Көпөлөктүн сабагы
Бир күнү куурчакчанын (кокон) бетинде кичинекей жылчык пайда болот. Ошол жерден кокустан өтүп бараткан адам токтоп, кичинекей жылчыктан сыртка чыгууга аракет кылган көпөлөктүн куурчакчасын көпкө карайт. Көп убакыт өтөт, көпөлөк аракет кылуусун токтоткондой болуп, жылчык ошол кичинекей бойдон кала берет. Көпөлөк колунан келгенинин баарын кылгандай, андан ары аракеттенүүгө күчү жетпегендей.
Ошондо адам көпөлөккө жардам берүүнү чечип, чөнтөк бычагын алып, куурчакчаны кесип жиберет. Көпөлөк дароо сыртка чыгат. Бирок анын денеси алсыз, жарамсыз, ал эми канаттары тунук тартып, эптеп гана кыймылдап жаткан эле.
Адам азыр эле көпөлөктүн канаттары жайылып, чыңалып, учуп кетет болуш керек деп байкоосун уланта берет. Бирок эч нерсе болгон жок!
Көпөлөк өмүрүнүн калган бөлүгүн алсыз денесин, жайылбаган канаттарын сүйрөп, жерде сойлоп өткөрдү. Ал учууга таптакыр кудурети жетпей калган эле.
Мамилең кандай?
Эки акылман эл жашоосун көрүү үчүн дүйнө кезип чыгышат. Чакан шаарлардын биринен чоң таштарды ташыган калың элди көрүшөт. Иштери өтө оор экени көрүнүп турду: алакандары жооруп, жүздөрүнөн тер аккан. Акылмандар бул адамдар эмне кылып жатканын билмек болушат.
— Эмне кылып жатасың? — деп сурашат бирөөсүнөн.
— Таштарды өйдө ташып жатам.
— Ал эми сен эмне кылып жатасың? — дешет экинчисине.
— Балдарыма тамак-ашка акча таап жатам.
— А сенчи, эмне кылып жатасың? — дешет үчүнчүсүнө.
— Мен Кудайдын сыйынуу үйүн куруп жатам!
Ошондо акылмандар жөнөкөй бир чындыкты түшүнүшөт: сенин эмне кылып жатканың эмес, ага кандай мамиле кылганың маанилүү.
Бир эле иш бир адамга азап менен кайгы алып келсе, экинчисине кубаныч тартуулашы мүмкүн. Эң начар кырдаалдан да жакшы нерсе табууну үйрөн. Анткени кунт коюп карасаң, ал сөзсүз бар. Ушинтип гана бүтүндөй жашооңду өзгөртө аласың.
Тандоо жөнүндө насаат
Бир күнү Жаратканга абдан бактысыз көрүнгөн аял келет.
— Оо Жараткан, сага жетүү кандай оор! — деп ага таарыныч билдирди аял. — Сага жеткенче жети жуп өтүк жыртып, жети дарыяны сүзүп, жети сазды кечип, жети капчыгайды аштым. Чынында, буттарым баспай калды.
— Сиз ушундай оор Жолду өзүңүз тандадыңыз, бул сиздин укугуңуз, — деп жооп берди Теңир. — Мага ушунчалык шашканыңызга караганда, катуу жумушуңуз бар го?
— Абдан маанилүү! Мени эмне үчүн ушунчалык көп бактысыздык менен жазалаганыңды сурайын дедим. Мени ушунчалык жек көргүдөй эмне кылдым?
— Мен Сүйүүнүн өзүмүн, жек көрүүнү билбейм, — деди Жаратуучу. — Бирок бир жерден жаңылган болсом — баарын оңдоого даярмын. Бактысыздыгың тууралуу айтып бер.
— Бала кезде ата-энем менен тил табыша албай, андан жапа чеккем. Мен сүйгөн күйөөм башкага кетип калды. Жалгыз балам эрезеге жетер замат каза болду. Досторум эч ким менен баарлашкым келбегени үчүн менден качышты. Ал эми азыр айыккыс дартка кабылып, аз эле өмүрүм калды. Баарын тартып алдың, оо Жараткан! Анын себебин билгим келет. Эмне үчүн бактысыз болуу менин пешенеме жазылган?
— Кымбаттуу айым, мен да сизден сурагым келет, — деди Теңир ага боору ооруп. — Кыз болуу кандай экенин билсин деп сизге ата-эне бердим. Аял болуунун асылдыгын сезсин деп күйөө бердим. Энелик бакытты туйсун деп бала тартууладым. Биримдикти жана бири-бирине жөлөк болууну түшүнсүн деп дос бердим. Ошондой эле бир нерсени туура эмес кылып жатканыңызды эскерткен акыркы белги катары Ооруну жибердим. Мен сизге Бакыт үчүн бардык нерсени бердим — башкаларга караганда бир топ көп бердим. Эми айтыңызчы, Бактылуу болууга ушунча мүмкүнчүлүк туруп, эмне үчүн бактысыз болууну тандадыңыз? Барып, бул тууралуу ойлонуп көрүңүз, убакыт бар. Эгер кааласаңыз, башка нерсени тандаңыз...
... Арадан бир топ убакыт өтүп, Жаратуучунун алдына ошол эле аял келет. Бул ирет ал абдан бактылуу көрүндү.
— Саламатсызбы, оо Жараткан! — деди ал жылмайып. — Сизди көргөнүмө кубанычтамын!
— Чарчабадыңбы? Жетүү кыйын болгон жокпу? — деп сурады Теңир камкордук менен.
— Жок, таптакыр андай эмес! Мен Сүйүүнүн канатында учуп келдим, бир кагуу... анан ушу жердемин, — деп жооп берди аял. — Мен сизге ыраазычылык билдиргени келдим.
— Жашооңдо бир нерсе өзгөрдүбү?
— Ооба! Ошол кездешүүдөн кийин баары өзгөрдү, анткени өзүм өзгөрдүм. Андан соң мени оору күткөн өз дүйнөмө кайттым. Бирок мен жашоону тандадым — жана айыгуунун жолдорун таптым. Өзүм айыккандан кийин, башкаларга да мунун мүмкүн экенин айткым келип, үмүтү үзүлгөндөргө жардам бере баштадым.
Көптөгөн досторду таптым, алар мага бул тууралуу китеп жазууга көмөктөшүштү, кийин андай китептер көп жазылды. Окурмандарымдын бири мага өмүрлүк жолдош болду. Ал жесил калган киши экен, жубайы мен кабылган дарттан каза болуптур, артында үч баласы калыптыр. Мен аларга эне болуп бердим, азыр болсо сүйүктүү неберелерим чоңоюп жатат!
— Бирок сенин майыптар арабасында отурганыңды көрүп турам. Бул сенин кабыргаңды кайыштырбайбы? — деп сурады Теңир сынай карап.
— Мунун да өз артыкчылыктары бар. Менде ой жүгүртүүгө, медитацияга жана жаратуучулукка башкаларга караганда кабыргасы кенен убакыт бар.
— Карасам, көздөрүң жайнап, жүзүңдө күлкү ойноп турат.
— Анткени мен дайыма кыймылдамын, пландарым абдан көп! Эң башкысы — жан дүйнөмдө ачылган жаңы дүйнөнү Ааламга тартуулай алам. Жүрөгүмдө ушунчалык көп Сүйүү бар, бүт дүйнөнү кучактагым келет! Билесизби, Жаратканым, мен акыры бактылуу болдум!
— Адамга Бакыт үчүн ушунчалык аз нерсе керек турбайбы, — деди Кудай жылмайып. — Болгону... туура тандоо жасоо жетиштүү.
Адамгерчилик баалуулуктары
Бир дыйкандын жүрүм-туруму бузулган уулу бар эле. Тарбиялоонун бардык жолдорун колдонгон атасы мындай айла табат: үй тушуна жыгач устун орнотуп, уулунун ар бир туура эмес жоругу үчүн ошол устунга бирден мык кагып турат.
Арадан бир топ убакыт өтүп, устунда бош орун калбай, башынан аягына чейин мыкка толот. Бул көрүнүш баланын үрөйүн учургандыктан, ал өзүн оңдой баштайт. Ошондо атасы анын ар бир жакшы жоругу үчүн устундан бирден мык сууруп турат.
Ошентип, акыркы мык сурулган күн да келет, бирок бул нерсе балага таптакыр күтүлбөгөн таасир калтырат: ал өксөп ыйлап жиберет.
— Эмнеге ыйлап жатасың? — дейт атасы. — Анткени мыктар калган жок да?
— Мыктар жок болгону менен, тешиктери калбадыбы, — дейт уулу.
Акылман тарбия
Бир күнү акылманга жаш аял келип:
— Оо, Устат, уулумду кантип тарбиялашым керек: эркелетиппи же катуу кармаппы? Кайсынысы маанилүү?
— Жүзүм сабагын карачы, аялзаты, — дейт акылман. — Эгер сен аны бутабай, аяганыңдан ашыкча бутактары менен жалбырактарын жулбасаң, жүзүм жапайыга айланып, анын өсүшүн көзөмөлдөй албай, ширин мөмөсүн да татпай каласың. Бирок аны күндүн мээриминен жашырып, тамырына күн сайын камкордук менен суу куюп турбасаң, ал таптакыр соолуйт.
Аң-сезимдүү түрдө экөөнү тең айкалыштырганда гана, сен каалаган таттуу мөмөнүн даамын тата аласың.
Которгон Абийрбек Абыкаев
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR