Дилазык: Сүйүү, Кыял жана Үмүт жөнүндө икая

  • 24.07.2026
  • 123

Жылуу деңиз жээгинде, түштүк шаарында үч бир тууган кыз чоңоюптур.

Алар жашы өтүп калган энеден бир күндө, бир убакта төрөлөт. Сырткы келбеттери да бирдей: суйкайган сулуу, тал чыбыктай ийилген, назик, тармал кара чачтуу, кой көздүү. Кыздардын ушунчалык сулуу жана жагымдуулугунан ата-эне аларга затына жарашкан ысым ыйгара алышпай убара болушат.

Арадан он сегиз жыл өтөт. Эже-сиңдилер бой жетип, чырайлуу керилген сулууларга айланат. Бирок алардын дагы эле ысымдары жок. Бир күнү картайган энеси кыздарын чакырып, мындай дейт:

— Кыздарым! Бой жетип, өз алдыңарча жол табар куракка жеттиңер. Силерге колуман келгендин баарын бердим: жан дүйнөмдү, мээримимди, турмуштук тажрыйбамды, билимимди тартууладым. Бир гана ысым бере албадым. Эми эл арасына чыккыла, таанышып, мамиле куруп, силерге жылдар бою тартуулаган жылуулукту адамдарга тараткыла. Убакыт өтөт — эл өзү силерге ылайыктуу ысым берет.

Ушуну айтып, картайган эне көз жумат.

Эже-сиңдилер энени акыркы сапарга узатып, зыйнатын өткөрүп, эненин керээзин аткарууга жолго чыгышат.

Узак жүрүштүбү же кыскабы, айтор, алар үчилтик ача жолго туш болушат: солго да, оңго да, түз да кетсе болчудай. Кыздар токтоп, өз ара кеңеш кылышат:

— Эгер биз андан ары да бирге жүрө берсек, эл бирибизге да өзүнчө ат бере албайт. Анткени аларга абдан окшош көрүнөбүз, — дейт бирөөсү.

— Ооба, калыбы, ар кимибиз өз жолубузду таап, бөлөк жашоого убакыт келди окшойт, —калган экөө аны кубатташат.

Ошентип, алар чечимге келишет. Нан менен сууну үчкө тең бөлүп, ар кимиси өз жолун тандап, коштошуп кетишет.

Биринчи эжеси бир-эки күндөн кийин бөлөк бир падышалыктын борбору – бейтааныш шаарга келет. Шаарга кирери менен эле кокусунан жаш принцтин көзүнө түшөт. Кыз жаш жигитке ушунчалык жагып, жигит аны сарайга чакырып, ата-энесине тааныштырат.

— Ал керемет! — дейт жаш жигит. — Мен ага үйлөнгүм келет!

Биринчи көрүшүүдөн эле принцти жактырып калган кыз ага абдан кубанат. Уулун катуу эркелеткен ата-энеси да каршы болушпайт. Ошентип, эже-сиңдилердин улуусу жаш принцтин жубайы болуп калат. Ал өз бактысына ушунчалык сүйүнүп, күйөөсүнө аяр мамиле жасагандыктан, дүйнөдө булардан өткөн бактылуу түгөй жоктой сезилчү.

Бирок арадан бир топ жыл өтүп, жаш принцтин кумарлануусу басаңдайт. Ага эки уул төрөп берүүгө жетишкен жубайы мурдагыдай жаш, чырайлуу көрүнбөйт. Анын тынбай эркелеген үнү, ашыкча назик кылык-жоругу принцке жасалма, сүйкүмсүз туюлат. Принц барган сайын үйүнөн алыстап: ууга, досторуна же жөн гана ат чабууга кетүүнү адат кылат.

Акыры бир күнү принцтин башка сүйүктүүсү пайда болот. Жаман сөздөр байкуш келиндин кулагына тез эле жетет. Ал күйүттөн улам төшөккө жатып калып, бир жумадан кийин каза табат. Мындай каргашаны күтпөгөн принц аябай өкүнүп, аялын акыркы сапарга узатууда мындай дейт:

— Сага тирүүңдө ат бере албадым, эми каза болгондон кийин берейин. Менин чыныгы, берилген назик сүйүүм элең. Кылымдар бою сени ушул ысым менен эстеп жүрүшсүн: Сенин ысмың – Сүйүү.

Ал ортодо экинчи сиңдиси да башка бир бейтааныш падышалыкка туш болуп, эгиздердин салты боюнча ал дагы падыша сарайынан ордун табат. Падыша өзү аялдыкка алат. Анын буга чейин да аялдары болгон, бирок бири да ага мураскор төрөп бере алышкан эмес эле.

Анын боюна да дароо бүтүп калган жок: бир нече жыл өткөндөн кийин гана анын жатынында жаңы өмүр пайда болот. Падыша кубанычтан жарыла жаздайт! Ал сүйүктүү жубайын колуна көтөрүп, өз алдынча бир да кадам таштоого уруксат бербей, эң таттуу даамдар менен багып, эң сейрек кездешүүчү асыл таштарды белекке берет.

Убакыт-сааты келгенде каныша дени сак, сулуу уул төрөйт, бирок өзү толгоо тартып жатып каза болот. Аттиң, жубайынын каза болгонуна падыша кандай гана кайгырбады, канчалык жаш төкпөдү! Бирок айла жок: жаш жубайын жерге тапшырып, мындай дейт:

— Тирүүңдө атың жок эле, бирок мен үчүн башка эч ким кыла албаганды кылдың. Кыялымды орундатып, мага мураскор берип кеттиң. Ошондуктан кылымдар бою ушул ысым менен эскеришсин, сенин ысмың – Кыял.

Ал эми үчүнчү сиңдиси бир жерде токтоп калууга шашкан жок: ал шаарларды, айылдарды кыдырып, бардык жерде элди угуп, карылардан акыл үйрөнүп, колунан келишинче баарына жардам берчү. Убакыт өткөн сайын дүйнөдө ушундай сүйкүмдүү, жашына карабай акылдуу, сөзү менен да, иши менен да жардам берер кыз бар экенин барган сайын көп адамдар билишти.

Андан жардам сурагандар көбөйүп, эл аны барган сайын бат-баттан издей баштады. Бирок эч ким анын атын билбегендиктен, адамдарга аны табуу жана чакыруу кыйынга турду.

Кыз кыдырып жүргөн ошол өлкөдө бир айыл бар эле, анын бардык тургундары бирдей оору менен ооруп, эч айыга алышпайт. Бул адамдар көптөргө жардам бере алган кыз жөнүндө угушат. Алар аны чоң кыйынчылык менен таап, өз айылына алып келишет. Жергиликтүү тургундарды кыйнаган ооруну уккан кыз мындай дейт:

— Бул жагынан силерге оңой эле жардам берем: мен чоңойгон шаарда бул ооруну оңой эле айыктырышчу.

Ал кыз айыл тургундарына кантип дарылануу керектигин айтып берет. Бир ай өтпөй, баары сакайып кетишет! Ошондо айыл тургундары кызга ыраазычылык билдирет.

— Биздин куткаруучубуз, сага эмне белек кылалы? — дешет кызга кайрылып. — Сага кантип ыраазычылык билдиребиз?

— Мага эч нерсе белек кылуунун кереги жок, — дейт кыз. — Бирок мага кайрылуу, издеп табуу жеңил болушу үчүн бир ат койсоңуздар дейм.

Айыл тургундары бир күн, эки күн ойлонуп, үчүнчү күнү кызга мындай дешет:

— Биз сен жөнүндө укканга чейин айыгабыз деп үмүт кылган эмес элек. Айылыбыз бүт бойдон кырылат деп ойлогонбуз. Ал эми сен бизди айыктырып, андан ары жашоого күч бердиң. Ошондуктан сенин атың — Үмүт болсун!

Ошентип, кыздардын ичинен жалгыз Үмүт гана тирүү калыптыр. Ал терең карылыкка чейин жашап, эч кимден жакшы сөзүн да, жардамын да аябай өтүптүр.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз