Талип Ибраимов: Фигаронун үйлөнүшү

  • 15.08.2026
  • 232

АҢГЕМЕ

Фигаро айылга алгач келери менен эле жердештеринин оозун аңырдай ачырды. Анын таржымакалын айылдаштарынын баары билген менен аны көргөндөр дээрлик аз эле. Себеби Фигаронун жүргөн жерлери жөн салды пенденин тумшугу жетпес, тээтиги бийик-бийик жайыттарда болчу.

Ал айылдаштарынын аңызына, айтып бүтүрө алгыс мактанычына айланган. Анын эрдиктерин айтып башташканда жомоктогу баатырларга тете сапаттары айткандардын да, уккандардын да кыбасын кандыра, айылдашынын дымагы алардагы эбак жан таслим болуп бараткан эркектик эрдемсинүүнү кытыгылап, байып бараткан намыстарын туйлатып, делөөрүтүп жиберчү.

Бул айылдан докторлор, ырчылар, акындар сыяктуу майда-чүйдө немелерди айтпаганда да акчалуу соодагерлер, базаркомдор, академиктер, артисттер, ал түгүл министрлер сыяктуу бир топ эле кыйындар чыккан, бирок мындайлар ар бир айылда бар эмеспи. Асти атагы таш жарган, союзду дүңгүрөткөн чыгаан бандитти жараткан мындай айыл Кыргызстанда болбосо керек. Убагында ал бүт союзду түрө кыдырып, тоночусун тоноп, сабачусун сабап, дооранды сүрүп жүргөндө айылдагы карыган ата-энеси уулунун караанына зар болуп жүрүп, биринен сала бир дүйнөдөн өтүшкөн.

Шашке ченде Ашымдын сүлдөрү калган эски тамына кычырган машине келип токтоду да, элүү жаштардагы тыржыйган пекене кишини чемодандары менен кошо түшүрүп коюп, чаңызгыта кайра жөнөп кетти.

Тиги киши эски тамды саамга айландыра карап турду да, анан кажыган босогого өбөктөй калып, тизелеген бойдон аба жара өкүрүп кирди:

– Мама моя, Родина! Вернулся твой грешный сын! Прости меня, мама, прости дурака![1]

Мындай күтүүсүз өкүрүктөн жайбаракат жаткан элдин үрөйү учуп, алеки саматта эле тапырап чогула калышты.

– Кайдагы шолоктогон орус?

– Кыргыз эле го?

Тиги улагада өкүрүп аткан неме ансайын албууттанып жерге ооналактайт, чачын жулуп, башын муштагылайт. Мындайды көрбөгөн айылдыктар чочугандан селейип, үн катпай турушту.

– Простите меня папа-мама! Простите, что забыл вас! А-аа![2]

Ачуу өкүрүк айылдын эсин эңгиретти. Кулак какшаткан боздоого айрым борпоңдор чыдабай олтура калса, кайраттурактарынын борбую селт этти.

– А кокуй, бул Ашымдын баягы бандит баласы турбайбы!

– Энеңди урайын ит, кыргызча эле кошпойбу!

– Кайдан тилди билмек эле!.. Тыптырмактайында шаарга кетип, ошо бойдон тентип жоголбоду беле!..

– Ай, бириңер сооротуп койгулачы, өпкөсү үзүлмөк болду!

Тизелеп олурган азакөйдү бирөөсү акырын каруудан алып, сүйөй тартты.

– Байке, сабыр кылыңыз!

Тиги киши чапчаң туруп, жаш толгон көздөрү менен чогулган элди айландыра карады да, заңгыраган үн менен бир башкача оорактана опсуз каадаланып сүйлөдү:

– Здравствуй, несчастный мой народ![3]

– Мындай жагалданган амандашууну күтпөгөн эл абдаарый түшүп, баш ийкегилей алик алган болушту.

– Ай, сен эмне эле орусча тантырайсың? Же ошончо эле бышык болуп кеттиңби? – чогулгандардын ичинен тыржыйган бирөө (кыязы, айылдын чычаңдууларынан болсо керек) тыңсынгансып тигини кекете тоорулуп келди эле, аны кепка кийген абышка тыйып койду

– Тилиңди тартып сүйлө... Бул баягы элди-жерди дүркүрөткөн Фигаро, кийин ыйлап жүрбө!..

– Братва, не дрочи зубы! Я, как собака, - все понимаю, а говорить – язык заплетается[4], – Фигаро көзүнүн жашын аарчый жоошуй сүйлөдү. – Дайте срок, болтать буду – не остановите[5]...

– И-и, байкуш, кантсин!.. Бүт өмүрү орустун түрмөлөрүндө жүрсө... – кемпирлердин бири шыпшынып койду. Тургандар буга муюй, баштарын ийкегилей, тигинин акбалын түшүнгөн таризде коомайланышат. Тургандардын ичинен бир жигит Фигарого басып келди:

– Байке, сиз экөөбүз тууган болобуз – бир урууданбыз. Жүрүңүз биздин үйгө, даам сызыңыз.

*       *       *

Иштин кызыгы кечинде, – айылдаштар атактуу жердешинин келишин майлап олтурушканда болду. Бүйүрү кызып, делөөрүгөн айылдаштар атактуу уулунун канбайрам "жортуулдары" тууралуу, кимдерди сындырып, кимдерди "тындырганын" өз оозунан укмакка тил билгендери алынын келишинче орусчалап, Фигарого суроолорду жаадырышты эле, ал кыска-кыска жооп берип, көбүнчө унчукпай кутула, дүүлүккөн топтун демине суу септи. Анын таштай мисирейген иреңинен, суз мамилесинен тажатма суроолоруна жооп ала албасын түшүнгөн айылдаштар аздап иренжий башташты. Жердештер менен текебер меймандын ортосунда түшүнбөстүктүн жараңкасы из салып, ал улам тереңдеп баратты. Олтуруштун кызып калган кезинде жанатан берки жанданбаган маекке ичи чыкапай олтургандардын бири азырак кызымтал болуп калган Фигарого кычы суроо узатты:

– Байке, сиз көрбөгөн тозок калган жок дейт?

– И?

– Бүт союзда сиз чаппаган шаар, жатпаган түрмө жок дейт?

– Анан?

– Анан, алтын да чайкап жүргөн дейт?

– Анан?

– Алтын жыйдыңызбы анан? – тигинин көздөрү жайнай түштү.

– Эки мүшөктөй, – Фигаро мисирейе жооп берди.

Олтургандар аңкайды. Бирөөсү мындай күтүүсүз жооптон чачап кетип, шилекейине какап, ыкшып жөтөлүп калды эле, олтургандардын баарысы көздөрүнөн чаарын чыгара ага тигилгенде, бечара чыдабастан эшикке калдастап качып чыкты.

– Анан каякта алтындарыңыз? – эси оой түшкөндөрдүн бири өзүнө келип, асылган оор жымжырттыкты четинен чубады. – Мен көргөндөн үч эле чабадан менен келдиңиз го?..

– Мен аларды президент Акаевге тапшырдым.

– Эмнеге?.. – көтөн чучугун бурап жибергендей чаңырып алды бирөөсү.

– Кыргызстандын гүлдөп, өсүшү үчүн. Же биздин мамлекет сандалып, башкалардан артта калсын дейсиңерби?

– Артта калсын деле дебейбиз, бирок алтынды эмнеге чоочун бирөөгө кармата салдыңыз?..

– Акаевге сиз өзүңүз тапшырдыңызбы?

– Мени ага киргизишмек беле!.. Канцеляриясына калтырып кеткем.

– Жеп кетишет да, акмактар! – олтургандардын бири ыйга муунган үн менен зорго карманып, чаңырып алды. – Талаага кеткен кайран байлык, кайран байлык!.. Кайран гана алтын!..

– У, кебетеңди урайын ач көздөр! – чыдабай кеткен Фигаро жарыла каткырып жиберди. Айылдаштар алгач ага жин урган эмедей карап, сөз төркүнүн баамдагандары осол болуп калгандарын түшүнүп, ортодогу күлкүгө кошула кара күчкө ырсайган болушту.

Алтындан кеп баштап жиберип осол калган жигит күлгө чапкан көтөндөй бозала болуп, күлкүгө кошулуп кете албай, ызага муунуп олтуруп калды.

– Эми ушунча патриот экенсиз, анда эмнеге Мекениңизге балдарыңызды ала келген жоксуз? – кегин кетиргиси келбеген "алтынчыл" эми түз качырганга өттү.

– Ошо, патриот болгон үчүн аларды алып келген жокмун. Ансыз деле Кыргызстанда өзүнүн кемчонтойлору жетиштүү эмеспи.

Ортону оор тынчтык басты. Баарысы сүйүктүү Мекенинин кадырына доо кетирген мындай жалааны жаткыра чабайын дейт, бирок кантип?

Буга чейин Кыргызстанга болгон ашынган сүйүүнүн азабынан жаралган мекенчилдик сезимдер менен жанды магдыраткан сыймыктануу олтургандардын ойлорун кысып, акылдарын ныгырып баштаган. Эр болсоң патриоттуулуктан башың айланбай көрсүн?! Мындайда алгач топ бузарлар агитациянын алчы-таасын жеген, далай шайлоону шылыган жез таңдай, чечендер болот эмеспи. Буларың качан, кай жерде жүрбөсүн шурудай тизилген жарыш сөзгө даяр, анткени аларыңа иштин абалы эмес – сөздүн чырайы гана маанилүү го.

– Сизди кабардар кылып коёюн, – ныктап сүйлөгөн, окумал түспөл бирөө сөздү нымырт баштады. – Статистикалык маалыматтарга таянсак, биздеги элдин салыштырмалуу орточо билими көптөгөн Европа өлкөлөрүндөгү салыштырмалуу орточо билимге караганда бир топ жогору, айталык, ошол эле Францияга салыштырганда... Ал эми биздин сыймыктанган, атагы ааламга кеткен уулдарыбыз тууралуу айтпай эле коёлу...

– Ооба! Оосуруп алып – оруска таанылдым, "дүңк" эттирип койсо дүйнөгө таанылдым деп мыкчыйгандарды айтасыңбы?

– Ит турбайбы? Бул эмне дегени?

– Биздин эрлерди оосурак деп атабы?

– Сизди дагы бир жолу кабардар кылып коёюн. Кыргызстандын улуу инсандары абаны булгабайт, аларды аалам эли тааныйт, дүйнөнүн булуң бурчунда билишет! – тиги чечен да бош келбеди.

– Аалам суктанат де?.. Ооба! Тээтиги окенадардын бир
аралындага дыңкара аларыңдын портретин алачыгына илип алып
ушундай бир берилүү менен сугун артып карайт экен, ашынган арзуу
энегине тепкенден а-бу дегенче эле анын аласы суу болуп калат экен
деп уккам!..

– Түү! Иттин ити экен, өз элин, өз жерин сыйлабаган ит кимди сыйлайт!..

– Акебай, биз сени адамча күтүп алсак сен даана ит экенсиң! Кетип кал, биздин айылдан. Сендей туугандан кечип деле коёбуз.

– А, силерге мобу керекпи? – Фигаро ордунан тура калып, топту карай колу менен ыплас турмугун кайкалата көргөздү. – Бул жер менин да мекеним, менин да айылым! Азыр мен бул жерге тырмагым батканча, казыгым киргенче кагылып жармашам. Колуңдан келсе мени жулуп ыргыт! А силер, ач көз сасыткылар, жетимиш жыл бою үйрөнгөн өнөрүңөр ушул; – жалаң гана ичкен-чычкан, анан шилекей чачырата оосурагыңар менен мактанмай.

– Акмак! – айылдыктардын бири ага жулунду.

– Токто! Өлтүрүп коем! – Фигаро эми каргычудай боюн жыйыра өкүм үн катты. Анын калтаарыбас түрүнөн сестенген айылдаштарынын мизи майтарыла түштү.

– Толстой, Моцарт, Шекспир, Гегель, Бальзак! Эмне деген инсандар! Алардын залкар ойлорун эшиткен адам түгүл маймылдар да аларга таазим кылып, акыл-эсин жоготкончо ыйлап жатышпайбы?.. А силерчи? Жок дегенде бир жолу ыйлап койдуңар бекен?!

Саамга жымжырттык орноду.

– А кайдан? Шордууларсыңар, силер! Шордууларсыңар!

Фигаро буркурап ыйлап жиберди да, колун шилтеп, караңгыга сиңип кетти. Дуулдап аткан айылдыктар дендароо болуп ордуларында катып калышты. Караңгылыктан улам алыстап бараткан адамдын буркураган ыйы менен сөздөрү аларга желге аралаша жетип турду:

– Шордуу элсиңер силер, шордуулар!

*       *       *

Эми айылдыктар Фигарону эч барк албай, көрсө да көрмөксөн, аны "кишисиңби, итсиңби" дебей да калышты. Кыязы ал буга капа болмок тургай кайра анын тынч койгону үчүн анысына деле курсанттай. Эми керээли кечке тынбай тытынып иштей турган болду. Чарбагынан чыкпай казып-чукуп, бирдемелерди эгип, тегерете кашаа согуп чыкты.

Кайдан жайдан пайда боло калган шайдоот жигиттер эски тамды эптештиргенге кол кабыш кылышып, чалдыбары чыккан үйдүн чырайы чыкканча мээнеттеништи да, кандай пайда болсо так эле ошондой жиксиз, изсиз жок болуп кетишти. Андан соң манаттай бышкан кызыл кыш жүктөлгөн эки жүк машине менен кошо түнөргөн топ киши пайда болду. Алар түнү бою Фигарого кошулуп жайраган жаштык, адашкан өмүр, чидерге чалынган тагдырлар тууралуу (түрмө жыттанган) жарым уйкаш чала жамактарды созуп да, ичип да муңканып чыгышты.

Таң заардан айылдыктардын уйкулуу көздөрү кыйкырган, сөгүнгөн үндөрдөн умачтай ачылды. Кошуна көрөгөч кемпирдин айтымында тиги түнөргөн кишилер Фигаронун жонундагы арчындалган себетти чечип алабыз деп көпкө убара болушкан имиш. Эргулуң болсо тигилерди жуутпай, оозго алгыс сөздөр менен ашатат:

– Пахан! Койсоңчу баланын оюнундай жорукту... Жөн эле жаныңды кейитесиң...

– Жогол дейм! Тийбе! Мени Кыргызстанымдын жаркын келечеги үчүн жараткан ата-энемден отуз жыл бою эч кабар албагам. Эми...

– Пахан! Мунуң жарбаган эле иш...

– Тийишпе, мага! – Фигаро жоошуй чечкиндүү айтты. – Мен өз чыйырымды түптөшүм керек.

Тигилер айласы түгөнгөндө кыш жүктөлгөн машинеге олтуруп жүрүп кетишти.

Айылдын мүрзөсү береги тик адырдын чокусунда эле. Сөөктү акыркы жайына алып барткан айылдаштар демейде мүрзөгө адырды наркы беттеги жайыгырак апай бет менен айланып барып, анан кырга саптап чыгып келишчү.

Мына эми ошол берки тик бет менен жонундагы себетке кызыл кыш толтурган киши кыялап, саптабастан кырдагы мүрзөнү беттеп, адырга түз чыгып баратты. Бир канча ирет тайгаланып, тоголонуп да кетти, мүдүрүлүп артка шыпырылды, бирок көшөрүп олтуруп акыры оо бир далайда кырга да жетти. Жондогу боз дөбөлөрдүн арасында түнөргөн кишилер анда-санда төмөндөн жакындап келаткан немени жактырбагандай карап, ылай аралаштырып турушкан.

Акыры көл-шал болгон Фигаро сенделип кырга жетип, боз дөбөлөрдүн бирине тизелей олтура калды да, өксүп жиберди:

– Ата, апа... Кечиргилечи мени! Мына, мен келдим!

Ушундан он күндөн кийин мүрзөлөрдүн арасында өсүп чыккан чырайлуу зор күмбөз айылдыктардын оозун дагы ачырды. Фигаро эми жаңы күмбөздүн астында тизелеп туруп өксүп атты:

– Ата, апа, кечиргилечи мени! Мен силерди тирүүңөрдө бир ыраазы кылбадым, же карыганыңарда кам көрбөдүм, же топурак сала албадым. Мендей акмак бар бекен?! Эми бул күмбөздөн эмне пайда?! Ооба, бул менин өзүмө, өз абийримди алдаганга эле да... Ата, апа, кечиргилечи мени!

Мунун баарын угуп, көрүп билген усталар, Фигаронун эски "кесиптештери" түнөрүп, ичинен буулуга кошо ыйлап турушту.

*       *       *

Даңаза кимге эле жакпасын. Күмбөздүн түбүндө болуп өткөн мындай сөөктү жибитип, жүлүндү бошотор сценадан кийин айылдаштары Фигарону сыйлап калгансышты. Оңойбу анан, бандит болсо болгондур, бирок абийрин жоготпоптур да, бала...

Эми тээтиги алыскы айылдан чыккан чыгаан бандит жөнүндөгү эски уламыштардын тамшанткан жаңы сериясы жаралды, анда элден безип кеткен уул кайгы менен азаптан кайтып кеткен ата-энесинин мүрзөсүнө келип зар ыйлап, убагында урмат кыла албай калганына өкүнүп, үзүр сураган үнү кудайга жете, качан эле чымга айланып, домосу билинбей бараткан кабырдын үстүнө мавзолейдей керилген күмбөз курат. (Ичи-сырты тимеле... евроремонт дейт) Эл оозундагы башка уламыштардан бир айырмасы – бул уламыш баштан аяк чындык эле. Мына, салынган күмбөз, тиги – тиги эски үй Ашымдыкы, ал эми береги – атактуу Фигаронун дал өзү, болгону мунун баарын башкаларга алыстан гана (балээден алысырак) көрсөтүүгө болот эле, антпесе тиги эргулуң топоздой бышылдап, максатсыз эле тоорулуп тургандарды көп жактырбайт. Айылдаштары да ак көңүлдүк кылып анын улуу кыргыз элин жана анын атактуу уулдарын кемсинткенин кечиргендигин ишараатташса деле тиги моюн толгоп койду, кыязы, булар менен коюн-колтук алышып кетүүнү анчейин деле каалабайт өңдөнөт. Бул ургандын адамдардан көңүлү үч көчкөн журттай калган окшойт да.

Аңгыча күтүрөгөн күз келип, береке агып, той-аш доору башталды. Айылдаштар ынтымагынан жазбай, үйүрүн чачыратпас картаң айгырдын үйүрүндөгү элпек бээлердей тобун бузбастан, улам бир үйдө ыңгырана түгөл чогулушуп, ооздору майлуу тамак менен маңыздуу маектен бошобой маймаңдап атышат... маймаңдап атышат... маймаңдап атышат... Ушул күрдөөлдүү күздө жыйган казы келаткан кардуу кышта жакшы тооп болот эмеспи...

Фигаро башында элдин ыркынан чыгып кете албай айылчылагандарды ээрчип, мойнунан байлаган иттей болуп той-аштарга кошо барып жүрдү. Ушундай магдыраткан жай олтуруштардын биринде ал баягы ит адатын дагы карматты. Анын "а" дегенде эле карегинде пайда боло калчу даяр көз жашы булактап жүзүн жууп, бетин батташтыра "шордуу эли" тууралуу санатын жанын жанчып саймедирей, алардын болгон акыл кубаты май ашап, эт жегенге гана жеткенин, алар эми ушинтип ашай берсе кой, уй, жылкыны майкандап бүтүп, анан иттерди жээрин, алар түгөнгөндө бири бирин мойсоп кирерин какшана айтып, өз жүлүнүн жаман сыздатты бейм.

Бул жолу айылдаштар анын сценасын майлуу бешбармактын тишке тыгылган калдыктарын ыңгырана чукуп олтуруп кыйла токтоо (атүгүл өтө токтоо) кабыл алышты. Тигиге теңеле чарпылган эч ким болбоду. Атүгүл айылдык ашкере билерман инсандардын бири келтирген кеменгер баамдоосунун тамгасын да түшүрбөстөн, анын асыл ойлоруна болгон сыйыбыз катары сиздин да алдыңызга тарта кетели: "Биз сыйлаган байкебиз узак убакыт аралыгында белгилүү себептерден улам коомдо жана доордо өтүп жаткан социалдык, турмуштук процесстерге катышпагандан улам, акыркы кездерде демократиялык идеяларга таянуу менен кыргыз коомчулугунда жүрүп жаткан терең процесстерден кабарсыз экендиги жана аларды түшүнө албай жаткандыгына күбө болуудабыз".

Мындай терең маанилүү ойчабыттын тыянагын уккан айылдаштар далайга үнсүз элейип калышты эле, Фигаро колун шилтеп коюп балбаалап ыйлай түн койнуна сиңип кетти. Жердештери анын артынан келекелей күлүп, дасторкон четинде калышты.

Бул керооз чалпоону эпке көндүрүп, эл кылып алыш үчүн айылдаштары аны үйлөндүрмөк болушту. Бул жооптуу иш айылдагы керек жерде шайтанды да чүлүктөп алаар, тилинен да, колунан да келген ашкере тың жеңелерге табышталды. Жердештердин оозуна болочокто болор чоң тойдогу ширелүү жаянын даамы келип, ошол жакшылыкты тымызын чыдамсыздык менен күтүп калышты.

Бирок айылдаштардын тилегин таш капты. Таш тийгенде да кыбасы канып, кычуусун баскандай тараптан эмес, алар күтпөгөн тетири тараптан тийди. Буулуккан Фигаро үйлөнүүдөн качмак тургай, андай сунушка жан дилден макул экен. Бирок ага ылайыктуу келинчек табылмагы машакаттын машакатына айланды. Шыпылдаган жуучу жеңелер, далай эрди жаңырткан жубандарды, не бир "эр болсо эле жетсем" деп эркектен көзү каткан жесирлерди "чубатууга салышты", бирок алар Фигаро менен бир түнөп чыккандан кийин эле артын карбай дыргаяктап кача турган болушту."Ой, ботом, эмнеге тийбейсиң?" деген суроого бири да түз жооп бербей, уялып жер тиктесе, бирөөсү ошо жерден эстен танып, таза балээ болду.

Айылдыктар деле жаш балдар эмес да. Эр күсөгөн көп катындын сүйлөшүп алышкандай бир ооздон мант беришинин себеби ычкырдын тегерегинде жатканын туюп турушту. Ал түгүл кайсы бир жер тыңшаар Маамыттын укканына карганда таанышууга келген (тагырак айтканда, жуучу жеңелер алып келген) жесирлердин бири түн бир оокумда бакырган бойдон Фигаронун үйүнөн атып чыгып, өңгүрөп-даңгырап кууган иттерге жеткирбей көчө ылдый кеткен имиш.

Эми айылдын эркектеринин чыйралган намысынан төбөсүндөгү шөлпөйгөн калпактары да зыңк кайкалады. Атүгүл демейде тымызын какшык жиберип турчу күйдүргү сынчылдар да, булар чынында эле улуу элдин урпактарынан экенинде кымындай шеги калган жок. Алардын, тактап айтканда – Сары-Булактын эркектеринин ышкылары зоодон ышкырып, зоболосу асмандап, ушунчалык менменсинип калышты дейсиң, - буларга Кыргызстандын башка эркектери өңчөй мажес бир бечаралардай көрүнүп, аларды каакымга да теңебей, анан келип майдаланып олтурбастан эле: "Улуу Манастын түз урпагы мына, – биз" деп жарыялап жиберишти. "Өздөн чыккан жат жаман" болот эмеспи, кайсы бир шүмшүк бир эле окуянын негизинде мындай бүтүм чыгарыш кесир болот деп чыйылдады эле, баарылап анын жаагын жап кылып, эрдикке суусаган "урпактар" улам күчөп дуулдай башташты.

Алгач айылдын ажаан иттеринин бири "чоролордун" колунан уу жеп жан таслим болду, андан соң "жылкы тийүүгө" чыккандар бирөөнүн короосунан эки коюн бөктөрүп кетишти, көп узабай бойго жеткен кыз зордукталды. Айылда эми боло турган "эрдиктер" жаап жиберчү сур булуттай туш-туштан самсаалап, кооптондуруп да, делөөрүтүп да турду. Ошондо баягы окумал сынчынын алласы оозунан түшүп, баталгага байтал мууздап, айылды бүт чакырды да, тизелерин калчылдата "шайтан азгырганда" байкоостон айтып алган сөздөрү үчүн кечирим сурап, айылдаш эрендерден ырайым тилеп турду.

Кагазга бышык неме жүз машинке баракка сары-булактыктардын бешиктеги баласынан, эңкейген чалына чейин эркек киндиктүүлөрүнүн баарысы түз эле Баатыр Манас тукумунан экенин илимий негизде айныксыз далилдеп, бадырайта басып койгон экен.

Көшөгө сакасы конбой аткан Фигарону муң басып, кападар. Күүгүм кирери менен анын үйү тараптан күйөөсүнүн кыркына чейин айныбай кошкон сүймөнчүк жесирдин кечки кошогундай болуп, саат мүнөтүнөн айныбастан гитаранын озондогон дабышын коштогон тикендүү көмөкөйдүн киркиреген үнү ырдап коё берет:

– Не ходи ты вечером так поздно,
И воров за собой не води.
Не влюбляйся ты в сердце блатное,
И жигана любить погоди.

(Ай селки, түнү шаарда кеч калба,
Изиңди кууп ууру жүрбөсүн.
Арзууңду арнай көрбө баатырга
Жигитке жүк болбосун жүрөгүң).

Арман лирикасына чөмүлгөн айылдаштар үшкүрүнүп, насиптешинин кайгысына күрсүнүп калышса, артыкча жашык кемпирлер жоолуктарынын учтары менен көздөрүнүн кычыктарын жышый: "Бечара десең... Ушу байкуштун багына бир бетпак тургандыр..." дешет. Мындай ырааттуу да, таасирдүү да айылдык "романс кечелеринен" кийин көчөнүн мадырабаштары орусча «блатной» насыяттарды жарамазандай эле жаадырышчу болду. Ичинен бир таланттуусу райондогу көркөм чыгармачылык кароодо комузга салып созуп жиберсе болобу:

- Я вырыл ему яму.
Он в яму не ползет.
Я двинул ему в ухо.
Он сдачи не дает!

Ой-е-ей! Он в яму не ползет!
Ой-е-ей! Он сдачи не дает!
Я плюнул ему в морду -
Он обратно не плюет!
Я глянул ему в очи -
Приятель мой помер!..
Ой-е-ей! Я глянул ему в очи,
Ой-е-ей! - приятель мой помер...

(Чукуп койгон чуңкурума
Кайран доскем, түшпөдүң
.
"Каңк" эттирсем кулак түпкө
Катуулугун сезбедиң.

Ой-е-ей! Кайран доске, түшпөдүң,
Ой-е-ей! Кайран доске, сезбедиң.
Шалп түкүрсөм чекеңе,
Какырып жообун берчү элең.
Карай салсам жөн эле,
Шилекейи акпаптыр.
Түбөлүк доскем уктаптыр.

Ой-е-ей! Ой, кареги түндү тиктептир,
Ой-е-ей! Доскем бизди таштаптыр).

Райборбордогу орустар үстөмөнүнөн түшүп, өңгөчү үзүлгөнчө сүрөп кетишти. Апсайган бирөө өпкөсүн тепкен өрөпкүүгө ээ боло албай сценага жүгүрүп чыгып, жашка толгон көздөрүн сүрүп да койбостон, орус маданияты боордош кыргыз элинин мадниятына, жашоосуна кандай кирип жатканын ынтаа менен саймедиреди.

Ушинтип Фигаронун чыгармачылыгы айылдан да алыска канат жайып, таланты тааныла баштады. Аймактагы болгон жубандар менен, жесирлерди Фигаронун желесине тартып көрүп токтото албаган жуучу жеңелер, "ишмердүүлүгүбүзгө ишенич кеткенче уят кетсин" дештиби, айтор, же акыры бир "бак тобокел" дештиби, күндөрдүн биринде аягы суюктуктан аты чыккан, анысынан уялмак түгүл кайра шарданалап жүргөн, акышына адам чыдагыс Октябрина деген жалжакени "тааныштырууга" алып келишти. Айылдык эркектердин баарысы Октябрина жөнүндө кеп болсо мурдун чүйрүп, денесин жыйрып, жийиркенгени менен, ыңгайы келсе токмокко тойбос бийкечтин чарбагына бир кирип чыгууга куштар эле.

Айылдыктардын үч күн, үч түн бою ичпей да, жебей да көзү жыртылгыча аңдыганы Фигаронун куурчактыкындай чакан кооз үйүнүн каалгасы болду. Же андан эле бирөө чыгып, же баш багып койсочу... Эгер маал-маалы менен чыккан музыка доошу менен анда-санда Фигаронун аюдай айкырып койгону болбосо, экөө ашыктык отуна алдырып жатып жан таслим болушту деп ойлогондой тынчтык өкүм сүрүп турган.

Фигаронун каалгасын каректери менен күзөтүп, сары убайымга баткан айылдаштар үч түн, үч күн бою ал жактан келчү жаңылыкты акыр кыяматты күткөндөй күтүп, зардапта жатышкан. Төртүнчү күндүн таңында зарыктырган эшик "тарс" ачылып, ичкериден учуп чыккан Октябрина этегин желбектете түз эле сайга түшүп барды. Суууга жетип-жетпей төрт аягына кулап түштү да, алгач уйпаланган башын сууга малып-малып алып, малча силкинип койгон соң ошол калыбында эңкейе калып агын сууну шалпылдата ичип кирди. Маалында апкечин көтөрүп, суу алымыш болуп сайга жетип барган Фигарого коңшу көрөгөч кемпир шаңшыды:

– И, той качан эми?

– Катын албай эле карабайыр бээ алсын, ошонуңар, – ындыны өчүп, шөлбүрөгөн Октябрина колун шилтеп коюп, суу бойлой сенделе жөнөдү.

Кийинки аптада райборборго кеткен Октябрина ошол бойдон кайрылбай жоголду. Элдин айтымында ал чокунуп кетиптир, ошол тейден Орусияга, чачын шыпыртып салып кечилдердин монастрына кирип кеткен имиш.

Айыл жашоосу өз нугу менен өтүп жатты. Ар кечте, айныгыс убактысында Фигаронун гитарадагы армандуу "насыяттары" теребелди терметип, уккандардын толтосун зыркыратат. Айылдыктардын баары анын "балтатым түндөрүнөн" кийин ычкыр шайтаны даарып кеткенсип көргөн-билгени деле, сүйлөгөнү деле жалаң төшөк темасы. Обочодогу дөбөгө бададан мал тоскону чогулган айыл абышкалары бүгүн да эзелтен бери угуп, көрүп келаткан "алиги" жоруктарды бир сыйра кайталап, тамшанып алышкан соң баягы эле "бул эргулду кантип үйлөндүрөбүз" деген суроого такалып, көпкө марашып, талашышыты. Акыры адамзаттын ичинен арзуу оюнунда дүйнөдө француздарга тең келер асылкеч эл жок болгондуктан, Фигарого бир чыдаса француженка гана чыдайт дешип тыянак чыгарып, ортодон акча чыгарып, Францияга келин алып келүүгө киши жөнөтмөй болушту. Бирок өлкөдөгү терең кризистен улам айылдыктарда акча жогун эске алышып, эл ирденип алганча коё турууну чечишти. Анын үстүнө соё турган койлор эчак эле жакшылыктарга жарап кеткени, барар адамдардын шымдары да көөнөрүп, сүзүлүп кеткени эске алынды.

*       *       *

Акыркы күндөрү Фигаро басынып, ооз учунан түрмөнүн кейиш ырларын мыңкылдаганы күчөдү. Үйлөнүү үмүтүнүн бырын-чырыны чыкты. Ал жазмышка моюн сунуп гана калбастан чүнчүп, багынып бергендей. Бирок акылман карыялар айтмакчы: ар нерсенин башталышы да, бүтмөгү да бар. Күндөрдүн биринде кеч күүгүмдө
үйдүн каалгасы шарт ачылып, босогодо эңгезердей алп кыз пайда болду. Адатынча тамекинин "чүйгүнүнөн" ороп алып, карааны менен (өзүнүн көлөкөсү менен) карта ойноп олтурган олтурган Фигаро тигини ормоё карап, беймаал кирип келгенин анчейин жактыра бербеди. Кыз ыңгайсыздана суроо узатты:

– Уруксатпы?

– Кир, эми мынча келгенден кийин...

Үй ээсинин суз каршы алганына сыныга түшкөн кыз ооз ачууга батынбай туруп калды. Фигаро да тигинден жооп күтө үндөбөдү.

– Сизди үйлөнгөнгө аял издеп атат дейт ко?..

– Антсе эмне экен?..

– Мен... неме... тиги... – кыз абдаарып калды.

– Сени жуучулар жөнөттүбү? – кыздын абалын жеңилдетмекке кыстара салды.

– Жок! – кыз кызарып башын чайкады.

– Түшүнүктүү, – Фигаро кыздын келген себебин түшүнгөндөй унчукту.

– Сиз үйлөнөйүн дейсизби? – кыз суроосун кайталады.

– Ооба, - Фигаро бурк этти.

Беркинин туталана баштаганын көргөн кыз ого бетер абдаарып, сөз айтууга чамасы келбей, эпсиз колжоюп туруп калды.

– Болуптур эми, барагой, үйүңө. – Фигаро болушунча сылык айтууга аркеттенди.

Кыз үндөбөстөн тура берди. Көздөрү жашылданып, каректерине жаш толуп келди.

– Мейли анда, ошол жуучу өзү келсинчи. – Фигаро акыбалды акырындап түздөмөкчү болду. – Башкасы бүткөнсүп эми жаштарды да аралаштырып киргендерин кара... Барагой, үйүңө!

– Барбайм, – кыз кыйкырып жиберип, шашыла кошумчалады, – мени аялдыкка алыңыз!

– Эмне... мен деген... мен деген картаңмын да! – мындай жаш келинге үйлөнүү эч оюна келбеген Фигаро чочугандан кыйкырып жиберди.

– Мен сизге тийгим келет!

– Мен өмүр бою түрмөдө олтурдум. Киши тоногом, өлтүргөм! Кылмышкермин!

– Мен сизден чымыр, чыгаан балдарды төрөгүм келет!

Фигаро кыздын алп боюна өзүн таштап жиберди да, толкундангандан бадырап кирди:

– Биз экөөбүз Кыргызстанды гүлдөтөр чымыр, чыгаан балдарды жаратабыз!

*       *       *

Жанаша жаткан экөө эми эркелеше таттуу маекке киришти:

– Сенин атың чын эле Фигаробу?

– Жок, бул “воровская кличка”. Чыныгы атым – Темир.

– Сен чынында эле темирдей экенсиң...

– Мына, бүгүндөн баштап Фигаро өлдү, Темир туулду дей бер.

– Темир. Темике, жанымды жыргаттың го, – магдыраган тейде жайдары жылмайды.

– Мен да жыргадым.

– Чын элеби?!

– Чын эле...

– Мен сени качан сүйүп калганымды билесиңби? Сен тоого кирпич көтөрүп баратканыңда көрүп, жактырып калгам...

– А мен сени Кыргызстандын келечеги үчүн чымыр, чыгаан балдарды төрөгүң келгенин укканда сүйүп калдым. Ашыктык оту жүрөгүмдү жарып өттү. Азыр мен сени менен сүйлөшүп жатсам да, ичимде таза спирт жутуп жибергендей ысык от жалындап турат...

Келин акырын күлүп койду. Фигаро толкунданганын жашырмакка демин ичине тартты. Терезеде экөөнү аңдыгансып өзгөчө зор толгон ай тигилет. Келин тигинин акырын дабышсыз солуктап ыйлап жатканын байкады.

– Сага эмне болду, Темике?

– Мен өз тагдырымды талкалаган немемин! – ызалуу бурк этти.

– Жок! Сенин тагдырың эми гүлдөп келатат.

– А мен балким бир зооттун директору болмокмун! – буулуккан эркек кызуулана баштады.

– Анын сага эмне кереги бар?..

– А мен балким мамлекеттин Президенти деле болмоктурмун! – эркек эми жанагыдан кызуу, бирок дымаксыз бурк этти.

Аял анын жүзүнө тигилди. Анын жүзү жашка батташып, нымдуу көздөрү жыртайып, бийиктеп баратып канаты кайрылган чымчыктай аянычтуу эле. Аял жооткото тигинин колун акырын сылап койду.

– Ооба, боло алмаксың...

– Балким мен гений болмоктурмун! – тиги ыйламсырай кайра жандана баштады

– Албетте.

– Балким мен адамзатты жыргатмактырмын! – эркек эми улуп, озондоп кирди.

– Ооба. Сен баарын жыргатасың. Сен ал түгүл эч ким карабаган кара далыны жыргаттың го...

Келин титиреп жаткан Фигарону алп колдору менен аяр кучактаганда, ал башын ээр токумдай зор мүрүгө жөлөп, жаш баладай эчкирип ыйлап жиберди.

*       *       *

Алар эртеси шашкеде айыл өкмөтүнө келип, никесин каттатышты. Айыл өкмөтүнүн башсысы, отуз жаштардагы жигит экөөнү куттуктап, кагаздарын жөндөп болуп акырында жымыңдай шыбырап сурады:

– Байке, айтсаңыз, сиз чын эле Гегель менен Шекспирди окудуңуз беле?..

– Каяктан!? – Фигаро каткырды. – Жашоомду жардан алыс кетиргенден кийин элим мактанып атын айтып жүрөр, атагы алыска кеткен бирөө болсо экен деген эле аракетим да... туура айтамбы?..

Орусчадан оодарган Бакытбек Турдубаев

[1] - Энекебайым, туулган жерим! Азаптуу уулуң келип олтурат! Кечир энеке, кечир акмагыңды!

[2] Ата, апа кечиргиле! Силерди унутканымды кечиргиле!

[3] Амансыңарбы, менин шордуу элим!

[4] Байкебайларым, ызырынбай тургула! Мен ит сыягындамын, – баарын түшүнөм, – айтайын десем эле тил келбейт.

[5] Сабыр кылып азырак убакыт бергиле, анан мен сүйлөп баштаганда токтото албай турарсыңар...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз