Баррингтон Мур: Буржуазия жок, демократия да жок

  • 25.08.2026
  • 132

Ахмет Куру – Сан-Диего университетинин профессору, Чыгыш менен Батыштын саясый жана интеллектуалдык өнүгүүсүн изилдеген илимпоз. Анын “Ислам, авторитаризм жана артта калуу” китеби ислам дүйнөсүнүн азыркы абалын тарыхый факторлор аркылуу чечмелеп, жаңы жолдорду сунуштайт. Анын аталган китеби окурманды дүйнөлүк саясат жана интеллектуалдык мурас жөнүндө жаңыча ой жүгүртүүгө түртөт. Биз бүгүн анын орчундуу фрагменттеринин бири менен “РухЭш” окурмандарын тааныштырууну эп көрдүк.

Ахмет Курунун “Ислам, авторитаризм жана артта калуу” аттуу китеби жакында кыргыз тилинде жарык көрөт.

Мусулман дүйнөсүндөгү авторитаризм көптөгөн себептерден турган көрүнүш. Батыштын ишенимдүү авторитардык башкаруучуларды колдоо саясаты мусулман өлкөлөрүндө демократиялаштыруу шарттарын начарлатканы менен, бул тышкы саясат мусулмандардын өздөрүнүн идеологиялык, саясый жана социалдык-экономикалык шарттарынын себептери катары эмес, натыйжасы катары каралышы мүмкүн. Авторитаризмдин татаал көйгөйүн жөн гана исламдын секуляризмди четке кагышы менен түшүндүрүү жаңылыштык. Ислам жөнүндө кеңири жалпылоолорду жасоо ордуна, ислам ишмерлеринин – уламалардын, исламчылардын жана сопу шейхтердин өзгөчө ролдоруна көңүл буруу натыйжалуу.

Бул исламий ишмерлер жалпысынан көптөгөн мусулман өлкөлөрүндөгү патриархат жана авторитаризм көйгөйлөрүнө салым кошушкан, бирок айрым учурларда алардын салымы прогрессивдүү, демократиялык мүнөздө болгон. Исламий ишмерлер авторитаризмди бекемдейби же демократияны колдойбу, бул алардын диний жана саясый идеяларына байланыштуу. Бул эмгекте XI кылымдагы кээ бир уламалар тарабынан айтылган патриархат, жакшылыкка үндөө, жамандыктан кайтаруу менен катар мусулмандар мусулман эместердин үстүнөн башкаруусу жөнүндөгү кээ бир либерал эмес идеялардын тандоосу келтирилген. Кээ бир исламий ишмерлер дагы эле мечиттерде, партиялык чогулуштарда жана сопу секилеринде бул либералдуу эмес идеяларды жайылтышууда. Бул идеялар менен көптөгөн мусулман өлкөлөрүндөгү авторитаризм көйгөйүнүн ортосундагы байланышты талдоо «ориенталисттик жалпылоо» болуп саналбайт.

Ислам ишмерлеринин үгүт иштери жана саясый активдүүлүгү көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө саясый, укуктук исламдашуу тенденциясына түрткү болду. 1920-жылдан 1970-жылга чейин мусулман дүйнөсүндө үстөмдүк кылган саясый жана укуктук тенденция светтик болгон. Бирок акыркы кырк жылда исламдашуу акырындык менен көптөгөн өлкөлөрдүн саясатында жана укуктук системаларында өзгөчө күчкө ээ болду. Бир нече маанилүү учурларда улама-мамлекет тандеми түзүлдү же кайра жанданды. Ошого карабастан секулярчыл жана исламчыл күчтөрдүн күрөшү дагы эле уланууда.

Бул маалыматтар Ислам менен светтик мамлекет ортосундагы тубаса туура келбегендик жөнүндөгү дооматтын эмпирикалык негизи жок экенин көрсөтөт. Бирок светтик мамлекеттердин көбү авторитардык. Демек, мусулман дүйнөсүндөгү авторитаризм көйгөйүн светтик мамлекеттердин жоктугу менен түшүндүрүүгө болбойт. Секулярчы жана ислам мамлекеттеринин авторитардык болушу мусулман дүйнөсүндөгү авторитаризмдин тарыхый жана социалдык-экономикалык тамырларынын тереңдигинен кабар берет.

Авторитаризм үчүн бирдей жоопкерчиликтен тышкары, секулярчыл, исламий ишмерлер да ушундай эле анти-интеллектуалдык маанайда болушкан. Ислам ишмерлери үчүн интеллектуалдар динди өтө сындаган батышчыл көзкарашта, ошондуктан алардын идеялары исламга каршы болбосо да, исламдан сыртта болушу мүмкүн. Секулярчыл саясатчылар жалпысынан интеллектуалдарды жогорудан ылдыйга, авторитардык модернизациялоо долбоорлоруна тоскоолдук катары эсептешет. Секулярчылар менен исламий ишмерлер жалпы анти-интеллектуализми бул көйгөйдүн дагы терең тарыхый жана социалдык-экономикалык себептери барын көрсөтүп турат.

Мусулман дүйнөсүндөгү негизги экономикалык көйгөй рентиеризм болгон. Секулярчыл жана исламчыл режимдер каржылык жактан рента акысынан, өзгөчө мунай рентасына көзкаранды болушкан. Демократиялык саясат, эреже катары, башкаруучулар менен элдин ортосундагы өз ара мамилеге негизделет: экинчиси салык төлөйт, ошону менен биринчисин жоопкерчиликке үйрөтөт. Ал эми ренталык мамлекеттерде башкаруучулар каржылык жактан элдин салыгына көзкаранды эмес, тескерисинче, эл башкаруучулардын рента акысын бөлүштүрүүгө көзкаранды. Мусулман өлкөлөрү дүйнөлүк мунай корунун бештен үч бөлүгүнө ээ. Ошентип, мусулман дүйнөсүндө көптөгөн ренталык жана авторитардык мамлекеттер бар.

Мунайга негизделген түшүндүрмө бизге авторитаризмди гана эмес, мусулман өлкөлөрүндөгү зордук-зомбулукту да жакшырак түшүнүүгө жардам берет. Окумуштуулар мунайга бай өлкөлөр ички чыр-чатактарга жана куралдуу кагылыштарга көбүрөк жакын болорун белгилешет, анткени потенциалдуу ренталар топтордун ресурстарды басып алуу үчүн күрөшүүсүнө түрткү болот. Айрыкча MENAда мунай рентасы авторитаризмге алып келди, бул өз кезегинде зордук-зомбулук ыктымалдыгын жогорулатты.

Мунай рентасы да улама-мамлекет тандеминин үстөмдүгүнө жана көптөгөн учурларда буржуазиянын маргиналдашуусуна өбөлгө түзгөн. 1970-жылдардын башында мунайдан киреше түшө баштаганда буржуазиялык тап мусулман өлкөлөрүндө перифериялык болчу. Ошондон бери мусулмандардын басымдуу бөлүгүн түзгөн рента мамлекеттери мунай рентасына көзөмөл кылып, өз аймактарында көзкарандысыз буржуазиянын пайда болуусуна мүмкүнчүлүк беришкен жок. Ар кандай мусулман рента мамлекеттериндеги бизнес элиталар өз алдынча буржуазия болуу үчүн өкмөт менен өтө эле чырмалышкан. Башкаруучу таптын бийлигин текшере алчу эркин буржуазия болбосо, демократия иштей албайт. Баррингтон Мурдун сөзү менен айтканда: «Буржуазия жок, демократия да жок».

Регионалдык диффузиянын механизмдери аркасында мунай рентасынын таасири мамлекеттик чегаралардан чыгып кетип, мунайга жакыр өлкөлөргө, өзгөчө Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө да таасирин тийгизди. Аймактык диффузиялык ыкма да менин салыштырма моделиме туура келет. Бул китептин бир нече бөлүмдөрү мусулман жана батыш европалык окуяларды эки аймактык субъект катары изилдейт, алардын ар бири бөлүштүрүүнүн ички механизмдерин көрсөтөт. Мусулман дүйнөсүнүн (же Батыш Европанын) кээ бир бөлүктөрүнүн интеллектуалдык, экономикалык жана саясый өзгөчөлүктөрү убакыттын өтүшү менен башка бөлүктөргө жайылып, белгилүү бир деңгээлдеги жалпы чөлкөмдүк окшоштуктарды жаратты.

Мусулман өлкөлөрү чындап өнүккөндө мунай кирешелери алардын экономикасында, саясатында мынчалык үстөмдүк кылмак эмес. Бул жагынан экономикалык артта калуу көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө авторитаризмдин негизги себеби болуп калды. Мунайга бай өлкөлөр ИДӨнү көбөйткөн, бирок бул өсүш демократиялаштыруу үчүн негиз болгон эмес. Демократиялаштыруу процессинде мусулман өлкөлөрүнүн басымдуусунда жок көп кырдуу экономика жардам бере алат. 3-бөлүм бул жоктукту талдайт. 

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз