Эрмек Шоорук: Жаңы жол

  • 19.08.2026
  • 486

АҢГЕМЕ

Мырзанын жайкы өргүүсү аяктап, түштүктү көздөй аттана турган учуру келди. Адатта, үй-бүлө, кужураган бала-чака жана дос-туугандар менен өткөн жаркын күндөр бир көз ирмемдей эле тез өтүп кетет эмеспи. Өргүү учурунда үйдүн жылуулугуна, балдарынын күлкүсүнө көнүп калганда кайра жолго жалгыз аттанарын ойлоп, ичинен бир аз санааркап алды.

Эски болсо да сырдакана, ары ишенимдүү темир тулпарына сарптаган майын актагыдай арзан жолкиреге кардар алмак болуп, борбор калаанын чок ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн жанына келип токтоду. Телефон чалса кардары азыр чыгарын айтып байланышты үзө салды. Күткөнчө деп машинесинин маңдайкы айнегин, делдейген кош күзгүсүн сүртүп, дөңгөлөктөрүнүн желин байкап, узак жолдун камында күйпөлөктөнүп жатты Мырза.

Бир аздан соң баскан-турганынан эле шаардык экени даана билинип турган, ак жуумал, көз айнекчен өспүрүм бала өзүн карай келатканын көрдү. Көзү көзүнө урунганда Мырза ичиркене түштү. Баланын көздөрү мупмуздак, тим эле айнек сыяктуу жансыз эле! Ага салыштырганда көз айнеги гана жайдын саратанында бир аз жылуулук тартуулап тургандай. Өспүрүмдүн муздак көз карашынан: “Капец, это что, вообще раритет какой-то? Даже не помню, когда такие машины последний раз видел”, – деген теңсинбеген ойду окугандай болду.

“Тирүүдөн түңүлбө” деп кайра өзүн-өзү ичтен жоошута баланын колундагы баштыгын ала коюп, автоунаанын артына салды. Бир кезде экиден сумка көтөргөн, сыртынан караганда окшош кийинип, оронуп-чулганган эки аял темир тор дарбазадан чыга келди. Мырза элпектик менен алардын баштыктарын да багажникке жайгаштырды. Эки кардардын төрт чоң сумкасы, өзүнүн да иш кагаздарынын он чакты таңгагы жана жол жүгү кошулуп, эски темир тулпарга бир топ салмак болуп калды.

Коштошуп жаткан аялдардын бири:

– Машинаң оң рулдуу экен. “Telegramme’дагы” жарыяда “Sonata” деп турду эле го? – деп күмөнсүнө сурай кетти.

Мырза андай жарыя бербегенин айтты. Тандалма такси жалдап жүрүп көнүп калган кардарлар анын эски машинесин жерип, көзгө илбей коймосунан өзү да ичинен кооптонуп турган. Аялдын бирөөсү чүйрүңдөгөн түр менен арткы орундукка жантайды. Өспүрүм бала да анын катарына барып отурду. Жөнөрдө: “Жолубуз ачык болсун” деген тилек менен алакан жая бата кылып, үчөө сапарга чыгышты.

– Жаңы жол мененби же эски жол менен айдай берейинби, эже? – деп күзгүдөн артты карап сурап койду Мырза.

– Өзүң бил, бизди Кочкор-Атага аман-эсен жеткирсең болду, – деген жооп узатты элүүдөн ооп калган аял.

Мырза быйыл гана жарым-жартылай пайдаланууга берилген түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна салды. Бул жолдон кесиптештери менен нечен ирет өтсө дагы, кардар алып биринчи жолу бара жаткангабы, айтор, жүрөксүп турат. Өткөн жылы эски машинеси менен Төө-Ашуу менен барчу эски жолдон Бишкекке келатып, Кетмен-Төбөдө жолдо калган жайы бар эле.

Түш оой күн табына келип, жайдын акыркы айындагы аптап апогейине жетти. Алда немеден кооптонгондой музыка да койгон жок. Ачылган айнектен кирген ысык шамалдын шуулдагынан башка жымжырттык өкүм сүрөт.

– Салкындаткычыңды иштетип койсоң кантет? – деди унаага отургандан бери тынбай бирдемелерди күбүрөнгөн аял. Улам тыным сайын чыгарган “ышт” деген үнү айдоочунун кулак түбүнөн кетпей койду, бул көрүнүш бара турган жерине жеткиче уланды. – Лаа илааха иллаллах, Мухаммадур расулуллах, лаа илааха иллаллах, Мухаммадур расулуллах...

– Ушуну иштетсем эле гайморитим кармап жатат, эже, – деди Мырза салкындаткычтын иштебей турганын жашырып.

Каршы-терши өткөн машинелердин шуулдаган үнү, айланадагы жымжырттык. Жол мелтирейт, узун жолду кыскартчу киши жок. Мунун баарынан улам айдоочунун көзү илинип, уйкуга камыга баштады. Акыры өзүнө жаккан музыканы койду.

– Ушунуң ашыкча болуп турат, өчүрүп эле койчу, – деди аял кесе.

– Үргүлөп кетсем, музыкадан да коркунучтуу нерсе болуп кетиши мүмкүн, – Мырза алдын ала даярдап койгондой шыр жооп узатты.

Айланма жол менен жүрүп отуруп, Сары-Өзөн Чүйдү артка таштап, Боом капчыгайынан өтүштү. Кубакы белинен түшө бериште Ысык-Көлгө куюуга аракет жасап, бирок андан майнап чыкпагандай Орто-Токой суу сактагычы созулуп жатат. Суу толбой калганынан көк шиберинде аш-той өткөрүлүп, ат чабыш уюштурулчу болду. Ошондогу Каракыз күлүктүн учкан октой келатканы... Илгерки заманда токойдо чамынган жолборсту булдурсун менен чапкан Төрөгелди баатыр, Көтмалдыдагы улуу жыйынга кан көтөрүүгө жер дүңгүрөтө келген кыргыздар көз алдыга тартылгандай...

Кар жаабас кара Кочкорго келген сайын бул өрөөндүн аталышы боюнча Анжиянга айдалган жалгыз кемпирдин кочкору тууралуу эски уламыш Мырзанын эсине түшө берет.

Район борборуна токтошуп, Мырза шам-шум эткени ашканага кирди. Үч аял олтурган үстөлдө бир орундук бош экен, аны берки үчөө болбой жатып төргө өткөрүштү. Ашкана ээси эттүү кошан тартып, артынан ысык чай сунду. Толмочунан келген аял табакка туурап жаткан этинен уучтап туруп Мырзанын табагына салды:

– Тойдуку, ооз тие кой, – деди камкор үнү менен.

Ал аңгыча сырттагы үстөлдө турган максым, бозого суктана караган беш-алты чет өлкөлүк турист келип калды. Коштоп жүргөн котормочусу улуттук суусундуктардын жасалышы, курамы жана ден соолукка пайдасы тууралуу англис тилинде түшүндүрүп жатканы угулуп турду. Эт салып берген аял аларга барганынан да келгени бат болду:

– Буларың ичти алат деп ичишпейт баары бир, барганың эле убара, – деди нааразылана.

– Эже, ичпесе да мейли. Кыргыздын суусундугун билип кетсин. Эртең бир жерден көрүп, “муну Кыргызстанда ичкем” деп эстейт, – деген соболун айтты Мырза.

– Чын эле, аның ырас, – деди аял улуу болсо да жүйөлүү кепке муюй.

Ушул учурда сааттай болуп, машинедеги аял чалып калды.

– Жалал-Абадга бараттым эле, эжелер, жакшы туруңуздар, – деп колундагы кошанды бурдай сугунуп, аптыга чайын ууртап жөнөп калды.

– Жолуң шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун! – деп туурулган, бирок ниети ак колдору менен батасын берип калышты.

Маңдайдан күн тиерин айтса да болбой, “арткы орундукта бутум кысылып жатат” деп, тиги айнек көз бала алдыга отурду. Апасы экөө тамак ичкендей да болгон жок, ичкенге суусундук эле алышты өңдөнөт. Этек-жеңин кымтыланып, Кыз-Арттын белин көздөй салып уруп жөнөштү.

– Азамат, эжеңе кандай кетип баратканыбызды видеого тартып жөнөтүп кой, – деди энеси.

– Интернет тартпаса, кантип жөнөтмөк элем?! – деп оңураңдап койду уулу. Машинедеги музыка интернет менен иштеген “Spotify” тиркемесинен жаңырып жаткан. Ал көк-жашыл мейкин талааларга, тегерете курчаган тоолорго, шаңкая керилген Баба-Ата тоосунан сүттөй жылжып агып түшкөн сууларга көңүл буруп да койгон жок, сөөмөйүнүн учу менен телефонун улам жогору барактайт. Мырза өспүрүмдүн табиятка кош көңүлдүгүн гаджеттердин кучагында чоңойгон жаңы муундун кылыгына жоруп, көп деле маани берген жок.

– Музыканы өчүрүп койсо кандай болот? – деген суроосун экинчи ирет кайталады аял.

– Башка чыгарма угалы анда.

– Андан көрө пайгамбардын хадистерин, аалымдардын икаяларын укканың эки дүйнөңө пайда.

Аялдын “ы-ышт” деген үнү кайталанды.

Мырза үн каткан жок. Алдыда олтуруп бараткан баланын кулакчынынан түшүнүксүз чет элдик музыка шашпай угулуп барат.

– Сен да намаз окуйсуңбу? – деп сурап койду не бир мукам обон, симфония, романс сыяктуу музыка шедеврлерин жараткан таланттар, генийлер тууралуу ой калчап бараткан Мырза өспүрүмдөн.

– Негизи окучумун, азыр убакыт болбой жатат, – деди өспүрүм кулакчынын бир капталына түшүрүп.

– Каякта окуйсуң?

– Москвада 9-классты аяктадым.

– Ата-энең каякта?

– Энем – мына, атам – Кочкор-Атада.

– Эже, балдарыңыздын баары Москвадабы? – деди Мырза күзгүдөн карап.

– Жок, тиш доктур кызым бул жакта. Бир уулум машинесин сатса, Москвадан жакында келет. Азамат Орусияда төрөлүп, ошол жактан окуп калды. Эми бул жактан окуй баштайт, – деди актангандай.

– Аа, жакшы. Кыз-Арт белине да келип калдык, бул жагы Кочкор өрөөнү, күн жүрүш жагы Жумгалга карайт. Тигил турган вагондун форели менен сига балыгынын даамы сонун, – деп жол бою билгенин айтып келатты Мырза.

Кыбыла тараптан урган жел саваннадагы ысыктай абаны отсуз алоолонтот.

– Тигил турган эстелик кимдики деп ойлойсуң? – Куйручук айылына жете келгенде Азаматтан сурап койду.

– Жыйырма сомдуктагы адам ушул го? – бүшүркөй жооп берди өспүрүм.

– Жыйырма сомдуктагы адам – Тоголок Молдо. Ал эми Куйручук –кыргыздан чыккан куудул, чечен, акын, көрөгөч инсан, – деп таң калганын жашыра кеменгер тууралуу маалыматтан бөлүштү Мырза.

– Жумгалдан кийин Ош башталабы, же кандай? – ортодон сөзгө кошулду арттагы эже.

– Жумгалдан ары Тогуз-Торо өрөөнү, анан Сузак башталат эмеспи.

– Аа, Көк-Арт белинен түшкөндө жол Кара-Алма, Сатыдан өтчү беле?

– Ооба, дал ошондой.

Айылдагы май куюучу жайга кирип, май куюп бүтүп рулга отурайын десе, өзбек номурлуу электромобилдин жанына “Sprinter” токтоп калыптыр. Отуздан өтүп калган, бука моюн, буура сан, кепкачан жигит машинеден секирип түшүп эле:

– Эй, көзүңдү карабайсыңбы?! Сени сүзүп алсам эмне болот?! – албууттанып, алка-жакадан алып сабачудай жулкунду.

– Кечирип кой, жигит. Байкабай калыпмын, кечир, – деп айдоочусу чебелектейт. Жанындагы экөө кошо түштү.

– Кечиримиң менен ишим канча?! Бул жерде адам өмүрү деген турат! Кыргызстанда кантип жүрүштү билбейсиңби, сага көргүлүктү көрсөтпөсөм майнеке болоюн!

Жөн карап тура албаган Мырза арага түшө калды:

– Агатай, бир ачууңду мага бер, ушул үчүн кечиримди мен сурайын. Баарыбыз тең байкабай калабыз, пендечилик да. Эч нерсе болгон жок ко?

– Болгондон кийин кеч болуп калат! Өзбектер бул жакка келсе да оңдуу айдай алышпайт. Жол ачылды эле, ага кошулуп сарт-пуртуң толуп кетти!

Электромобилдин айдоочусу да сөздөн кайтчудай эмес, куру жалаага териккендей көк беттенет. Жүк ташыган машине айдоочусу болор-болбосту көбүртүп, кепке келер түрү жок, арачага түшкөнү көпкө созулчудай болгон соң, Мырза шарт отурду да жолуна түштү.

Асфальт жолго чыгар менен күн чыгыш тараптан капталына төрт эли көк сызык тартылган кайгуул машине төбөсүн жаркылдатып бурулуп кирип баратат. Май куюучу жайдагы кызматкерлер чалган окшобойбу.

Батышты көздөй жылган сайын ак мөңгү залкар тоолор борчук аска-зоолорго алмашып, талаа-түздөр мелмилдеп, кууш жеринде өзүнө батпай аккан дарыяга, көк-жашыл бактарга алмашып жүрүп отурду.

– Айтылуу “Караш-караш окуясы” тасмасын көргөнсүзбү? – Мырза сүрдүү дарыяга ээк шилтей сурады.

– Ооба, көргөм.

– Ошондогу Сүймөнкул Чокморов Сүлүккарасы менен аккан кадимки Көкөмерен ушул да! Нарын дарыясынын эң чоң куймасы. Тээтигил Нарынга Көкөмерендин куюп жаткан жерин карачы, эмне деген керемет кооздук! – деп Азаматка караса, ал башын көтөрүп, Мырза көрсөткөн жакты бир саамга гана карады. Көкөмерендин көгүш суусу Нарындын күрөң суусуна кошулуп жаткан кези эле. Бир саам тиктеп турду да, кайра телефонуна үңүлдү.

Адамдын чебер колунан жаралган кош көпүрө капчыгайды бөлө аккан дарыяга ансайын көрк кошот. Казарманга жете берерде суу Жер жүрөгүнүн кан тамырындай салааланат. Көк-Арт тоосу курсагынан тешилип, топурак чаңып, дүйнөдөн жарык издеген улуу долбоор кызуу жүрүп жаткан кези экен.

– Азамат, көрдүңбү, Жалал-Абад, Кыргызстан кандай өнүгүп жатканын? Карачы, тигил жакта темир жол, бул жакта бийик-бийик үйлөр, эс алуу парктары, мелтиреген жолдор! – деди энеси ичинен кубанычын жашыра албай, белди ашып, ойго түшкөндө.

Кулагынан кулакчыны түшпөгөн өспүрүм уккан жокпу же атайылап уккусу келген жокпу, айтор, кабагын да кыймылдаткан жок.

– Балам, атаңа чалчы, келип калдык деп, тосуп алсын, – деди энеси бир оокумда.

– Интернет тартпаса, муну мага эмне айтып жатасыз? – жайы-кышы жашоосу интернетке байланган “москвалык” өспүрүм жактырбагандай күңк этти. Энеси Мырзадан тартындыбы, кыскасы, үн каткан жок.

– Ата, биз келип калдык. Тососузбу бизди же жокпу? – деди Азамат Сузактын белинен оогондо.

Телефондун ары жагынан атасынын жооп кайтарган үнү угулду.

Эски машине жаңы жол менен түштүктү көздөй сапарын улантты. Артта калган жолдор, кыраң-белдер, суулар, айылдар үчөөнүн көз алдында бирдей көрүнгөнү менен, ар кимиси аларды өз дүйнөсүндө кабыл алып, ойго чөмүлүп баратышты.

2026-жылдын 18-августу
Манас шаары

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз