:

— Кыйкырбаңыз, — дейт, — Дарья Петровна, мынакей, щёткаңызды бир жериңизге катып алыңыз. Мага, — дейт, — сиздин чириген щёткаңыздын кереги жок, мен жөн гана ары алып коёюн дегем.

Албетте, Дарья Петровна Кобылина да жемин жедирчү аялдардан эмес.

– Чириген дейсизби? Оозуңузга карап сүйлөңүз.

Алар бири-бири менен кайым айтыша баштайт. Алардын ызы-чуусун угуп башка кошуналар да бөлмөлөрүнөн чыгып келишет.

Анын күйөөсү, Иван Степаныч Кобылин, щётканын ээси келет. Зор киши, ал тургай курсактуу, бирок анын да нерви жука.

Ошентип, Иван Степаныч келип, мындай дейт:

— Мен, — дейт, — отуз эки рубль үчүн кооперацияда пил сыяктуу иштейм,— ар кандай сатып алуучуларга жылмайып колбаса сатам, жана ошол, — дейт, — эмгек акыма щёткаларды сатып алам, ошондуктан эч качан бейтааныш адамдарга бул щёткаларды колдонууга жол бербейм.

Ошентип, щётканын тегерегинде талаш кайрадан уланат. Албетте, бардык жашоочулар ашканага чогулушту. Араларында майып Гаврилыч да бар.

— Бул эмне, — дейт,— ызы-чуу бар, бирок мушташ жок?

Бул сөздөрдөн кийин дароо мушташ башталды.

А ашкана, билесиздер, кууш эмеспи. Мушташууга жараксыз. Тар. Тегереги казан жана примустар. Көчүк айланар жер жок. Ал эми бул жерге он эки киши тыгылып алган. Мисалы, бирөөнүн бетине чапкың келсе, үчөөнө колуң тиет. Албетте, бирөөнө чалынып жыгыласың. Майыпты мындай кой, үч бутуң болсо да соо калбайсың.

Ал эми майып, шайтан алгыр, майыптыгына карабай, эң ортого тыгылып кириптир. Иван Степаныч, щетканын ээси ага кыйкырат:

— Кет, Гаврилыч, кырсыкка кабыласың. Байка, акыркы бутуңду үзүп алышат.

Гаврилыч ага мындай деп жооп берет:

— Үзгүлөрү келсе үзүшсүн, — дейт, — бут кара жерге кирсин! Бирок, — дейт,— мен азыр кете албайм. Менин,— дейт,— азыр бүт амбициямды канга боёп салышты.

Ал эми аны чынында эле ушул мүнөттө кимдир бирөө бетке согот. Ал баары бир кетпейт. Ошол учурда кимдир бирөө майыпты казан менен башка чаап жиберет.

Майып — көңүлү айнып жерге кулап түшөт.

Ошондо бирөө милийса чакырат.

Милийса келип кыйкырат:

— Табытыңарды даярдагыла, жин ургурлар, атып салам!

Ушул сөздөрдөн кийин гана эл бир аз эсине келет. Өз бөлмөлөрүнө чуркап жөнөшөт.

– Ой, мына сага, — деп ойлошот, — Кадыр барктуу эле жарандар, эмне себептен урушуп кеттик экен?

Эл бөлмөлөрүнө киришти, бир гана майып Гаврилыч кете алган жок. Жатат, билсеңиз, полдо зеригип. Башынан кан тамчылап жатат. Эки жумадан кийин сот болду.

А элдик сот да нерви жукалардан экен — сазайларын колуна карматты.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз