Марк Твен: Президенттикке талапкер

  • 19.08.2026
  • 92

АҢГЕМЕ

Белди бекем бууп, президенттик жарышка түшөйүн деп чечтим. Партиянын душмандары алчы-таасын аңтарса, мурда эч ким укпаган айыптарын таап чыгып, сызга отургузбагандай таза талапкер керек өлкөгө. Эгер талапкердин жосунсуз иштери обол баштан эле маалым болсо, бир да жан анын богуна куурай сайа албайт. Мен ошого майданга чыкканда эч нерсе жашырбайм.

Өзүмдөн кеткен жаңылыш иштерди моюнума аламын, агер Конгресстин кайсы бир комитети менин өмүр баянымдан кара так же акталгыс кылмыштарды таап чыгууну каалса, эрк өзүндө, каалашынча каза берсин.

Баарынан мурда, ревматизм менен ооруган чоң атамды 1850-жылы кышында өзүм дарылап сакайтканымды моюнума аламын. Чоң атам карып калгандыктан даракка чыга алчу эмес, бирок эзелки айбанчылык мүнөзүм кармап, ага мылтыкты такап туруп, ич кийимчен сыртка айдап чыктым да, тырмышып жатып, зараңдын башына чыгууга аргасыз кылдым; түнү бою зараңдын шагында отурган чоң атамдын буттарына утуру бытыра менен атып турдум. Чачма окту коңурук тартпай уктасын деп аттым.

Непада кайсыдыр бир күнү башка чоң аталуу болуп калсам, ага дагы дал ушундай мамиле кылмакмын. Мен 1850-жылы кыпындай адамгерчилиги жок айбан кейпинде болсом, азыр да ошол бойдонмун, эч өзгөрбөдүм. Ооба, танбаймын, Геттисбөргдүн жанындагы салгылашууда уруш майданын таштап качканмын. Жоро-жолдошторум бул окуяны жашыруу үчүн мени бул кадамга Вэлли – Форж кыштагынын[1] жанындагы токойго жашырынып, кудайга жалбарган Жорж Вашингтонду туурап барган дешип башкаларды ишендиргенге аракет кылышты.

Бул айласыздыктын иши эле. Мен коркконумдан түптүз эле түндүктөгү Түндүк тропигин[2] көздөй сыздым. Ырас, мен өлкөбүздүн бүлүнбөй сакталышын тиледим, бирок өлкөнү башка бирөөлөрдүн сактаганын кааладым. Мен бүгүн да ушундай көз караштамын. Колго кармалбас атак-даңкка замбирекке жаныңды тосуп гана жетишүү мүмкүн болсо, замбирек дүрмөттөлбөсө гана, анын оозуна төшүмдү тосууга даярмын. Эгер замбирек дүрмөттөлгөн болсо, караанымы көрсөтпөй, үйгө дыр коймокмун. Согуштагы менин алтын эрежем: уруш майданына баштап кирген адамдардан үчтөн эки эсе көп адамды кырчылдашуудан чыгарып кетүү болгон. Менимче, бул жолойдо Напелондун деңгээлиндеги көрөгөчтүк бар.

Менин финансы маселесиндеги көз карашым ачык – айрым, мунум инфляциянын тарапкерлери арасындагы популярдуулугума сакадай салым кошору күмөндүү. Мен сөзсүз эле кагаз акча өтүмдүү валютадан өйдө баалануу керек же тескерисинче болуусу абзел деп эсептебейм. Менин жашоодогу негизги принцибим жөнөкөй: мүмкүнчүлүк болсо, кол жеткен акчанын баарын алуу.

Мени өлгөн тайежесин жүзүмдүн астына көмүптүр деген айың кеп чындык. Жүзүм жер семирткичке, а тайежем көмүлүүгө муктаж болгондуктан, маркумду ушул сооптуу ишке садага чаптым. Бул менин президенттик кызматка баруума жолтоо болобу? Биздин өлкөнүн Конституциясында бул тууралуу бир да сөз жок. Буга дейре тууганынын жасатын жүзүмзарга көмүптүр деген жүйө менен бир да жаран президенттик кызматка татыксыз деп табылган эмес. Эмне үчүн мен алдагыдай сандырак жосундун алгачкы курмандыгы болушум керек?

Мен кембагалга дос эмес экенимди да танбайм. Аны бул абалында пайдасыз сарпталган чийки зат ирети көрөм. Кембагалды майдалап бөлүп, жакшылап консервалап койсо, адамжегичтердин аралдарында жашаган жергиликтүүлөрдү бакканга азык болмок жана ал жак менен экспортту өнүктүрүүбүзгө пайдасы тиймек. Өзүмдүн биринчи кайрылуумда тиешелүү заң-мыйзамды кабыл алууну сунуш кыламын. Менин шайлоо алдындагы урааным мындай болот: “Жакыр жумушчуну кургатып, анын этин колбаса кылгыла”. 

Менин өмүр баянымдын опаасыз жактары мына ушундай. Аны өлкө алдында жаап-жашырбаймын. Өлкө мени каалабаса, мен эмки жолу өзүмдү кайра койом. Ошондо өзүмдү зыянсыз киши – киши насилинен бузуку деген пикирдеги пенде жана тирүүлөй тозоку катары сунуш этем.

1879-жыл

Англис тилинен Амирбек Азам уулу которду

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

[1] Вэлли – Форж кыштагы – Пенсилвания штатында.

[2] Түндүк тропиги (Tropic of Cancer) – Жердин эң түндүгүндөгү параллель, аерде Күн так төбөдөн көрүнөт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз