Амирбек Азам уулу: Оңдолгон ишке доомат эмес, оомат артсын

  • 27.08.2026
  • 328

Талантуу замандашым Нуралы Капаров бир чыгармасын мындай саптар менен баштайт: “Ал бир ушундай кир чалбаган заман эле: өскөн чөптүн өңү жапжашыл, жааган кардын өңү апапак, аккан суунун өңү көк кашка...”      

Кызыл-Кыя шаарынан Баткен облусуна чыга бериште, кан жолдун оң жагындагы стендде Кадамжай аймагынын көрүнүктүү сегиз кулунунун элеси кашкайат. Ар бир сүрөт 6 чарчы метрден. Ал сегиз инсан тең ысымдары көпчүлүк кыргызстандыктарга тааныш тарыхый тулгалар: Молдо Нияз Эрназар уулу (1823-1896), Кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу; Полот Хан (Исхак Асан уулу) (1844-1876),1873-76-жылдардагы Кокон көтөрүлүшүнүн башчыларынын бири; Туяк ырчы Эрназар уулу(1856-1912), ойчул акын; Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938), Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Баатыры; Бөрүбай Кулбаев (1912-1944), легендарлуу снайпер,“Кызыл Жылдыз” орденинин кавалери; Абсамат Масалиев (1933-2004), мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры; Хасан Дадабаев (1928-1989), мамлекеттик ишмер; Эгемберди Эрматов (1951-2017), Кыргыз Республикасынын эл акыны, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер (Тарыхый инсандар жашаган дооруна жараша же улуулата берилди тизмеде).

Август айынын башында береги сүрөттөр жаңыланды. Темирдин заңы кендирден өтүп, залкарлардын жүзүн саргайтып, өңү бузулган сүрөттөрдүн чырайы ачылып, көргөндүн көзү сүйүнөт азыр. Аларды эки жума тикесинен тик туруп, ушул эле Кадамжай аймагынын өз уулу, канча жылдардан бери Москвада эмгектенип жүргөн кесипкөй художник Асатилла Тешебаев эпке келтирди.

Сүрөткер өзү айткандай, ал аптаптын мээ кайнаткан ысыгынан сактанып, күн сайын эртең мененки алтыда келип, үч саат стенддин алдындагы тепкичтен түшпөй ар бир портретке аярдап май боёк сүртүп, көркүнө келтирди. 40 градуска жеткен ысыктын табы боёкту май сызгыргандай эритип, сыр кендир бетинде ылдый шорголойт чени менен сүртүлбөсө. Күн чакчайып, төбөдөн куйкалап киргенде, сүрөткер жакын жердеги дарактардын түбүнө кынтыйып уйку кандырат. Утуру автокөлүгүн желдирип, ата жайы Кара-Жыгачка барып келгенге – бензин кымбат. Ал эми кеч бешимде, күн уясына ылдыйлаган кезеңде, ишти кайра улантып, саат тогузга чейин кыл калемин тындырбай кыбырайт.

“Ары-бери өткөн бейтааныш эле кишилер кулпунай, суусундук, балмуздак беришип, сүрөттөр абад болгонуна ыраазылык айтып жатышты”, – дейт художник маңдайы жайнап.

Сүрөттөр мүмкүн болушунча кынабына келтирилгенден башка мурдакы айрым бир орой каталар менен жазылган жазуулар оңдолгонун айта кетүү абзел. Ал мүчүлүштүктөр жөнүндө 2023-жылы октябрь айында ушул эле “РухЭш” адабий-публицистикалык сайтында жарыяланган “Улуу инсандарды урматтообу же өзүбүздү шылдыңдообу?” (Жол жээгиндеги сүрөттөр жараткан суроолор) аталыштагы макалада мүчөлөп жазган элем.

Бир жылдан кийин Кара-Дөбө жана Мәркәз кыштактары арасындагы жаңы каналдын ачылыш салтанатында Кадамжай райадминистрациясынын башчысы – аким Баяке уулу Болотканга кайрылып, Кызыл-Кыядан чыга бериштеги атайын стенддеги залкар адамдардын сүрөттөрү астындагы жазуулары сабатсыз жазылгандыктан оңдоого муктаж экенин айткам. Салтанатка Майдан айыл аймагынын кээ бир аксакалдары, райондун мелиорация чарбасынын адистери, Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин башчысы Жумаев Нурлан да катышканы жадымда.

Баса, райондун түгүл Баткен облусунун да ырасмий дарбазасы саналган жайдагы көзгө басар стенддеги мүчүлүштүктөргө Кадамжай аймагынын мурдакы акими Кутпидин Шакировдун да, облус жетекчилеринин этибар бербегени – алардын саясый көрнөктөрдүн мазмунуна көңүл бурушпаганын, ошондой эле кээ бирөөлөрүндө жогорку билимин тастыктаган экиден-үчтөн дипломдору болгонуна карабай, Кыргызстандын кой, өздөрү баш-көз болуп жаткан аймактын саясый да, маданий да тарыхын жакшы билишпегенин айгинелейт.

Мындай бүтүм жасоого район, облустардын келегей сайттары да негиз берет. Бирок да, Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан мырзанын жергиликтүү аксакалдар Шамбет Жолдошов менен Асатилла Тешебаевдин Баткен облусуна Кызыл-Кыядан кире бериштеги стенддеги сүрөттөрдү оңдоп тартуу боюнча сунушун шыр колдогону мактоого арзыйт.

Ошентип, акимдин ыкласы менен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн төрагасы Абжамил Насиров стендди оңдоп-түзөтүүгө зарыл заттар менен художникти камсыздап, кан жолдун боюндагы маанилүү көрнөктүн ажары ачылды. Ырас, Асатилла мырза өкүнө айткандай, эгерде стенддеги ар бир портретти жерге алуу мүмкүн болгондо, сүрөттөрдү кемелине келтире иштемек. Анткен менен, портреттердин бетиндеги темирдин заңы жоголуп, сүрөттөр жаңыдай көрүнүп, көпчүлүктүн купулуна толгонун кызыл-кыялык да, Испайрам боюндагы кыштактардагы тааныш-билиштеримден да уктум. Асатилла Тешебаев өзү да: “Эй, досум, маңдайымдан аккан терим көзүмө толуп жүрүп, эки жумада атым аңызга айланды”, – деп курсант элдин керегине жараганына.

“...өскөн чөптүн өңү жапжашыл, жааган кардын өңү апапак, аккан суунун өңү көк кашка...” Баткенге кетчү даңгыр жолдун боюндагы атайын стенддеги сегиз тарыхый инсандын сүрөттөрү сөөлөттүү эми...

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 558 08 08 60 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз