Жанаргүл Жолдошова: Радио

  • 05.08.2026
  • 112

ЭССЕ

Кээде адам өмүрүнүн эң алыскы бурчунан бир гана көрүнүштү эстеп, бүтүндөй бир доорду кайрадан жашап өткөндөй болот экенсиң. Менин балалыгым да ошондой жөнөкөй көрүнгөн, бирок жүрөктө өчпөс из калтырган күндөрдөн куралган. Карим акемдин үйүнө күн сайын барып, бозо ичкенди абдан жакшы көрчүмүн. Бир күнү агаларым менен атам мени издеп калышыптыр.

Акыры:

— Болду-болбоду, Каримдикинде гаргара бозо ичип отурса керек, — деп ошол жактан таап келишти.

Үйгө келгенден кийин мени абдан тилдешти.

— Чоңоюп калдың. Кыз бала болуп, бозо ичип, айылчылап жүргөнүң болбойт, — дешип Карим акемдин үйүнө барууга тыюу салышты.

Мектепке барып келем да, көңүлүмдү алаксытар эч нерсе таппай зеригип калчумун. Ошентсе да улам-улам Карим акемдин үйүнө баргым келчү.

Бир күнү акырын барып, терезесинин жанына отуруп, айнектен аларды карап турдум. Анан тынч эле отуруп, радиосуна кулак салдым. Андан Бегайым Жайчиеванын жомок окуган жагымдуу үнү жаңырып, ар кандай музыкалуу берүүлөр жаңырып турчу.

Терезе түбүнө келип, көк муштум болуп үшүгөнүмдү унутуп, сааттап отура берчүмүн. Кыргыздын күүлөрү жаңырса, аппак тон жамынган тоолор да кулак төшөп тыңшап тургандай сезилчү. Дүйнөлүк классикалык музыка жаңырганда, бороондон кийин тунган асманга көз жетпеген кыялдар учуп кеткендей туюлчу. Театр коюлса, каармандарды көзүм менен көрбөсөм да, жүрөгүм менен көрүп, алардын кубанычын да, кайгысын да кошо жашачумун.

Кыш биздин айылга өзүнүн катаал мыйзамын алып келчү. Районго барчу жалгыз жолду кар басып, кээде бир айга чейин ачылбай жабылып калчу. Ошол күндөрү бир айлап электр жарыгынын жүзүн көрбөй калчубуз. Кеч кирсе, үй ичи күңүрт керосин чырактын жарыгына гана бөлөнчү. Телевизор болсо үнсүз темир кутуга айланып, эч нерсе көрсөтпөй калчу. Бирок ошондой оор күндөрдө бизди эч качан таштабаган бир гана нерсе бар эле, ал — радио. Ал шамалга да, бороонго да моюн бербей, күнү-түнү дүйнөнүн үнүн биздин тоо арасындагы чакан айылга жеткирип турчу. Ошондуктан Карим акемдин үйүнүн терезесинин түбү мен үчүн дүйнөнүн эң жылуу бурчу.

Карим акемдин үйүндө телевизор жок эле. Бирок радиосу дайыма заңылдап турчу. Ошол радио үнү үйгө өзгөчө жылуулук, өзгөчө шаң тартуулагандай сезилчү. Алгач барган күндөрү ак төш ит мени тааныбай, ырылдап каршы алчу. Кийин ага атайын тамак алып барып, алдына коюп берип, өзүмө көндүрүп алдым. Ошондон кийин кыштын кыраан суугунда экөөбүз — мени менен ак төш ит — Карим акемдин терезесинин түбүндө жанаша отурар элек. Ал радионун үнүн тыңшап жаткансып кулагын түрүп жатар эле, мен болсо көзүмдү терезеге кадап, угулган ар бир обонду жүрөгүмө катып олтурчумун.

Бир күнү атам:

— Ай, кызым, итке жугунду куюп берчи. Ийне жуткан иттей болуп, ичи кабышып калыптыр, — деди.

Жугунду алып сыртка чыктым. Бирок ит аяк көрүнбөйт. Издеп жүрсөм, атам тамаша аралаш:

— Ээ, кызым, ит аяктын буту бар окшойт. Тээ Каримдин терезесинин түбүндө жатат ко, — деп күлүп калды.

Ошондо гана эсиме түштү. Ит аякты ошол жакка өзүм алып барып таштап келген экенмин. Бирок бир нерсеге ушул күнгө чейин таң калам. Аны менден башка эч ким билчү эмес. Анда атам анын ошол жерде жатканын кайдан билип алды экен?

Мен дикилдеп чуркап ит аякты алып келдим да, жугунду куюп бердим. Кайрылып келатып аппак кардын үстүндө созулуп жаткан жалгыз чыйырды карадым. Ошол кышта Карим акемдин үйүнө жалгыз мен каттачумун. Ошондуктан калың кардын үстүндө бир гана из жатчу.

Азыр ойлосом, ал чыйыр Карим акемдин үйүнө алып барчу жол эмес эле. Ал балалыгыма, радионун үнү жаңырган керемет кез экен.

Биздин үйдө тартип деген өзүнчө бир мыйзам сыяктуу эле. Атам ар бир нерсенин ордун, ар бир иштин убактысын билчү. Анын талапчылдыгынын артында тарбия, жоопкерчилик жана жашоого болгон олуттуу көз караш бар болчу.

Телевизор көргөн учурларыбыз да өзүнчө бир салт эле. Ал кезде болгону эки эле канал тартчу: ОРТ менен КТР. Үйдөгүлөрдүн ар биринин өзүнө жаккан берүүсү бар. Агам, жеңем жана эжем Леонид Якубович алып барган «Поле чудес» оюн-зоок программасын жана «Просто Мария» сериалын көрүшчү. Апам «Арноо концертин» күтүп, сүйүктүү ырларын укканды жакшы көрөр эле.

Ал эми мен ошол үйдүн кичинекей тургуну элем. Чоңдордун дүйнөсүн сырттан карап, алардын сүйлөгөн сөздөрүн, жасаган иштерин байкап чоңойдум. Баланын жүрөгү көп нерсени сезет, бирок аны ошол учурда сөз менен айтып бере албайт экен.

Атам мезгилден артта калбаган адам эле. Ал дүйнөдө болуп жаткан акыркы жаңылыктарды байма-бай угуп, заман демин сезип жашачу. Телевизордон орус каналынан жана КТРден жаңылыктарды көрөр эле. Үйдөгү радиобуз болсо анын өзгөчө дүйнө менен байланышы сыяктуу. Ал көбүнчө «Азаттык» менен Би-би-сини угуп, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдөн кабардар...

Мен радиону колума алып калсам:

— Тийбе, каналын алмаштырба! — деп эскертчү.

Ошондо бул сөздөрдүн маанисин толук түшүнчү эмесмин. Кийин ойлосом, ал радио атам үчүн дүйнөгө ачылган терезе экен.

Атамдын китеп текчеси биздин үйдүн эң ыйык бурчу эле. Ал жерде дүйнөлүк энциклопедиялар, «Кызыл китеп», «Ала-Тоо» журналынын жыйнактары, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбековдун чыгармалары жана дүйнөлүк классикалык адабияттар тизилүү.

Ал китептерге жөн эле кол тийгизүүгө болбойт эле.

— Май кылып коёсуң, — деп атам эскертер эле.

Анын китепке болгон мамилесинен өзгөчө бир урмат сезилчү. Китеп ал үчүн ыйык, адамдын акылын байыткан улуу дүйнө эле. Бирок баланын кызыгуусу күчтүү эмеспи. Бир күнү терезенин текчесинде жаткан китептерди карап калдым. Арасында Иосиф Сталиндин «Анархизмби же социализмби?» деген китеби да бар экен. Ошол китепти алып окуганга аракет кылчумун. Барактарын ачып отурсам да, балалык акылым анын терең маанисин түшүнө алчу эмес. Окуганым менен, көп нерсе мээме сиңбей калчу.

Балким, ар бир китептин да өз убактысы болот чыгар. Айрым ойлорду адам жашы жеткенде гана түшүнөт экен.

Зериккен күндөрүмдө кошунабыз Карим акенин үйүнө бара калчумун. Ал үйдүн өзүнчө бир жылуулугу бар. Жайы-кышы бозосу үзүлбөйт. Ал үйдө башкача бир мээримдүүлүк, жөнөкөйлүк бар. Дасторкондогу жылуулук, адамдардын таза мамилеси балалык дүйнөмдө унутулгус из калтырды.

Эми ойлосом, адам өмүрү дал ушундай жөнөкөй көрүнгөн көз ирмемдерден куралат экен. Балалык — адам жүрөгүндө түбөлүккө сакталган бир керемет дүйнө тура.

Бир күнү эжеме тамаша-чыны аралаш:

— Эже, биз Карим акемдин эле кызы болуп калбайбызбы? — деп калдым.

Эжем таң калып:

— Эмнеге? — деди.

— Свет жокто деле жыргап радио угабыз. Биз күн сайын Карим акемдикине көп барып калдык ко, — дедим.

Эжем күлүп:

— Мен кыз болбой эле койдум. Өзүң боло бер. Сен бозо ичип, радио угуп жүрүп эле Каримдин кызы болуп калыпсың, — деп мени шылдыңдап калды.

Биз ушинтип сүйлөшүп турган учурда атам үйдөн чыгып келаткан экен. Эжем тынч отура албай, дароо:

— Ата, мына бул кызыңыз Каримдин кызы болгусу келип атат, — деп арызданып жиберди.

Атам бир караганда эле сүрдүү көрүнчү. Анын үнүнөн мурда эле көз карашы тартипке чакырып тургандай сезилчү. Мен эмне дээримди билбей, коркконумдан качып жөнөдүм.

Февраль айынын аягы. Кыш бою калың жааган кар басырылып калган. Ошол басырылган кар мени көтөрүп калыптыр. Үстүндө зыпылдап, асфальт жолдо чуркап бараткандай жеңил учуп, Карим акемдин үйүн көздөй жөнөдүм.

Аппак кардын үстүндө кичинекей буттарымдын изи калып жатты. Бирок артыма караганга даай алган жокмун.

Ошол маалда Карим аке атына жем берип, аттын башына торбо илип, үйүн көздөй келаткан экен. Мен жетип барып эле, башка сөз таппай:

— Карим аке, бозо барбы? — депмин.

Карим аке мага жылмайып:

— Ии, бар эмей. Бас, үйгө, — мени ээрчитип жөнөдү.

Экөөбүз үйүн көздөй бастык. Бир маалда артыма кылчайсам, атам баягы эле калыбында ары-бери басып жүрүптүр. Эки колун артына алып алган. Мени чакырган жок, артыман чуркаган жок.

Ошондо бала жүрөгүм менен: «Азыр атам чуркап келип: "Кызым, кетпе! Менин эле кызым болчу!" — десе керек», — деп күтүп бараткам. Бирок атам анткен жок.

Кийин ойлосом, атамдын да өз дүйнөсү, өз түйшүгү бар экен. Балким, ошол күндөрү жумушунда отчёт тапшырар мезгил келип, оюнун көбү ошол жакта жүргөндүр. Ата деген кээде сүйүүсүн сөз менен эмес, унчукпай көтөргөн жоопкерчилиги менен көрсөтөт экен.

Атамдын кийингени да өзгөчө эле: бутунда хром өтүк, үстүндө галифе шым, сыртында плащ, башында шляпа. Айылдын көчөсүндө ошол кийими менен эле сүрдүү көрүнчү. Үйдүн тиреги, сөзүнүн баркы чоң адам эле.

Ал эми Карим акемдин үйү биздин балалыктагы өзүнчө бир дүйнө. Свет өчкөн түндөрдө ошол үйдөн радио үнү угулуп, бозонун жыты азгырат...

Азыр ошол күндөрдү эстесем, калың кардын үстүндө зыпылдап чуркаган кичинекей кызды көрөм. Ал кыз үчүн ошол учурда дүйнөдөгү эң коопсуз жай Карим акемдин үйү. Балалык деген ушундай экен — бүтүндөй өмүр бою жүрөктө өчпөс из болуп калган.

Алардын үйүнө барган сайын дасторкон жайылып, үй ичи өзүнчө бир жылуулукка толо.

Карим акемдин жашыл кружкасы болор эле. Ал кружка эмнегедир менин балалык эсимде өзгөчө сакталып калды. Карим аке ар дайым бозо куйдуруп алып, печтин үстүнө коюп ысытып иччү. Ысык бозонун жыты үй ичине тарап, мен үчүн ал жыт балалыктын эң таттуу элесине айланды.

— Карим аке, мага дагы ысык бозо куюп бериңизчи, — десем, уулу Абдирай аке күлүп:

— Жабышкыр (мени ушинтип тамашалачу), сен мас болуп каласың, — деп тамашалачу.

Анын ошол күлкүсүндө да, тамашасында да мага болгон жакындык сезилип турчу.

Алимакан эже болсо мага дайыма мээрим менен мамиле кылчу. Бозону өз колу менен куюп берип, дасторконго отургузар эле. Анын жууруп, кесип, кургатып, кууруп жасаган камыр палоосу өзгөчө даамдуу.

Мен бала кезимден бери андай ширин бозону башка эч жерден иче элекмин. Балким, анын даамы бозонун өзүндө эмес, ошол үйдүн мээриминде болгон чыгар.

Алардын үйү дайыма жылуу. Радио эч качан өчпөйт эле. Ал үйгө барганда өзүмдү бөтөн сезчү эмесмин. Тескерисинче, өз үйүмдөгүдөн да эркин болуп, көңүлүм жай алчу.

Кээде терезеден аңдып туруп, үй ичинен чыккан радио үнүн угуп калчумун. Эмнеге түз эле кирип барбаганымды азыр ойлосом, өзүм да түшүнбөйм. Атам «шыйрагыңды чагам» десе, түз кабыл алгам го.

Тамак ичип отурсак, Абдирай аке бир аз капалуу түр менен сөз баштады:

— Сен эмнеге терезеден аңдып жүрөсүң? Үйгө кирип эле радио уксаң эмне, биз сени жыга чабат белек?

Алимакан эже да:

— Көптөн бери келбей калдың го, — деп таарынгандай айтты.

Ошондо Карим аке жылмайып:

— Сенин келгениңди билип, атайын радионун үнүн бийик коёбуз, — деди.

Ошол сөздү укканда ичимден бир нерсе үзүлгөндөй болду. Көрсө, мен жашыруун кылып жүргөн ишимди баары билип жүрүшүптүр.

Мен биринчи келген күндөрү радио акырын угулчу. Кийин кулагым көнүп калды деп ойлоп жүрсөм, көрсө, алар мен үчүн атайын үнүн бийик коюшат экен.

Ошол учурда өзүмдү айыбы ачылган кылмышкердей сездим. Бетим кызарып, денем ысып, тердеп, аябай уялдым.

Азыр ойлосом, биздин үйдөгүлөр да, Карим акемдин үйүндөгүлөр да менин ошол кылыгымды эчак эле билишкен экен. «Кызык, кантип билип алышты?» — деп ошол кезде башым катып жүрчү. Көрсө, чоңдор баланын айтпаган сырын да билишет экен. Анткени алар баланын көз карашынан, кадамынан, үнүнөн анын жүрөгүндөгү нерсени сезишет тура.

Ал күндөр азыр артта калды. Бирок ошол үйдүн жылуулугу жылуу сөздө, бирөөнүн сени күтүп турганын сезген ошол керемет көз ирмемдерде...

Азыр ал кездеги атам да жок, Карим менен Алимакан эже да жок аттиң...

Матисаков мектеби.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз